Шоу дүйнөсүндө

Жаңы жыл: ким, кайда?
Замир Арыкбаев, эстрада ырчысы
- Саламатсызбы Замир! Жаңы жылыңыз менен! Кандай, каякта тостуңуз майрамды?
- Ырахмат. Сиздерди да жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Негизинен мурунку жаңы жылдарды Ысык- Көлдөн тосуп келген болсом, быйыл шаарда үй бүлөөм менен чогуу тостум. Түнкү 12 ден кийин сыртка чыгып салют аттык, кызыгы кымбат жана көп жолу атылчу салют болгону эки жолу гана атылды. Байкабай башка бирөөлөрдүн салют койгон жерине туруп алыптырбыз бир мезгилде эле жаныбыздан "тарс- турс" этип атыла баштаганда катуу чочудук. Андан соң коңшу - колоңдор менен таңкы 4 төргө чейин бирге болдук.
- Бала чагыңызда кандай өтчү эле майрам, Аяз Атага ишенип кат жазчу белеңиз?
- Жакшы эле майрамдап, көптөгөн таттуу белектерди алчумун. Аяз Атага ишенгеним менен кат жазган эмесмин.
- Өткөн жыл сиз үчүн кандай жылдардан болду?
- Абдан жакшы, ийгиликтүү, жемиштүү жылдардан болду. Тынбай эле эмгектендик. Ырларды жазып, клип тарттырып дегендей... Кыргызстанды эки жолу айланып гастролго чыгып келдик. Казахстанга, Кытайга бардык. Такыр эле тыным болгон жок, негизинен өзүм дагы тынымсыз эмгектенгенди жактырам. Ар бир жаралган ийгилик жагымдуу сезимдерге курчады. Ал эми тынчсыздандырып, ойлонткону калктын айрым кризистерге дуушар болуп кыйналышканы, жарык берүү үзгүлтүккө учурап бир топ ыңгайсыздык жаратканы болду.
- Алдыда кандай пландарыңыз бар?
- Пландар негизинен көп. Ал эми жакынкы мезилге болсо жаңы ырларды жаздырып жана кымбат сапаттуу, маанилүү клиптерди тарттырайын деп жатам.

P.S Ырчыга "бир жылдык кирешеңиз канча болду"- деп суроо узатсак, минген машинасынан баштап, байпагына чейин кайдан канча сомго сатып алышаарын жашырышпаган айрым ырчылардан айырмаланып, Замир мырза сыр кылып айткан жок. Ырчынын айтымында ал мактанганды жактырбайт.




"FREE MASTERS" тобу
9 жылдан бери рэп стилиндеги ырларын тартуулап келген "FREE MASTERS" тобунун соңку учурда тартылган "Мени түшүн" ("Пойми меня") деген ыры, НБТ каналынын хит парад көрсөтүүсүнөн 2- орунда келе жаткан учуру. Аталган ырга клип тартуу үчүн 1500$ сарп кылынган. Топтогу Абай, Арлен, Чыңгыз, Алмаз мырзалардын тынымсыз эмгектеринин дагы бир натыйжасы катарында, жаңы жарык көргөн "Ритм сердца" аттуу альбомун да белгилеп кетүүгө болот. Бул топ учурда дагы бир "Облака" аттуу ырына клип тарттырышууда.


Мирбек Атабеков
Жогорудагы үй бүлөөсү менен тоскон ырчылардын тизмелерин Назгүл жана Мырза Айдаралиевдер, Токтобек Асаналиев толукташты. Ал эми Омар ата- энеси менен 24:00 гө чейин бирге болуп андан кийин белгилүү "Инфинити" түнкү клубунда майрамды улантты. Ильяз Андаш өзгөчөлөнүп кудаларынын үйүндө тоссо, Мирбек Атабеков үйүндө телевизор көрүп тосту.


Урмат Усенов
Урмат Усенов болсо Жаңы жылды эң жакын адамы менен көгүлтүр Көл жээгинде бирге тосту. Ырчынын айтымында эгер ойлогон ою оңунан чыкса бойдокчулук менен жаз айларында коштошот экен.


Сьездбек Искеналиев
Кыргыз шоу бизнес дүйнөсүндө жагымдуу үнү менен көпчүлүктөн айырмаланып жүргөн ырчы мырзабыз Сьездбек Искеналиев жаңы жылды үй бүлөөсү менен тосту. Ырчынын айтымында былтыркы жылга салыштырмалуу шаан шөкөт, той- топурга барган жок жана бул майрамды өтө тынч, үй бүлөөсүнүн кашында өткөзгөндүгү жагымдуу маанай тартуулады.Мындан сырткары жаз айларында жалаң жаңы ырларды камтыган альбому жарык көрөт. Атын "Мезгил учат" же "Менин жерим"- деп атасамбы деген ырчы учурда баш катытып жаткан убагы.



Күмөндөр Абылов
"Ар бир келген жаңы жылды үй бүлөөм менен эч бир кемчиликсиз өткөрүүгө аракет жасайм. Анткени бул чыныгы үй бүлөөлүк майрам да"- дейт Күмөндөр Абылов. Айта кетчү жагдай күлкүгө курсак кампайткан куудул, жаңы жылды башкаларга окшоп чет өлкөлөргө барып тоскусу келбейт экен.


Леонид Агутин жана Анжелика Варум
Ал эми жылдыздуу түгөйлөр Леонид Агутин менен Анжелика Варум жаңы жылды Майамиде жашаган кызы менен тосушту.


Влад Топалов
Влад Топалов болсо жаңы жылды сахнадан тосту. "Жумуш ушундай, адамдарга майрамдык маанай тартуулап, көңүлдөрүн көтөрүш керек"- деген ырчы, үйүндөгү жасалган жаңы жылдык дасторкондон даам татканы таңга жуук гана барган.


Алсу
Алсу айым жаңы жылдарды акыркы мезгилде чет өлкөлөрдө тосуп жүргөн болсо, быйыл көптөн күткөнү орундалып Москвадан тосту. Сүйүктүү жолдошу жана кичинекей кыздары менен бирге болду.


Лолита менен Глюкоза
Лолита менен Глюкоза жаңы жылды алдын ала эле 31- декабрда күндүзү үй бүлөөлөрү менен белгилеген соң, кечкисин эки башка уюштурулган эки чоң концерттик программага катышышканга жетишишти. Төлөнүп берилген гонорардын суммасы айрым алынган маалыматтарга караганда 40 000$ ды чапчып барат.


Филипп Киркоров
Жаңы жыл күндөрү майрамдык кечелерге катышып, оңбогон акча таап иштеген жылдыз кесиптештеринен айырмаланып, Киркоров Улуу Араб Эмиратында эс алып жүргөн мезгили. Талаптагыдай эс алуудан келген соң жаңы ыр жаздырып, видео клиптерди тартып, ошондой эле жазгы жеке концертине даярдык көрөт.

Даярдаган Гули Мамасалы кызы.
fakultet@mail.ru









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan