Сандан санга

Акбар Рыскул
Атакенин Акболот
(Романдан)
(башы гезиттин өткөн №2 санында)
Караган талааны узун-туура кыдырган Тынай бий боз дөбөдө өзүн күтүп отурган топко чукулдай бастырды. Түз жер го түз. Тээ төмөндө жаткан суунун мобу дөңгө кантип чыгарына санаасы аңкүдүк. Ошентсе да жалпы эрмекке жан биргелик билдире:
- Кем-карчы болсо айткыла, эмне керек? - деп сурап койду.
- Качыр эшек менен кара куржун, - Кучак маңдайында шурудай тизилген терин шыпырды.
Бий адатынча сыр алдырбай, "эмнеге?" деп башталчу суроосун ичке күрмөй жутуп, тышынан тамашага чалды:
- Аргымак сурайбы десе, арзыганың эшек белем. Бали, бали, Кучак курбу. Сурап калсаң, сарттардан эшек табабыз.
- Элден элдин неси кем? - Тынай бийдин сырын окуп тургандай сүйлөдү Кучак: - Эгер элди сактайм десең, эртең эмес, бүгүнтөн калтырбай арык каздыр.
Кыргызда куржун кандай көп болсо, анжыйандык сартта эшек ошондой арбын. Кучактын сурагы орундалган кезде эки куржун көзүнө шыкай ылай-балчык салдырып, качыр эшектин жонуна теңдемелей жүктөттү.
Кыйраңдай калган шалпаң кулакты борчук дөбөгө кыйалата сүйрөп жөнөдү Кучак өзү. Бекеринен кежир дебестир, көк эшек кейреңдеп, артка кетенчиктейт баш чулгуй. Ошонусуна койбой такымга чапкылап, түртмөлөй барып, бодур ташка чыгарышты. Соорусуна камчы чабылган качыр ошондон бүжүрөй басып, дөбөнү кыйалай түз жөнөдү. Куржундагы суйук баткактан ылай аралаш суу сарыгууда. Ошол сарыккан суу болочок каптал арыктын нугун белгилей чийип барат.
Качыр эшекти капталдата дагы бир жолу кое беришти. Көк качыр адепки изин калетсиз кайталады. Сарыккан суунун изин жигиттерге текенин мүйүзү менен дааналап чийдирген соң, санаасы тынгандай добуш катты Кучак:
- Ал, эми арбыта каза бергиле...
Ошентип, дагы да болсо амалды Кучак тапты. Кашкардан үйрөнгөн таалимдин пайдасы тийип, көк эшекке жол чийдирди.
Кашкар, Кулжа, Үчтурпан арасында Алтышаарды көрүп калган Кучактын акылын макул таап, баш ийкегени менен Тынай бий боз дөбөдөн суу кантип ашарын толук аңдар эмес али. Уучунан кумдай куйулуп бараткан элдин башын байлаган убактылуу эрмек табылганына гана топук кылды көөнүндө. Буунун төмөн, суунун жогору акканын ким көргөн чынында? Амалын тапса кийиз казык жерге кирип, жыландай жыбылжыган бир кулак суу дөң башына көтөрүлөт экен, көрөсөн!
Тынай бийдин сүрөөсү менен Кучактын айтканы айткандай, дегени дегендей орундалып жатты. Кучактын аялы Бүүзуура баш болгон манаптын келин-кыздары ашкабакты күнгө какшытып, кумара челек дайындай баштады. Бердигул менен Дөөлөт жалдап келген уста сарттар Чиликсайдын кыр дөбөдөн төмөн жаткан нугун бууп, тегирмендин барасындай жыгач ноолу орнотууга киришти. Мынабу, жантай уругунан Боктурбай сыяктуулар иштерман белем, боортоктоп жер челди. Арык казгандар анталаңдап, таңдан кечке, түндөсү ай жарыгында тыным жок. Колуна шайман жетпегендер тердеп-тепчип текенин мүйүзү менен жер казууда. Тынай бий колдо жокту жашырып, колдо барын ашырды: арык чаап, маңдай тер төккөн манап балдарынын кара курсагын кампайтууга кам урду. Карының ачта кай каруу да, кай майнап?
Жамбаштарын чапкылап, сүйүнчү сурай чуркаган манап балдарынын үнү боз адырды жаңырткан кез да келди:
- Суу чыкты, сүйүнчү, суу чыкты!..
Чыны менен суу дөбөдөн ашып, жогору акты. Манап балдары алкым-талкым тоолордон арык казып чыгарды арылата. Өзөндүн төмөнкү агымына орнотулган жыгач пара тынымсыз айланып, капталына бекитилген кумура челектер калактай тегерене, кезмектеше суу ташыды. Мөлтүр тамчыга жүзүн жууган кыз-балдардын күлкүсүнө, капчыгайга артылган ноолудан тынымсыз куйулган бир кулак сууга көз салуу маанайы пас жандарга сеп эле. Капчыгай аскага бекитилген ноолудан каптал арыкка жеткен суу боз дөбөнү кыйалай жүрүп отуруп, кылымдар бойу караган-бүргөн каптаган кароосуз талаанын чаңкоосун кандырды белем!
Эгин эгип, эмгек сааганды үйрөндү манаптар. Кийин соң Тынайарык аталып кеткен ошол нуктан агылган суу тек манап тукумун гана эмес, Анжыйанда арпалышкан жалпы аркалык кыргыздардын жанын ачкалыктан арачалап калды.
Арык казган жаз өтүп, орок оргон күз да жетти ортодо. Эгиндин башы оорлоп, эми орокту күтүп калган маал. Арбытып арык казып, кериле кетмен чапкан түйшүктүн акыбети кайтып, кара курсак кадимкидей кампайды ошол күздө.
Сарбагыш манап айылын аке-жакелеп келген караан арбыды. "Итче жер тырмалап, жаман ырым баштаба" деген агасы Маматкул дагы акыры Тынайдын акылына көндү. Көнбөй кантсин: аштыктын уучу улакка, чеңгели чебичке, табагы тайга татып турса!
Кайракы эгин айдатпай, калкыңа токоч чайнатпай күн көрүү болбостур. Анжыян, Аманген шартында мал саагандан кап сааган озот. Ошону аңдады Маматкул, ошону түшүндү тоолук кыргыз.
Күндүгүнө күрөктөп күмүш алтын сузгандай кыз-келиндер буудай сапырды күлүүдөп. Кызыл буудай чарынан арылып, кызыл жон кырман көтөрүлгөн күнү Тынай бий ырымы кылып, Кырмантой өткөрдү. Манап насили текши чогулуп, улуу-кичүү кырманды тегеректей уймүйүз тарта отурду.
Кучактын байбичеси Бүүзуура баштаган келиндер чоң айакка толтура кызыл боорсок койду ортого. Сарбагыш аксакалы Маматкул, кадырлуу карылар алакан жайа бата берип, майбоорсоктон ооз тийишти. Тегерете жарданган балдарга Тынай кол жаңсап, уучуна толо бадырак уучтатып, ак токочту текши бурдай сугунтту. Кабыргасы илмийген кара шыйрак чычымдардын карды кампайганын, "найм-найм бир боорсокту" ырдап чуркаганын карап туруу кандай ыракат!
- Өркөнүң өссүн, өлбөгүлө, асты жамандык көрбөгүлө. Алгыла, боорсоктон алгыла. Бурдагыла, балдарым, - деген Маматкул бий дагы бул көрүнүшкө ичи элжирей бапылдап туру.
- Мобу жаман уулуңузга дагы жакшы бата берип койуңузчу, Мамаке? - деп калды аңгыча Тынай.
"Дагы эмнени чыгарды?" дегенчелик Маматкул инисин шектүү карай сурады:
- Кайсы уулга?
Бооруна баса көтөрүп келаткан жаш баланы Бүүзуура жерге түшүрдү. Түз эле барып, бийдин этегине ымыркайды салып бергенден ийменди көрүнөт. Бүүзууранын соңунан ээрчиген жаш келин да көзүн ала качып, жеңесинин далысына ыктай бой жашырды.
Түшүндү Маматкул бий: чычырканакка бөлөнүп, жаза тарткан келин тиги!
- Бул балабыз, - деп калды аңгыча Тынай, - жаздын күнү жоголгон. Күрдөөлдүү күздө табылды!
Капырай десеңиз, каардуу манап насили Маматкул бийдин дагы муун-жүүнү бошойт экен. Карылуу толмоч кош колун алга сунуп, кайыптан табылган балага мээри түшүп, көңүлү ийиди. Бала да болсо жылуу мамилени, үндөктү сездиби, өмүрүндө алгач ирет там-туң кадам таштап, алга умтулду.
- Тай-тай, тай бөбөк! - деп сүрөдү соңунан Бүүзуура.
Калтылдаган козудай үч-төрт кадам таштаган наристе Маматкул бийдин тизесин тайана жыгылды. Там-туң кадам таштаган наристени - манап насилин көкөлөтө көтөрүп, анан бооруна баскан карт бийдин көзүнөн жаш куйулуп кеткени!
Ошол наристенин азан чакыргандагы аты ким экенин кайдан билели, кийин соңу Кырманбай аталып кетти. Кырманда табылган Кырманбай!
Азап да, мазак бул тагдыр! Эрте жазда энеси алакандай токочко айрыбаштап жиберген наристени күрдөөлүү күздө Тынай бий таап, эки куржун эгинге алмаштырып келген эле.
Азап да, мазак! Тынай бийдин коңтаажыга туткунга түшкөн Атакесинен эмгиче дарек жок. Кучактын Абдыракманы кайда? Эсенби деги эки өспүрүм?..
Келерки жазда эгин салууга Маматкул бий өзүнүн эки уулу Болот, Темир менен шымалана киришти. Тек гана сарбагыштар эмес, Кошой бий баштаган солтолор, Байболот уулу Асакенин кабаа сайактары жердин боорун тытмалап, үрөн себишти. Качкын кыргыздар эңкейип эгин айдап, тоңкойуп машак тергенге текши киришти.
Ооба, күйү бирдин күнү бир.
(Уландысы бар)




  Бабалар сөзүнөн

Кет Бука
(XII кылым)
Салкын тоону кыян жууп,
Салт бузулат, сак болгун.
Намыс түгөп, ар түгөп,
Нарк бузулат, сак болгун.
Кара тили калп минип,
Карт бузулат, сак болгун.
Калыс сөзүн айталбай,
Калк бузулат, сак болгун.

Жайсаң
(IX кылым)
Тентиген элди жыйнадың,
Темирден найза ыргадың.
Телбирген жетим-жесирди,
Тегизге бөлөп сыйладың.
Теңирим Манас сени мен,
Термелип жүрүп ырдадым.

Кул болгон элди жыйнадың,
Куш канат найза ыргадың.
Куураган жетим-жесирди,
Кутуртуп далай сыйладың.
Куну жок Манас сени мен,
Кубалап жүрүп ырдадым.

Токтогул
(XX кылым)
Амириң күчтүү болсо да,
Жанымды аларың бар.
Бирок мен жалынбаймын,
Тагдырга таарынбаймын.
Өлтүрсөң өлөрүм бар.
Өлбөчү өнөрүм бар.
Астырсаң денем калар,
Ырларым оттой жанаар.

Калыгул
(XVIII кылым)
Беш башка булак сай болбойт,
Пейли тар киши бай болбойт.
Көп жылдыз жалгыз ай болбойт,
Көөнү тар адам бай болбойт.
Этекти кессең, жең болбойт.
Эзелки душман эл болбойт
Желкени кессең, тон болбойт
Жеткилең бийик жал болбойт.

Толубай сынчы
(XIV кылым)
Журт - мазар,
Журттан чыккан азар.
Чаң созулат тамандан.
Жакшылык келбейт жамандан.
Кактабагын жетимди
Какпа, сокпо жесирди
Жакшы болчу жигиттер.
Алсыздарды жакташат.
Жаман болчу жигиттер.
Жакыны менен касташат.
Өткөн өмүр - аккан суу
Калган көңүл - чыккан жан.


Арстанбек
(XIX кылым)
Калкы турса каржалап,
Калктын камын ойлобой
Келечегин болжобой,
Казына чачса калактап,
Эки көзү алактап.
Бул - карөзгөй аким белгиси,
Мындай безер башчыны,
Үйрүп камчы чапчууну,
Кимдин келет көргүсү.
Ай караңгы түн болсо,
Тутулгандын белгиси.

Кулга айлантса өз элин,
Кутургандын белгиси.
Өзү үчүн жан берген,
Өзүмчүлдүн белгиси.
Мындай адам көбөйсө,
Жумурай журт маарыбайт
Кыргыз такыр жарыбайт.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan