Кызыктар көп дүйнөдө

4000 долларлык "ВИА ГРА"
Аталган топтун жашыруун чоң күйөрманы, сүрөтчү Игорь Воснесенскийден аткаруучу Татьяна Котованын портретин тартып берүүнү өтүнгөн. Көп өтпөй эле сүрөтчүнүн бул эмгеги белгилүү "Ростовдогу мода жумалыгы" аттуу кечеде көрсөтүлдү. Ажарлуу айымдын толук тулку бою түшүрүлгөн эки метрлик бул картина залдын борбордук бөлүгүн ээлеп, көпчүлүктүн көңүл борборунда болду. Сүрөтчүнүн берген маалыматына караганда жашыруун күйөрман бул картина үчүн 4000$ берген.

Витас
Өзгөчө үнү жана стили менен атактуулукту багынткан ырчы Витасты, Индонезиянын бизнесмени Офеер мырза жаңы жылдык майрам үчүн 800 миң еврого "сатып" алган. Акчага азгырылган ырчы жаш жубайын жана кичинекей наристесин Украинага калтырып кеткен.Эске салсак, Россияда Витас жаңы жылдын алдында эң калың капчыктуу ырчылардын тизмесинде болчу, бирок продюсери Сергей Пудовкин: "Мындай пайдалуу жана кирешелүү иш чарадан баш тартканыбыз туура болмок эмес"- дейт. Ошентип Витас өзү менен чогуу барган топтогу жардамчылары менен бизнесмендин үйүндө бир жума конок болушту.

"Келишимдүү төш"
АКШ жарандары голливуд айымдарынын арасынан "Эң келишимдүү төшүн " аныкташты. Жыйынтыгында Джессика Симпсон алдыга озуп чыкты. Андан кийинки тизмени Тайра Бенкс, Скарлетт Йоханссон, Кармэн Электро жана Линси Лоан айымдар толукташты.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan