Тогуз планетанын тоголок жаңылыктары

Дүйнө 2009-жылы
("The Economist" журналынын прогнозу боюнча)
(Уландысы.
Башы 3-бетте)
Быйыл эң эле жакшы өнүгө турган мамлекеттердин тизмеси:

· Катар - 13.4 пайыз
· Ангола - 9.8 пайыз
· Конго - 8.5 пайыз
· Малави - 8.3 пайыз
· Кытай - 8.0 пайыз
· Грузия - 8.0 пайыз
· Өзбекстан - 8.0 пайыз
· Мадагаскар - 7.2 пайыз
· Мозамбик - 7 пайыз
· Түркмөнстан - 7.0 пайыз
· Азербайжан - 7 пайыз
· Армения - 7.0 пайыз

Жогоруда көрүнүп тургандай, бул тизмеде Кыргызстандын карааны да жок. Баарынан өкүнүчтүүсү, Россия менен согуш жасап, эки автоном республикасынан ажыраганы турган Грузия да 6-чы орунга чыкканын айт. Армениячы? Мозамбик менен Конгону айтпай эле коелу.

Америка Кошмо Штаттары

Бул эң бай, экономикасы өтө өнүккөн деген мамлекеттин быйылкы жылкы өнүгүүсү дээрлик жокко эсе, же болбосо 0.2 пайызга барабар болот экен. Мындай төмөн пайыз тээ 30-жылдардагы улуу депрессия заманынан бери болбоптур. Инфляция, бирок, 2 пайыздан ашпайт экен. Калкынын саны быйыл 306 миллионго жетип, жан башына туура келген киреше бир жылда 48,400 долларга түшөт деп айтылат. Жаңы шайланган Президент Б.Обаманын пландары элге майдай жакканы менен иш орундарынын кыскарганы, экономиканын ылдыйлаганы, банк секторунун ишенимден кете баштаганы баары бир элдин маанайын чөгөрөт да, мурунку ишеним деңгээлине чыгуу өтө оорго тураарын болжол кылат англис журналы. Кетүүгө жакын калган Дж.Буштун сегиз жылдык оор мурасы оңой менен айыга койбой турган апаат экенин моюнга алуу менен, журнал Б.Обамага болгон ишеним баары бир күчтүү болоорун, анын жеке таасири менен Ирактагы согуш аздыр-көптүр курч акыбалдан кайтып, Кытай менен болгон соода согушуна жол бошотоорун, ошондой эле дуйнө климатынын өзгөрүшү, ташкындар менен тайфундар Америка эле эмес, бүт дүйнөнүн шаштысын дале болсо ала берээри болжолдонот.
Кытай Эл Республикасы

Жалпы дүң продукциянын өнүгүшү 8 пайыз болмокчу. Инфляция деңгээли 3.6 пайыз. Калкынын саны 1 миллиард 336 миоллионго жетет. Жан башына киреше бир жылда 6830 АКШ долларына барабар болот. Олимпиаданы эң мыкты денгээлде өткөрүп, Сычуандагы жер титирөө кырсыктарын чоң тездик жана мыкты уюшкандык менен жоюуга жетишкен кытайлар эми жалпы адамзатка келген кризисти да уюшкандык жана иш билгилик менен баштан кечирүүгө бел байлап турган кездери. Улуттук биримдиктик андан ары бекемдөө, Тибет маселеси менен Тайвань проблемасына келгенде да катуу позицияны көрсөтүп, демократиялык дүйнөнүн доомат-сындарын чымын чакканча көрбөй кабыл алууну компартия жетекчилиги да жакшы түшүнүп турган убагы. Негизги экономикалык проблема: инфляцияны жүгөндөп, стабилдүү өнүгүүнү камсыз кылуу саналат. Ошону менен бирге кризистин айынан кымбаттап кеткен турмуш деңгээлинен улам калк арасында нааразылыктын оту тутанып кетүү коркунучу да бар экендигин Кытай жетекчилиги эсинен чыгарбай келет.

Россия

Жалпы дүң продукциянын өсүү деңгээли 4.0 пайыздан ашпайт. Инфляция 11.5 пайыздын тегерегинде күтүлөт. Калктын саны 141.4 миллион тегерегинде болот. Жан башына туура келе турган орто киреше жылына 16.330 долларга жетет. Улуттук престижди эл аралык масштабда көтөрүү аракети катары жүргүзүлүп жаткан ар кыл иш-аракеттер негизинен өз максатына жетүүдө. Орустардын улуттук аң-сезимин Грузия менен болгон беш күндүк согуш, Түштүк Осетия менен Абхазиянын орус контролуна өтүшү абдан көтөрүп кетсе да, аны эл аралык коомчулук иренжүү жана кооптонуу менен кабыл алды. Бул саясий авантюризм дагы да уланышы мумкун, бирок дүйнөдө мунай баасынын төмөн түшүшү Россиянын чийки затты сатууга негизделген көпшөк экономикасы чоң кыйынчылыктарга дуушар болуп, инвесторлордун сээлдеши да күтүлөт. Кымбат мунайдан жамгыр болуп жааган акчалар эми азайгандан азайып, эл турмушу кыйын жагына айланып, банктар менен финансы тармагы дагы да оорломой жагына айланышы күтүлөт. Улам көп байкала баштаган Медведев-мамлекет башчысы менен Путин-өкмөт башчысынын ортосундагы пикир келишпөөчүлүк да жалпы кырдаалга залакасын тийгизиши толук мүмкүн.
Япония

Дүйнөнүн экинчи чоң экономикасы эсептелген бул мамлекеттин экономикасы быйылкы жылы өсүү жагынан дээрлик токтолот. Жалпы дүң продукциянын өсүү деңгээли 0 пайыз болот. Бирок тырышчаак жана тартиптүү япондор инфляциянын өсүшүн 1.2 пайыздан ашырышпайт. Калкынын саны 127.3 миллионго жетет. Бир адамга туура келген жылдык киреше 42.000 долларды түзөт. Азыр бийлик башында турган Либерал-демократиялык партия бир топ кыйынчылыктар менен өз бийлигин жүргүзөт, премьерлик креслого отурганына анча деле убакыт өтө элек Таро Асо парламенттеги көпчүлүк орунду эптеп кармайт, бирок экономикалык кризистин кесепети эмитен эле япон индустриясына катуу тийип, "Тойота" жана "Ниссан" сыяктуу автомобиль гиганттары машина чыгаруу ишин кыскартууга аргасыз болуп, эл аралык финансы кризистин азабын эмитен эле тартууда. Экспорттун кыскарышы негизинен тышкы экономикалык экспансиянын эсебинен жашаган Япония экономикасын чоң проблемаларга дуушар кылуусу күтүлөт.
Казакстан

Борбор Азиянын эң тез өсүп жаткан экономикасы эсептелген Казакстан быйылкы жылы эл аралык экономикалык кризистин залалдарын аябай тартып, өсүш жагынан абдан эле аксайт деп болжолдойт британиялык "The Economist" журналы. Өнүгүү пайызы 4.6 болот. Инфляция 10.4 пайызга чыгат. Калктын саны 15.9 миллионго жетет. Жалпы дүң продукцияны жан башына боло келгенде 10.000 долларга чыгат. Мунайдан шатырап түшүп турган акчалар быйылкы жылы аябагандай сээлдеп, натыйжада бюджет дефицити кычайт, экономикалык өсүш 4 пайызга да эптеп жетиши мүмкүн дейт журнал. Нурсултан Назарбаев өз бийлигине бир топ коркунуч келгенин айласыздан моюнга алып, ар кандай айла-амалдар менен убакытты созууга бар аракетин жасайт. Балким, жыл этегинде парламентти таратып, ызы-чуу кеби тыйылбаган оппозиция менен улуттук мажилистин креслолорун аздыр-көптүр бөлүшүүгө аргасыз болот.
Өзбекстан
Экономикалык тармактын дээрлик баардык секторлорун өз контролунда кармаган бул мамлекеттин быйылкы өсүү даражасы 8.0 пайызды түзөт. Инфляция 13.0 пайызга чыгат. Калктын саны 27 миллионго жетет. Жалпы дүң продукцияны жан башына бөлгөндө 1.120 АКШ долларын түзөт. Батыш мамлекеттери менен ар дайым ыйкы-тыйкы мамиледе болуп, бизнес чөйрөсүн мамлекет чеңгелинен эч бир чыгаргысы келбеген, адам укуктарын ар дайым тебелеп-тепсеп келген Өзбекстанды бул кризис заманында колдоп-буттап кете турган тармактар баягы эле баасы кымбаттаган газ, пахтачылык жана алтын өндүрүү болуп калмакчы. Быйылкы жылы Президент Ислам Каримов өзүнүн бийлигинин канчалык денгээлде конституциялык жактан легитимдүү экендигин тереңдеп ойлонууга аргасыз болот, анткени анын үчүнчү жолу шайланышына өзбек конституциясы жол бербейт (2007-жылы кабыл алынган редакциясында). Бирок бу дүйнөдө эсеси жок кыса болбойт: мамлекет башчысынын көп суроо туудурган начар ден соолугу кокус кескин начарлап кетсе, конституция да, авторитардык бийлик да эч нерсеге арзыбай, Озбекстандын эки тизгин, бир чылбыры кимдир-бирөөгө заматта ооп кетиши да четке кагылбайт.
Түркия
Түркиянын экономикасы быйылкы жылы бир топ начарлайт, болгону 2.1 пайызды түзөт. Инфляция жылдагыдай эле бийик болуп, 10.8 пайызга чыгат. Ар бир адамга туура келген дүң продукция наркы 8.750 долларга барабар болот. Калктын саны мурдагыдай эле стабилдүү өсүп, 72 миллионго жетет. Жыл кур эмес келе жаткан саясий кризис быйылкы жылы да токтобойт. Негизги себеп азыркы бийлик башында турган, исламдын орто деңгээлдеги диний позицияларын карманган Адилет жана өнүгүү партиясынын конституциялык жоболорго ылайык келиши же келбеши, секулярдык, башкача айтканда динди саясаттан тышкары кармоо деген маселе болот. Конституциялык соттун чыгарган 2008-жылдагы бул партиянын пайдасына чечкен чечими дагы да кайра каралышы мүмкүн. Анткени оппонент партиялар бул принципиалдуу маселени уламдан улам койгондон эч бир тажай турган түрү жок. Мамлекет казынасындагы эң чоң дефицит, бир катар социалдык программаларды кайра кароого аргасыз кылып, инвесторлордун келиши мурункуга караганда алда канча кыскарышы күтүлөт.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan