Сандан санга

Акбар Рыскул
Атакенин Акболот
(Романдан)
Атаке боз бала чагында нече төөдө жүгү бар
кербенди карактап, Болотту колго түшүргөн.
Б.Солтоноев.

(Уландысы. Башы өткөн сандарда)
Балдарын барымтага кармасам жүлүнү үзүлүп, аргамжысы кыскарган буруттар - кара кыргыз билермандары кайда качар деп ойлогон коңтаажы Сыбан Рабдан. Андай болуп чыкпады. Солто, сайак, кушчу, саруу, азык, черик, дөөлөс, бугулар, Маматкул, Тынай баштаган сарбагыштар, жалпы аркалык кыргыздар артынан жете келген жоңгор жасактарына каршыга кайрат, арпалыша айбат көрсөтүп жүрүп отуруп, Нарындан төмөнкү Карадарыйа, Сыр бойуна куйгуп кетти. Жоңгор куралына багынбай, куу сойул, жылаңач кара келтек менен каршылашкан кандай калк бу кыргыз-кайсак?
Кылыч мизинде кансырап, найза учунда жанчылып, ат туйагына тепселип набыт болгондор сөөгү кокту-колот, кыр-сайга сыйбады. Кулагы кесик кунжуйуп, мурду кесик мулжуйуп, куйкасы кесик ылжыйып калгандар канча!
Калмак нойондору менен нөкөрлөрү айкашта набыт кеткендердин сол кулагын шылып алат. Ооба, нойон, нөкөр, төлөңгүттөр кулак кескенге маш. Ошону өз тайчыларына жеткире эсеп берип, сыйлыкка карк. Жарым сан, жарым жан туткундардын каруу кармоого жарактуу жигиттери менен кары да болсо кайраттуулары ошол замат мерт болунуп турду. Жоңгор жасагынын жазылбаган эрежеси мына ушунда: душманды жазалоого ар нойон акылуу, ал эми кимдин кара жанын арачалап, кимге мунапыс берүү коңтаажынын, не баш тайчылардын гана амиринде.
Коңтаажы Сыбан Рабдандын атайын өкүмү бойунча бул аласапыранда жашы он төрткө толбогон тестиер балдар гана аман калтырылып, ойрот ордосуна топ-тобу менен жеткириле баштады. "Сүтү оозунан кетелек бөлтүрүктөрдүн тишин кайрап, курчута бергеним оң, - деп амал курду коңтаажы. - Адегенде кыңкыстап, анан аргасыз көнөр айдагыма. Бөрүгө айланган бөлтүрүк өз жатынына өзү кол салар."
Арам ойду жүзөгө ашыруу оңой болбой чыкты. Кыргыз кайсактын айталаада улуп-уңшуган дөңбөрүлөрү гана эмес, мобереги колунда турган бөлтүрүктөрү ырылдап тиш кайраганы Сыбан Рабдан коңтаажынын каарын күчөттү. Башкалар башын ийип, калмакча балдырап калды. Ал эми жаз алды менен Окторкойдон таңылып келген эки бала ыкка көнүп үлгүрө элек. Көргө салса башы кетет, орго салса онтойт, эркине койсо манаптын бөлтүрүгү кол балага айланбай туру.
Айрыкча Тынай бийдин уулу Атаке айдакка көнбөдү. Эрке өскөн кежир эме кетенчиктеп, үзөңгүгө бут салбайт, чурка десе чунаңдайт, отур десе кирпигине кар жаап үрпөйөт. Кудум ийнесин тикчийткен кирпинин эле баласы!
Уландар жасагындагы жүзбашынын кабагы каардуу, кашы калың. Ушу түрүнөн улам "Калыңкаш" аталып кеткен нойон Атакеге катуу өчөгүшүп алды. Жүзбашы делинсе да, өзүн тоотпой, терс бурулуп бараткан балага кыжыры кайнап, ушунуку өттү дегенчелик аркасынан балтыр талаштыра тээп калды:
- Кайрыл, кайда барасың?
Шарт бурулган бала ыркырап, тартынбай тиш кайрады:
- Теппе мени!.. Калыңкаш!..
- Тикини, тикини, бурут баласы! - деди да, оозу-мурдун чоң алаканы менен кемээчтей, тырыштыра мыкчыды.
Башын чулгуп үлгүргөн койонээк бала жүзбашынын башбармагын жара чайнап алды.
"А-аа!" деп айудай айкырган нойон баланы башка-көзгө айанбай койгулап, чийки кийиздей бышыра тепкиледи. Кычуусу канбай калгансып, как маңдай талаштыра чокмор менен "карс" эткизе жанчып алды. Жаш баланын карегинен "жарк!" этип от чагылыша түштү да, койуу караңгы койнуна сулады. Туйак серппей, дем алганы билинбей, эт-бетинен чаңга оонап сулк жатты.
Арман ай, эми мал болорбу!?..
өлүм менен өмүрдүн арасында жарым жан Атаке жасактан оолак бөлүнүп, коңтаажынын экинчи ордосуна айдалды. Эсине эп, этине сеп болорбу деген ниетте Атакенин жанына курбусу Абдыракман көзөмөл койулду. Бул эки бала туш болгон жер бутпарас аалымдар, ламалар менен табыптар ордосу Тебет же Таңгут жери, алыскы Ылкаса калаасы эле.
Кырма кызыл дарыдан чагылган отуна чейин билген таңгут табып баланын тамырын алгач кармаганда таңдайын так эткизе баш чайкаган. Мунусу дартыңа дабаа табылышы кыйын дегени болсо керек.
Атаке эс жыйып, көз ачкандан жарыкты күүгүм туйду. Алы начар. Күрсүдөй оор чокмор ээктин, сол жаактын сөөгүн толук талкалап, уусу өтүшүп кеткен экен. Жердигинен тумоочул балага оор жарааты кошулуп, кабыргасы бирден саналып, айагына турар-турбасы арсар. Курган жандын жалгыз бактысы Ылкасадагы таңгут табыпка туш келгенинде эле.
Карт ламанын каалоосун, жакшылык санап, жанына аралжы болгусу келгенин Атаке түшүнсө да, адеген күндөрү онтогон жеринде оодарылып, такыба табыпка далысын салды. Терс карап жатып алат. Тамак ичпей, наар албай, кашыктап сунган дарысын "тү-пай" деп терс түкүрүп, кежирлиги күчөдү. Арачы түшкөн Абдыракмандын чый-пыйы чыгат:
- Ич, тартынбай ич, эм болгусу бардыр.
- Кытай дары ичкиче...
- Ичсеңчи, ии?.. Дарылыкка деп иче бер, Атакеш.
- Жок! Ичегим түйүлүп өлгөнүм артык!
Ноокастардын неченин көргөн тажрыйбалуу табып адегенде кыйнап, андан соң Атакени алдап-соолап, эм-домун эпчил колдонду. Күнү-түнү жөөлүп, кара терге чөмүлгөн Атаке кырма дарынын күчүнөн кырк күн дегенде араң кубатына кирди.
Жаздыктан баш көтөрүп, жүзүн сыйпаласа, табып анын жаагын жибек чүпөрөк менен бекем таңып койгон экен. Ошондогу жибек чүпөрөк өмүр бойу жаагынан түшпөй, Атаке "жүзүнө парда жамынган адам" катары тарыхка кирет.
Адеп ызасынан уңулдап ыйлады, балыктай туйлады. Кантесиң, Кудайың ушуну жазып койсо, кубарыңдын куу чокусу барбы! Уйку-соодо көз алдына Калыңкаш нойон элестеп, бирде качып, бирде кубалап, денин кара тер басат. Каардуу нойон жүзүнө айыкпас так салса, манап насилинин көөнүндө кетпес кек калды!
Оорукчан манап урпагы бозүйдүн керегесин тайана ордунан турууга араң жарады. Бел кырчоону муунсуз колдору бекемдей кармап, калтылдай басып, Абдыракмандын жөлөк-тайагы менен, иншалла, тышка чыкты.
О, жарык күн!... Атаке көзүн бардап айарлай ачып, томуктай меңи жок шаңкайган көк асманды алгач көргөндөй сонуркады. Аалам ушунча кең, ак булуттар ушунчалык жумшак болорбу?

(Уландысы бар)




  Ырдын сыры

Бул ырга түшүнүк берип, баяндама айтуунун зарылдыгы жоктур деп ойлойм. Ошентсе да, бир жагдайды белгилеп койгум келет.
2005-жылы Куала Лумпурда жазылган "Бир түп банан" аттуу ырым азыркыга чейин эч жерде жарык көргөн эмес. Алгач ирет "Айгайдын" окурмандарына сунушталып отурат.

Бир түп банан

Байлады банан, байлады банан мөмөсүн!
Жайнады жалаң кызыл гүл бөлөп
төбөсүн...
"Кайдагы банан?" - көргөндөй жемиш
төрөсүн,
Айланып анан суктанган элем мен өзүм.

Калдыркан гүлү терезем тушта албырат,
камырдай балкып, ийиди катуу жалбырак.
Жайнаган мөмө байлаган ар бир
куурайда
канчалык тилек, канчалык илеп, бар
кубат!

Кулпурган банан - куурайбы, курма
даракпы?
Умтулган шагы тиреди дубал тарапты.
Ийнедей ичке мөмөлөр чертип терезем,
күчкө да толуп, сүткө да толуп баратты!

Түрүнөн дагы, гүлүнөн дагы - баарынан,
түйүлгөн жаңы банандын эркин тааныгам.
Түшүнсөң, Апа, түшүмдө дагы сени ойлоп,
Түштүктүн түрлүү таттырсам дегем
даамынан.
Астыртан балкып айтылчу алкыш-батага,
таттырсам дедим бананды айыл-апага.
Үлгүрбөй калдым үйгө да, Чүйгө барганы,
үзүлүп кеттиң өмүрдөн эрте Апам-а!..

II
Элимден четте, жеримден четте
телчигип,
эчен бир жылы өтөдүм милдет элчилик...
Жайнаган мөмө байлаган банан ошондо
пайдадан бөлөк кетирмек кандай
кемчилик?

Ар үйдүн ээси - өзүнүн башта селдеси,
ал үйдүн ээси - өзүнүн ооздо келмеси:
"Жапайы банан какайып өсүп короодо,
атайын анан элчини жапкан эмнеси?!"

Биз жакта Чүйдө оргондой отоо
камышты,
биз жокто үйдө... бананды кыйып
салышты.
Тартиби менен ар түбү тегиз таралган
бадалдар гана бананды жоктоп
калышты...




Болеть нельзя помиловать
Играет "Челси"... На родном своем, ярко освященном стадионе "Стэмфорд Бридж". При мощных лучах прожекторов и поддержке ярых болельщиков. Это страна именуется туманным Альбионом.
Не могу заснуть. В кромешной тьме, в Бишкеке не работает ни радио, ни телевизор, ни даже интернет. Приподняв голову с кровати, слышу ложный гул трибун, стадиона, где кажется, только что забили гол. Или пропустили? Моя страна называется солнечным Кыргызстаном.
Почему туманный Альбион освещают фонари и прожектора, а солнечный наш Кыргызстан погрузился во мрак? Ответ прост. Как заявил глава государства, "мы плохо интегрированы в мировой экономический процесс". Дескать, нам кризис нипочем.
Давно болею за команду английскую. За "аристократов" из западного Лондона.
Впрочем, географическая прописка "Челси" де-юре - британская, де-факто - не совсем так. Дружная и боевая машина русского олигарха Р.Абрамовича никак не вмещается в свой маленький остров. Словно танк, подмяв бока своих соперников по английскому первенству, рвется к широким европейским просторам Лиги чемпионов.
Сегодня миллионы фанатов в разных уголках земли знают и поют гимн клуба "Челси". Актеры и шахтеры, ораторы и новаторы, президенты и разной масти резиденты, юристы и врачи, даже безработные, как я, встают в один ряд.
Болельщик - народ особый. У него ранимое сердце и таинственные зовы, известные только ему одному. Не дай Бог, задеть эти чувствительные струны!
Но такое бережное понимание существует только среди граждан развитых стран, британских фанов, или скажем, итальянских тиффози. Болельщик солнечного Кыргызстана еще не дорос до уважительного к себе отношения. Иначе, где наша национальная гордость с прекрасным именем "Алга"? Почему мы не можем скандировать как в былые времена "Алга - Вперед!" Кто похоронил надежды и не дает удовлетворения желаниям целого народа?
Поскольку, видно, в ближайшее время не воскресим нашу "Алгу", приходится утешаться чем-то похожим. Нам бы в одиночку посидеть у ТВ и молча переживать свои радости и глотать щемящие сердце огорчения. В одном из таких виртуальных моментов мне в глаза приглянулись игроки "Челси" Терри, Лэмпард, Чех, Дрогба, Джой Коул...
В темные времена суток над Бишкеком, многострадальному народу и на пороге ХХI века не суждено посмотреть телевизор.
Я готов смотреть игру "Челси" хоть в двенадцать часов ночи, хоть в три утра. Быть сопричастным каждой ее победе. Жить от матча к матчу. Дайте только возможность поболеть за свою команду, почувствовать себя частицей огромной мощи.
Можно поболеть? Как говорится, казнить нельзя помиловать.

Акбар Рыскул









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan