Жебе жетеби, жанып өтөбү?

Бийлик иштей баштады. Сенчи оппозиция?
Өткөн жыл оор болду дедик. Жарык өчүп, азык-түлүктүн баасы асманга чыкты, Токтогул ГЭСиндеги сууну "сугунуп" кетишти деп бүшүркөдүк. Анысына кошул ташыл болуп ажобуз "тезек тергиле" деп темтеңдетти. Кадр саясатында дагы ичиркенткен нерселер иттей эле көп болду. Мисалы, Энергокризиске алып келген Балкыбековдун "башын албай" эле, кызматтан кетирип, 24 саатка жетпей, кайра багын ачып салды, журт башчыбыз. Эл түңүлө баштады. Оппозиция ойгонду. Барак жүзүндө баштары бириге баштады. Курултай, мемарандум, Элдик кыймыл... ж.б, ж.б. ошо бойдон дым-дырс. Ал ортодо бийлик козголду. Жаңы-жылды жаркыраган маанай менен тостурду, элин. Президент губернаторлорун чакырып алып, баарынын башына жеке тапшырманы жүктөдү, ар бириңер аймагыңардагы социалдык маселелерге керт башыңар менен жооп бересиңер деп. Күн-түн болсо да эл менен чогуу болуп, жеңилин жерден, оорун колдон алгыла деди. Административдик машиненин үнү жер-жерлерде чыга баштады. Губернаторлор "губернатор балатысын" өткөрүп, Акимдер "акимдер балатысын" өткөрүп, кедей кембагалдарга белек бекчегин берип киришти. Аны КТРдан бүтүн Кыргызстан көрүп олтурду. КТРчылардын айлыгын болсо 50%га көбөйтүп салды. Борборунда мэр, министрлери баш болуп бюджет кызматкерлерине бир эмес тогуз кабаттуу үч-төрт үйдүн ачкычын берип, жаңы жыл алдында жүздөгөн адамдарды үйлүү кылып кубанычка бөлөдү. Ал кубанычтуу кабар үйлүү болгон адамдын алыскы айылдарда жашаган ата-энесине чейин кетти. Төрөт үйү, бейтапканалар ачылып, кызыл ленталар кесилди. Аягында ажобуз атайын жарлык чыгарып, атайы секретариат ачылмак болду. Ал жерде президент баш болуп, атка минерлердин иш аракеттери коомчулукка күзгүдөй чагылдырылмак болду.
Ал эми оппозициячы? Ала тоо койнун аралагандын ордуна ("Ак шумкар" партиясынан башкасы) "көк кагазын" көтөрүп алышып алыскы Америкага барып келишти. Ал жактан канчалык колдоо тапканын ким билсин, "бардык, келдик" менен бүттү. Эми жакында ошол эле "көк кагазын" көтөрүп алып Москвага барабыз дешип чамына баштады. Элеңдеп бир Американы, бир Россияны карап жаткан себебин же айтышпайт. БЭК болуп бириккен 11 киши (Бириккен Элдик кыймыл) ар жумада бир жолу Сариевдин офисине бекинип алышып өздөрүнчө "калдыр-кулдур" болушат дейт. Жабырып, жалындаганы деле көрүнбөйт. Бери жарыкта жалындап күйүп берчү жаштар кошулалы десе, "кое, тургула" жообу даяр. Өздөрүнчө күңк-мыңк. Илгери Мадумаров айткандй оппозицияңда деле баягы эле "эски карталар". Адегенде курултай өткөрүп күзүндө кыйратабыз деген. Анан кайра жазында дешти. Буларың Токтогул ГЭСи качан токтоп калат деп эле отурган өңдүү. Кокус, токтобой кыштан аман эсен чыгып кетсекчи? "Концепция" деген көк көзүрүн көтөрүп алып анда кайда барышат?
"Дос күйдүрүп айтат, тууган сүйдүрүп айтат" деген кебим бул.
Чын эле эл десеңер океандын аркы четинде болбой элетке келбейсиңерби? Эл аралап, эл менен кошо үшүп, "концепция" дегениңерди ошол жерден айтпайсыңарбы. Жок, силерге бийлик эле керек болсо анда аман эле болгула.
Элеттен Эразамат
Нарын шаары




 "Саясый салат"

Тектир, тектир, тектир саз...
(Уландысы. Башы 2-бетте)
Рахатбек Ирсалиев
Өткөндө Кочкордун тыңчыкма жигити депутаттык мандатын тапшырып кетип калды. "Элге пайда алып келүүчү долбоорлордун үстүнөн иштейм" деп катуу убада берди. Андан бери дайны чыкпайт. Ал эмне деген долбоор экенин экс-депутаттан башка эч ким билбейт. Жогорку Кеңешке келиш үчүн шайлоочуларга кандай гана убадаларды бергенин, элдин ишеничин заматта унутуп, байлык үчүн чет элдик инвесторлорго сатылып кеттиби? Ага ишенип депутаттыкка шайлаган эл аңкайып кала берди. Кыязы, Рахат мырза элдик адамга элдин ишениминен артык байлык жок экенин түшүнбөсө керек. Түшүнсө ушуну кылат беле? 10 миң долларлык саат тагынып, чет жердиктер менен жүргөнчө, 100 миң кыргызды баштап жүргөнүңүз оң эмес беле. Бир канча убакыттан кийин сапырылган байлыгыңыз менен дагы элдин ишениме, элдин сыйына ээ боло албай калсаңызчы? Сиз, кыргыз коомчулугуна бизнесмен катары эмес, чыгаан, чечкиндүү саясатчы катары көбүрөөк керек болчусуз. Кайран гана кайтарылбаган кара кочкор элинин ишеничи, келип-келип өз уулуна кор болгонун айтсаң!

Адахан Мадумаров

Саясатчылар арасынан кызыл тилдин пайдасын ушул жигит көрдү. Бир кезде тимеле ташка тамга баскандай так сүйлөгөн, элдин сүймөнчүгүнө ээ болгон жылаңач баатыр Мадумаровдун чыныгы жүзү Бакиев доорунда ачылды. "Такылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз" дегендей мамкатчы болуп турганында түгөнбөгөн идеяларын колтугуна кысып, улуттук идеология жаратам деп бакырып чыкты. Же анысынын өтөөсүнө чыккан жок. Кыргызда мындайларды "оозу менен орок орот" дечү беле?! Спикер кезинде да өзүнүн башынан ашкан амбициясынын курмандыгы болгондугун түшүнөр бекен? Бирөөнү кызыл тилге салып сындаса кыйын, өзүнө айтылган сынды кабыл алгысы келбей кызаңдап кетмейи бар. Карапайым эл "бу Мадумаров дегениңер саясаттын келиниби? Кызмат аттуу күйөөсүнө таарынып, төшөк-жуурканын көтөрө качып, аз өтпөй кайра көтөрүнүп өзү жетип келет" деп айткандарын угуп алып, баягы курч Мадумаров мокок Мадумаровго айландыбы деп зээниң кейийт экен. Анын "президент болом деген" көкүрөктөгү аруу тилеги, өзүнө душман болуп, түбүнө жетмек болду. Сыртынан зыңкыйганы менен ичинин баары былыкпы? Антпесе эмне ар кандай саясий сасык оюндарга аралашат? Коопсуздук Кеңешинин башчысы Исмаил Исаковду оставкага кетүүгө көндүргөнүн, аздан соң ал креслону кантип өзү ээлегенин ак үйдөгүлөр жомок кылып айтышууда. Бүгүнкү күндө ишке болгон жөндөмсүздүгүнүн айынан Садыркулов менен кырды бычак мамиледе экени айтпаса да түшүнүктүү. Мадумаров дегенде Садыркуловдун аллергиясы кармайт. Бир сөз менен айтканда Адахан бул кейпи менен алыска кеталбай калды го...

Руслан Шаботоев

Бу депутаттын жоголгонуна кыйла болду. Дайынсыз жоголуп кетердин алдында өзү шайланган Ысыката шайлоо округуна барып, шайлоочулары менен болгон жолугушууда "Менин аркамдан өтө таасирдүү адамдар түшүп алышты. Бирок, аларга карабай силердин ишеничиңерди актап иштей беремин" деп айткан экен. Ошондон бир апта өтпөй жигиттин гүлү жоголуп кетти. Кара башыл депутат жоголуп атса деле бийлик кайдыгер болуп койду. Издеп эле атышат, издеп эле атышат, же бир жыйынтык жок. "Өлүк болуп көрдө жок, тирик болуп үйдө жок". Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш саясатчынын башына түшкөн мүшкүлдү ар ким ар кандай болжоп атат. Атүгүл аны крим дүйнөгө аралаштырып жиберишти. Көзү жоктугунан пайдаланышып, көп акча карыз экен деп чыгышты. Айтор, анын амандыгын үйбүлөсү, ага-тууганы жана жетимсиреген шайлоочулары гана тилеп жаткандай.Үлкөн бир саясатчы "жашырынып жатып алып, Президенттик шайлоого даярданып атат" деген суу кечпеген кептерди айтып чыкты. Деги, эмнеси болсо да аман болсо экен.

Үсөн Сыдыков

Бакиевдин Президент болушуна чоң салым кошкон саясатчы. Ак үйдөгүлөр Сыдыковду интриганын "атасы" катары жакшы билишет. Сабырдуу, чыдамкай деп Үсөн акени айтыш керек. Бакиевдин бийлигин 15 жыл зарыгып күттү го, чиркин. "Ат көрбөгөн минип өлтүрөт" дегендей, март окуясынан кийин бийликке келип, Бакиевдин оң колу болуп, каалагандай бийлик жүргүздү. Мамлекеттик деңгээлден баштап, "ОБОН" аялдар отрядын түзгөнгө жетишти. Улгайып калгандыгына карабай, 18 жаштагы жигиттей шайдоот жүрдү. Билгендер "Сыдыков Президенттин эшигин тээп кирчү" дешет. Эч кимге баш бербеген ээнбаш мүнөзү Үйбүлөгө жакпай калыптыр. Акыры акырын орден тагып, оставкага кетирип тынды. Ошондо да жөн кетпей Бакиев менен "балама тийишпейсиң" деген келишим түзүп кеткен имиш. Президент сөзүнө турабы же турбайбы аны келечек көргөзөт. Эмнегедир, Сыдыков элге эч нерсе болбогондой түр көрсөткөнү майлуу-сүттүү кызматтан айрылып, ичинен сыздап, кайрадан көчөсүндө майрам болчу учурду күтүп жаткандай... Анын майрамы өтө жакында болуп калышы да ыктымал.

Болот Шамшиев

Кайран талантка өткөн жылы нааразы болгондордун саны арбын болду. Руханий байлыгыбыздын туу чокусунда турган, не деген гана керемет кыргыз тасмаларын жараткан улуу кишиден карапайым калк ушундай пендечиликти күтпөсө керек. Чыңкыйып кызматта жүрсө эле, жан дүйнөсүнүн жарааты билинбейт тура. Кара басып, дачаңыз өрттөнбөгөндө мурдагыдай кадыр-барк менен калат белеңиз, ким билет. Кашыктап жыйнаган кадыр-баркыңызды, бир болбогон, адамзат жашоосунда арзыбаган төрт устун менен тилке тилинген жыгач-таш үчүн чөмүчтөп гана чачтыңыз го. Далай жерден бийик болгон жаныңыз, көр дүйнөнүн таманында тепселип калды. Гезиттен түшпөй аялыңыз менен акый айтышканыңыз сизди туу туткандардын жүрөгүн оорутканын сездиңиз бекен? "Шамшиевдин улуулугу, бийиктиги, деңгээли ушулбу?" деп жерге түкүргүндөрдү өз көзүңүз менен көрсөңүз, ичиңизден кан өтмөк... Аман болсоңуз дачаны кайра тургузуп аларсыз. Бирок, куну кеткен кадыр-баркты кантип кайра калыбына келтиресиз? Ушул жоругуңуздан кийин айтылуу "Ак кемени" кайсы кыргыз тамшанып көрөт? Президентибиздин кеңешчисинин чама-чаркы ушул болсо, калганы жөнүндө кеп кылууга болобу?

Клара Кабилова

БШКнын төрайымы боло коем деп, абайлабай ажыдаардын куйругун басты көрүнөт. Акырын күлүп, акырын жүрчү эле, кай жеринен жаңылды экен? Жанына күч келгенде шайлоонун ыкый-чыкыйын чубап чыкты. "Өлсөм да, бир чындыкты айтып өлөйүн" десе керек. Бирок, ал көздөгөн максатынын аягына чыкпай, алсыздык кылды, аялдык кылды. Жыландын башын кылтыйтып, коомчулукка ызы-чуу салып коюп, өзү Маскөөгө качып кетти. Качпай-этпей эле ушу жерде чабышканы менен чабышып, тебишкени менен тебишип турса, далай депутаттын бети ачылып, бир канчасы депутаттык мандатынан айрылмак. Клара айым мени "Максим кысымга алды" деп жар салды. Максим болсо эч кандай андай иш болбогонун айтып чыкты. Айтор, кимге ишенериңди билбейсиң. Ошентсе да, Клара далай сырды өзү менен кошо ала кетти. "Кыңыр иш кырк жылда" дейт кыргыз, убагы келгенде жашыруун сырлар жарыкка чыгаар... Бирок, сөз атасы өлгөндөн кийин, өткөн ишке өкүнүп башты ташка койгулоонун кажети жоктур...

Нурайым Асанкалиева










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan