email • архив • редакция  Башбарак   


"Чыныгы лидермин" дегендер, борбордо отуруп алып, гезиттерге пачке-пачкелеп интервьюларды берип отура бербей, эл аралап, эл менен кошо үшүп, элдин азабын да тарта алса, элдин духун көтөрө алса - ошол лидер.
8-бет

... Эми, "Ажонун саясат доскасындагы жүрүшү оор эле болотко" деп божурашкандар мындан көбөйдү. Андай болсо, "тактикалык жүрүштөрдүн мастери" болгон Садыркуловдон илибой күтүүсүз жүрүштөрдүн болуп кетиши да мүмкүн.
3-бет

"... Мен дагы кайталайын, Кыргызстан Бакиевдердин үй-бүлөөсүнүн ырайымсыздыгын, алдым-жуттумдугун көтөрө албайт.
3-бет





Президент К. Бакиевдин планга киргизилген 16-январдагы Россияга болчу иш сапары неге болбой калды? Кремль "келбе", АКШ "барба" дедиби? Азыр ушул суроо ар бир саясат менен алектенген серепчилердин ой тутумунда табышмактуу мелтирейт. Анан калса Курманбек Салиевичтин 16-январга карата даярдалып жаткан Москвага болуучу иш сапары жакындап калган учурда, Россиянын маалымат каражаттарында Аркадий Дубнов деген белгилүү серепчинин: "Кыргыз президенти Кремлге жакшы белек менен келе жатат. Ал Кыргызстандагы Американын аскер базасын 6 ай мөөнөт ичинде чыгара тургандыгы тууралуу Жарлыкка кол коё турган болду" деп маалымдап, ага кошуп, орустар тарап 2 миллиард доллар карыз бере турганын да эске салып, айтылган белек кандай өбөлгө боло турганы жөнүндө да бир топ нерсени божурап жиберген. Ага удаа эле Ак үй маалыматты төгүндөп, жокко чыгара баштады. Америкалыктар да "Ганси" Кыргызстандан кетпейт!" маанисинде интернет сайттардан дүңк эттирди.
"Эки дөө кармашса ортосунда кара чымын өлөт" дегендей болуп, Россия менен АКШнын Орто Азия чөлкөмүндөгү кызыкчылыктарынан улам, Кыргыз өлкөсүнүн президентинин Москвага жасалбай калган визитинин себеби ушундан уламбы?" деген да суроо туулат. Кудум , "өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартаң араба сынат" жоругундай.

(Уландысы 4-бетте)




 "Новая" группировка

"Бригада"
Медет Садыркулов проработал в должности руководителя администрации президента Кыргызстана с апреля 2007 года. В свое время был руководителем группы политиков близкого окружения президента и по некоторым данным работает в тесной связке с сыном президента Максимом Бакиевым. Группировка Садыркулова всегда противостояла группе политиков, возглавляемой бывшим советником президента Усеном Сыдыковым. В настоящее время руководители обоих властных группировок отстранены от официальных должностей. В настоящее время, по мнению местных наблюдателей, на первый план в окружении президента Курманбека Бакиева вышли новые группы элит. Это так называемая "мадумаровско-усеновская" группировка, возглавляемая секретарем Совбеза Адаханом Мадумаровым и нынешним руководителем президентской администрации Данияром Усеновым. Параллельно с ней усилилась так называемая группа "Бригада", в которую входят министр финансов Марат Султанов, руководитель налогового комитета Ахматбек Келдибеков, глава МЧС Камчибек Ташиев и комиссар Национального агентства по предупреждению коррупции Садыр Жапаров,
"Фергана. Ру."




  Май кармаган бармагын жалап...

Охо-аппетит!
Элдин үнүн чагылдырган "Эң" Жогорку Кеңеш бизге жакшы мыйзамдарды чыгарып, "ийне менен кудук казган эмгеги" үчүн, мамлекет бюджетинен өткөн жылы каралган 355 миллион 600 миң сомду коротуп, ал аз келгенсип андан ашык дагы 6,5 миллион сомду мойсоп коюшуптур.
Ал эми президенттин иш башкаруу башкармалыгы бюджетте пландаштырылган акчаны коротуп, андан тышкары дагы 260 миллион сомду ашыкча пайдаланып жиберишкен.
Мындай көрүнүштөрдөн күч структурасы да кур кол эмес. Мисалы, алар 2008-жылы бюджетте каралган акчадан 450 миллион сом ашыкча чыгымдашкан.
Ал эми үстүбүздөгү жылы Мамлекеттик күзөт кызматы, күзөтүн дагы күчөтүш үчүн өздөрүнө бюджет эсебинен 110 миллион 693 миң сомду бөлдүрүп алууга жетишти.
Ички иштер министрлиги болсо өткөн жылы "сени, мени коргоп", тартип сакташ үчүн 1 миллиард 430 миллион 770 миң сомду коротушкан. Бюджетте көрсөтүлгөн суммадан ашык пайдалангандардан бул министрлик да кур калган эмес, 166 миллион "лишный" сугунуп коюшкан.
Бюджет эсебинен ашыкча кесип алган кол кесерден коргоо министрлиги да кур калбаптыр. Мисалы, алар пландалган 586 миллион 358 миң сомдун ордуна 829 миллион 993 миң сом коротушкан, "коргонуу" үчүн!




  Теле-сурамжылоо

Санта Клаус Кыргызстандын бренди боло алабы?
17-январда 5-каналдын "Күн деми" маалымат программасы өзүнүн "Майдан" берүүсүндө "Санта Клаус Кыргызстандын бренди боло алабы?" деген суроосун сунуп, телекөрүүчүлөр менен түз эфирде сурамжылоо жүргүздү. Бир саат отуз беш мүнөткө созулган бул берүүдө жалпысынан 5369 телекөрүүчү өз оюн билгизип, алардын 1847си "Ооба" десе, 3522 көрөрман "Жок" деп жооп берди.
(11-бетте)













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan