Тагдырдын чайкамасы

Парламент:
"1- классты бүттүк..."
"Мы хотели как лучше, а получилось, как всегда"
(Черномырдин)

2008 - Чычкан жылы аяктап баратканда 5-каналдын "Күн деми" маалымат программасы өзүнүн "Майдан" берүүсүндө "Парламенттин ишине канааттанасызбы?" деген суроосун сунуп, түз эфирде сурамжылоо жүргүздү. Бир саат отуз беш мүнөткө созулган бул берүүдө жалпысынан 3500 телекөрүүчү өз оюн билгизип, алардын 1200ү "Ооба" десе, 2300 көрөрман "Канааттанбайм" деген жообун берди. Шибегени капка катууга мүмкүн болбогондой эле, анан калса аталган азыркы парламент, андагы 90 мандаттын 70тен ашыгын ээлеп отурган "Ак жол" партиясындагы эл өкүлдөрү кантип, кандай негизде шайланганын калкыбыз жакшы билсе керек.
Кечээ эле "Алга, Кыргызстан" үчүн өмүрүмдүн акырына чейин алгалайм деген "намыстуулардын" үлкөн тобу бүгүнкү бийлик партиясы болгон "Ак жолго" кудум ошол ырын эч өзгөртүүсүз "ырдап" беришүүдө. Бир кезде (эски бийлик тушунда) Ак үйдүн "ум, честь, совесттери" башчылык кылган дагы бир "Адилет" деген партия түзүлгөн. Ошондо, Жыпар Жекшеев "Мунуңардын өмүрү кыска. Бул бийлик кандай ураса, "Адилетиңер" дагы ошол күнү жок болот" деп түтөгөнү эске түшөт. Айткандай эле, "Адилет" да, "Алга, Кыргызстан" дагы андагы бийлик кандай кетсе, ошондой эле "оомийин" болуп кетти. Өкүнткөнү, ошол эле партиялардын бир топ мүчөлөрү бүгүн минтип бүгүнкү бийликтин партиясында жүрүшөт. Жогорку сурамжылоодогудай болуп, көпчүлүктөн колдоо таппаганынын бир себеби да ушул белем. Бирок, тилде сөөк жок экен, ал кездеги "алга, Кыргызстанчы", бүгүнкү "ак жолдун" ардактуу мүчөсү, Айтибай Тагаев спикер айтып айтпайбы, "Биз өткөн чакырыктагы депутаттарга караганда, бул жылы 166 мыйзамды көп чыгардык" деп. Сапаты эмес, санына таянган ошол мыйзамдар канчалык деңгээлде калкка керектүү? Ошол мыйзамдардын арасында жериң, кениң, энергетикаң бөтөн бирөөлөргө энчиленип кетээрине эшик ачканын эстеп койду бекен? Баарыдан да Исхак Масалиев сонун салыштырды: "ЖКнын бир жылдык бул ишин окуу жылы десек болот. Айрымдары 1-классты эми бүттү..." деп.
Исхак Мырзанын айтканы боюнча таразаласак, далай депутаттар парламенттин Алиппеси менен эми гана таанышып бүткөн экен. Өлкөнүн мыйзамын жазган кожолордун, бүтүндөй бир мамлекеттин элинин үнүн чагылдырган эң Жогорку Кеңешинин деңгээли ушул болсо, жетчү жерибизге жетиптирбиз дегенден башка айтаар сөз жок...

Кенжебек Арыкбаев




  Ак, чүч!

Рашид Тагаев, ЖК депутаты, "Ак жол" фракциясы: "...Биз өкмөткө алар сураган баардык мыйзамдарды алып бердик..."
" Айгай": Жат десе жатып, тур десе туруп, отур десе отуруп дегендей, ээ?




  Сөз кадырын билгендерге

"Күчтүүдөн коркпой, өзүңдүн алсыздыгыңан корк!"
Исхак Раззаков




 "Саясый салат"

Тектир, тектир, тектир саз...
Саясий майдан кызыкка бай эмеспи. Бири келет, бири кетет. Дагы бири кызматынан жогорулайт, кай бири кызматынан шыпырылат. Айтор, саясат эриктирбейт жана зериктирбейт. Күндө бир жаңылык... Сары эсеп салып олтурабыз. Кимиси эмне деп ийет деп кулак түрөбүз. Балыктары унчугушпайт, бакылдактары бакылдашат, такылдактары такылдашат. Бакылдашканы менен, такылдашканы менен жыйынтык жок. Алакандай Атажуртубуз баягы эле таз кейпинде. Экономикалык кризиске энергетика кризиси кошулду. "Үшүгөн кемпир, шишиген кемпирден үмүт этет" дегендей жакшы жаңылык күтүп, Ак үй менен Көк үйдү карайбыз. Же ал жактан жарытылуу нерсе болсочу?! Анан олтуруп алып, элдик рецепт менен саясий салат жасадык.

Феликс Кулов
Бир кездеги күчтүү оппозицияны чачыраткан, кечээки премьер-министр, бүгүнкү 21-кылымдын ГЭС куруучусу Феликс Шаршенбаевич 60 жашка чыгып, мамлекеттик резиденцияда саясатчылардан өзгөчөлөнүп, арак-шарап суудай агып, Алатоодой эт, Алакөлдөй чык тартылып, Ак үй, Көк үйдүн атка минерлери менен ойда сайран куруп, ажонун колунан кымбат баалуу машина минди. Бу эмнеден кабар берет? Кайрадан чоң саясатка кайтып келеби? Эл арасында Кулов кайра премьер-министрлик креслого олтурат экен деген кептер айтыла баштады. Анысы го мейли, бирок, эл баягыдай темир-генералга ишенип, анын сөзүн угуп, кылган ишин колдоп береби, кеп ушунда жатат. Неси болсо да, эки жакты байкап күтө туралы. Бирок, байкаган жанга Феликс акебиздин баштагыдай кадыр-баркы жок. Атүгүл темир генерал деген аты өчүп, желим генерал атка конуп олтурганы өкүндүрөт. Ошентсе да илгерки шилекейлеш досу Эшимкановду УТРКга башчы "кылды", эң биринчи өкүл баласы Субаналиевди губенатор кылып тынды. Ушунусуна караганда чээнге кирип алып, тымызын саясат жүргүзүп аткандай таасир калтырат. Качан бир ачыкка чыгып, агыңыздан жарыласыз? Же сиздин деңгээлиңиз жашырынып жатып алып, саясат жүргүзгөнгө түшүп калды беле? Кыргыз коомунун сизге болгон урматынын, сыйынын жок дегенде 50 пайызын актасаңыз боло?! Бул нерсе колуңуздан келет. Болгону чечкиндүү боло турган мезгилде чечкинсиз болгонду Байтиктеги үйүңүзгө таштап, кайрадан саясий майданды колго алыңыз. Антпесеңиз бүгүн эрте, эртең кеч болуп калат.
(Уландысы 6-бетте)




  Ак чөп башта!

Урматтуу окурман, техникалык жактан кеткен катага байланыштуу гезитибиздин өткөн санындагы "26-ноябрь, 2008-жыл" дегенди "26-декабарь, 2008-жыл №1" деп окуп коюуңуздарды өтүнөбүз.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan