Көрөрман көргөндөн кийин…

"…Менин сүйүүмдү кайрып берчи? "
Улуттук филармонияда Жаңы жылдын алдында мамлекеттик чиновниктерге арналган концерт болду. Курманбек Салиевич баш болуп, калгандары төш болуп, кыргыздын ак сөөктөрү жадырап-жайнап, жайланыша олтурушуп концерт көрүштү. Өкүнүчтүүсү ал концерт баягы эле "дежурный" ырчылар менен коштолгон концерттерден айырмаланган жок. Эч кандай сценарийсиз эле туш келгени ырдап, туш келгени бийлеп жаткандай таасир калтырды. Ажо келе турган концерт болгондон кийин маданият министри өзү кийлигишип, таланттуу режиссер менен биргеликте кыргыз элинин кылым карыткан тарыхын, маданиятын улуттук баалуулуктарын чагылдырган фольклордук-этнографиялык концерт уюштурса сонун болмок. Биздин улуттук идеологиябыздын жыты жыттанбаган эстрада ырчыларына көбүрөөк басым жасалып, кереметтүү комуз коштосунда ырдаган ырчылардын бири сахнага чыккан жок. Эстрада ырчылары деле патриоттук маанайдагы ырларды ырдашса жарашмак. Султан Садыралиев деген жигит "Менин сүйүүмдү кайрып берчи" деп боздосо, Мирбек Атабеков "Таласым" деп таңшыды. Аты-жыты билинбеген далай ырчылар Президенттин алдында өнөрлөрүн тартуулашты. Кыргыз деп күйүп жүргөн, кыргыздын атын алыска чыгарып жүргөн Саламат Садыкова, Бакыт Шатенов, Каныкей Эралиева өңдүү өнөрпоздорубуз бул "кешиктен" кур калганы ойлондурбай койбойт экен. "Таанышың болсо таңкасың" дегендей жада калса мамлекеттик деңгээлдеги концерттерибизге да тааныш аркылуу ырдашып, тааныш аркылуу тизмеге илинип калышканы шорубуз эмей эмне? Жарытылуу жаңылыгы жок, жан дүйнөнү байыта турган бир быдыры жок тажатма концертте атка минерлер чыгып кете алышпай, ажо жакты алаңдай карашып, араң чыдап олтурушту көрүнөт. Кээ бирлери уялбай-этпей эле уктап калышты. Бир чети ажого ыракмат, атка минерлерди айдап келип концерт көргөздү. Асмандан түшпөгөн немелер, биздин маданиятыбыз кайсы багытта "өнүгүп" баратканын өз көздөрү менен көрүп түшүнүшсүн. Сындашсын… Антпесе, Султан Акимович акыркы учурларда наам тапшыруу, наам бөлүштүрүү менен көбүрөөк алектенип кетти. Ошондон улам, өлкөдөгү башка тармактар сыяктуу маданият журтчулугу да коррупцияга белчесинен батып баратканы түшүнгөн жанга көрүнүп эле турат. Анын жыйынтыгы ушул таланттуулар сыртта калып, талантсыздар төрдү ээледи. Каякта биздин улуттук маданият? Кыргыз эли ушу көөнөрбөс, өчпөс маданияты менен эл болуп келген эмеспи. Кийинки муун ата-бабалардан калган руханий мурастарыбызды тааныбай бараткандай… Бул биздин трагедиябыз. Мамлекет башчысы ушул жагына да өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү адамдарды тескеп койсо жакшы болмок. Улуттук маданияттан айрылып калсак, бүгүнкү муун акчанын күчү менен курулай атакка жетип аткан азыркы эстрада ырчыларын улуттук сыймык катары кабылдап калышы мүмкүн. Анда өлдүк дей бергиле…
Нурайым Асанкалиева




  Ал. Тын.

Кыргыздын алтыны кимди маарытат?
Серепчилердин божомолуна караганда 2011-жылы Кыргызстанда алтын өндүрүүнүн көлөмү 30 тоннага жетип калышы мүмкүн. Эки жылдан кийин "Кумтөр" алтын кенинен 15 тонна алтын алына баштаса, калган 15 тоннасын башка кендер бермекчи.
Кыргыз эли эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып Кыргызстанда ооз көптүргөн сөздөр айтылып, "Кумтөр" алтын кени эле өлкөнү байытат деген кептер болгон. Тилекке каршы булар сөз бойдон калды. Дүйнөдөгү эң ири он алтын кендин катарына кирген "Кумтөр" долбоору иштегенине 10 жыл толгондо Кыргызстанга өтүшү керек эле. Бирок аны күтпөй 2003-жылдын 31-декабрында кыргыз өкмөтүнүн а кездеги башчысы Николай Танаевдин колу менен өзгөртүлүп, жаңы долбоор жаралды. Өкмөттүн талаштуу токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен өткөн жылдын февралында парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков Бишкектин райондор ортолук сотуна кайрылган. Аны жарым жылдан ашуун сүйрөп жүргөн экономикалык сот доо арызды четке кагып салды.
Бирок да Кубанычбек Исабеков өткөн жылдын 26-декабрында ошол эле экономикалык сотко жаңы өтүнүч жолдоп, өкмөттүн 2003-жылкы токтомун жокко чыгарууну суроодо.
Бирок, соттук териштирүү кандай жыйынтык чыгарын болжоо кыйын. Жаңы доо-арыз деле мурдагысынын кейпин кийип, узак соттук териштирүүлөрдөн кийин майнапсыз аякташы мүмкүн. Ошентип өткөн жылкы соттук териштирүүлөр сээлдегени менен, Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгына шайкеш 2007-жылдын августунда А.Атамбаевдин өкмөтү кол койгон ортолук келишимдердин эки парламенттен колдоо таппай калышы көпчүлүккө эмдигиче табышмак. Ал келишимди жаңылоо аракетинен азырынча жыйынтык чыга элек. "Камеко" корпорациясы менен Кыргызстан өкмөтүнүн жумушчу тобунун ортосундагы дискуссияларды улантууга тараптар макул болушканын өткөн жылдын соңунда "Центерра Голд" компаниясы кабарлаган. Ал эми "Кумтөрдөн" башка алтын кендердин чамасы чакталуу эле. Кыйладан бери ишке кирип калышы мүмкүн делинип келаткан "Жерүй" , "Андаш" кендеринин быйыл иштеп кетиши деле күмөн. Дүйнөлүк каржы кризис оорчулугуна кошул-ташыл "Жерүй" алтын кенинен чыкчу уулуу зат калдыктарын тоонун башына же өндүрүнө жайгаштыруу маселеси эмдигиче чечилбей турат. "Андаш" кенинин айланасында да толгон-токой талаштуу маселелер бар. Быйылкы жылы "Талды-Булак" кенинин ишке кирип кетиши да кыйын. Иши кылып тоокен тармагынын жетишкендигине караганда проблемалары арбын. Жыл кур эмес Кыргызстанда кайсы бир ири тоокен долбоору ишке киришип калышы мүмкүн экендиги айтылып келет. Бирок да азырынча иштеп жаткан ири долбоор "Кумтөр" алтын кени гана. Анын алтын казып алуусу арбыса Кыргызстандын ички дүң продукт көлөмү, экономикалык көрсөткүчү жогорулайт, азайса азаят. Азырынча башка долбоорлордун кагаздан ишке көчүшү кечеңдеп, созулгандан созулуп эле баратат.
Кылыч Көкөнбек




  Жашоо бүркүм

Жаңы жыл түнүндө Орусияда эки кыргыз жараны көз жумду
РИА Новости агенттигинин маалыматы боюнча, жаңы жыл түнүндө (31-декабрдан 1-январга караган түнү) Москванын Болотников көчөсүндө жашаган кыргызстандыктар менен кавказдыктардын ортосунда мушташ чыккан. Натыйжада үч кыргыздын денесине бычак сайылып, экөөсү ошол замат каза болгон.

Текебаевдин кичи мекенинде
Жаңы жылдын алдында Жалалабат областынын Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында №5 мектептин 9-классынын он окуучусу ууланган. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүндө, балдар жаңы жылдык балаты майрамы учурунда залдын кийим чечүүчү жайында жайгашкан генератордон чыккан газ исине ууланышкан.
Ал эми жыл жаңыргандан бери Бишкекте газдын исине ууланган 13 адам дарыгерлерге кайрылууга мажбур болушту. Алардын арасында борбордун четиндеги "Калыс-Ордо", "Арча Бешик" жана "Ак ордо" жаңы конуштарында турган 3 үй-бүлө мүчөлөрү истен жабыр тартышты. Өткөн жылдын 1-октябрынан ушул күнгө чейин газ менен уулангандардын саны 103 адамга жетиптир.

Бейиш эненин таманында
"Save the Children" кайрымдуулук уюму 125 өлкөнүн төрөт учурунда энелердин каза болушу, бойго жеткен аялдардын сабаттуулугу жана жалпы эле энелердин коопсуздугун иликтеген. Ага ылайык дүйнө жүзү боюнча энелерге эң жагымдуу абал Швеция, Дания, Финляндия, Австрия, Германия, Норвегия, Австралия, Нидерландия, Канада, Улуу Британия жана АКШ өлкөлөрүндө түзүлөөрү аныкталган. Ал эми мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен 16-орунду ээлеп Белорусия алдыңкы орунга чыкса, Кыргызстан Тажикстандын алдында 52-орунда экени көрсөтүлгөн. Энелер үчүн эң кооптуу жер деп Африка контингенти табылган.

Динден дарс...
Жаңы жылдан тарта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын 60 имамы жана диний кызматкери Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде атайын курстан билим ала башташты. Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен алынган маалыматка караганда, аларга исламдын тарыхы, диний агымдар, философия, исламды таануу боюнча сабактар өтүлүүдө. Алар курсту аяктагандан кийин сынактан өтүшүп, сертификаттарга ээ болушат. Жыйырма күндүк курста окутуу акысын "Дианет Вакфы" деген түрк фирмасы каржылап жатат. Диний мекемелердин кызматкерлеринин атайын билими жоктугунан улам диний көз караштар боюнча карама-каршылык коомдо күчөп жаткандыгын Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаков билдирген.

"Айгай-пресс"










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan