О, жашоо!

Кайран сөздөр, ай…
"…Ниети арам, ою бузук гана жетекчи жана саясатчы бир ууч элибизди бөлүп жарганга барат…"
(КР Президенти Бакиевдин 2005-жылдын 15-августунда аткаруу бийлик жетекчилери менен өткөргөн жолугушууда сүйлөгөн сөзүнөн)

"…Кыргыз эли, бүгүнкү күндү эстеп койгула, демократиянын жаназасы окулуп жатат. Бирок, эртедир-кечтир жооп берчү мезгил келет. Кырк жыл өтсө да кыргыздын "Нюренбург процесси" болот…"
(Кубатбек Байболовдун 2007-жылы Жогорку Кеңеш ит куугандай таратылып жаткандагы парламенттин акыркы сессиясындагы сүйлөгөн сөзүнөн)


"…Тоталитардык, диктатордук системада элдин баарына алдым-жуттумдукка мүмкүндүк бербейт, бийликтин башына тургандар өздөрү үй-бүлөөсү менен жейт."
(Адыганы Эркебаевдин 2003-жылы
кыргыз басылмаларына берген маегинен)

"Суунун башында олтуруп "суубуз жок" деп электр жарыгын өчүрүп жатабыз, бизде суу эмес, бизде намыс жок. Көмүр үстүндө олтуруп тезек жагып жатабыз. Бизде көмүрүбүз эмес, абийир жок. Бүгүнкү кризистин эң негизги булагы бул ыйман жана ишеним кризиси…"
(Өмүрбек Текебаевдин 29-ноябрь 2008-жылы оппозиция өткөргөн Элдик Курултайда сүйлөгөн сөзүнөн)

"…Эл бизден үй-бүлөөлүк кландан, эл ырыскысын жегендерден кутулууну күтүп жатат. Биз ошол ишке бел байладык. Анткени, өлүмдөн да улуу нерсе бар. Ал эркиндик, намыс, акыйкат."
(Бакыт Бешимовдун 2008-жылдын 24-декабрында оппозициянын Бириккен Элдик Кыймылы түзүлүп жаткандагы сүйлөгөн сөзүнөн)

"Акындар эч качан поэзия дүйнөсүн алдаган эмес, алдабайт дагы. Акындар поэзияга аяр мамиле жасагандай, саясатчылар дагы саясатка ошондой мамиле кылса, заманыбыз такыр башкача болмок…"
(Шайлообек Дүйшеев)




Автокырсык
12-январь күнү "Ата Мекен" партиясынын Бишкек шаардык комитетинин төрагасы Райкан Төлөгөнов менен партиянын аппарат жетекчиси Алманбет Шыкмаматов Талас областына партиянын конференциясын уюштурууга бараткан жеринен автокырсыкка учурады.
Бактыга жараша эки азамат тең аман-эсен.




  Вопрос дня

Кто такой Усенов?
"Данияр Усенов - это одиозная и скандальная фигура. С приходом новой власти он неднократно назначался на разные должности и везде у него возникали конфликтные ситуации. Будучи первым вице-премьером, он постоянно конфликтовал с тогдашним премьер-министром Феликсом Куловым, парламентом и некоторыми министрами, будучи мэром, у него были серьзеные прения с Медетом Садыркуловым и некоторыми высокопоставленными чиновниками Правительства", - подчеркнул А.Жекшенкулов.
"Кроме того, по моему, никто не помнит ни одного вопроса, который он довел бы до конца. Мы все помним его обещания в качестве председателя комиссии по имуществу экс-Президента Аскара Акаева разобраться, и открыто информировать об этом общество. Он также публично обещал увеличить инвестиции, в частности построить Кызыл-Кийский цементно-шиферный завод. Инвестиционный климат в стране наоборот ухудшился.
В качестве мэра он запомнился только тем, что объявил розыгрыш лотерей, обманул горожан, для чего было использовано 70млн. бюджетных средств. В итоге потом было возбуждено уголовное дело, а общество до сих пор не знает, чем эта история кончилась. С его именем связаны коррупционные скандалы в парламенте. Как видите, люди знают его не по конкретным делам, а многочисленным скандалам" - сказал А.Джекшенкулов.
Как считает Джекшенкулов, приход Д.Усенова на пост руководителя администрации Президента в солжной социально-политической ситуации не принесет пользы ни стране, ни Президенту. "Президенту был нужен человек, который мог бы разрулить сложную ситуацию. Теперь, будет наоборот еще больше кофликтных ситуаций. Думаю, при Усенове коррупция приобретет более масштабный характер в стране. Мы знаем его любимое изречение - "цена вопроса?". Так, что чиновникам при решении любого вопроса придется учитывать это. А для оппозиции - это назначение подтверждает нашу правоту, когда мы критиковали кадровую политику Президента", - заключил он.
(ИА АкИpress 13.01.09.)

"Даже уход с поста руководителя администрации президента Кыргызстана Медета Садыркулова не вызвал такую реакцию, как назначение Данияра Усенова", - заявила руководитель правовой клиники "Адилет" Чолпон Джакупова , комментируя очередные кадровые рокировки в "Белом доме". "Все последние кадровые назначения в стране говорят лишь о том, что Курманбек Бакиев не скрывает начавшуюся подготовку к президентским выборам", - отмечает правозащитник.
По мнению Чолпон Джакуповой, у властей "исчерпан кадровый ресурс", а "вкупе с последними законодательными инициативами, в частности, попыткой установить контроль за интернет-ресурсами, "добром" на вмешательство армии во внутренние дела государства, начавшимися политическими репрессиями в отношении лидеров оппозиции все это свидетельствует о возврате к старым и излюбленным методам борьбы за власть".
"Что Адахан Мадумаров, что Данияр Усенов, оба не чураются никакими запрещенными методами игры или соблюдением неписанных правил борьбы и даже не скрывают это", - подчеркивает руководитель "Адилета".
"Данияр Усенов мечтал стать руководителем администрации президента Кыргызстана, и его мечта сбылась", - заявил председатель Революционного комитета республики Азимбек Бекназаров . По словам Азимбека Бекназарова, Данияр Усенов хотел сесть в это кресло сразу после революции 24 марта 2005 года. "Однако в силу различных причин у него не получалось это сделать", - сказал лидер Ревкома. "Как назначение повлияет на ситуацию в стране? Я думаю, что лучше не станет. Единственное, чего я боюсь, так это того, что Данияр Усенов может стать инициатором каких-либо финансовых авантюр, потому что он любит деньги", - заявил Азимбек Бекназаров.
(Tazar.ru.)




  Тогуз планетанын тоголок жаңылыктары

Дүйнө 2009-жылы
("The Economist" журналынын прогнозу боюнча)
Дүйнөдөгү эң эле компетенттүү, эң эле терең аналитикалуу деп саналган британиялык "The Economist" журналы быйылкы 2009-жылдын глобалдык экономикалык болжолдуу прогнозун окурмандарга сунуш кылды. Сыягы, өткөн жылдагы оптимисттик маанайдагы болжолдор иш жүзүнө келгенде башкача чыгат окшойт. Анткени бир катар профессионал аналитиктер бул финансы кризиси буюрса бир жыл же бир жарым жылдын ичинде бүтүп кетет деп болжол кылышкан эле. Бирок бул кризис баягы 1997-жылдагыдай тез өтүп кете тургандай түрү жок. Прогноздор абдан эле түнөрүңкү, цифралар жакшы эмес. Дүйнө элинин жарымына жакыны АКШнын жаңы Президенти Барак Обамага бир топ үмүт артууда. Үмүт баягы эле: Ирак менен Афганистандагы согуш тезирээк токтолсо, ага кетип жаткан акча каражаттар (жүздөгөн миллиард) кедей мамлекеттерге жардам катары, инвестиция катары жумшалса, мусулман дүйнөсү менен христиан дүйнөсү ич ара тымызын араздашуусун азайтса, Американын кутумчул, алдым-жуттум саясаты аз да болсо тизгинделсе деген сыяктуу эле тилектер.
Албетте, окумуштуулар менен экономисттер үчүн да баш оорутмай көп маселе табылды. Алардын эң негизгиси капитализм системасынын, деле либерал экономиканын ички илдеттери, тээ Карл Маркстын заманынан бери келе жаткан ит оорулары. Ал эмес Адам Смит туулуп-өсүп, негизги эмгектерин жазган Улуу Британия да бул системанын ички оорулары кандай, андан кантип айыгууга болот деген суроолорду ачык талкуулап, шек туудурган суроолорду эл алдына ачык коюп талкуулоодо. Баса, Марксты кайрадан окуп чыгуу керек деген маселени, анын капитализмди кандай негизде сындаганын кайрадан карап,талдап чыгуу зарылдыгын бардык эле жерлерде ачык сөз кылышууда. Айтор. Теоретиктер да, практиктер да ойлоно турган проблемалар көп сыяктанат. Бирок, быйылкы экономикалык жыл кандай болмокчу, эмне деген болжолдор, прогноздор айтылууда - мына ушу баарынан маанилүү болуп турган чак. Жогоруда аталган Британиялык журнал бул маселени ар тарабынан карап чыгып, дүйнөнүн 100 гө жакын мамлекетинин быйылкы жылкы өнүгүү панорамасын алдыга тартты. Ошонун ичинен абдан эле кызыктуу деген 7 мамлекеттин прогнозун окурмандарга сунуш кылмакчыбыз.

(Уландысы 10-бетте)









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan