Тагдырдын чайкамасы.

Ак үйдүн жарыгы Ала-Тоого качан тийет?
"Адамдын акылдуусу жакшылыгымды
эч билбей калды деп кейибестен,
жакшылык кылуу колуман келбей
калды деп кейийт"
(Кытай ойчулдарынан)

Келе жаткан жыл ажобуздун мүчөлү жылы. Адатта мүчөлү жылы оор болот дейт...(тфу- тфү!) Баса, айтмакчы, 24-март, 2005-жылы кыргыз эли түндүк- түштүккө, сен куйрук, мен куйрукка эмес бир муштумга бириккен. Анан шаар тонолуп, Ак үй тонолуп, ошондо К. Бакиев кылкылдаган элдин алдында туруп "Ушинтип бийликке келгенден кудай сактасын. Эми ушундай болуп калган соң, бардык саясий жоопкерчиликти моюнга алып, жеке керт башты эмес, өлкө жөнүндө ойлонуу керек"- деп айткан эле. Анан да, ал кишинин "Турмуштун жакшырганын биздин жарандар 10 жылдан кийин эмес, бир-эки, ашып кетсе үч-төрт жылдан кийин өз көздөрү менен көрүшөт" - деген сөздөрүн уккан эл шапкелерин көккө ыргытып, болочок президенттин чын жүрөктөн колдогон, ошондо.Андан кийин да бир топ иштерди жасоого убада берди. Мисалы: " ... токтоосуз конституциялык реформа жүргүзүү жана анын негизги пункттары катары демократияны андан ары өнүктүрүү үчүн парламенттин, өкмөттүн жана сот бийлигинин статусун көтөрүү, бул максатта бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын кайра бөлүштүрүү, Контитуциядан Президенттин жана депутаттардын кол тийбестик укуктарын алып таштоо, элдин депутаттарды кайра чакырып алуусу жана президентке ишеним көрсөтпөө механизмдерин киргизүү, мурдагы бийликтин кадрларды тез-тез алмаштырган баш аламан саясатынын ордуна, стабилдүүлүктү камсыз кылыш..." жана башка ушул сыяктуу. Ал эми 2005-жылдын 14- августунда президенттик кызматка киришип жатып: "Тазалык, адилетүүлүк - Кыргызстандыктар бийликтен мына ушуну күтөт. Өзүмө эмес, элге кам көрүү кеменгерлиги мына ушунда турат. Менин ыйык милдетим элимдин үмүтүн актоо" - деп АНТ берген эле.
Албетте, Конституциялык реформа болду. Ал кандай өңүттө жүргүзүлгөнүн көпчүлүк жакшы билсе керек. Биринчиси, он күндүн ичинде болот делген реформа бир жарым жылга чоюлуп, 2006- жылы ноябрда кылкылдаган элдин талабы менен кабыл алынган. "Конституциянын бул жаңы редакциясы - өткөн кылымдан бери келе жаткан улуттук менталитетибизде жана ата бабаларыбыздын салттарында сакталган, кыргыз элинин жана Кыргызстандыктардын кеменгерлигин, акылмандуулугунун натыйжасы" - деп анда да салтанаттуу белгилеген, президентибиз.
Бирок, эки ай өтпөй ал айткандарынан кайтып, 2006-жылдын декабрынын аягында Жогорку Кенешке кайра кайрылып, Конституциянын таптакыр башка вариантын кабыл алдырды. Анда Президенттин ыйгарым укуктары ого бетер күчтөндүрүлүп, шойкомдуу референдум аркылуу анысын дагы бир ирет бекемдеп, будамайланган ошол референдум аркылуу жер байлыктыр гана эмес, кен байлыктар да менчиктештирилет деп Конституцияга киргизилди. Азыр ошол Конституцияда президент ишенимдүү кол тийбестик иммунитети менен корголгон жана эл тарабынан президентке ишеним көрсөтпөөгө мыйзам чегинде түздөн-түз эч кандай жол жок болуп жазылды. Көп өтпөй таратпайм деген парламент ит куугандай таратылып, бир айдын ичинде "Ак жол" аттуу бийлик партиясы түзүлүп, анысы Адилет министрлигинен алеки сааттын ичинде каттоодон өтүп, арадан ай өтпөй бүт кыргыз элинин ичинен "колдоо" таап, парламенттен эң көп орун алып, бүгүнкү күндө бийликтин накта "кукловоддоруна" айланып, жериңди да, кениңди да, жарыгыңды да сатып ийгенге кайыл болуп олтурат. Акыры жүрүп отуруп минтип, кыргыздын маңдайына бүткөн жалгыз тиреги - экономиканын кыраркасы делинген энергетика сатыкка коюлду...(!)
Булардын баарын аргасыздан тизмектегеним, адатта жыл жаңырып, жыл тогошуп жатканда душманыңа да, досуңа да, тааныган-тааныбаган адамыңа да ак тилек айткың келет экен. Жаңы жылдын кылымдардан сакталган шарапаты ушунда окшобойбу. А балким, биз күткөн, карапайым эл күткөн чыныгы өзгөрүү ушул жылы болуп жүрбөсүн. Анда мүчөлү жылынын алдында турган президентке да, элге да амандык!

Кенжебек Арыкбаев.




  Ат жалына казан асып...

"Өлүмдөн да улуу нерсе бар. Ал - эркиндик, намыс, акыйкат"

- Оппозиция Бириккен Элдик Кыймыл (БЭК) болуп бир муштумга бириктиңер. Баштаган ушул ишиңердин аягына чейин тура аласыздарбы? Минткенибиз, 2007- жылдагы Бирдиктүү фронт тарабынын уюштурулган митингдегидей болуп, аягына чыга албай качып, сатылып кетпейсиздерби?

Исмаил Исаков "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын лидери:
- Биз аягына чыгабыз!

Азимбек Бекназаров, Элдик революциялык кыймылдын лидери:
- Бул кол кою кыргыз элинин эч убакта кулчулукка баш ийбээринин далили. Кыргыздар илгери деле ар кайсы уруу- урууларга бөлүнүп, ар кимисинин журт башчылары болгон менен баштарына кыйынчылык түшкөндө дайыма биригип келген. Биригип жеңишке жеткен. Биз дагы ушул башталып жаткан улуу иште сөзсүз жеңишке жетебиз. Себеби, чындык биз тарапта.

- Айтмакчы, Сиздер,(ревком- ред.) 20 - декабрда борбордо массалык акцияларды уюштурабыз дебедиңер беле. Аныңыздар болбой калды го?

- Акция болот, болгондо да акыркы жана чечүүчү акция болот.

Өмүрбек Текебав, "Ата Мекен" партиясынын лидери:
- Аягына чейин тура аласыздарбы деп атпайсызбы. Менимче иш кандай чечилээри белгилүү болуп калды. Азыркы бийлик акыркы күндөрүн жашап жатат...

Бакыт Бешимов, СДПК партиясынын лидери,
ЖКнын депутаты:
- Бир дагы эл чыныгы азатыкка күрөшүүсүз жеткен эмес. Ошондуктан бул кыймылды чыныгы боштондук кыймылы деп атагыбыз келет. Эл бизден үй-бүлөөлүк кландан, эл ырыскысын жегендерден кутултууну күтүп жатат. Биз ошол ишке бел байладык. Анткени, өлүмдөн да улуу нерсе бар. Ал - эркиндик, намыс, акыйкат.

Тизмектеген Кенжебек Кылыч.





Күлгөнгө күлө жет
Оппозиционер ресторанга кирип калат. Алдына сунган менюну караса бир дагы тааныш тамак жок. Болжолдоп туруп четинен бирөөсүн заказ берет. Официант: - "Бул али быша элек...
Оппозиционер менюда көрсөтүлгөн кийинки тамакка заказ берет.
Официант: - "Бул тамак да дагы толук быша элек" - дейт.
Жаны кашайган оппозиционер "Ээ, айланайындар мунуңар менюбу же Конституциябы?"- дептир...

(Уландысы 15-бетте)

ЖАРЫЯ!!!
Чыгармачылык көрөңгөсү бар, журналистиканын ачуу-таттуусун аңдай алган, калеми жатык, "чымыны" барларды редакция кызматташууга чакырат.
Байланыш телефону: (0312) 68-68-40; 0777 208-123










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan