Кылым авантюрасы

Өлгөндүн арты көмгөн
Глобалдык финансылык кризис акырындап транформацияланып отуруп дүйнөлүк экономикалык кризиске жылып өттү. Кризистин каарын тартып жаткан өлкөлөрдө бир далай ири компаниялар жабылып же жумушчулары мөөнөтсүз отпускага кетирилип өндүрүшкө мароторий киргизилип жатканы буга айкын күбө.Ар бир мамлекет улуттук экономикасын чайпалтпай сактап калышы үчүн биринчи кезекте кризистин каргашалуу эпкинине дуушаарланып банкрот болуунун коркунучуна кабылган ири компанияларды сактап калуунун далалатын жасары белгилүү. Резервдик фондудагы каражаттар мына ошо проблемалуу компанияларды "сугарууга" багытталууда. Мамлекет алардан акча аяшкан жок. Көп өлкөлөрдүн өкмөтү рессеция этабына кире баштаган жеке менчик ишканалардын акцияларын сатып алып, аларга мамлкеттик тескөөнү (урегулирования) киргизүү менен банкроттуктан сактап калуу амалын кризистен чыгуунун бирден бир жолу деп эсептешүүдө. Ал эми, бизде болсо таптакыр башкача, мына ошо дүйнөлүк антикризистик тенденцияга эч бир коошпогон теңирден тескери кадамдар жасалууда. Ири ишканаларды канатына калкалап мамлекеттин протекциясына албастан тескеринсинче сатыкка коюп жеке менчикке өткөрүү ишин баштап жиберишти . Анын мисалы катары "Түндүкэлектронун", "Бишкекжылуулуксетинин" акцияларынын 80,49 %ти жана Бишкек ТЭЦинин мүлк комплекси саттыкка чыгаруу боюнча конкурс жарыяланганын көрсөтсө болор эле. Конкурс 2009-жылдын 24 январында өткөрүүлөрү жарыя этилди. Мамлекеттик мүлк комитетинин билдиргенине караганда айтылган үч ишкананын уставдык капиталынын 80,5% акциясы сатылышы керек. Өкүнүчтүүсү бул кара булоон менчиктештирүү боюнча жасалган алгачкы кадам гана. Анткен себеби өкмөттүн 2008-2012-жылдардагы мамлекеттин энчисиндеги ишканаларды приватизациялоо программасы боюнча баш аягы 250 стратегиялык обьекти сатыкка чыгарылышы керек. Кыскасы, мамлекет колундагы мыдырынын көбүн менчикке өткөрөбүз, түп көтөрө сатабыз деп коломочтонуп турган чагы.
Баарыбызга маалим, Кыргызстан энергетикалык терең кризиске кептелген кези. Өлкө энергетикалык дефолттун босогосунда туруп калганы эч кимге жашыруун сыр эмес. "Кыргызстандагы энергетикалык кризис гуманитардык терс натыйжаларга алып келбеши үчүн кандай чаралар талап этилет?" деп аталган тегерек үстөлдөгү талкууда айтылган
эксперттердин пикирине караганда кризистин залакасы ченемсиз чоң, ал өлкөнүн экономикасын15 жыл артка сүрүп таштады, анын каатынан жакынкы 5-6 жылдын аралыгында чыгып кетерибиз деле арсар. Мындай энергетикалык оор кырдаалда менчиктештирүү ишин баштоонун өзү эле акылсыздык болорун айтып отуруунун кажети жоктур.
Республиканын энергетика системасынын чордондуу звенолорун 25-январда сатыкка коюла турган мына ушу үч компания түзөөрү белгилүү. Алар жалпы кризистен четте калышпаганы да анык. Ушундай кризис белден басып турганда кычык кырдаалда аларды мамлекеттин колунан чыгарбай банкроттуктан сактап калуунун ордуна саттыка чыгаруу уктасаң түшкө кирбеген жорук болору айдан ачык. Жоо кубалап келеткансып неге ашыгып жатышат дейсиз? Бороондо бок кычайт болушуна эмне себеп? Компаниялар бир жаңсыл кризистен арылып иштиктүү калыбына келген кезде, приватизациялык куну өскөн учурду күтсө болбойт беле? Ачык айтканда бийликтин мындай кылыгы экономикалык сабатсыздыгын гана далилдейт. Эч бир дүйнөдө кезикпеген мындай теңирден тескери жорукту экономикалык киллерчилик деп атоодон башка арга жок. Экинчи жагынан бийликтин биз билбеген башка бир алысты көздөп турган куйту максаттары болуп жүрбөсүн деген ойго келбей койбойсуң. Кандай болгон күндө да бийликтин бул кадамдары ыргалып араң турган ишканаларды банкроттуктан арачалап калуунун ылажысына кирбестиги айдан ачык. Бир сөз менен өкмөттүн приватизациясы элдин кызыкчылыгы үчүн жасалып жаткан иш чаралардын катарына кирет деп айтууга эч негиз жок.
Анан да ыдырап бараткан ишканаларды дүйнөлүк финасылык кризистин ажаны жүрүп турган учурда олуттуу инвестордун келиши, жогорку татыктуу баада сатып алуучулар чыгары да арсар экенин эске алуу кажет. Потенциалдуу стратегиялык жеке менчик инвесторлор азыр колдогу капиталын сактап калуу амалын издеп өз алапайын таппай турган кези. Неси болсо да бийлик 25-январда формалдуу түрдө алгачкы конкурсту өткөргөн соң кийинки тендерлерде үч компаниянын наркын бара-бара төмөндөтүп отуруп акыры текейден арзан сатып жиберүү амалын ойлоп жаткан шекили бардай. Башка олуттуу себебин табуу кыйын. (2009-жылы январындын аягына деп жарыяланган конкурста "Северэлектро" ОАО нун мамлекеттик пакетинин акциясы 2008-жылдын 1-январына карата 4,817 млрд сомду түзөрүн, "Бишкекжылуулуксеть" ОАО сунуку 1,758 млрд сом экенини, Бишкек ТЭЦ нин мүлкүнүн рыноктук баасы 11,438 млрд сомго туура келерин эскерте кетели).
Ырас, мамлекеттик мүлктү анын ичинде энергетика секторуна тийиштүү ишканаларды (генерирующий компаниялардын башкаларын) менчик колго сатып өткөрүүдө анын келечектеги пайда-зыянын эсеп чотко алган экономикалык болбосо да "теориялык" негиздөөсү бар экенин белгилеп кетүү керек. Ал президент К.Бакиевдин "мамлекет дегениң көтөрүм болуп жүрбөй калган начар кожоюн" деген айтылуу сөзүндө туюндурулат. Демек, мамлекет сарамжал мененджер болбогондон кийин ишканаларды жеке менчикке өткөрүү керек деген логикалык жыйынтык чыгышы талап. Бул болсо кезегинде өкмөттүн "Түндүкэлектро" баштаган дагы эки ишкананы кошоктоп сатыкка коюуга негиз болуп берүүдө. Асресе, мамлекет "начар кожоюн" дегендик бийлик экономиканы башкарууга жөндөмсүз экенин моюнга алуу тете экенин эстен чыгарбаганыбыз жөндүр. Бийлик стратегиялык ишканаларды сатып жиберүү менен өзүнө моюндап турган социалдык программалык милдетин-элди, өндүрүштү арзан энергия менен камсыз кылуу милдетинен баш тартып жатканы айкын. Мындай өлкөнүн өкмөтүн салык төлөп багып туруунун кажети барбы деген суроо туулбай койбостур. Европалык социалдык өлкөлөр деп аталаган Скандинавия мамлекеттеринде энергетика сектору мамлекеттин колунан чыгарылбай келетканын, менчикке өткөрүүнү алар ойлоп да коюшпаганын, көптөгөн капиталисттик мамлекеттердеги либералисттик бийликтердин энергетика секторун жеке колго сатып жиберүү аракеттеринен ( АКШнын Калифорния штаттындагы натыйжасыз аяктаган приватизация экспериментин эске салса болор эле) майнап чыкпай өлкөнүн өзүнө чоң зыян алып келгенин айтып узун сабак кеп кылып отуруунун кажети жоктур.
Энергетиканы менчиктештирүүгө эл башынан макул эмес. Демократиялык оппозиция менен коммунисттер карандай эле каршы. Саясый партиялардын бир катар лидерлери менчиктештирсе да үч компаниянын баарын бирдиктүү бир пакет менен сатып жиберүү болбостугун, ал зыяндуу натыйжаларга алып келерин эскертишүүдө. Алып айтсак "Ак шумкар" партиясынын лидери Т.Сариев мисалы үч ишкананы бир колго сатып жиберүү жол бербөө зарылдыгына басым койгон билдирүү менен чыкты. (АКИpress Т.Сариев: Нельзя допустить продажу "Северэлектро", "Бишкектеплосети" и ТЭЦ Бишкека в одни руки. АКИpress 21-11-2008). Анын айтымында наркы 420 млн долл. кем турбаган "Северэлектронун" бар болгону 110 млн долларга бааланганы көптөгөн табышмактан кабар берет. "Северэлектро" өлкөнүн калкынын 60% керектөөчүсү камсыз кылып турган ишкана. Т.Сариев элге бир ооз айтпай дебей, мыйзам боюнча парламенттин макулдугун албай жапма челек кылып туруп өкмөт өз билгенин кылып атташтырып-бутташтырып сатып жиберебиз дегендери эсирип кеткендикке барабар экенин белгилеп келип, үч компанияны тендерге катышып жеңип чыгууга чама чаркы жеткендей Кыргызстанда бараандуу бай инвесторлор жок экенин белгилеп келип , болду болбоду өкмөттүн өзүнүн алдын ала даярдалган чет өлкөлүк сатып алуучусу бар деп шүйшүнөт. Жарыяланган конкурстун шарты үч ишкананы бир пакет менен бир колго сатууга ылайыкташканын байкоо кыйын эмес. Демек, чиновниктер келечектеги кожоюн менен жең ичинен сүйлөшүп алдын ала "шапкесин" алып койгонун болжолдоого болот. Ошентип, мамлекеттик чиновниктер элдин кызыкчылыгы эмес ириде өз чөнтөгүн ойлоп жатканы ачык. Кыскасы "Ак шумкар" партиясынын лидери айткандай "бирдиктүү бир пакет менен үч компанияны шашыла сатып жатканындын өзүндө бир мандем бар экени ачык. Ачыгына келгенде "үч ишкананы бир колго берип коюу менен биз өзүбүздү бир менчик ээсине толук күнкөр болууга аргасыз кала турган, малекеттик суверенитеттиктен кол жууп кала турган коркунуч бар шек туудурбас. "Угушумча",-дейт Т.Сариев:-"келечектеги жаңы кожоюндун бизнеси казак капиталы менен аффилировать этилген". Бир сөз менен казак капиталынын алдында Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактарын көзөмөлгө алып, кысым жасоо рычагына ээ болуу максаты коюлганы көрүнөт. Кеп, ошентип, ишканаларды жеке менчикке сатып жиберүүдө гана эмес улуттук коопсуздукка коркунуч түзүлүп калганы, келечекте мамлекет өз алдынча тышкы саясат жүргүзүү укугунан ажырап калышы этимал экендиги жөнүндө барат.("Мир" телеканалынын маалыматына караганда конкурска катышуу ниетин азырынча эки инвестор Казахстандык олигарх А.Машкеевич менен россиялык РАО ЭС компаниясы билдиришти).
Т.Сариевдин айтканында калет жок. Чындап эле эмне үчүн мына ушул үч компания "жылкы теппей,жылан чакпай" туруп бирдиктүү пакет менен сатылып жатат, келечектеги инвестор Кыргызстанды толук колго алып биротоло күнкөр кылып алышы үчүн кандай механизмдерди колдонушу мүмкүн? Казакстандык эксперт Эрнест Карыбековдун айтымына караганда, үч ишкананын бир пакет менен төтөн аларга кошуп Бишкек ТЭЦ инин мүлкүн бир колго сатылып жатканы бекеринен болгон жок. Борбор калаанын ТЭЦи генератордук гана эмес системдик обьект болуп эсептелет. ТЭЦтин кубатына, эффективдүү иштешине бүтүндөй борборазиянын энергосистемасы, ошондой эле Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү да көз каранды. Бул, эгер, Бишкек ТЭЦи кокусунан иштен чыгып токтоп кала турган болсо республиканын бүтүндөй энергосистемасы шал болуп отуруп калат дегендикке жатат. Демек, бул ким Бишкек ТЭЦине ээлик кылса ал республиканын калган энергетика секторуна ээлик кылат дегендикти билдирет. Бул бир. Экинчиден, бир пакет менен үч компанияны сатып алган кожоюн келечекте өзү товар (электроэнергиясы менен жылуулукту) өндүрүүнү, өндүргөн товарды өзү транспартировкалоону, товардын баасын бычып өзү сатуу ишин бир колго аларын унутпоо кажет. Мындай учурда электроэнергиянын рыногу түзүлүп конкуренция болушу мүмкүн эмес дейт Э.Карыбеков. Бир сөз менен үч ишканага ээлик кылган кожоюн чексиз бийликке ээ болуп, өзүн билип өтүгүн төргө иле баштайт. Башкача айтканда ал Бишкек шаарын электрэнергиясы жана жылуулук менен жабдууда толук монополистке айланат. Бир сөз өз эркин,өз каалоосун керектөөчүлөргө таңылоого толук мүмкүнчүлүк алат. Канча кааласа тарифти көтөрө бериши мүмкүн. Каяша кылууга сенин акың да, ылаажың да жок. Богуна да куурай сая албайсың. Керектөөчүлөр жаңы монополист-кожоюндун кулда кулак жок толук күнкоруна айланат да калат. Бийлик, ошентип, үч компанияны бир пакет менен приватизациялоо аркылуу өлкөнүн калкын бир кожоюнга көгөндөп алып келип байлап берүүнү көздөп калганын талаш туудурбас.
Үсөн Касыбеков










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan