Чиңилбенс, чиңилбенс...

Санта-мантаңды токтот, Мамашев!
Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде момундай бир саясат жүргөн. Анда Гитлер:"биз басып алган жерлерге жалаң өзүбүздүн гана музыка, обондорубузду таңуулай бергиле. Алардын каада-салт, нарк-насилин такыр чыгарбагыла. Ошондо алардын улуттук аң-сезимин таптакыр талкалай алабыз" дептир. Анан калса ар бир улуттун каны менен жаралган каада салты, үрп адаты болот. Ошонусун аздектеп, ошон үчүн ал улут болуп келет. Ошол эле, азыр дүйнөдө электроника жаатында эң жогорку жетишкендиктерди жараткан Японияны алалыкчы. Өлкө тарыхында не деген азап тозоктор, баскынчыларга тебеленүү, дагы да толгон токой тоскоолдуктар өткөн башынан. Бирок, улуттук духу, руху эч убакта сынбаган. Ошонусу менен өсүп, өнүгүп олтурат.
Туризм агенттигинин ачендиги Турусбек Мамашев айтып атпайбы: "Аяз атабызды дүйнөгө таанытыш үчүн көп акча керек. Ал эми Санта Клаусту бүт дүйнө билет. Биз аны таанысак акча көп түшөт" маанисинде. Кокус эртең батыштан капчыгы калың дагы бирөө келип, мисалы Ала Тооңду же Ысык Көлүңдү американыкы де, биз көп акча беребиз" десе, макул болобузбу? Ачка отурсаң да, акчага сатылбаган нерсе бар. Ушуну Турусбек мырза туйбайт окшойт. Эй, айланайын, кыргызды кыргыз кылган анын рух, дөөлөтү, маданияты таза жан дүйнөсү, акыйкатты, адептүүлүктү, ар-намысты ыйык туткан касиетибиз барго биздин. Ошон үчүн кылымдардан кылым карытып, улут катары жоголбой келатпайбызбы. Анан калса Мамашевдин Санта Клаусу да даана калпычы окшойт. Сөз Кыргызстандын бренди жөнүндө болуп жаткан. Ошол учурда журналист - "Сиз эки жылдын ичинде балдардан канча кат алдыңыз?"- деп аяз атага суроо узатса "5 миң баладан" - деди. Санта Клаус уялбай этпей 5 миллиард баладан десе болобу. Кыргызстанда беш миллион эл бар. Анын канча пайызын балдар түзөөрүн билбейм. Демек, бул күлкү келээрлик иш. Же кыргыздын баарын эле маңыроо ойлоп, акчага сатып алса болот деп ойлойбу? Логика кайда? Балким, бул санды ал аалам алкагында алгандыр. Ошентсе деле дүйнө жүзүндө 6 миллиарддан ашык эл болсо, анын канчасы бөбөктөр экенин айтуу кыйын, демек, ошондо Кыргызстандык Санта Клауска бүт дүйнөнүн балдарынын бири да калбай кат жазышкан болобу?
Ушунун баарын көрүп туруп унчукпай отурган идеология "министри" Нур уулу Досболго таң калам. Деги бизде улуттук идеология деген барбы, өзү? Мамашев болсо "Санта Атасын" кыргыздын мээсине зордоп киргизүүдө. Жакында февралдын 5-8ине чейин Санта Клаустун түбү, "туулган жери" Кыргызстандык экенин даңазалаган эл аралык экинчи фестивалды өткөрөм деп чамынып жүргөн кези. Ой, тобо-оо...

Кенжебек Арыкбаев




  Өзүңдүкүн агалабай, бирөөнүкүн сагаала

Бөлөктүн ойногону жаман…
Иштин көзүн билбегендер ары бир чабылып, бери бир чабылып сырактайт - ишинин дурус жыйынтыгы болбойт. Анын сыңары туризм тармагында Мамашев баш болуп иштегендер кези менен ошол сырактагандарга окшоп кетет. Бу жерде жанагы Санта Клаус деген каапырды Кыргызстанга апкелип багып алабыз деп жатканын айтам. Аны "асырап алабыз" деп былтыр миллион доллар коротту деп жүрүшөт, мындан ары аны бакканга канча миллион кетет, аны бир Мамашев билбесе, билген киши жок. Февралда Сантасын "ырымдатканы" жатышат, мусулман өңдөнтүп…
Айланайын кыргызым, ойрон орусуң таңуулаган Аязатасына айла жоктон көндүк эле, эми кайдагы бир Санта Клаус деген клоунунун башыбызга урабызбы?!
Биздин элдин бир жаман жери башка элдин кээ бир салттарын бат эле сиңирип алат, көбүнчө начар салттарын. Бирок, ошол салттардын баары орустар тарабынан бизге күч менен киргизилгенин белгилеп коюшубуз керек. Мисалдатсаң толуп жатат.
Ошол эле жаңы жыл тозуу аземин алалы. Тири жандын баары дымып турган, кыштын кыраан чилдесинде кайдагы жаңы жыл?! Жаңы жыл дегениң кыш бою бугуп жаткан жандуунун баары кыймылга келген жазда, бүчүр ачуунун алдында, аюу турганда - Нооруз эмеспи жаңы жыл деген. Мусулман дүйнөсүнүн акылмандыгы мына ушунда! Анан да ёлка дегенди жасайбыз деп миң-миллион кырчын балатылардын кыйылганына не дедиң?!
Орустун эки жашы үйлөнгөндө арак, самагону суудай агып, туздалган бадыраңы ооздордо качырап, ырдан ыр кетип, кези менен эки жашка "горько!" деп бакырып, аларды эне-атасынын, кайната_ кайненесинин маңдайында ооздорунан соруштуруп, кайнатасы менен келини, күйөө баласы менен кайненеси да кези менен соруша кетип, жүзү курсун, жана башка балээлери кошулуп бака-шака түшөт го. Дал ушундай тойлор эми шоруң курган кыргызда боло баштады. Башкасына мейли эле, жанагы "горько!" дегени бизге такыр эле жарашпайт экен. Бу көрүнүш - ары жоктуктун белгиси.
Мындайларды санай берсек көпкө кетет. Мамашевдин Санта Клаусунун "биздин жердик" болубатышы жогорудагыдай көрүнүштөрдөн.
Санта Клаус дегени каапырлардын жаңы жылында гана пайда болуп, калган убакта аюу сымал чээнге кирип кетет. А, Мамашев болсо ал шордуунунун азабын колуна берип февраль айында уйкусун бузуп, темселеткени турат. Ага деле мейли эле, ошол фестиваль деген немесинде миллиондогон сомубуз кетип жатпайбы. Ушул майрамга баланча коротсок, түкүнчө киреше алабыз дейт. Түкүнчө кирешени Санта Клаусу жок эле, лыжа тепчү, слалом мелдештерин өткөзчү, трамплинден секирчү жайларды дүйнөлүк стандарт менен куруп сал, мейманканаларың беш жылдыздуу болсун, туристтик жагдайдагы сервизиң келгендин оозун ачырсын, аларды даңазалаган рекламадан акча аяба… мына ушундай иш-чараларды аткарсаң Санта-пантасыз эле турист дегениң толуп келбейби. Анын бирин жасай албай кайдагы бир жомоктук каарманга таянып тыйтактап акча короткондон майнап аз чыгар…
Кышкы туризм Австрияда, Германияда, Финляндияда, Швецияда, Швецарияда, Норвегияда, Канадада мыкты өнүккөн. Алар Санта Клаусу жок эле, мыкты жайлары менен, шарты менен туристтерди тартып турат.
Былтыр февраль айында Санта Клаус Кыргызстандык экен деп бир катар чет элдиктер бизге келип биздин ырыскыдан жакшы тоюнуп кетишпедиби. Ошондо алар Караколго келет болуп бир жума мурун эле бака-шака түшүп күтүштү. Анан ошол бекербоздор келет деген күнү окуучуларды стадионго тизишти. Тигилер кечигет. Шоруң курган балдар, кыздар көк муштум болуп үшүп, далайына суук тийди, эртесинде ооркунага жаткандары да болду, көбү үйүндө даарыланды. Муну мен жөн эле ойдон чыгарган жокмун, аны эч ким тана албас! Ошентип Санта Клаус деген шүмшүгү балдарыбызды оорутуп кеткен, экинчи келбесе экен дедик эле болбоду…Ага да макул дейли, көл элбиз да кечирим дегенди туу туткан. Эми ошондо, Санта Клаусу келип кеткенден кийинки убактан бүгүнкү күнгө чейин турист каптап кеттиби? Саны барбы? Келип деле жыргаткан жок го…
Өткөндө Санта Клаустун турган жерине барабыз деп жоон топ журналисттер аварияга учурашты. Кудай колдоп аман калышты. Мурун да ушундай окуя болгон.
Санта деп саймедиребей, андан көрө Көлдөгү, Нарындагы, Чүйдөгү, Таластагы, Жалал-Абаддагы, Оштогу, Баткендеги лыжа тепкенге ылайык тоолорду даңазала, дагы айтам, ошол жерлерге баарын салып ташта, анча-мынча куудулданып "Бу тоолор касиеттүү, климаты далай ооруга даба, бир ирет келип лыжа тээп кетсең ден соолугуң түбөлүк чың болот" деген сөздөрдү тажабай айт, рекламала. Ошондо туристтен баш адашпаганын көрөйүн!
Баратбай АРАКЕЕВ





  Түй, жүрөккө!

Түгөлбай Сыдыкбеков
"Бабалар өтөгөн бардык жакшы иштер аталарга, аталардын өтөгөн жакшы иштери балдарга сабак...
Ошол жакшы иштерди тануу-колдогу шам чыракты өчүрүп, алга карай басуу менен барабар."




  Бабалар сөзүнөн

Сак болгун!
Салкын тоону кыян жууп,
Салт бузулат сак болгун.
Намыс түтөп, ар түтөп, ар түтөп,
Нарк бузулат сак болгун.
Кара тилин калп минип,
Карт бузулат сак болгун.
Калыс сөзүн айта албай,
Калк бузулат сак болгун.

Тулпар тоону кыян жууп,
Тул болосуң, сак болгун.
Кудагыйсыз, кудасыз,
Кун болосуң, сак болгун.
Кубат-күчүң соодалап,
Пул болосуң, сак болгун,
Кудуреттүү элдерге,
Кул болосуң, сак болгун!

Мындан болжол менен сегиз кылым мурда жашап өткөн Кет Бука бабабыз калкына ушинтип коңгуроо каккан экен.
Кет Бука (X-XIII кылым)





  Калыс сөз айтпас
чалдардан сакта!

Сакта
Каректи жапкан тумандан сакта,
Каргышы тиер курандан сакта.
Каргадай кезде койнуңда жүрүп,
Как түштө чаккан жылаандан сакта.

Дудуктун тапкан жообунан сакта,
Душмандын баккан сообунан сакта.
Баарынан дагы бирөөнүн жалгыз,
Баласын баскан оорудан сакта.

Тешикке күлгөн жыртыктан сакта,
Тентекке тийген мылтыктан сакта.
Баарынан дагы бирөөнүн жалгыз,
Баласын баскан оорудан сакта.

Жазасыз калган жалаадан сакта,
Жамгырсыз калган талаадан сакта.
Жан кыйбас жалгыз жакынын жоктоп,
Жар бойлоп калган санаадан сакта.

Калыс сөз айтпас чалдардан сакта,
Каткырып турган жалгандан сакта.
Карыган кезде кашайтып бир күн,
Карабай кеткен балдардан сакта.

Шайлообек Дүйшеев










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan