Өңүңдү карачы, өлкөм

Нур Омаров, тарых илимдеринин доктору:
"Эгерде Президент өлкөдөгү энергетикалык кризис маселесин чече алса оппозицияны утуп алат"
- Сиз Кыргызстандагы бирден-бир күчтүү политологдордун бирисиз. Суроомдун учугун да ушундан баштагым келет. Өткөн жылга кандай саясий баа берер элеңиз, эмнеси менен эсте калды?
- Өткөн жыл Кыргызстан үчүн ийгиликтин жылы болгон жок. Бирок, ийгиликтүү жыл кылууга негиздер бар болчу. Мисалы: КМШ өлкөлөрүнө төрагалык кылуу аркылуу бир топ жакшы жетишкендиктерге жетүүгө болмок. Тескерисинче, Казакстан менен чегараны туура эмес бөлүштүрүүдөн, экономикалык жана социалдык нааразычылыктар туулду. Президент өзү белгилегендей Өкмөт начар жана натыйжасыз иш алпарды. Өкмөттүн дарегине канчалаган ачуу сындар айтылып жатса дагы, олуттуу чечимдерди кабыл алышкан жок. Өткөн жылы келип чыккан энергетика көйгөйүн баса белгилебесек болбостур. Күнүгө жарыктын өчкөнүнөн карапайым калк жана бизнес чөйрөсүндөгүлөр аябай азап чегишти. Кай бирлери бизнестерин сатып, Казакстан менен Россияга көчүп кетүүгө аргасыз болушту. Ал эми инвесторлор өлкөбүздөгү тамыры терең жайылган коррупциядан жана башка көйгөйлөрдөн коркушат. Бул нерсе экономикабызга жана социалдык тармактарга өзүнүн терс таасирин тийгизүүдө. Себеби жөнөкөй эле. Салыктар менен бажылык чогултуулар дагы деле мамлекеттик казынаны толтуруунун негизги булактары болуп калууда. Негизинен биз 20 жылдан ашык убакыттан бери кризистик абалда жашап жатабыз. Бул аралыкта биздин атуулдарыбыз мамлекетти ишенип карап олтурбай, өз алдынча жан багууну үйрөнүштү. "Эгерде жардам бере албасаңар, жок дегенде тоскоол болбогула" деген кеп бар эмеспи. Бирок, мамлекет эмнегедир өзүнүн көйгөлөрүн карапайым калк аркылуу чечкиси келет. Дегеним, бизге ташылып келип аткан автоунааларга салыкты көбөйтүп салды. Мына ушундай мүчүлүштүктөр менен бирге артта калган жылда маданият жана илим тармагында оор жоготууларга учурадык. Ч.Айтматов, Д.Садырбаев, М. Миррахимовдор улуттук сыймыгыбыз болчу, ушулар аркылуу Кыргызстан башка өлкөлөргө таанылган. Ошондуктан, жеке мен үчүн да, Кыргызстан үчүн да 2008-жыл чоң жоготуулардын жылы болду деп ойлойм.
- Жыл жаңырганда ар бир адам ушул жыл кандай болор экен деген ойго кабылат эмеспи. Сиздин пикириңизде уй жылында Кыргызстанды саясий айдыңда эмнелер күтүп турат?
- Саясий өңүттөн алганда 2009 - жыл Кыргызстан үчүн татаал жылдардан болот. Анткени алдыдагы Президенттик шайлоого аз гана убакыт калат. Андыктан шайлоого даярдыктар башталат. Бийлик тараптан азыркы Президент же болбосо ага жакын кимдир бирөө талапкер болот. Ал эми оппозиция бирдиктүүлүк менен саясатчылар гана эмес, бүтүндөй кыргыз эли колдой турган бир талапкерди тандашы керек. Ошондой эле мамлекеттеги саясат экономикалык абалыбызга көз каранды экенин унутпашыбыз зарыл. Эгерде Президент өлкөдөгү энергетикалык кризис маселесин чече алса оппозицияны утуп алат. Бирок, мындай болушуна менин көзүм жетпейт. Анткени, Кыргызстан экономикалык кыйроонун чегинде турат. Бул деген өлкөдөгү саясий абалдын бузулушуна алып келери, айтпаса да түшүнүктүү.
- Айтмакчы, учурда оппозиция бириктик деп атышат. Алар койгон максаттарына жете алабы?
- Чынында эле оппозиция биригүүгө жетишти. Бул биригүүгө кантип жана кандайча жетишти? Баары биригип бир талапкерди атай алышабы же болбосо бул жеке амбициялардын кагылуушуусунун кезектеги раунду болобу? Алар элдин талабын аткарыша алабы же алардын талаптары саясий лозунгдарга жазылган боюнча калабы? Оппозициянын бирдиктүү бир максаты барбы же алардын максаты ар башка талаптардан жасалган "компотпу"? Оппозиция мурунку кемчиликтерин түшүнүп, каталарын оңдой алышабы? Көрдүңүзбү, жоопторго караганда суроолор көп. Менимче, азыркы оппозициянын келечеги 2009 -жылдын биринчи жарымына чейин аныкталып калат. Эгерде алар ушул мезгилде жемиштүү иштешсе, анда ийгиликке жетишет. Кокус иштей алышпаса, оппозиция жаңы муундагы саясатчыларга орун бошотуп берүүгө туура келет.
- Өлкө башчысы жыл жаңырарда өзүнүн бийлигин дагы бир ирет бекемдегенге жетишти. Мисалы, мындан ары армия дагы ички саясатыбызга кийлигишмек болду окшойт. Бул жөнүндө парламент 2008 - жылдын 26 -декабрында мыйзам кабыл албадыбы. Дегеле Курманбек Салиевичтин бийлиги күндөн-күнгө күчтөнүп бараткандай таасир калтырат. Анын жүргүзгөн саясаты демократияга эмес, авторитаризмге бараткан жокпу?
- Курманбек Бакиев демократияны өзүнүн түшүнгөнү боюнча куруп жатат. Бул деген бийликти эбегейсиз борбордоштуруу, күчтүү президент жана аткаруучу бийлик, алсыз парламент жана "кол бала" соттордун баарын бир муштумга бекитип алганы, авторитардык бийлик үлгүсүнө жакын. Мен терең сыйлаган бир аксакал: "Биз эмне үчүн баардык көйгөйлөрүбүз үчүн Президентти күнөөлөйбүз? Элдин көйгөйлөрүн жана кызыкчылыктарын чечүүгө Президентти көндүрө албаган өзүбүз күнөөлүүбүз. Ал күнөөлүү эмес" -деп айткан эле. Бул сөз тамашадай көрүнгөнү менен өзөгүндө чындык жатат. Азырынча муну аткаралбай жатабыз. Анткени, Президент айланасындагылардын айткан жолу менен жүрүүдөн башка аргасы жок. Кыргыз эли эркиндикти сүйгөн эл. Авторитардык бийликти курууга аракеттенүүнүн аягы жакшылык менен бүтпөшүн биринчи президент көзгө сайып көрсөтпөдүбү. Эмне үчүн булар бирөөнүн кетирген катасынан үйрөнүшпөйт? Себеби бирөө эле. Президентти тегеректеп жүргөндөр өздөрүнүн келечегин Кыргызстан менен байланыштырышпайт, алар үчүн ажону коштоп жүрүү чоң акча табуунун гана жолу десек болот. Ошондуктан катардагы жөнөкөй атуулдардын кызыкчылыгын көздөгөн чыныгы демократияны жана таасирдүү мамлекетти куруу негизги максатыбыз.

Маектешкен
Нурайым Асанкалиева




  УКУЙ

Эркин гезиттер эмне дейт?
Дүйшөн Чотонов, "Ата Мекен" партиясынын төрагасынын орун басары:
"Бүгүнкү бийлик башында тургандар мындан 5 жыл мурда башкача сүйлөөчү эле, бүгүн башкача сүйлөп калыптыр. Ошол эле К.Бакиев, Адахан Кимсанбаевичтер "энергетика сатылбасын" - деп биз менен чогуу жүрдү эле, бүгүнкү күндө өз позицияларына каршы келген саясаттарды жүргүзүүдө. Энергетика тармагы кыргыз экономикасынын кыр аркасы. Бул жеке эле экономикалык гана эмес саясий, социалдык да маселе. Энергетика тармагын шашылыш түрдө сатып жатышкандыгы бүгүнкү бийликтин чоң жаңылыштыгы деп эсептейм..."

Накен Касиев, коомдук ишмер:
"Акаев кеткен жылы 17млрд.куб метр суу "Токтогул" ГЭСинде бар эле".

(Жаңырык Апта №01 (155). 8.01.09)
Бегалы Наргозуев, ЖК депутаты:
"Эл байкагандай 2008-жыл аягына чейин стабилдүүлүк болду. Андан кийин Медет Садыркуловдун саясаттагы чебердигине таң калам, Мелис Эшимкановдун оппозицияны түртүп, бирок, Курманбек Салиевичти түшүнгөнүн сыйлайм. Азыр кайсы иште болбосун жандили менен иштеген чебердигине суктанам..."

("Айат-пресс", 8.01.2009)
Турсунбай Бакир уулу,
"Эрк" партиясынын лидери:
- Азыркы оппозиция кабинеттен чыкпай эле бирдеме кылымыш болушат. Көбүнчө кайрылууларды, куру сөдөрдү ММКларга жарыялоо менен алек. Биз болсо элди кыдырып жүрөбүз. Эгер бийликчил болсок, анда бийлик бизге шарт түзүп бербейт беле.? Тескерисинче, куугунтук кылып, камап жатат. Бул сөз так ошол "кабинетчи оппозиционерлерге тиешелүү".
("Учур", 8-январь,
2009-жыл)




  Аркы жээк, берки жээк…

Эски жылда эмнелер болду?
Өлкө президенти К.Бакиев: "Өткөн жыл Кыргызстан үчүн саясый турктуулуктун жылы болгонун кыргыз элине жолдогон Жаңы жылдык куттуктоо сөзүндө айтты.
Президенттин белгилешинче, өткөн жылы Кыргызстанда өнүгүү жолуна олуттуу кадамдар жасалды, бир катар социалдык маселелер чечилди. Ошондой эле президент 2008-жылы ийгиликтер, жетишкендиктер менен бир катар азык-түлүккө баалардын жогорулашы, энергетика тармагындагы оор абал, дүйнөлүк каржы кризисинин тийгизген таасири менен коштолгонун, өткөн жыл мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө, өлкөдө коопсуздукту камсыздоого жана социалдык маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.

"2008-жыл саясый оппоненттерди куугунтуктоонун жылы болду" дейт "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.
Саясатчынын айтымында, 2008-жылды бийлик коомдук пикирди көзгө илбегендиктин, өзүм билемдиктин, элдин шайлоого ишенбестигинин жылы болду. Ошондой эле "Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2008-жылы сөз эркиндигин муунтуу аракетинин, жоопкерсиздиктин жылы болгондугун кошумчалады.

"Айгай - пресс"










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan