Өмүр сахна, жашоо сахна

Динара Акулова, КРнын эмгек сиңирген артисти:
"Адам маңдайга жазылган тагдыр менен жашайт"
Кыргыз эстрадасынын көч башында турган Чоро Кожомжаров, Шамшыбек Өтөбаев, Алтынбек Сапаралиев, Каныкей Эралиевалардан кийинки муундун бири Динара Акулова эмеспи. Сахнада жүргөнүнө 20 жылдан ашты. Бул аралыкта журтубузга аргендей үнү менен эң сонун ырларды тартуулап, Мыскал Өмүрканова атындагы биринчи сыйлыктын ээси, "21-кылымдын жылдыздары" теле-фестивалынын 5 жолку лауреаты жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти болууга жетишти. Муну менен катар чет өлкөлөрдө да бир топ ийгиликтерге ээ болду. Канчалаган жаш таланттарды тарбиялады. Алардын көбү азыр ырчы менен сахналаш болуп жүрүшөт. Бүгүн кыздары менен сыймыктанып, небересин эркелетип, көңүлдөгүдөй өмүр кечирип келет. Анда сөз башынан болсун.

- Динара эже, жаңы жылды кандай тосуп алдыңыз?
- Жакшы тосуп алдык. Жыл жаңыраарда эл алдында өнөрүбүздү тартууладык. Саат он экини какканда үйдө кыздарым менен болууга үлгүрдүм. Жакшы ойлор, жакшы тилектер менен жадырап жаңы жылды тосуп алдык. Бирок, кичине суук тийгизип алган экем, азыр дарыланып атам.
- Сиз деле легендарлуу "Кыз-Бурак" тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасовадан кем калышпай далай жаш таланттарды тарбияладыңыз. Ошо "бакма" балдарыңыз жөнүндө кеп салсаңыз?
- Эми бул жагынан алганда Гүлшайыр эжеге жетиш кыйын. Ошентсе да уучум кур эмес. Кымындай кезинде менин колума келген балдар, кыздарым чоңоюп, ар кими өзүнчө түтүн булатып кетишти. 8 келин алдым, 4 күйөө балалуу, 6 неберелүү болдум. Элибиз мындайда Кудайдын кулагы сүйүнсүн деп коюшат эмеспи. Баардыгы менден кол үзүшпөй келип-кетип турушат. Маал-маалы менен өзүм атайын бир күндү арнап балдар-кыздарымды кыдырып чыгам. Алардын ийгиликтерине кубанам, көйгөйлөрүнө энелик жүрөгүм ооруп ыйлайм. Колумдан келген жардамды берем. Жакшы тамак жасап, дасторкон жайып, конокко чакырам. Бапырап олтуруп, чай ичебиз, сүйлөшөбүз, ырдайбыз. Кыскасы көр тирликтен алыстап, көңүлүбүз көккө учуп калат. Баса, өзүмдүн кызым дагы турмушка чыгып, таене болдум. Ал небереме 1 жаш 2 ай болду. Тимеле, күндө бир кылыгы чыгып, мени кубанычка бөлөп аткан убагы. "Небере ысык" деген сөз бекеринен айтылбаптыр. Аз убакытка көрбөй калсам сагынып турам. Алыс жолго чыксам неберемдин тамтаңдап басып жүргөнү, борсулдап күлгөнү көз алдымдан кетпей, үйгө кеткенге шашып турам. Ошондон улам жашоонун кызыгы, өмүрдүн мааниси балдарда экенин түшүндүм. Энеге боор этинен жаралган баласынын күлкүсүнөн ашкан бакыт жок экен.
- Айтмакчы, Гүлмира деген ырчы кызыңыз такыр көрүнбөй кетти го. Сизден бөлүнүп кеткенден кийинки тагдырынан кабарыңыз барбы?
- Гүлмира менин колума беш жашында келген эле. Туубасам да тутунган балам болчу. Кенедей кезинен энелик мээримимди төгүп үлпүлдөтүп чоңойттум. Таланттуу кыз эле. Ал ырдаган "Алоо, алоо, телефон" деген ырды канчалаган кичинекей бөбөктөр ырдап чоңоюшту. Кыргызстандагы кичинекей кыздардын баары Гүлмирадай болууну каалашчу. Бир сөз менен айтканда келечеги кенен эле. Мектепти бүткөндөн кийин окууга тапшырттым. Жакшынакай окуп аткан. Анан эле өзүнүн апасы "кызымды алып кетем" дей баштады. Жакшы айттым түшүнбөдү, акырында экөөбүз телефондон урушканга чейин бардык. Бирок, Гүлмираны менден кетип калат деп такыр ойлобоптурмун. Кандай гана жакшы тилектерим бар эле. Гүлмираны эстесем, жүрөгүм ооруп кетет. Ал мен үчүн акталбаган үмүт болуп кала берди. Үйдөн кеткенден кийин бир да жолу кайрылган жок, азыр каякта эмне кылып жүргөнүнөн кабарым жок. Эмнеси болсо да ал менин кызым. "Тапкан эне эмес, баккан эне" дешет го. Чын дилимден анын турмуштан өз ордун таап, бактылуу болушун каалайм.
- Менин билишимче сиз далай кыйынчылыктарды башыңыздан өткөрдүңүз. Бир кезде өмүрлүк жолдошуңуз, жакындарыңыз сатып кетти. Ошондой оор учурлардан кантип чыктыңыз?
- Адам болуп жаралган соң маңдайга жазылган тагдыр менен жашайт экенбиз. Чынында бир мезгилде аябай оор кырдаалда калдым. Күйөөм аз келгенсип, аябай жакын адамдарым сатып кетти. Эшикке чыгып эркек болдум, үйгө кирип аял болдум. Өзүмдөн-өзүм курчудум, чыңалдым. Бир элдин атактуу ырчысы болуп туруп, үй-жайсыз, тырнактай кыздарым менен батирлеп калган күндөрүм болду. Ошонун баарын күчтүүлүк, сабырдуулук жана эмгек менен жеңдим. Күнү-түнү тынбай, уйку бетин көрбөй намыстанып жүрүп иштедим. Жоготкон нерселеримди кайра калыбына келтирдим. Бирок, ошол учурларда чыгармачылыкка өзгөчө көңүл бура албай, четтеп кеттим. Көп убакытымды көр оокат менен алектенип өткөрүп жибердим. Болбосо, Динара Акулова мындан дагы жакшы жетишкендиктерге жетмек деп ойлойм. Анан дагы ал күндөрдү эстегим келбейт, тирүү адам алдыга гана умтулуш керек, келечекти ойлош керек. Өткөн нерсе өткөн мезгилде кала берет. Ал эми адам баласында үмүт өчпөй жана берет.
- Сизди шаар чекесинен 300 миң долларлык үй алды деп уктум эле?
- Аябай чоң үй алгам. Короо-жайы да кенен болчу. Бир мезгилде ошондой заңгыраган тамда Малика экөөбүз жалгыз калып калдык. Баардыгы өз турмушу менен болуп кетти. Кызым экөөбүз кадимкидей ээнсиредик, жалгызсырадык. Эки кишиге ал үй чоңдук кылат экен. Аңгыраган боштуктан кээде коркчубуз. Анан ойлонуп туруп, сатып жибердим. Учурда шаар ичинде эле жашап жатам.
- Кызыңыз Малика атасы менен катташып турабы?
- Мурда көрүшүп турчу. Бир ирет Малик концерт бергенде барып, сахнадан куттуктап, ырдап кеткенбиз. Азыр катташпайт. Мен тыюу салган жокмун. Кызым өзү ушундай чечим чыгарды көрүнөт. Айтор, бул тема биз үчүн жабык тема. 18ге чыккандан кийин чечимин өзгөртөөр… Ага чейин мен кызымдын каалоосун колдоймун.
- Эми суроонун нугун чыгармачылыкка бурсак. Акыркы күндөрү көрүнбөй кеттиңиз?
- Ден соолукка байланыштуу бир жылдай чыгармачылыктан алыстап кеттим. Дарыландым. Азыр болсо мурдагыдай эле изденүү менен иштеп жатам. Өткөн жылы 7 клип тарттырдым, жаңы ырларды жаздырдым. Концерт берүүгө үлгүрбөдүм. Ушул жылы чоң даярдыктар менен концерт берем деп турам.
- Биздин маданият министирлигинде да коррупция гүлдөп баратат. Дегеним, наамды сатып алгандар четтен табылат. Буга сиздин көз карашыңыз?
- Ошондой терс көрүнүштөр болгону зээнди кейитет. Мен деле наамды кечигип алдым. Бизге чейин элге эмгеги сиңе элек ырчылар тааныш-билиштик менен наам алып жатышты. Албетте, наамды сатып алгандардын өз абийирине коелу. Тек гана эмгеги бааланбай келаткан ырчыларга татыктуу наам берип коюшса жакшы болмок. Мисалы: Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенова, Сыймык Бейшекеевдер канчадан бери ырдап жүрүшөт. Бек Борбиев наам алганда аябай кубандым. Маданият министрлиги ушундай нерселерге бөгөт коюусу керек. Антпесек, маданиятыбыз өнүкпөй калат.
- Акыркы суроом, жалгыздыктан чарчаган жоксузбу? Буга чейин жамырай-журт сизди далай чиновниктерге "турмушка чыгарып" жиберди?
- Чын эле далайларга турмушка "чыгып" ийдим. Бир туруп Турусбек Мамашовго турмушка чыгып аткан болом, бир туруп депутаттарга жабыштырып чыгышат. Угуп алып күлүп калам. Мен бул агайларды аябай сыйлайм, урматтайм. Бирок, алар менен жеке мамилерерим жок.
Айрым мырзалар туугандарымды, тааныштарымды ортого салып, колумду сурап келишет. Иш менен алектенип аларга деле көңүл бурбайм. Өзүм сүйгөн адамга жолуксам деп тилеп жүрөм. Анан мен сүйгөн адам мени сүйсө, мага андан башка эч кимдин кереги жок болмок. Байлыгы, бийлиги, атагы кызыктырбайт. Эмнегедир, карапайым, жөнөкөй мырзаларга жүрөгүм тартып турат. Ылайыктуу мырза болсо, калган өмүрүмдү арнагым келет. Кыздарыма атасынын ордун жоктотпосо, мага өбөк-жөлөк болсо, мени аздектесе деп тилейм. Менимче, убакыт сааты чыкпай жатат көрүнөт. Буюрган учурда өмүрлүк жар табаармын.
Азырынча, балбылдаган үмүттү өчүрбөй туралы.

Маектешкен Нурайым Асанкалиева










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan