Түй, жүрөккө!

"Өмүр чиркин өтөт тез,
Түбөлүккө калат сөз"
(Жусуп Баласагын)
Казына жыйнагандан,
Таза ыйман артык.

Чырак өзүн жагып,
Журтка жарыгын чачат.
(араб накылы)
***
Алыскы жол атты сынайт,
Адамды убакыт сынайт.

Дартты алдынан алгандык,
Дарыдан артык.
(жапон накылы)
***
Жылан чанда чагат,
Залим күндө чагат.

Эң даамдуу татканың,
Эмгек менен тапканың.
(индус накылы)
***
Ынтымак болсо,
Үйүңдө майрам болот.
Ынтымак болбосо,
Үйүңдө ойрон болот.

Достукту сактамак,
Дос тапмактан кыйын.
(немис накылы)
***
Акылдуу ой издейт,
Акмак оюн издейт.

Аракеч баласынын нанын жейт,
Энесинин жанын жейт.
(орус накылы)
***
Алтындан кемериң болгончо,
Алтындай өнөрүң болсун.

Үйү жок киши,
Уясы жок куш сымак.
(француз накылы)
***
Байлык - байлык эмес,
Биримдик байлык.

Жакшы - жаныңа дос,
Жаман - наныңа дос.
(өзбек накылы)
***
Кимдин дос экенин,
Кимдин кас экенин,
Кыйын кезеңде билесиң.

Кол созгон - дос,
Бут тоскон - кас.
(тажик накылы)
***
Бир жылды көздөп дан өстүр,
Он жылды көздөп тал өстүр,
Жүз жылды көздөп бала өстүр.

Уяттуу киши - касиеттүү киши.
(кытай накылы)




Өмүр - үмүт
Борборубуздун Чүй проспекетиси менен Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алды менен өтүүчү өтмөктө бир жигит буту менен сүрөт тартып отурганын көрөм. Айрым алты саны аман жүргөн "азаматтарга" салыштырмалуу тубаса майып болсо да, бул жигиттин жашоо менен күрөшкөн эркине таң калам. Кыштын суугу болсо да керээлден кечке ошол жерде олтурганы олтурган. Бүгүн да кезиктирдим ал жигитти. Жанына басып барып суроо узаттым:
- Кечиресиз, атыңыз ким, кайдан болосуз?
- Атым Төлөн. Нарындын Кочкор районунан болом. 1968-жылы туулгам.
- Бул жерге сизди бирөө жеткирип келеби же өзүңүз эле келесизби?
- Башында үйдөгүлөр жеткирип келишчү. Азыр өзүм эле келип, өзүм кетем.
- Каякта турасыңар?
- Көк-Жар жаңы конушунда.
- Өзүңүздүн үйүңүзбү?
- Жок, инимдики.
- Канча бир туугансыз?
- Беш...




"... Онтогон оорулуулар ушул жылы айыгып, арабызга аралашсын"
- Өзүңүздүн үй-бүлөөңүз жокпу?
- Аялым кетип калган, бир балам бар.
- Балаңыз Сиз мененби?
- Жок. Айылда атамдар менен.
- Уулуңуздун аты ким?
- Муслим.
- Атаңыз эмне болуп иштейт айылда?
- Атамдын аты Мукаш. Сүрөт тартат, ыр жазат.
- Апаңызчы?
- Апам өткөн жылы сентябрда каза болгон.
- Бул жер суук экен, үшүбөйсүңбү?
- Үшүйм. Бирок, нан таап жеш керек да.
- Күнүнө канча табасыз?
- Ар кандай, жүз элүү, эки жүз, кээде андан көп.
- Жаңы жылдык каалоңузду айтсаңыз?
- Оорубайлы. Мен сыяктуу майыптарга жардамын берген жакшы адамдардын өмүрү узун болсун. Кудай таалам колдосун аларды.
P.S. (Төлөндүн сүйлөө аракети да татаалыраак болгондуктан анын айрым ойлору бир аз стилистикалык өзгөрүүлөр менен жазылды).
Бул маек менен айтайын дегеним уй жылы эмгекти, эмгектенгендерди колдойт дейт, астрологдор. Андыктан, жашоонун жакшы нерселери эшигин эбак жаап алган деп чөгүп кетпей, тубаса болсо да, туруп-басып жүргөндөрдөн кем калбай, жашоонун ары татаал жолдорунда бирөөгө догун артпай өз жашоолорун өткөрүп жаткан Төлөн сыяктуу замандаштарыбызга таазим! Андайларды жараткандын эң жакын адамдары деп коет экен. Оорубагыла. Оорубайлы.
Бетти даярдаган
Эльнура Дүйшеева










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan