Толгой тарткан кыл аркан.

Мүйүздүү болобуз деп, кулагынан айрылган эл болдук го…
Жакында прокуратурадан эскертүү (предостережение) алдым. Мыйзамдын кайсы бир пунктуна тууралап караганда мен абдан "туура эмес" иш жасап, ошол ишим укук коргоо органдарынын аябай тынчын алып жаткан экен. Көрсө, мен "Асман пресс" деген гезит: "Азыр бизде кандай мамлекеттик идеология бар, сиздин оюңузча?" деп сураса, "Азыркы бийликте эч кандай идеология деген жок, эгер болсо-ал мамлекет деңгээлиндеги манкуртизм идеологиясы" дептирмин. Айтканым чын. Дагы деле болсо кайталагым келет-менин азыркы бийлик тууралуу пикирим так ушундай. Бирок ушундай пикирди кайсы негизге таянып, эмнеге айттым эле, ошого аз да болсо токтоло кетейин.

Манкуртизм деген эмне эле?

Адегенде манкуртчулук деген эмне деген маани-ушул тууралуу эки ооз кеп. Анан үстүнө, Чынгыз Айтматовдун манкурт жөнүндөгү легендасын, деле "Кылым карытаар бир күн" романын элдин баары эле окуп-түшүнүп койду деген ойдон аябай эле алысмын. Мына, университеттин студенттерине адабияттан лекция окуйм, ошолор деле бул сөздүн мани-маңызын текши андап-таанып бүтүрүп койгон жери жок.
Манкурт деген ким болгон? Манкурт башына чылгый терини каптаганда, ал тери бара-бара кургап, баш терисин кысып, акыры акыл-эсинен, эс тутумунан айрылып калган байыркы замандагы байкуш бир кул дегенди билдирет эмеспи. Эсил кайран Чыкебиз ошол легенданы советтик иделогиянын айынан өткөн тарыхын, ата-бабаларын, эне тилин унуткан азыркы замандын манкурттарын ашкерелөө үчүн жазган эле. Убаганда бул легендасы, адабий метафорасы менен Айтматов Совет бийлигинин жеткен кекчил, чектегич, өзүн гана мактатып-жактаткан тоталитардык саясатына өтө катуу сокку уруп, акыры ал бийлик сыңар ок чыкпай, бир мылтык атылбай туруп, алеки саатта таш-талканы чыгып, урап түшкөн эле…
Ал эми азыркы саясаттагы манкуртчулук деп мен эмнени айттым? Санай келсем, колдун беш манжасы эмес, он манжасы да жетпейт. Башкасын коюп "Манасты" айталычы. Деги бир жетекчинин оозунан уктукпу Манас деген сөздү? "Манас ата колдосун" же "Кудай колдосун" деген сөздү? Мен, мисалы, уга элекмин. Жети осуятын эмес, бир сөзүн оозанган киши жок. Сыягы, аны Манастыкы эмес, "Осмонакун тапкан осуяттар" деп ойлошот көрүнөт, бирок мектеп программасынан алып таштаганга чамалары жектен жок. Анткени элге эбак сиңип кеткен. "Манасты" бардык жогорку окуу жайларында окутканга атайын токтом чыгартып таштадык эле, аны да токтотуп койгонго даай алышпады. Бардык ЖОЖдордо "Манасты" атайын сабак катары азыр да окушат.
Бул бир дейли. Экинчиси, байыркы тарыхыбызды, рухий дөөлөттөрүбүздү пропагандалоо, жаш муундарга жеткирүүнү кой, кечээ кийинки жаңы тарыхыбызды оозанганга тыюу салынды. Бир эле мисал айтайын. Жакында филармонияда Кыргыз-Орус славян университетинин он беш жылдык мааракеси болду. Чакырышкан экен, мен да бардым, анын үстүнө ал жерде профессордук кылам, дарс окуюм студенттерге. Капырай, "сонун университет" "мыкты университет", "орус-кыргыз достугунун символу" деп тамшанышса, дене-боюң балкылдайт, бирок ошол мыкты университеттин керегесин тикелеп, түндүгүн көтөргөн ким эле, агы убагында парламент каршы туруп, нечен мыкчыгерлер "анын кереги жок" деп терсаяктанганына карабастан ачып койгон ким эле? Аны эстеген да, оозанган да киши болгон жок. Апей, университетти ачкан, ага болгон шарттын баарын түзүп берген Аскар Акаев менен Борис Ельцин эмес беле? Ошол эле Акаев дагы нечен, азыркы Кыргызстандагы мыкты деген окуу жайларды ачып бербеди беле? Аны баары эле сопсонун билип турушат, бирок айткандан коркушат, анткени Президент Бакиев кимде ким ушул мамлекеттин тунгуч Президенти болгон Акаевдин атын оозуна эле алган кишини кырчылдашкан душманы катары кабыл алат. Анан бул манкуртчулук эмей эмне? Кызылдай манкуртчулук деп ушуну айтат.
Ошол эле Курманбек Салиевич өзүн катардагы аткаминерден премьер-министрге чейин жектирген Акаевди заматта эле тарс "эсинен чыгарып койгонун" кандай түшүнүүгө болот? Эгер чын эле акылман, алысты көрө билген жетекчи болсо өзү биринчи чыгып, Акаевдин жакшысын жакшыга, жаманын жаманга чыгарып туруп, бул манкуртчулук ооруну өзү эле шыпаасын таап, айыктырып койсо болмок. Мактабасын да жактабасын, бирок кашкайган, көзгө сайган чындыкты айталбаган Президент кандай Президент? Элге, айрыкча өсүп келе жаткан жаштарга жакшы таалим бере албаган Президент эмне деген Эл башчы? Бүгүн кечээги тарыхка өзү биринчи таш ыргытса, эртең өзү кайсы акыбалга туш болоорун ойлоду бекен? Менимче, аны ойлогонго билими да, акылы да жетпейт. Откөнгө мылтык аткан адам, эртеңки келечегине замбирек октой турганын билсе кана?
Ошондон улам, кайран Чыкебиз чын эле азыркы замандын пайгамбары окшойт деген ой менин башыма кайра-кайра келет… Ал киши мындан жыйырма жыл башта роман жазып, баарыбызга "Эй, кыргыздар, этиет болгула!" деген эскертүүсү мына азыр өз башыбыздын көйгөйү болуп турганын кара, чиркин. Чыкебизди да, "Манасты" окубаган адамдар азыр так башыбызда отурат. Ак үйдүн ичи толо ошолор.

Көрөгөч Чыкем, кайдасың…

Быйылкы жылды Айтматов жылы деп жарыялашканда мен чыны менен кубанган элем. Атын атаса, куту сүйүнөт деген ошол эмеспи. Кудайга шүгүр, эл да жакшы кабыл алды, өкмөттүн көрсөтүүсү жок эле ар кандай кечелер, конференциялар, көргөзмөлөр ар бир мектепте, ар бир университете өткөрүлдү. Бизде эле эмес, Чынгыз Айтматовдун 80-жылдык юбилейи деп дүйнө жүзү топурап атат, Буга да тобо дешибиз керек.
Кыргызстандагы негизги окуя 12-декабрдагы, Чыкебиздин туулган күнүндөгү чоң жыйналыш болмок. Бирок ал чогулуш иш жүзүндө өтө кейиштүү көрүнүшкө айланды. Тилекке каршы. Биринчиден, биздин жетекчилердин бири басып келип койгонго моюндары жар бербеди, тобо. Чынгыз Айтматов деген ким эле, анын дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы кандай эле, анын эмне мурасы калды бизге, кыргыздарга, ал мурасты кантип сактайбыз, кантап муундан-муунга калтырабыз деген маселелердин тегерегинде мамлекеттин башында турган киши же ал тапшырган аттуу-баштуу бирөө эл уга турган докдад жасап коюшу милдет беле? Албетте, милдет болчу. Болгонда да ыйык милдет болчу. Чогулушта же Президент, же премьер, же спикери болгон жок. Алакандай чакыруу кагазынын ар бир сүйлөмүндө бирден ката. Баары орусча. Кыргызчасы жок. Сыягы, орусча аябай кыйын билебиз деп ойлошот көрүнөт. Же Айтматовду орус жазуучусу деп санашабы? Балким, ошон үчүн орус драмтеатрына атын беришкен чыгаар? Же азыркы Ак үйдө кыргызча кат сабаты жоюлган адам калбай калганбы? Айтор, түшүнбөйсүң.
Анан эми Чыкебиздин атын түбөлүккө калтыруу маселесине келели. Элдин бары ошону күтүп жатышкан. Филармонияда аны жарыя кылышты. Ыраа көргөндөрү Дубовый парк, орус драмтеатры, анан бир студенттик жатакана болуптур. Илгерки жаштарга арналган Ленин комсомолу сыйлыгын Айтматов сыйлыгы деп аташып, аябай "берешендик" кылышыптыр… Эми муну эмне деш керек. Көсөмдүк дейлиби? Акылмандык дейлибии? Койгон аттарын карап туруп, бул атайын жасалып жаткан ишпи, же кадимки эле каран калган тайкылыкпы деп, кыскасы бул табышмактын жандырмагын таба албай кыйналдым, меселен мен. Менимче, атайын эле жасалып жаткан жумуш. Анын себебин, мен, мисалы, мындан да көрдүм. Быйыл Илимдер Академиясынан китеп чыгарышыптыр. Аты "Народная революция или?!" деген илимий түрү бар китеп экен. Эң биринчи макала Айтматовдун макаласы менен ачылыптыр да, аты "Экстренный переворот" деп аталат экен. Көрсө, Чыкебиз чокту ушу жерден басыптыр… Март окуяларын "революция" эмес, "переворот" деп атай салып, Ак үйдүн каарына калыптыр. Анын юбилейин "бойкот" кылгандары да ушундан улам экен. Эми ушуну манкурттук дебей эмне деп айтышка болот?

Иван Сусанин кыргыз экен деген чын кеппи?

Ушундай имиш чыкты кийинки убакта. Менимче, тамаша сөз го. Бирок биздин 2005-жылдагы окуяларда эпкиндүү эмгеги менен элге таанылган "революционерлер" ошол орус элинин аяз атага окшогон Иван Сусанин баатырынын кешигин ичкен же анын жолун жолдогон азаматтар экен дегенге айласыз макул болууга тура келет. Ызы-чуу, күрү-гүү түшүшүп, койгула десе болбой, калың элди аябай үндөшкөнү баарыбыздын эле эсибизде го. Моюндарына сары сатинден чамгарактатып шарф жасашып, "төңкөрүш" кылабыз, жыргатабыз да, аябай куунатабыз деп, калайык-калкты артынан ээрчитишкен. Илгертен жөө жомок, легенда, мифтерге кату ишенген кыргыздар алардын артынан чын эле ээрчиген. Биздин Сусаниндер алдыга түшүп алышып, көчө-көчөлөрдөн марш менен тебишкен. Банктарды талап, милийсаканаларды өрттөп, ал эмес Ак үйдү атакалашкан. Бишкекти эзелки душмандын шаарынан бетер талоонго салышкан. Бир нече адам бейажал мерт кетип, миллиарддаган сомдор зыянга кеткен. Ал үчүн бир адам жоопко тартылган эмес. Аны "Улуу Март революциясы" деп аташкан. Улуттук майрам катары белгилейбиз деп, указ да токушкан. Бирок ал 24-март тескерисинче мародерлордун майрамы деп ошол эле замат өз наамын алып, татрыхтан "татыктуу" ордун ээлеген. Ал баарыбыздын эсибизде.
Эл байкуш эми гана түшүнүп отурбайбы: көрсө, ал чунак "революционерлер" алиги Иван аке Сусаниндин жолун жолдогондордон, айрымдары ошол кишинин көздөй күйөө балдарынан болушат тура. Жарыкка чыгарабыз, жыргатабыз деп, ээрчигиле дешиптир да, кайсалаган караңгылыкка, кайра чыгалгыс туңгуюкка таштап коюп, басып кетишиптир. Токтогулдун суусун тойгуча сатышыптыр. Энергетикалык, экономикалык, дагы толуп аткан кризистерди Кыргызстанга "жайнатып" жасап коюшуптур. Буга аябай эмгеги синген "революционер" акебиз Усөн Сыдыков жакында эле "Манас" орденин жаркыратып төшүнө кадады. Эмнегедир Нурлан Мотуев инибиздин зор "эмгегин" татыктуу баалабай жатышкандай элес калууда. Чындыгында Турсунбек Акун деле жарытылуу баасын алган жок да, болгону "Даңк" медалы…
Баарынан жаман жери, кыргыз Сусаниндери кыйкырык-чуу жасаганга маш экен да,ишке келгенде таза байкуштар экен. Профессионализм дегенден караманча кур жалак чыгышты. Алдында турган "шпаргалканы" окуй алышпай мукуратышты. Күйөсүң да, күлөсүң. Жок, күлөсүң да, күйөсүң.
Бирок уурдаганга, улуп-жулганга жуда маш экен, бу эргулдар. Башкасы бүтүп, эми ГЭСтерди, улуттук парктарды, алтындын кендерин, айтор, майлуу деген точкалардын баарын колдон келип турганда уруп жиберели деп шымаланып турган кездери.

Кайда баратасың деги, Кыргызстаным?

Бул суроого азырынча жооп жок. Риторикалык суроо, мындайча айтканда. Аналитиктердин айтканына караганда, көргөнүбүздөн көрө элегибиз али көп сыяктанат. "Огүз баштаса өлөңдүү сазга, инек баштаса ийри жарга" деп бекеринен эл айткан эмес окшойт…
Бирок эл өтө оор акыбалда калды. Кимди ээрчишти билбей башы маң. Бир жолу адашкан эл, дагы бир жолу чок баскандан чынында да чочуп туру. Антейин десе, туңгуюкка капталып турган элди жарыкка алып чыга турган азамат бар болду бекен деп эл кареги талыгыча оппозициянын ордосуна көз таштайт. Андай чыгаандар болсо эмнегедир көрүнбөйт. Же болбосо жокко эссе. Чыгайын дегендерди Ак үйдүн тапшырмасы менен оппозицияны аралай чапкан баягы эле сусаниндер жолдон адаштырууда. Бакиевди аябай сүйөм, бирок элиме аябай күйөм дейт ал каапырлар. Эмми бул сөз:"Достор, бир саным силердики да, экинчи саным Ак үйдүкү" деп көздү сүзгөнү да… Оппозициябыздын азыркы абалы мына ушундай. Бул суроо карапайым элди чочуткан да, түйшөлткөн да, иренжиткен да суроо. Чоң суроо. Тагдыр чече турган суроо.
Дегинкиси, мүйүздүү болобуз деп, кулагыбыздан ажырадык.
Кайда баратасың деги, Кыргызстаным? Азырынча жооп жок.
Кайда баратасың оппозиция, көздөгөнүң эмне, ишенген азаматың ким? Буга да жооп азырынча табыла элек…
Бирок таптакыр эле түңүлүп калбайлы. Жаңы жыл келатат. Жаңы үмүттөр келатат.
Ылайым ошол илгери үмүттөрүбүз эртерээк ишке ашсын.
Кудай колдосун Кыргызстанды.
Осмонакун Ибраимов










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan