Түн. Миң түркүн адамдар

Баласын унуткан ата сөрөй, кароосуз карылар, эркек төрөбөйсүң деп өзүнө бычак сайган эргул жана башкалар...
Бишкек шаардык тез жардам кызматына же башкача айтканда "103" номуруна чалууларды жалпы 10 кызматкер кабыл алып, 36 машина менен 29 дарыгер жана 3 медайым тейлейт экен. Редакциянын тапшырмасы менен 21-январь түнү кечки 19:30дан эртең мененки 07:30 га чейинки аралыкта "тез жардам" кызматынын тобу менен биргеликте, алардын ары татаал, ары жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү кызматына күбө болуп, арзыбаган маянага кайыл болуп, калктын саламаттыгы үчүн тикеден тик туруп иштеген "тез жардамчылар" менен алардын бир түндүк иштерин чагылдырып берүүгө алар менен биргеликте болдум.

Чакыруулар...
Мен күзөттө олтурган 12 сааттын ичинде 545 чакыруу катталса булардын 117сине телефон аркылуу кеңеш берилди.
20:45- Горький көчөсүнүнүн жашоочусунан чакыруу келди. 2,5 жаштагы наристе даарыга ууланып калган. Баланы атасына таштап, апасы конокко кетет. Ата сөрөй чалкалап сыналгыга алаксып олтуруп, натыйжада баласы муун ооруууларына каршы атасы колдонуп жүргөн дарыны ичип алат. Дарыгерлер алгачкы жардамды көрсөтүшүп, наристенин ашказанын тазалашты. Көрүп туруп ата сөрөй тарабынан ушундай кайдигерликке ичиркендим.
21:30- 12- кичирайондо жашаган кемпирден чакыруу келди. Биз барган убакта абышкасы дааратканага кирип, жыгылып калган да, кайра тура алган эмес. Кемпиринин алы жетпегенинен, коңушу колоңдор да жалаң картайгандардан тургандыктан, айласыз "тез жардам" чакырганын жашырбады. Абышка 78 жашта экен, совет доорунда учкуч болуп иштеп, акыркы 2 жылда буттарын шишик басып, баспай калган. Каралаша турган балдары Россиялап кетип, карыялар кароосуз калган.
22:00- Москва көчөсү менен жаш гвардия бульвары кесилишкен жерден машиналар кагышып кетип, айдоочулар жеңил жаракат алышканын аныкташты. Аварияга учураган машинелердин биринин айдоочусу таксист экен. Эңкейип картасын карап келе жатып, капталынан келген башка машинени сүзүп алган.
22:45 - 8- кичирайондон 26 жаштагы кыз даарыга ууланган. Сураштыра келгенде чогуу жашаган жарандык никедеги жолдошу өзүнүн биринчи үй бүлөөсүнө кетип калгандан улам, ушундай жоорукка барыптыр.
23:50- Чүй көчөсүндөгү "Таалай" базарынын жанындагы жатаканадан чакыруу келди. 30 жаштагы жаш жигит өзүнө өзү бычак сайып алган. Келинчегинин айтымында экинчи кызын төрөгөнүнө 10 күн болгон. Арслан ошол 10 күндөн бери көзү ачылбай ичип жүрүп, үйүнө келет да, эсирген, досторунун кебине кирип, эркек төрөп бербеген келинчегин күнөөлөп, акыр аягында мастыктын күчү менен жашагысы келбегендигин айтып ичине бычак сайган. Ага да алгачкы жардам көрсөтүлгөн соң, борборубуздагы №2 Мамакеевдин клиникасына жеткиришти.
01:20- Дордой базары тараптан чакыруу келип, ал жакта көчөлөрдүн аты жоктуктан, мечиттин жанында күтмөй болушкан. Бирок, бир саат күтүп турдук эч ким тосуп да келген жок кабар да беришпеди.
02:30- Борбордо жайгашкан үйлөрдүн биринен, "жүрөгү кармап калды"- деген чакыруу келгендигинен барсак, үй бүлөө эч нерседен бейкапар таттуу уйкуда жатышыптыр. Алар эч кандай "тез жардамга" кайрылышкан эмес. Дарыгерлер бул жалган чакыруу экенин дароо эле түшүнүштү. Айта кетчү жагдай, мындай калп чакыруулар бир топ жолу кайталанды.
03:00 дөн- 06:30 га чейинки чакырууларды көбүнесе көмүрдүн ис газына уулангандар жана жүрөк оорусу менен ооругандар түздү.

Көйгөйлөр.
1) Тез жардам кызмат бөлүмүнүн негизги көйгөйү дарыгерлердин, машинелердин жетишпестиги. Ал эми айдоочулардын арманы да аттын башындай. Шаар четиндеги "Ак- Өргө", "Ак- Ордо" жана ушул сыяктуу жаңы конуштарынын эч бир көчөсүнүн аты коюлган эмес, номурлары жок. Жан далбастап араң таап барышат. Албетте, көп убакыт үйдү издөөгө корогондуктан, кыйкырып, эмнеге убагында келбейсиңер деп беттен алышат. Айдоочулардын айтымында айыл өкмөт, акимдердин шалаакылыгынан, бул маселелер дагы эле болсо чечилбей, каралбай келет.

2) Тажатма телефон чалуулар. Мен күбө болгондон эле ар бир 10 мүнөт аралыгында обу жок "тийишип" чалуулар болду. Кичинекей жаш балдар- кыздар чалаарын чалып алып, каткырып күлүп- күлүп анан коюп коюшат. Ар бири ар түрлүү шылтоолорду айтышат. Бири таанышып албайлыбы десе, бири жардам кылып 50 бирдик салып койчу дейт. Ал эми дагы бир мырза таңкы 04:00 дөн 07:30 га чейин телефон чалып "ойноду". Акылы кем немеби же жалгыздык жанына баткан бир байкушпу белгисиз, тажатты, ишикылса.
Кээде Ош, Жалал- Абад, Нарындан адашып чалуулар болуп, кээде көчөлөрү окшош чыгып, бир топ ыңгайсыздык жаралат экен.
Жарыктын өчүрүлүшү. Жогоруда айтылып кеткендей көмүрдүн ис газынан уулангандарга барганда, үйлөрүндө жарык жок, жадагалса жага турган шамдары жок. Тез жардамчылар фонариктерин күйгүзүп алып жардам көрсөтүштү.
Ошентип, таң атып, дарыгерлер менен коштошуп жумушту көздөй жөнөдүм. Мен аталган станциянын дарбазасынан узап баратканымда дагы бир кыл учунда турган өмүрдү сактоо үчүн "тез жардам" тобу сиренасын жаңыртып жанымдан өтүп кетти. Алардын ишин өз көзүм менен көргөн соң, алкоодон башка сөз таба албай турдум, ичимден.
Даярдаган
Гули Мамасалы кызы




  Ишенгүль эже сизге айтам, Исаков сен ук!

Оштун мэри жана кафеге курчалган мектептер жөнүндө икая
"Кыргыз жери сопсонун, кыйласынан Ош сонун" демекчи "Кыйласынан Ош сонун" аталган 3000 жылдан ашык тарыхы бар Ош шаарынын баштыгы менен маектешүүнү максат кылдым. Ош шаар кожоюну Жумадыл Исаковго берээр суроом арбын. Элдик бийлик келгенде, бийликке келген мэр сунган соболума ачык-айкын жооп берээр деп ойлогом. Өзүмдүн жеке суроом менен эмес, эл көйгөйүн сурайын деп киргем. Шаар бийинин кабылдамасына баш бактым. Каалга кайтарган "канышасы" менен жанжөөкөрү эгерим кожоюнуна жолотушаар түрү жок. Кожоюну жардамчылары аркылуу каржы бөлүм баштыгы Эркингүл Осековага узатты.
Мэрдин менден коркоор неси бар дедим да, бөлүм баштыкка суроолорумду жаадырдым. Жооп берээр түрү жок. Насили шаар кожоюну жооп берчү нерселерге, бир бөлүмдүн кожойкеси ырасында эле жооп бергенге шаасы жетмек эмес... анысын түшүндүм да, шаар башчысынын 1-орун басары Алфидин Алановго кирдим. Бул кызмат дегениң деле адамды коркок-үркөк кылат шекил. Мен жакындан билген 1-вице мэр суроолорумду жоопсуз калтырды. Суроолорумду кайра кожоюнуна багыштады. Канчалык каалгасын кайтартпасын, аппарат жетекчисинин жардамы менен мэрдин маңдайында олтурдум. Журналистке маалымат берүүдөн баш тарткан мамлекеттик кызмат жетекчисинин күнүн бүгүн биринчи көрүшүм, журналисттик практикамда. Болгондо да, экинчи борбор аталган Ош шаарынын мэри Исаков Жумадыл Рысбаевичти.
Менин соболдорум жакпадыбы, айтор дароо 1-орун басарына звандап: "Шаар архитектор, Госрегистр начальниктерин жыйнап журналисттин суроосуна жооп узаткыла!"- деп буйругун берди. Неси болсо да кутулайын деди шекил. Ошентип табыштады. Анан эле маңдайымда турган мэр төш кага мактанып кирди: "Мына, мен төрт губернатор менен иштештим. Мына карагылачы Бишкекте 3 мэр алмашты. А, мен революциядан бери өзүм гана олтурам. 7 жыл орун басар болуп иштедим. Президенттин "семьясы" менен эч кандай тааныш, билиштигим жок". Мени бул кызматка шаар кеңешинин депутаттары шайлашкан. Сөздүн чыны ушул: Ак үй, көк үйгө тыйын ыргыткыдай менин бизнесим деле жок. Атүгүл особняк эмес, "Ак тилек" кичирайонунда жер тамда турам. Ал эми Данияр Үсөнов, Нариман Түлеевдер эми акчасы көп, бардар жигиттер да. А мен алардай алганды да, бергенди да билбейм. Ишенсең, Бакиевдерден эч кимисин тааныбайм. Кызмат бүгүн бар эртең жок. Кайда жөнөтсө ошол жерде кызмат кылчу жоокермин..."
Таң калдык. Бирок "семья" менен ишим жок дегенине ишенбедик.
Ушулардын баарын божурап келип, мэр менин маңдайымда орун басарына звандады да, орун басарына жылуу жумшак узатты. Мына кызык. Аралыгы алты метр турган вице-мэр заматта куйругун түйүп чү коюптур. Мэр мени алдады же аны орун басары алдадыбы биле албадым.
Ордолуу Оштун ооматын кетирип, жазмакерлерди жайладык деп ойлогон бюрократ атка минерлерге берер соболдорум ушул эле: Макаренко мектебинин ичине кафе салганга,"Кашгар" кафесинин жанындагы Л.Толстой мектебинин спорт аянтчасына кафе курганча, Калинин мектебинин аймагына соода күркөлөрүн тургузганга мыйзам жооп береби? Буга ким уруксаат берген? Ушуларды билейин дегем. Мектептердин территориясына калдайган кафелерди куруп жатыр, көпөстөр. Ошол эле маалда шаардагы №33, 35, 48-49-мектептерде дээрлик спорт зал жок. Окуучулар дене тарбия сабагын кышта тоңуп, жазда күйүп, ачык асман алдында өтүшөт. Эртең эле бул мектептердин спорт аянтчасы кафе, казиного айланбайт деп ким кепил боло алат. "Балдар биздин келечегибиз" дейбиз. Биздин келечегибиз болгон балдарга сергек жашоонун булагы болгон спортту үйрөтүүнүн ордуна кафеде арак ичип, бий бийлегенди үйрөтөбүзбү? Анан дагы шаарга караштуу Жапалак айыл өкмөтүндөгү №34-35-мектептердин ашканасы талапка жооп бербейт. Муну айтканым, өткөнкү Жалал-Абад облусундагы мектеп ашканасында болгон окуя кайталанбайт деп ким айта алат? Күнү бүгүн шаар боюнча 342 мугалим жетишпейт. Айта берсе арман көп, аны угаар киши жок. Угуп, билип жасагын Билим берүү министри Ишенгүл Болжурова менен Ош мэри Ж.Исаков той-топурда, тасма кескенден колдору бошобойт.

Алмаз Ташиев,
журналист










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan