Итти жолборс десе ошого айланабы?

НААМДЫН ДААМЫ КАНЧА?
Башка өлкөлөрдө кандай экенин так, даана билбейм, биздин өлкөдө түрдүү наамдар иттин кара капталынан көбүрөөк. Эмне деген гана наамдар жок?! "Эмгек сиңирген коррупционер" дегенден башкасынын баары бар.


Наам берүүнүн да так, даана чеги жоктой, критерийлери такталбаган. Айталы, Кыргыз республикасынын "Эл жазуучусу" деген наам бар. Ал наамга татыктуулардын бири дүйнөнү көркөм чыгармалары менен чөгөлөткөн маркум Чынгыз Айтматов. Эми ушул залкарга удаа ошондой эле "Эл жазуучусу" деген наамы бар жазуучуларды санайлы да: Төлөгөн Касымбеков, Зуура Сооронбаева, Бексултан Жакиев, Мар Байжиев, Өскөн Даникеев, Мырзабек Тойбаев, Кеңеш Жусупов, Анатай Өмүрканов, Асан Жакшылыков. Мына булардын кимиси Айтматовдун фонунда көзгө урунат? Талдап ал, таасын бааңды бере жүрчү окурманым… "Эл акыны" деген тарапта деле ушул көрүнүш. Буларда эл билбеген "Эл акындары" оголе көп. Мага ошол наамды бербейт деп тейтектеп тескери баскандары канча дейсиң?!
Көлдө бир жакшы акын бар - Жыргалбек Апазов деген, окурмандары билет. Жыргалбектин наамы жок, алайын деген ниети деле жок. Алам десе да бербейт. Бир ирет ага айттым: "Жыргалбек, сага эч ким "Эл акыны" деген наам бербейт, андыктан мен сага "Көл акыны" деген наам берем, бекер эле, кошомат талап кылбай эле, арыздандырбай эле" дедим. Макул болду. Анткен менен мыкты ырлары бар… ар тараптан көл акын.
Дагы бир "Эл артист" деген наам бүгүнкү күндө таптакыр эле - баркы болбой калды көрүнөт, аны албаган артисиң аз калды окшоду. Аз өтсө бу наам шылдың мааниге айланабы деп жан жок. Анткени бул наамды кагаздан окуган диктору деле, бир киносу жок теледеги режиссор деле алып жатат. "Кыргыздын ити да обон менен үрөт" дечү эле, ошол тараптан кудай сактасын… анда накта ит болобуз.
Менин бир жакшы таанышым бар Болотбек Раимов деген. Таанышканыбызга көп деле боло элек, ашып кетсе беш-алты жыл болду. Токой тармагында кырк жылдан бери эмгектенип келет. Баса, андан бир төө буурчак да алган эмесмин! Ал токойчулук ишин Чүйдүн Ак-Бешим деген токойчулугунда баштап, Токмок, Жети-Өгүз, Пржевальск, Түп токой чарбаларында эмгектенген. Түп, Пржевальск токой чарбаларынын деректири, Ысык-Көл областтык токой башкармалыгынын начальниги да болуп иштеп келиптир. Кызыгы, таза иштептир. Таң калдым. Токой тармагында таза иштегендер болчу эмес эле, болсо бат эле иштебей калчу эле. Мына ушул жибектей созулган мүнөзү бар адам 2007-жылы 60 жашка чыгып кесиптештери бир сыйлыккабы, наамгабы көрсөтүшүптүр. Аны менен чогуу иштешкен бирөө айтыбатпайбы, эмдигиче балээ жок дейт. Дагы сураштыра келсем, ушул тармакта эмгектенген кээ бир мурун соттолгондордун, жеп-ичкендердин "Ардак Грамоталары",токойчулукка тиешелүү наамдары бар экен. Мына эмесе! "Боке, Сизге эмне наам-саам бербейт" деп сурасам, "билбейм" дегенден башканы айтпайт.
Тартынбай эле айтайын, ушул маселени токойчулардын ана башы Давлеткелдиев Арстанбек мырза териштирип-тескеп койсо жакшы болбойт беле. Эпадам бир наам бердирсе эч качан жаңылбайт эле. Менин оюмча, наам дегенди, сыйлык дегенди дал ушул Болот Раимовдой таза, эмгекчил, топук кылып жашаган адамдар алыш керек. Болбосо наам-паам дегенди биротоло жоюп салган дурустур, коррупционерлердин, ачкөздөрдүн, эки жүздүүлөрдүн, карьеристтердин, кошоматчылардын, талантсыздардын, адыраңбайлардын… баарынын, баарынын көздөрүн кызартпай…
Баратбай АРАКЕЕВ




  Шумдугуң кур!

Медиктерге ким салык салды?
Жаңы жыл алдында республиканын медициналык уюмдарына акча топтоо көрсөтмөсү берилген. Жок, балдарга белек камдоо же Аяз атага сакал сатып алуу үчүн эмес.
Көрсө, Кыргыз өкмөтүнүн №635-р, Саламаттык сактоо министирлигинин № 450 делинген буйруктарын аткаруу зарыл экен. Ал эки буйруктун максаты "Кыргыз Эл жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун Германия Федеративдүү Республикасында дарылануусуна кеткен чыгымдарды төлөөдө жазуучунун үй-бүлөөсүнө финансылык көмөк көрсөтүү имиш.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгы бул "тапшырманы" аткаруу үчүн 25-декабрда №210-буйрук чыгарган. Шаардык медиктер шашкалактап калды. Мисалы, Улуттук кардиология жана терапия борбору атайын эсептен 60миң 540 сом которууга тийиш болсо, майда мекемелерге 300 сомго чейин салык салынган.
Залкар жазуучунун атын жамынып, майда соопчулук жасоого кимдин акылы жетти, ким демилгечи болду десеңиз? Өкмөттүн казынасы куруп, түбү кулдурап калдыбы? Антейин десең, Президенттин өзү Германияда кантип дарыланып келген?

Т. Мамбетов




  Кандайсың, кыргызым?

Биздин Кыргызстандын дүң баасы...
"Кандайсың, кыргызым?" десе, баягы эле "жакшы" же "кудайга шүгүр, жаман эместен" башканы айтпайбыз. Дале болсо калктын бирден-бир таяна турганы-баягы эле урук-туугандар, бала-бакыра, эл менен журт. Көмүргө жеткени көмүр, жетпегени тезек терип жагып калган мекендештерибиздин бир эле тилегени: "Жараткан, аязыңды азайтып, жылуу күнүңдөн аяй көрбө" деген эрте менен кечиндеги кеп.

Элден айланса болот. Бул эмес, мындан жаман кыйынчылыктарга кыңк дебей такаат берген кагылайын калкыбыздын чыдап көнгөн жаны чыдаган. Бул эски жылдагы эң негизги позитивдүү жыйынтык десек туура болчудай. Ошол себептен "Айгай" гезити өткөн жылдын эң мыкты адамы деген рубрикага караламан калкты көрсөтүп, жеке инсандарга акцент жасабаганы да ошол себептендир.
Эми терс жыйынтык, акталбаган үмүттөргө келе турган болсок, бир макала менен кеп бүтө турган эмес. Эң негизгиси, жалпы журттун мазесин алып, экономиканын эсин оодарган маселе - энергетикалык кризис болду. Бир жылдын ичинде ХХI кылымдын сересинен орто кылымдын быкшыган тезегине туш келдик. Жогорку бийликтин "ак батасына" арзып, мамлекет башчысынын оозунан бийик саясий статус алган кадимки каран калган уйдун жампалары эски жылда улуттук дефицитке, экономикалык туруктуу терминге айланды. Жакында ошол эле ооздон "кара чырактын" пайдасы, шам менен сабак даярдагандын оңбогондой позитивдүү жактары тууралуу мамлекет деңгээлиндеги пропаганданы да уктук. Эми машине менен ары-бери каттаганды токтотуп, кайран неме кара эшекти миңген турмуш кыргыз үчүн экологиялык жактан да, экономикалык жактан да эң бир максатка ылайык, заманга бап деген пропаганда айтылса, эч ким таң калбай турган денгээлге жеттик окшойт. Башкадан кур калтырса да, жарыктан кур калтырбаса болмок бийлик башындагылар. Башканы сатса да, энергетиканы арзан баа менен кошуналарга "тартуу" этпесе болмок балкыбековдор. Айрыкча, ошол балкыбековдордун уятсыз колу менен арам пайдага тунган жогортодогу эргулдар.
Азыр аналитиктердин баары бул кризис качан башталды эле, аны ким баштады эле деп баштарын оорутуп келишет. Жакшы болот, эстеп көрөлү. Балакеттин баары баягы 300 миң долларга депутаттардын добушун "сатып" алган Д.Yсөнов Акаев заманында 4 центке бааланган энергияны эми 1 центке баалап, кошуналарга текейден арзан кылып кармата берген убактан башталганын азыр балтыр бешик балдар да жатка билет го. Данчиктин кыргыздарга кылган эн негизги "жакшылыгы" ошол болгон. Эми кезек бекерге кеткен энергия эмес, ошол энергияны иштеп чыккан ГЭСтерге келди, улуттук маанидеги коруктарга келди, Бишкектеги ТЭЦке жетти. Кызык, ошол балкыбековдордон, данчиктерден, алардын кожоюндарынан "Силердин Кыргызстандын дүң баасы канча?" деп сурап көрсө, канча доллар сурамак? Кызык суроо, туурабы? Коруктарыбыз кетсе, табиятыбыздын керчоодой сонун жерлери кетсе жеке менчикке, ГЭСтер кетсе ыйлаган боюнча, кыргызга деги эмне калат? Ошону ойлодуңбу, кыргызым?
Айтор, ушул жана ушул сыяктуу экономикалык саясаттын капшабы менен эски 2008-жылды ыйлай-сыктай узаттык. "Революция" дегенде оозунан көк түтүн бураган, алды Манас орденин алган 2005-жылдын "каармандарынын" кыла турган "жакшылыктары" ушул беле, караң күн деген кыргызстандыктардын сөгүнгөнүн, боктогонун, каргаганын кагаз бетине түшүрүп отурбайлы. Себеби бул өзүнчө кеп, атайын анализдей турган чоң тема.
Азыр Кыргызстан экономикалык кризиске белчесинен малынып турган чагы. Өкмөтүбүз жок дегенде антикризистик программа кабыл алымыш болуп, колдон келген аракетин жасап, элге, анын сөзүн сүйлөгөнгө аз да болсо аракетин жасап аткан оппозицияга цивилдүү мамиле эткенге жарабады. Кылмыш иши козголбогон оппозиция өкүлү дээрлик калган жок. Урду-сокту, зөөкүрлүк менен элди тынч кармаганга аракет жасаган бийлик ошончолук деңгээлде урмат-сыйдан, ишенимден биротоло ажырады. Бул зомбулук турмуш дагы канча заманга созулат, элдин арылбаган шору дагы канча деген суроо өзүнөн-өзү туулат...
Эски жылдын дагы бир зор өкүнүчү - тоодой-таштай болгон не бир азаматтарыбыздан ушул жылы ажырадык. Айрыкча бизди кайыштырып, эли-журтту бейпайга салып кеткен арман - Чынгыз Айтматовдун келгис сапарга кеткени болду. Аттиң дүнүйө, ушундай алакайыр заманда жок дегенде Чыкебиз арабызда калдайып туруп берсе кандай сонун болоор эле. Асанкан Жумакматов агабыз арабыздан кетти, кечээ эле жакында ак таңдай акыныбыз Тууганбай Абдиевди жерге берип, мында дагы бир томсордук, чиркин! Алайдагы жер титирөө ар бир кыргыздын дене боюн титиретти, азыркы чыкыроондо үй-жайсыз калган мекендештерибиздин акыбалы кандай болду экен деп асанкайгыланбай коюш мүмкүн эмес.
Кыскасы, жыргалынан азабы, түшүмүнөн түйшүгү көп жыл болду чычкан жылыбыз. Жоопторго караганда суроолору, жандырмагына караганда табышмагы көп болуп чыкты, иттики!
Эми Уй жылы кандай болот деген суроо туулбай койбойт. Суроолор эмитен көп. Өтө эле көп. Жооптор негизинен жокко эсе.
Бирок үмүтсүз адам - шайтан деген кеп бар эмеспи. Шайтан болбойлу. Болгонго акыбыз да жок. Негизгиси, улуттук биримдиктен кудай ажыратпасын. Пейлибиз кетпесин. Теңири элди бөөдө кырсыктан, айтып келбеген тарткылыктан, кокус мээнеттерден сактасын!
Ылайым, Жаңы жылда кыдыр жылоолосун сени, Кыргызстан!

Темирбек Муктаров










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan