Саясатта достук жок

Асты таш, үстү таш, ортосундачы?
(Уландысы.
Башы 1-бетте)

"Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын саясый кугунтуктоону токтотуу чакырыгы менен кол топтоо аракетине тыюу салынып, анын бир катар мүчөсү милицияга баш ийген эмес, көчө акцияларын өткөрүү эрежелерин бузушкан деген айып тагылып, үч суткага камалышы алдыдагы жоболоңдуу жоруктардан кабар берет. Саясый кысым жасоонун алкагы кеңейтилип бара-бара айрым аймактарга жеткени байкалат. Чүй обулусунун Москва районунда энергетиканын каатчылыгы боюнча өткөрүлгөн нааразычылык акциясын уюштуруучулардын бири делинген айып тагылып, жергиликтүү кеңештин депутаты Сапар Аргынбаевди 10 күнгө камакка алуу боюнча соттун чечими буга айгине күбө. МЧСтин министири К.Ташиевдин сеймология иниститутунун директору, илимпоз К.Абрахматовду, ага кошоктоп бүтүндөй сейсимология илимин "репутацияма зак келтирди" - деп сотко берген сабатсыз арызын да кылапат кылгандардын жүрөгүнүн үшүн алып коюуну обу жок олдоксон амалы катары баалоого татыктуу. Коюлган айып 5 млн. сомдун өлчөмүндө болуп жатканы бекеринен болбогону анык. Бийликтин рупорлору болгон массалык маалымат каражаттарында оппозицияны каралоо боюнча ырааттуу компаниялар башталганын байкоо кыйынчылыкка турбайт. Булардын баары бекеринен болуп жаткан жок, алибетте. Бийликтин ичте түтөгөн жалпы элдик нааразычылык уюшулган массалык бунтка өтүп кетпесинен чочулап, алдын ала көргөн чаралары. Аларды кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбай демилгени колго алуу аракети катары баалоо керек. Мындан тышкары оппозиция кийинки кездерге баш кошуп, биригип, таасирдүү күчкө айлана баштаганы, бийликтин жүрөгүнүн үшүн алып, карателдик машинесин ишке салууга аргасыздандырып жатканын көрүү кыйын эместир.
Непадам, оппозициянын баш кошуп, активдеше башташы алардын лидерлеринин жигердүү аракеттеринин жемиши деп айтууга да болбойт. Оппозициядагы улам чыйралып бараткан консолидация тенденциясы элдин күндөн күнгө жакырчылыктын сазына батып баратышы, мамлекеттик башкарууда авторитардык диктатуранын орношу, үй-бүлөлүк-кландык башкаруу системасынын бекемделиши, социалдык-экономикалык, төтөн энергетикалык кризистен тумтак алып чыгарып кетүүгө президент койдой имерип башкарган өкмөттүн чама - чаркы, жөндөмү жетишпей жатканы өбөлгө болууда. Бийликке болгон элдин ишениминин кетиши, бийликтин "кыйынчылыкка карабай өнүгүп өсүп баратабыз" деп көз көрүнө калп айтканы көбөйгөнү, деги эле келечекке болгон үмүт оту бүлбүлдөп өчүп бараткандагы элдин нааразычылын тутандырууда.
Саясатчы биринчи кезекте элдин социалдык маанайын туюнтуп аны чагылдыра алганда гана келечеги болуп, иш алып кетүүгө жөндөмдүү экенин көргөзө алаары белгилүү. Ошондуктан, оппозициянын кийинки кездердеги катуу активдешип кетишин алардын жеке эмгегинен эмес, жалпы калктын нааразычылык маанайынан издеген туура болор эле.
Дагы бир орчундуу окуя, башында А.Бекназаров менен Т.Тургуналиев турган революциялык кыймылдын 20-декабрга дайындаган "масштабдуу" элдик митингиси кийинки, белгисиз мөөнөткө жылдырылганы болду. Ревкыймыл оппозициянын радикалдуу канатын түзөт. Жакынкы максаты президентти тезинен отставкага кетирүү деп эсептешет. Болгондо да кавелериялык чабуул жасап барып саясый жана моралдык кризиске кептелген башкаруу иниституттарын: аткаруу бийлиги менен парламентти кызматтан кетирип убактылуу өкмөт түзүү талабын коюшкан болучу. Ревкыймылдын пикири боюнча ошол убактылуу өкмөт жаңы демократиялык шайлоону өткөрүп, жаңы бийликти түзүп чыгууну моюнуна алышы зарыл. Алардын койгон талаптарынын башында 2005-жылдан кийинки экинчи "революцияны" ишке ашыруу же ревкыймылдын айрым өкүлдөрү билдиргендей акырына чыкпай, ошондуктан элдин үмүтүн актабай, чала калган төңкөрүшкө чекит коюу эле. Бийликти кетирүүдө 2005-жылдын 24-мартындагы "түстүү" ыкманы колдонуу ниеттери бар экенин байкоо кыйын эмес. Бирдиктүү оппозиция лагерин түзүү меморандумуна кол койбой баш тартышканын демакратиялык оппозициянын чечкинсиздиги, ыкшоолуктары менен байланыштырышкан. Ревкыймыл бирдиктүү оппозициядан айырмаланып келечектеги кадамдарын так аныктаган программалык концепциялары жок эле. Элдин нааразычылыгын кургак чөпкө жабышкан жалын катары элестетишип өрт тутанышына ишеним артышканы байкалат.
Ошентип, ревкыймыл белгилеген 20-декабрь күнү да келип жетти. Асыресе убада кылган массалык митинги болгон жок. Бекназаровчулар фиаского учурашты. Бул факты кандайдыр бир деңгээлде ревкыймыл ырааттуу иштелип чыккан стратегияга ээ эместигин б.а. позиция эмес позасы эле бар экендигине күбө болуп берет. Кур эле күпүлдөп ормон опузага салып жатышкан турбайбы. Балким, бир жагынан массалык митинг өткөрүүнү токтотуп коюу менен ревкыймылчылар программалык аракеттер болбогон соң, өткөн март окуясындай болуп "түстүү революциянын" стихиясынын шарында калып, бийликке кокус адамдардын келиши өбөлгө түзүлөөрүн аңдап билиштиби деген ой пайда болот. Бакиевди дагы бир Бакиевке алмаштыруу менен сумма өзгөрбөстүгүнө көздөрү жеттиби? Элдин нааразычылыгын өз кызыкчылыгына пайдаланып кетүүгө убактылуу өкмөт же ал өкмөттүн башында турган адам президент болуудан баш тартам, шайлоого катышпайм деген бекем убадасы да тоскоол боло албасын баамдашкан жайы барбы деп кетесиң. Бийлик кумарына сейрек эле киши туруштук бере алаары, чандасы эле азгырылып кетпей абийирин сактап калары башынан белгилүү эмеспи. Ошондуктан, март "революциясы" кайра кайталанбашы үчүн оппозиция бирдиктүү бир саясый платформаны эш тутканы, ошо платформанын тегерегинде биригүү зарылдыгы кырынан туруп калган.
Оппозициянын демократиялык канаты иштеп чыгып, 29-ноябрда элдик Курултайда кабыл алынган өлкөнүн саясый түзүлүш системасы жөнүндөгү концепцияда авторитардык бийликтин, үй-бүлөөлүк-кландык башкаруунун, "Ак жол" фракциясы сыяктууу номенклатуралык парламенттик абсурд тизменин пайда болушун, бийликти бир адамдын приватизациялап алышын, маалымат мейкиндигине мамлекеттик монополия орнотуу азгырыктарын алдын алган кепилдиктер бар экендиги менен алгылыктуу. Концепцияда каралган саясый конкуренциянын (Ө.Текебаевдин тили менен айтканда "мажубурлаган саясий конкуренция") реалдуу иштеп кетишине шарт түзүү, парламенттик азчылыктын укугуна жол ачуу, эркин пресса менен көз каранды эмес сот, бийликтин элдин такай көзөмөлүндө турушу, ошондой эле бийликтин үч бутагынын ортосундагы баланс жана бири - бирин өз ара ооздуктап туруу принциптери бир адамдын же бир топтун диктатуралык жеке бийлигинин орношуна натыйжалуу тоскоолдук боло ала турган механизимдер. Чечүүчү күч катары саясый партиялардын алдыңкы планга чыгышы парламенттик республика түзүүгө өбөлгө. Ал эми, парламентик республика башкаруусу киргизилген өлкөдө авторитаризмге жол берилбестиги белгилүү. Концепциянын негизги жоболору болочоктогу конституциянын өзөгүн түзүшү керек. Кыскасы саясый система жөнүндө концепция ишке аша турган болсо Кыргызстан демократияны орнотуу багытында алдыга шилтеген чоң кадам болуп калары кажетсиз. Америкадагы презентацияда АКШ коомчулугу,саясый эксперттер тарабынан чоң кызыгуу ынтызарлык менен кабыл алынганы бекеринен болбогондур. (Бул жөнүндө Америкадагы Кыргызстан жаштарынын kyrgyznews.com сайтындагы 2008-жылдын 13-декабрында жарыяланган Жумгал Омуралиевдин отчету, ошондой эле Вашингтондо иштеген журналист Юрий Сиговдун 22-декабрда "Деловая Неделя" басылмасында жарык көргөн "В марте в Кыргызстане будет жарко. По крайней мере так пообещали в Америке представители объединенной кыргызской оппозиции" деген макаласы (CA-NEWS (KG) менен таанышсаңыздар болот).
"Ак үйдүн" эшик ырчылары менен апологет саясатчылары адегенде оппозиция ит арка ынтымагы жок, элдин кеңири колдоосуна ээ эмес дешип, сын тагып чыргыйттап турушчу эле. Азыр саясый кыймыл кеңири кубаттоого ээ болуп, бирдиктүү лагерь түзүү процесси ыкчамдай баштаганда башкача сайрап киришти. Эми "оппозициянын бирдиктүү лидери жок" (Марс Сариев), "ар бир он оппозиционердин тогузу президент болгусу келет" (И.Жунусов) деген кылдан кыйкым тапкан адат күтүп алышты. Мындай кине коюнун өзү орунсуз. Биринчиден бириккен оппозиция баштап жүргөн кол башчыга муктаж эмес. Себеби, чечим коллегиялдуу түрдө кабыл алынууга тийиш. Ошон үчүн алар бириккен оппозиция деп аталып жатпайбы. Мамлекеттик чиновниктердеги президенттин көзүнүн агы менен тең айланып, кокус кызматыман кол жууп каламбы деп көлөкөсүнөн корккон психология оппозиция үчүн чоочун көрүнүш. Маселе ачык талкууланат. Талкууда чоң кичине деген болбойт. Баардыгы бирдей паритеттик укукка ээ. Ошондуктан "Ак үйдүн" булбулдарындай баки жоктун баарын, анын ичинде оппозицияны өздөрүнө теңештире бергендери олдоксондук. Экинчиден концепция менен таанышып чыккан киши оппозиция үчүн жол башчынын кажети жок экенине көзү жетээр эле. Саясатчылардын ичинде лидер дегенде эле келечектеги президентке талапкер деген түшүнүк бар. Концепцияга ылайык республиканын жаңы башкаруу системасы боюнча келечектеги мамлекет башчысы азыркы режимдеги президенттей болуп, бийликтин баарын бир колго топтогон хан эмес. Анын укугу кескин кыскартылган. Ошондуктан президентикке жутунгандар үчүн мамлекет башычысы деген орундун анча кызыгы жок. Жогоруда айткандай бийликти эпицентри парламенттик шайлоодо жеңип чыккан партиялар жана алар түзгөн аткаруу бийлиги тарапка оойт. Кыскасы, "Ак үйдүн" жарамазанчылары өндөнүп элдин башын, өздөрүнүн башына чаташтыруунун кажети жок деп ойлойбуз. Тапан балдар айткандай ал ден - соолукка гана зыян.
Уламдан улам курчуп бараткан кризистик кырдаалда оппозициялык күчтөрдүн активдеши табигий көрүнүш. Өлкө дефольттун босогосунда туруп калганы жашыруун эместир. Ал өлкөдөгү финансылык, экономикалык, социалдык, башкысы бийлик иниституттарынын моралдык кризиси менен коштолушу коркунучтуу. Бара бара кризистик кырдаал курчуй бериши күтүлөт. Мындай калктын алдында туруп калган жалпы коркунуч оппозициялык кыймылдар, партиялардын лидерлерилеринин ортосундагы идеологиялык, саясый, жеке келишпестиктери экинчи планга сүрүлүп өтүп, бирдиктүү бир лагерь түзүү муктаждыгын жаратаары айкын. 24-декабрдагы "Акыйкат үчүн", Элдик революциялык кыймыл, Коомдук парламент, "Ата Мекен", "Жаңы Кыргызстан", Социал-демократиялык партиясы, "Бирдиктүү Кыргызстан", Жашылдар партиясы, "Улуу Биримдик", "Ак шумкар" жана "Асаба" партиялары кирген "жаңы" "Бириккен элдик кыймылынын" түзүлүшү консолидация процессинин ыкчамдашынын бир күбөсү. Айрым ММК кабарлагандай БЭК "жаңы" түзүлгөн биримдик деле эмес. Аны консолидатциянын жаңы фазасы десек туура болор эле. Мурдагы биримдиктен азыркысынын айырмасы меморандумга кол койгон саясый эски курамга Азимбек Бекназаров жетектеген Элдик революциялык кыймылынын кошулушу, коюлган талаптар кыйла курчултулганындат турат. Асыресе, демократиялык оппозиция иштеп чыккан концепцияда салынган түпөктүү программалык иш багыттар мурунку өз калыбында өзгөрүүсүз сакталып кала бергени көрүнбөй койбойт.

Үсөн Касыбеков










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan