Вот это, компот!

Дүйнөдөгү эң кымбат үйлөр
Жашоо - өзү кызык нерсе.
"Бирөө ичээрге суу таппай жүрсө, бирөө кечээрге кечмелик таппай келет". Бири жарты нанга жетпей зар болсо, бири байлыгын кайда чачаарын билбей сайран куруп жүрөт. Жарыгы болгон менен жашоо жалган дегиң келет, ошондо. А бирок, жашоо керемет! Керемет демекчи, "FORBERS" журналы ааламдагы эң кымбат үйлөрдү изилдешип, алардын эң алдыңкы деген 10 үйдү алып чыкты. Көз түшүрүп көрүңүз.

Азыркы күндөрдө элге өтө баалуу жана кооз үйлөрдүн ээси болууга аракет кылгандардын арасында Дональду Трампу да кирет. Ал 125 миллион долларды чапчып түшкөн ак сарайын аукциондон үч эсе арзан сатып алган. Бал бийин бийлөөчү бий аянтчасы, бассейни бар. Тегереги калың, жашыл бак менен курчалган.

Топрак, Лондон, Англия, баасы 99 миллион доллар. Халис Топрак аттуу түрк жаранынын атынан коюлган. Ичинде айнек тепкичтүү бассейн жана 20 кишилик түрк мончосу орун алган.

Пентхаус Пьере деп аталган бул сарай АКШнын Нью-Йорк шаарында курулган. Баасы 70 миллион доллар турат. Нью-Йорктогу эң кымбат мейманкананын үстүңкү үч кабатынан орун алган. Балконунан Манхэттендин керемети толук көрүнөт.

Апдаун Ак сарайы, Англиянын Уиндлешэм шаарында курулган. Баасы 138 миллион АКШ доллары турат. Аянты Букингем сарайынан бир аз чоңураак. 103 бөлмөлүү, бийлеп көңүл ачуу үчүн бий аянтчасы, үй шартында кино көрүүгө 50 орундук кинобөлмөсү жана дээрлик 8 лимузин бата турган автоунаа койчу жайы бар.


Ал эми бул керемет үй англисчеден которгондо "Жээктеги түздүк" - деп аталып, Босфор куймасынын жээгинен орун алган. 64 бөлмөлүү, жанында узундугу 70 метр причалы бар. Баасы 100 миллион доллар.

АКШнын Калифорния штатында курулган бул үйдүн баасы 75 миллион доллар. Тынч океандын жээгинен орун алган. 8 уктоочу бөлмөсү жана 10 душ алуучу жайы бар.

Ка Ферра, Кот Да Зюр. Францияда курулган. Баасы 65 миллион доллар. Үйдө 19 уктоочу бөлмө, 21 жуунучу жай, 10 конок кабыл алуу бөлмөсү бар.

Экинчи керемет үй АКШнын Аспен аттуу поселогунда курулган. Халанын Ранчосу деп аталат. Баасы 135 миллион доллар. Сауд Аравиясынын мурунку элчисине жана Америкадагы ханзаада Бандару ибн Абдул Азизге таандык. Ал үйдөн сырткары, тегерегинде башка кошмо үйлөр, жылкы кармоочу сарай, бассейн жана теннис ойноочу аянтча кирет.

Бул ак сарай америкалык Джол Хоровитцуга таандык. Баасы 100 миллион доллар. Анын досу кадимки атагы алыска тараган модельер Томми Хилфигера. Анын үйүндө атриум, жабык бассейн, 19 орунтуктуу кинобөлмөсү жана 3,5 миң бөтөлкө сакталган винокампасы бар.

Ал эми бул үйдүн баасы 75 миллион доллар турат. Чөлкөмүндө гольф үчүн аянтча, 14 бак, бассейн жана тенист ойноочу аянтчасы бар.

P.S. Урматтуу окурман, бул эми чет өлкөлөрдөгү чексиз байлыгы бар олигархтардыкы дейли. Тиштин кирин соруп, экономикабыз эптеп тизелеп араң турган биздин өлкөдө да көз жоосун алган оңбогондой үйлөр бар. Албетте, карапайым элдики эмес. Кийинки сандарыбызда биздин ошол "ум, честь, совесттерибиз" кандай үйдө жашайт, чогуу күбө бололу.

Даярдагандар Гули Мамасалы кызы,
Эльнура Дүйшеева











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan