Чын айтам

Аңга барып аңтара турган жолдобуз
Жаңы жылды төтөлөп "Түндүкэлектро" ААКсы Бишкектин тургундарына эстен эч кеткис "белек-сюрприз" тапшырды дейсиң, баракелдеден башка айта турган сөзүң калбастыр. Алда немедей болуп унутулбай турган ажайып "белек". " Аба-ырайы менен климаттын өзгөрүүгө дуушар болгон шартта Бишкектин тургундарынын электроэнергияны пайдалануусу кескин көтөрүлүп кетти. Суткасына бөлүнгөн 7 миллион 648 миң киловатт-саат лимиттин ордуна борбор калаа 8 миллион 200 миң киловатт-саат электроэнергияны ушатып таштаган. Бишкектиктер 20-декабрдан баштап суткасына лимиттен ашык жарым миллион киловатт-саат электроэнергияны пайдалана башташкан.Ушул жагдайга байланыштуу 25-декабрынын түнүнөн баштап Бишкектин бүт районундарында 00.00 дон 6.00 га дейре электрэнергиясын өчүрө баштайт" деп билдирген эле "Түндүкэлектро" ААКсы


"Түндүкэлектро" айткан убадасына да туруп берди. Айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарды, азамат экен. Азыр түн ичинде алты саат шаар караңгылыкка төңүп турганы турган. Адатка айланып баратат. "Түндүкэлектро" ААКсы башкалардан, айрыкча алардын үсүнөн көзөмөлдөгөн кожоюндарынан айырмаланып убадага бекем уюм экенин көргөзө алганына тан бериш керек. Кожоюндарына келсек аларың убаданы берет, бирок аткарган күнү боло элек. Өзүбүз күбөбүз. Көбү убада аткарылбагандан бери түңүлүп деле калышпадыбы. Мисалы экс-министир С.Балкыбеков мезгилинде суук түшө баштаган октябрь айынын аягынан баштап дегеле электроэнергияны веердик өчүрүү деген такыр болбойт деп энергетиктердин атынан касам ичип, убадасын кат-кат берген. Аткарылдыбы жокпу, ага өзүнүздөр күбөсүздөр. "Ак үй" болсо сентябрь айында "Кышында шаардыктар жылуулук, ысык суу, электроэнергия менен камсыздоодо проблема болбойт" деп ишенимдүү айткан. .(regnum.ru сайты "Ак үйдүн" бул айтканын 2008-жылдын орчунду окуяларынын ичинен жылдын алдыңкы сөзүнө татыктүү деп баалады). Эндекей энөө элбиз да, ага ишендик. Кыш да келди. "Ак үйдүн" шаардык тургандарды жубатып айтканы, көрсө, баягы көп убадалардын бири болуп чыкпадыбы. Аны "Түндүкэлектронун" 24-декабрда жарыялаган билдирүүсү менен шаардын 6 сааттан өчүрүлө башташы ашкере кылып жатпайбы.
Шаардын караңгыда там сүзүп калышын шарттаган мындай чаралардын киргизилишинин себебин сурасаң "Түндүкэлектронун" жообу белен: Токтогул ГЭСиндеги суунүн деңгелинин кескин төмөн түшүп кетиши, өткөн жылы кыштын катаал болушу, Нарын дарыясындагы суунун жылдагыдан аз экендиги өңдөнгөн форс-мажордук кырдаалга шылтап бежиреп жибериши турулуу иш. Лимит киргизилбесе энергетика системасынан кол жууп калышыбыз мүмкүн, аргасыздан веердик менен даректүү өчүрүүлөр барып катаал чараларга көрүүгө аргасызбыз дешип безилдеп жибериши да бышык. Кыздын сыры төркүнүнө маалим. Кыскасы күнөө аба-ырайы менен климаттык шарттарда. Энергетиктер менен бийликте кенедей да айып жок.
"Түндүкэлектронун" Бишкек шаарына дүңүнөн киргизилген лимиттин өзү абсурд. Себеп дегенде лимит шаарга эмес электрэнергиясын керектөөчүлөргө: ишканаларга, коммерциялык уюмдарга, үйлөрдө жана квартиларга жашагандарга киргизилиши мүмкүн. Лимит штучный болушу кажет. Анын конкретүү дареги болушу зарыл. Айталы бир ишкана, бай чиновник же кафе электрэнергиясын ысырап пайдаланды, уурдап пайдаланды, ал эми, шаардын дагы бир тургуну пенсионер энергияны өз муктаждыгынан ашырбай сарамжал пайдаланды, колдон келишинче үнөмдөдү дейли-андай болгон күнү "Түндүкэлектро" зордоп жалпыга бирдей киргизген лимиттин азабын баардыгы бирдей тартышы кандай деген суроо туулат. Бай чиновник менен пенсионерди бир катарга коюп алып экөөнү тең бирдей жазага тартуу чаңырган калысыздык болор.
"Түндүкэлектронун" шаарга лимиттен ашып кеткендиги үчүн чектөө киргизүү менен натыйжалуу антиэнергетикалык кризистик кадамдардын жасап жатабыз, кыйынчылыктан чыгып кетүү үчүн биздин көрүп жаткан чараларыбыз өзүнүн үзүрүн берет деп компоюп турушканы байкалбай койбос. Арийне, лимит чараларынан күткөндөй чоң майнап чыгып кетери арсар, майнапты мындай кой тескерисинче терс натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Босогодо кычыраган кыш турат. Кыш катаал болобу же "жумшак" болбобу аны эч ким айта албайт. Ал бир Кудайдын колундагы иш. Непадам, кыш деген кыш. Түндүкэлектронун тили менен айтканда "аба-ырайы менен климаттык шарт" мындан ого бетер катаалдашып кетиши этимал. Кыш каарын төгүп темир аяз башталганда электрэнергиясын пайдалануу бир нече эселенип өсөт. Аны бөркүңдөй көрө берсең болот. Демек, келечекте шаар суткасына бөлүнгөн 7 миллион 648 миң киловатт-саат лимиттин дагы да болсо ашып кетери, ашпай койбостугу турулуу иш. Азыркы декабрь айындагы лимите көрсөтүлгөн жарым миллион кв\сааттан алда канча жогорку энергия коромжуланаары талашсыз. Ошондо суткасына 6 сааттан өчүрүү аздык болуп калат. Өчүрүү 6 саат эмес элетердегидей 12-16 саатка чейин чыгат. Канчалык свет узак мөөнөткө өчүрүлгөн сайын кыштын ызгаарына чыдай албай кылчылдап тоңгон элдин электричествого болгон муктаждыгы ошончолук өсөт. Элдин кустардык жол менен жасалган жылытуучу приборлорго күнү түшөт. Электричество берилер замат эптеп бир жылынып алуунуу күсөп турган эл лимит-мимитиңди карайбы жылыткычтарды шакылдатып ишке киргизет эмеспи. Кустардык жол менен жасалган жылыткычтар болсо белгилүү энергияны катуу чыгамдаган ысырапкор приборлор. Кыскасы канчалык лимиттик чектөө өскөн сайын элдин энергетикага болгон талабы өсөөрү айкын. Бир беткей лимиттик чектөө, ошентип, түпкүлүгүндө шаарды жабдып турган энергетика системасын биротоло бүлүндүрүп элди сызга отургуза турган жол экени шек туудурбайт. Өкмөт акылы болсо кризистен чыгуунун башка рационалдуу жолун издеши талап.

Үсөн Касыбеков




  Мактап атып аңга түртчү жолдо…

ДОС БОЛСОҢ БОЛ, КОШОМАТЧЫ БОЛБО ДЕПТИР ИЛГЕРИ…
Өткөн жылдын аягында мамкатчы Досбол Нур уулу кыргыз радиосунан сүйлөп жатат: жакшы сүйлөп жатат - көп такалбай дегеним, "ышкыртып" жатат - калп айтып дегеним, коргоп жатат, Ата Мекенин эмес, Бакиевин. Элдин сөөгүнө жетип жаткан энергетикалык кризис мамкатчы үчүн кыкка турбаган иш экен, баамымда. Анын сөзүнө ишенсек, өлкөбүз укмуш өнүгүп жатыптыр… эми кайда барып өлөбүз деди го маселени билип-уккандар. А балким, керексиз, түз эле макулатурага ыргытылчу диссертациясын эстеп кеткендир бу мамкатчыбыз.

Мамкатчы минтип жатпайбы: "энергетикалык кризис деген былтыр эле болмок (2007-ж. - Б.А.) эл отун-суусун камдап алсын деп Өкмөт аябай аракет кылып токтоткон, ошондон улам кризис быйыл болуп олтурат. Эл ага даяр болду, отун-суу камдап алды". Баракелдеден кетсин бу сөз (сөздүн ээсин эмес, сөздү айтып жатам), ушу да кеппи, ыя?! Мындай кейпинен кеткен кепке комментарий беришиңдин өзү да кыйын экен, тантып калышың бар экен… Бир билгеним, Бакиев деген президенти элге мүмкүндүк бериптир тезек терип алганга. Бирок, президент бир нерсени унутуптур, 2008-жылды официалдуу түрдө "тезек жылы" деп жарыялап койсо жарашып жатып калмак.
Ошентип, элинин досу эмес, президентинин досу мамкатчы Нур уулу Досбол узак сөзүнүн көбүн президентин мактаганга коротту, анын аркасында "укмуштуудай өнүгүп" жаткан экономикабызды, "мыкты" турмушубузду чындай кылып айтты, кези менен оппозиция тарапка таш-паш ыргыткан болот, аргументи жок эле ыргытып жатат. Оңолгус кылып чырмап алган коррупция, бүлөлүк башкаруу, жетээр жерине жеткен кылмыштуулук, сатылган жер менен пансионаттар… жөнүндө мамкатчы укпаптыр деп калдым, укса айтмак, жигит эмеспи, кантсе да…
Уялып бүттүк, кай жерде мектеп салынбасын, кай жерде жол оңдолбосун, канал казылбасын… ал гана турсун жолдо жаткан уйдун жампасын алып койсо да Бакиевдин эмгеги болуп жатып калат. "Мынакей, Улуу урматтуу президентибиздин жардамы менен, анын иш билгилиги менен, анын көрөгөч-көсөмдүгү менен, анын акылмандыгы менен ушул мектеп бүттү, баланча бүттү, Улуу урматтуу президентибиз салып берди, бүткөрүп берди" деп сайрашса көздөн жаш кетет тим эле, азга ишенип да кетесиң. Анан ойлоп каласың, ушунча курулушту бүтүргөнгө каражатты кайдан алды болду экен, а балким Салы чоң атабыз америкалык Рокфеллер, Хант сыяктуу миллиардерлердей түгөнгүс каражат таштап кеткендир, анан ошого жанагы мектептер салынып, көпүрөлөр оңдолуп жатса керек деп. Бар жыргалдын баары, бар жакшылыктын баары Бакиев бийликке келгенден кийин болуптур. Мурун тозоктун отуна куйкаланып жашачу экенбиз. Тилиңерге силердин, тилиңерге… Досбол мырза сыяктуулардын сөз жыйынтыгында жакшынын баары Бакиевге ыйгарылып, жамандын баары Акаевге түртүлүп жатпайбы. Бул деген кошоматчылыктан ары кеткен абийирсиздикке барып такалат.
Кудаяр кандын убагында жашап жаткандай болгон кошоматчылар, бери караң, биз уккандан ар бир мамлекеттин бюджети болот дейт. Андагы топтолгон каражат бүтүндөй элден топтолот экен, анан ошондон ыгы менен, план боюнча мектеп салганга, жол салганга, бала бакча салганга акча бөлүнөт экен. Бул иштерди жасоого Өкмөт милдеткер, эң башында туруп көзөмөл кылууга, тапшырма берүүгө, талап кылууга президент МИЛДЕТКЕР. Алган айлыгын акташ керек го акыры келип…
Жол ж.б. салганга Курманбек Бакиев сокур тыйын коротпойт, албаса болгону… Тескерисинче, ошол элдин каражатына курулган мектептин лентасын кесет элем деп жүздөгөн чакырым жол басып, бензин коротуп, толгон бекерпоз, көпкөн чоңдорун ээрчитип, чучукка тайгаланып, тамакка зыян келтирип, милийса, маилердин шаштысын кетирип, убара кылып, шоруң курган окуучулар менен мугалимдерди кышта тоңдуруп, жайда мээсинен күн өткөзүп тоздуруп, майда-барат чиновниктер менен карапайым элге дагы далай ыңгайсыздыктарды жаратып кетет. Кескен лентасы да курусунчу…
Баса, жанагы Чудинов деген чунагы Караколго байма-бай келчү болду, лыжа тебет элем дем. Милийса менен маилерди дал ошол кууратып жатат жолдун баарын тосдуруп, тоңдуруп!
Өздөрүн жигитпиз деп санаган министрлер, губернаторлор, акимдер Бакиевин оңду-солду мактап отурса тескери жыйынтык берерин билишпейби.
Караколдо бир аппак чач кемпир бар, тээ илгери партиялык кызматта иштептир. Ошол кемпир кайсы эле губернатор же мэр шайланып келсе "ушу сенин келгениң ырас болбодубу, сенин мыкты жетекчи экениңди билем, ушу сенден өткөн тың жетекчи болбос" дейт, анан ал кетип башкасы келсе кеткенин жамандайт, жаңысын кайра баштан мактайт, өз башы менен кетсин анысы…
Накта жигиттердин кошоматы жок болот, сыйы болот, урматы болот, кошоматы болбойт. Ошол кошоматчылары "урматтуу президентибиз" дегендин алдына "улуу" деген сөздү кошуп айтчы болду. Көрөрсүз, ошол абийирсиздер эми "улуунун" алдына да бир олчойгон сыпаттама кошот. Маселен, "элинин бактысына жаралган улуу урматтуу түбөлүк президентибиз…" деген сымал. Кошоматчы жексурлар жоголчу заман да келбей кечигет…Текебаев кайдасың? Темир кайдасың? Болсоңчу. Болот!

Баратбай АРАКЕЕВ










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan