Тагдырдын чайкамасы

Либералдуу мейкиндик жараксыз болуп, Кыргызстан башкаруунун Өзбекстан моделине өтө баштадыбы?
Бу карт тарыхыңды карап көрсөң, бийлик үчүн не деген гана окуялар болбогон. Керек болсо атасы баласын, баласы атасын өлтүргөн окуялар да жок эмес. "Бүт дүйнө меники" деген тирандар да чыккан. Бирок, акыры алар канчалык каардуу башкарса да, мезгилдин бир мезгилинде кыттай уюган бийлиги, кумдай куюлуп, нечендеген хандар өткөн дүйнөдөн. Муну кыргызым тээ илгери эле айтып койгон экен:"Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат" - деп. Бул эми өзүнчө сөз болсун.

Жыл жаңыраары менен кыргыз саясатында да ат жүрүштөр көбүрүп-жабырып, уй жылында букадай качырып кирди. Хан сарайда оюн күч алды. Убагында ушунчалык "керемет" жүрүштөрү" аркылуу оппозицияны кебез менен "мууздаган" бийликтин мыкты менеджери Садыркулов кызматтан кетти. Кетиришти десек туура болчудай.
Көп өтпөй бийликтин ошол бийик "небоскребунда" Данияр Yсөнов кайрадан пайда болду. Айрым саясий серепчилер муну алдыдагы хан тактысына, азыркыча президенттик шайлоого карата кызмат өтөөчү атайы фигура катары кабылдашууда. Себеби, ал Садыркуловдон айырмаланып, "жети өлчөп, бир кеспей", "бир өлчөп, жети кескендин" мыкты адиси. (Үсөнов жөнүндө үчүнчү бетте) Мындай аңды-дөңдү карабаган, бетке чапма жүрүшү менен ал далайлардын тамырын "кыркып" салышы да мүмкүн. Бирок, кыргыз каны, кыргыз генетикасы Орто Азиядагы коңшулаш, өзбек, тажик, түркмөн, ошол эле казак баурдастардан айырмаланып, эркиндикти аздектеген эл экенин билээр бекен. 24-март, 2005-жылкы окуядан кийин вице-премьер министр, кийин мэр болгондо да Үсөновдун дүмпүлдөгөн "артиллериясы" канча жолу атылды. Бирок, бири да ийгилик менен аяктабаган. Эми минтип публикага ойногон Үсөновдун ошол жүрүшү кыргыз саясатында кайра башталды окшойт.
Айырмасы, бул ирет чоңураак калибрде. Мисалы, Үсөнов жетинчи кабатка жеткен күндүн ошол эле минуталарынан тарта, саясат тактасында "Шоу" башталды. Тизмектесек, шаар прокурору Айбек Турганбаев "Акыйкат үчүн" кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкуловду кайсы бир макаласы үчүн мазесин чагып, эскертүү берди. Оппозиционер Исмаил Исаков үй түрмөгө алынды. "Ата Мекен" партиясынын "Кыргыз Press" интернет гезити белгисиз себептерден улам өлкө ичинде ачылбай калды. 14-январда Кыргызстан мусулмандар кеңешинин жетекчилеринин бири Турсунбай Бакир уулу тарых музейинин алдында уюшулган көргөзмөдө Израиль мамлекетинин желегин өрттөп жаткан жерден милиция тарабынан кармалып кетти. СДПКнын Жогорку Кеңештеги активдүү депутаттарынын бири Дамира Ниязалиеванын кызына кылмыш иши козголду, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын туугандарына куугунтук башталды. Талас облустук прокуратурасы "Ачык саясат" гезитинин башкы редактору Б.Жээнбековго эскертүү берди. "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү суракка алынды. "Жашылдар партиясынын" төрагасы Эркин Булекбаевге кылмыш иши козголду. Дал ушул сыяктуу көрүнүштөргө өлкөбүздө да, өлкөбүздөн тышкары жактагы жашаган саясий эксперттердин жоон тобу "2005-жылдын мартына чейин эксперимент катары жашап келген либералдуу мейкиндик жараксыз болуп калды. Ага жараша анын чөйрөсү тарып, Кыргызстан азыр башкаруунун Өзбекстан моделине жакын системасын ишке ашырууга аракет кылууда" деген сыяктуу пикирлерин айта баштады.
"Мезгилден өткөн калыс тараза жок" дейт. Бул айтылган жана болуп жаткан көрүнүштөрдүн жообун мезгил өзү берээр...
Ал эми хан сарай оюунуна кайрыла турган болсок, Президентти курчаган, ага таасир бере ала турган негизги үч топтогу күч бар экени буга чейин эле коомчулук ичинде аңыз кепке айланып келген. Аны айрым басылмалар Максим Бакиев + Садыркулов + Чудинов бирдиги, экинчи топ Жаныш Бакиев + М.Конгантиев + Суталинов + А.Мадумаров + М.Султанов бирдиги, үчүнчүсү Үсөн Сыдыковдун тобу деп чечмелеп бергенге да жетишкен. Муну айтканыбыз, бүгүнкү сценарий менен караганда, учурда экинчи - Жаныш мырзанын тобу бийлик олимпинде саясий реванш алган кези. Алардын тирешкен атаандашы Медет Садыркулов кызматтан кетээр замат, чагылгандай тездик менен күчтөрүнө күч кошулууда. Бекеринен А. Мадумаровдун шилекей алышкан досу Д. Үсөновдун президенттик администрация башчысынын эки тизгин бир чылбырын колуна алышы кокустуктан эмес. Ошол эле учурда убагында Садыркуловдун колу менен Мадумаровго "аң" казып берген вице-премьер министр Э. Ибраимова да кызматтан кетип, ордуна аталган топтун айланасына жакын социалдык өнүктүрүү министри Өктөмхан Абдуллаева барды. Аз өтпөй өз кишиси аталган социалдык фонддун төрагасы Марат Султанов өлкөнүн финансы тармагын колуна алып, Тажикан Калимбетованын ордуна финансы министри болуп дайындалды. Хан сарайда "чистка" уланууда.
"Демократия аралчасы" аталган өлкө кайда барат, эмне болот, белгисиз...

Кенжебек Арыкбаев




  Үн кошкула!!!

Өлкө караңгы, намыс караңгы, келечек караңгы…
Редакциядан: Өлкөнүн премьер-министри Игорь Чудиновдун билдиргенине таянсак "Түндүкэлектро", "Бишкек жылуулук тармактары" ошондой эле ТЭЦтин мамлекеттик пакеттерин жеке менчикке сатуу боюнча конкурс туура сегиз күндөн кийин, 24-январда башталат.
Экономикабыздын кыр аркасы болгон өлкөдөгү стратегиялык объекттер колдон кетсе эртең эмне болот? Кокус, чыны менен эле аталган тармактар мамлекеттин менчигинен чыгып, анда "жеке кожоюн" электрэнергиянын баасын каалагандай көтөрүп, анын кесепетинен элге керектелүүчү бардык товарлардын, ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы да кескин көтөрүлүп кетпейт деп ким кепил боло алат? Ушул жана башка өңүттөгү суроолор менен редакция электр тармагына тиешеси бар же ошол тармакты аркалаган бир топ атуулдарга кайрылган элек.(Мисалы: Ошол Токтогул ГЭСин курууда, анын үтүр чекитине жана бүгүнкү абалына чейин билген, ал кездеги өлкө башчысы Турдакун Усубалиевге , тунгуч президент Аскар Акаевге , Токтогул ГЭСин куруу учурунда Кыргызстан Комсомолунун БКсынын секретары болгон, ошондогу комсомолдук отряддардын ГЭСти куруудагы жалындуу эмгек иштеринин башында турган Турсунбек Чыңгышевге ж.б. бир топ инсандарга.) Айрымдарынан жоопторун алдык(6-7-бетти караңыздар).
Ушул вазийпабызды улоо менен өлкөнүн тагдырына кайдыгер эмес баардык атуулдарга кайрылабыз. Үн кошкула!
Ошондой эле "жети өлчөп, бир кес" абалында турганыбызда энергетика боюнча мыкты адис, академик Дүйшөн Маматканов , профессионал энергетик Төлөмүш Кожомкулов агайларыбызга, бир кездеги "Кыргызглавэнергонун" жетекчиси Жамалбек Түлөбердиевге , "Кыргызэнергонун" дагы бир мыкты жетекчиси, өмүр бою энерготармагында иштеген инсан Бакирдин Сартказиевге , ал кездеги Премьер-министрлер Апас Жумагулов, Амангелди Муралиевге кайрылгыбыз келет. Өлкө үчүн маанилүү кезеңде бир тамчы болсо да акыйкат сөзүңүздөрдү аябайсыздар го деген тилектебиз.




Жарыя!!!
Тезек сатылат
Каракол шаары Тел.: (03922) 4-15-39











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan