Кыялдар орундалат

Кагаз кайык
"Ата-Мекен" партиясы Кыргызстандын алкагында эле эмес, эл аралык деңгээлде да иш алып барганга аракеттенет...
…Мына, жакында эле ушул алкакта биздин партиянын активдүү орун басарларынын бири Ташболот Балтабаев Улуу Британиянын Манчестр шаарына барып, ал жердеги Англиянын либералисттер партиясынын съездине конок катары катышып келди…
…Биз былтыр Америкага биринчи барганыбызда партиябыздын чет элдик бюросун түзүп, жетекчилигине Равшан Жээнбековду дайындаганбыз…
…Ал эми социалисттик интернационал уюмунун кийинки жыйыны Бразилияда болот. Аякка өз делегациябызды даярдап жатабыз…
…Биз азыр чет элдик сапарларыбызды жеңилдетүү максатында чет жерге өз өкүлчүлүктөрүбүздү ачуу маселеси келип чыкты. Мисалы, Чыгышта, Европа, Францияда ачылмакчы…
(Ө.Текебаевдин "Айат-пресс" гезитине берген маегинен)

"Ата-Мекен" партиясы xx кылымдын токсонунчу жылдарынын башында түптөлүп, эл менен кошо ысык-суукту бирге тартып келе жаткан, өзүнүн басып өткөн жолу, тарыхы бар партиялардын бири. Жетекчиси жалпы кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, демократ оппозиционер, Парламенттин төрт жолку чакырылышынын депутаты - Өмүрбек Текебаев. Учурда өлкө ичиндеги акыйкаттын, чындыктын жоктугунан, жакырчылыктан жадаган элдин көпчүлүк бөлүгү "Ата-Мекенди" туу тутуп, чоң үмүт менен ишеним артып келишет.
Ошон үчүн коомчулук, өзгөчө бае дүйнөлүү карапайым эл Текебаевди лидер тутат.
16-декабрь, 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо да, чыны менен эле көпчүлүк Өмүрбек Текебаев башында турган "Ата-Мекен" социалисттик партиясына өз добуштарын берген. Бирок… Өмүрбек Чиркешович ошол элдин добушун коргоп, отко төшүн тосуп чыга алдыбы? Ошондо эл Текебаевдин сөзүн гана күтүп турду го. Анын ал кездеги депутаттыкка чогуу аттанышкан сүрмө топ соратниктери азыр кайда? Көпчүлүгү өздөрүнүн жеке керт башын ойлоп качып жоголгон. Айрымдары бийликтин "Бав!" деп койгонунан коркуп, алыска, океандын ары жагына чейин кирип кетишти. Дагы бири Америкада, "Гуан-Жуанда" жүрүп, "атып өлгүчө, сатып өл" кылдыбы же "көчүгү" чыдабадыбы, балким башка себеби барбы, "Ата Мекенден" чыга качты. Болот Шерниязовду айтам. Азыркы учурда, жанында эч убакта Текебаевди сатпаган, Дүйшөн Чотонов гана калгандай… (Кыргызымдын чыныгы эр жүрөк, тоо мүнөздүү жигити деп Дүйшөндү айтса болот)
Булдур-булдур, бука минип түшүп келаткандай Эркин Алымбеков, "кагылайын калкым үчүн" кара башын "аябаган" Карганбек Самакову кайда? Же алар "Ата Мекендин" "эт бышып, дасторкон жайылганда эле" пайда боло калчу мүчөлөрүбү? Болбосо алар Аракеев жазгандай "гарнир болгонго да жарабаган", депутаттык кол тийбестиги бар кездеги бакылдаган "одноразовый" саясатчылар беле?
Анан калса кайдагы Англия, Америка, Бразилия, Францияны айтпай, элетти, сизди күткөн карапайым элиңизди, коркпой-үркпөй ошончолук көп араласаңыз, балким өзүңүз айткан Обаманын кыялы да, Сиздин турмушуңузда орундалып калаар беле, түгөттүкү…
P.S. Орус эстрадасында мындай бир ыр ырдала калып жүрөт. Жаңылбасам "Садъ" группасынын аткаруусунда. Мааниси төмөнкүчө болсо керек. Кичинекей бала кагаздан кайык жасап, аны сууга сүздүрүп ойноп жаткан болот. Бир кезде суунун толкуну баланын кагаз кайыгын тоголотуп, агызып жөнөйт. Кагаз кайык көп узабай чөгүп да кетет. Бирок, кичинекей баланын кыялы чөккөн жок. Чоңойгондо кагаз эмес, темирден чоң кеме жасайм деп, кыялданып турду ошондо…
P.P.S. А бирок, мезгил деген токтобойт, өмүрлөр зуулдайт. Анан калса эр ортону элүү жаштын эртеси эле алтымыш…бир…эки…үч…анан…анан… Баш мыйзам боюнча темирден эмес балекеттен кеме жасалса да ал сүзбөй калат?..
Нурдин Асанов





ТИТАНИК
Маленький мальчишка
Маленький "Титаник"
Сделал из тетрадного листа,
Он поплыл, поплыл по морю,
Утонул за поворотом,
Но не утонула с ним мечта.

А мечта такая, просто голубая-
Утопить "Титаник", но большой.
Стал мальчишка капитаном,
И теперь его качает
Кверху попой, книзу головой.




Биздин күч биримдикте!
Кыргызстандын өнүгүп - өсүшү үчүн өз элиңер менен бирге болгула!

Урматтуу прокуратура жана милиция
кызматкерлери!
Урматтуу соттор!

Өлкө өтө оор саясий, экономикалык жана энергетикалык кризиске кабылды. Акыркы үч жыл ичиндеги менчикти кайра бөлүштүрүү, ишканаларды, банктарды тартып алуу, бажы, салык жана энергетика системалары аркылуу көмүскө акча булактарын пайдалануу сыяктуу көрүнүштөр да ар бириңизге маалым. Өлкө туташ криминалдашып бара жатат, улугу менен уурусунун айырмасы жок. Криминал чөйрөсү бизнес маселелери гана эмес, саясий маселелерди да чечүүгө тартыла баштады. Бул абал да сиздер үчүн жашыруун эмес.

Урматтуу мекендештер!

Үч жыл мурдагы элдин жашоосун азыркы жашоо менен кантип салыштыра алабыз. Жада калса Кудай берген суу да сатылып кетип, эл тезек терип, жан сактоого мажбур болуп олтурат. Ушундай шартта эл бийликке нааразы болбогондо кимге нааразы болот? Айыл арасында кыжырлануу күн санап өсүүдө. Ар бир үйдө бүгүнкү бийликке карата каргыштан башка эч нерсе айтылган жок.
Мамлекеттин тагдыры коркунучта, элдин келечеги күмөн. Жетер жерине жеттик, мындан ары мындай ыймансыз бийликке эл чыдабайт.
Бирок, колундагысын жоготуп коюудан жүрөгү түшкөн бийлик калпыс, чукул чараларды колдонууга баруусу ыктымал. Бийлик кланы тарабынан оппозиция лидерлерине карата кысым көрсөтүлө баштаганы буга ачык далил. Алардын максаты өлкөдө граждандык жана саясий укуктарга чек коюп, үй бүлөлүк кландын диктатурасын орнотуу.
Бул максат укук коргоо органдары менен соттордун жеке адамдын саясий кызыкчылыгына баш ийдирилиши менен гана ишке ашышы мүмкүн. Бирок, андай режимдин келечеги жок. Азыр 21-кылым, ааламдашуу мезгили, эл аралык коомчулук бар, Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк шериктештик алдында өзүнө алган милдеттенмелери бар. Беш-он кишини камаса болот, бирок бүтүндөй элди коркута албайт эчким.

Урматтуу мекендештер!

Биз сиздердин жеке инсандык акыл-эсиңиздерге ишенебиз. Бийлик кланынын тукуруусу менен мыйзамсыз аракеттерди жасоодон мурда өз ата-энеңерди, бир туугандарыңарды ойлогула, алар деле жыргаган турмушта жашап жатышкан жок. Балдарыңарды, алардын келечеги кандай болот - ошону ойлогула. Сиздерге: "Кызматтасыңар, ант бергенсиңер, буйрукка баш ийүү керек"- деген сөздөр менен кысым болот. Бирок, Сиздер "бийликтеги кландын гана саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын коргойбуз, анын колундагы элге каршы колдонулуучу куралга айланабыз"- деп ант берген эмессиздер. Ар бириңиздер мыйзамдуулукту сактоого, укуктук тартипти камсыз кылууга, эл үчүн кызмат кылууга ант бергенсиңер. Биз сиздерге өз антыңарды бузбайт деп ишенебиз.

Урматтуу солдаттар, сержанттар, прапорщиктер жана офицерлер!

Бул бийлик ээси элдин турмуш деңгээлин жогорулатуу, ар бир атуулдун укугун жана эркиндигин коргоо, коррупция менен ачык күрөшүү, ишкерликти жан таза бизнести өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарт түзүү жөнүндө эл алдында берген убадаларын таптакыр унутту. Же муну көрбөй-билбей турасыңарбы? Үй бүлөңөр, бала - бакыраңар сезе элекпи?
КР Куралдуу күчтөрүн реформалайбыз деген уран астында бул бийлик таякка, дубинкага жана мылтык огуна таянган, алар менен элди коркутуп-үркүтүп военно-полициялык - каракчылык хунта түзүүгө аракеттенип барат.
Бүгүнкү күндө баардыгыбыз үчүн өтө коопту да, коркунучтуу да кырдаал түзүлдү.

Урматтуу Ата Мекендин Коргоочулары!

Силер Кыргыз элин, Кыргыз мамлекетин, Кыргызстандыктарды сырткы баскынчы душмандардан коргойбуз деп ыйык Ант бергенсиздер, Анттын ыйыктыгын унутпагыла! Эне сүтү менен кошо улуттун, элдин Улуу милдети моюнуңарга жүктөлгөн.
Биз Силерди өлкөнүн Конституциясын бузбоого жана сактоого чакырабыз. Элге жек көрүнгөн бийликти эмес, элди коргоого чакырабыз!

(Бириккен Элдик Кыймылдын Прокуратура, милиция кызматкерлерине жана сотторго кайрылуусунан)










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan