Жылдыздар төлгө салат.

2009-Уй жылы Сизди эмне күтөт?
Саналуу күндөрдөн кийин 2009-уй жылы кирип келет. Адатта бул жыл чыгыш календары боюнча күчтүү, чукул бурулуштарда кескин чечимдерге бара алган жана беттегенинен кайтпаган адамдар үчүн ийгиликтерди тартуулаган жылдардан болот дейт, жылдыз сынагы.
Ал эми ошол чыгыш эле гороскобу боюнча ар белгилерде төрөлгөндөргө Уй жылында эмнелер күтөт, баам салып көрүнүз.
Кой (21.03.-20.04.)

Кой жылдызында төрөлгөндөрдү 2009-Уй жылында бир топ бушайман иштер күтүшү мүмкүн. Айрыкча кызматтагылар жана карьерага аракет жасагандар үчүн чоң тоскоолдуктар күтөт дейт, жылдыздар. Мындайда өзүнүзгө, жасаган ишинизге сак, так жана бек болуңуз. Мындай көрүнүштөр аталган жылдын октябрь айына чейин коштоп жүрүшү мүмкүн.

Букачар (21.04.-20.05)

"Канчалык жеңил табылган нерсени ошончолук жеңил жоготосуң" деген сөздүн маанисин купулуңузга бекем түйүп койгонуңуз оң. Бул жылы Сизди кызыктуу бурулуштар күтөт. Эн негизги реалист болуңуз. 2009-жылы Сизге келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарсаңыз дагы он жыл күтүүгө туура келет. Дагы бир жагдай, жылдын экинчи жарымынан кийин ден соолугуңузга өзгөчөрөөк көнүл бөлө жүрүңүз.

Эгиздер (21.05.-21.06)

Эгиздер үчүн Уй жылы буркан-шаркан түшкөн жылдардан болот. Кызыктуу жана күтүүсүз окуялар күтөт. Айрыкча маданият жана искусство тармагында иштегендер үчүн берекелүү жылдардан болушу күтүлүүдө. Эң негизгиси үй-бүлөлүк маселеде аяр болуңуз.

Бөйөн (22.06.-22.07)

2009-жыл Бөйөн жылдызынын алдында төрөлгөндөр үчүн негизги окуялар жалаң акча маселеси камтыган көрүнүштөргө жык келет.
Бул жаатта Сизди чоң-чоң ийгиликтер коштошу күтүлүүдө. Күтүүсүз кирешелерге туш болосуз. Ошондой эле кайсы бир инвеститциялык же жеке долбоорлоруңузда, ал тургай лоторея же ушул сыяктуу оюндарда Сизди ийгилик коштошу толук мүмкүн. Бирок, күрүлдөп келчү мындай ийгиликтерге жетүү үчүн өзүмчүлдүк, бой көтөрүү, оройлук деген адаттарды унутуп эле койгонуңуз оң.

Арстан (23.07-23.08)

Мейли үй-бүлөңүздө, ишиңизде же окууңузда болобу сиз менен байланышта жүргөн кайсы гана адам болбосун мамилеңизди татаалдатпаңыз. Бул Сиз үчүн чоң маанини туюндурат. Себеби, 2009-жылы Сиздин ийгилигиңиз же тескерисинче терс жагдайлар сизди курчаган адамдар менен байланыштуу болот. Ден соолук тууралуу маселе да бушайманга салышы мүмкүн. Финансы, киреше маселелери боюнчак тобокел кылбай койгонуңуз оң. Эгерде Сиз жогорку айтылгандарга туура кадам жасай алсаңыз бардык жагынан бакыттын кушу сиздин колуңузга сөзсүз конот.

Бийкеч (24.08-23.09)

Бийкеч жылдызындагылар үчүн бул жыл чоң өзгөрүүлөрдү тартуулайт. Мындай зор мүмкүнчүлүк 12 жылда бир кайталанчу мүмкүнчүлүктөр экенин эскертет. Ар бир коюлган иш үчүн өз мүмкүнчүлүгүңүздү таза , зирек ойлонулган аракетте жүргүзсөңүз, Сизди ошол ийгиликтерге жеткирүү үчүн анын ачкычы да, келе жаткан Уй жылы да, толугу менен Сиз тарапта. Ал эми финансылык жактан кыйынчылыктар сиздер үчүн дээрлик жокко эсе.

Тараза (24.10-22.11)

Тараза жылдызында төрөлгөндөр үчүн да Уй жылы жакшы жылдардан болушу күтүлүүдө. Бойдоктор үчүн да ушул жылы жуптуу болушу ыңгайлуу учур. Эң негизкилердин бири - ден-соолугуңуз үчүн өзүңүздөн аянбаңыз жана ошондой эле жакындарыңыз менен мамилени бекем сактаңыз. Бул айтылгандардын Сиз үчүн чоң мааниси бар. Акча маселесинде да аяр болуңуз. Уй жылынын февралынан сентябрына чейин жана ноябрь айында Сиздин турмушуңузда күтүүсүз өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.

Чаян (24.10-22.11)

Бул жылы Чаян жылдызында төрөлгөндөр эсте калаарлык, кубанычтуу окуяга туш болушат. Ошондой эле уй жылында жакын туугандарына, үй бүлөсүнө өзгөчө көңүл бөлүп, алар менен жакын болусууна кеңеш берет.

Жаачы (23.11-21.12)

Жаачылар үчүн ойлоп жүргөн көкүрөктөгү максатты иш жүзүнө ашырууга ыңгайлуу жыл. Бирок, ар кандай күтүүсүз окуялардын болушу да мүмкүн. Негизкиси өз тагдырыңызды өзүңүз алдагандан оолак болуңуз. Сиздеги тынымсыз аракет гана ийгиликтин ачкычы боло алат.
Текечер (22.12-20.01)

Жашооңуздун жакшы жагына болгон өзгөрүүнү көптөн күтүп жүрсөңүз бул жылдын 12 айы тең сиздин ага болгон жигердүү аракетиңизди талап кылат.
"Аракет, аракет жана аракет" бул жылдагы сиздин негизги девизиңиз болушу керек. Ошондой эле өзүңүздөгү жаралган ийгиликти же финансылык кирешени бөлөктөргө ачылып айта бербей, өз ичиңизде катканыңыз оң жана да ден-соолугунуз боюнча да ар кандай маселелердин болушу да мүмкүн.

Суупери (21.01-19.02)

Бул жылдыздын алдында төрөлгөндөрдүн көпчүлүгүн Уй жылында көптөгөн ийгиликтүү мүмкүнчүлүктөр коштойт. Андай мүмкүнчүлүктөр жылдын алгачкы айынан эле Сиздин зодиакка кирет. Жакшы жышаандагы мындай зор ийгилик Сиз үчүн 12 жылда бир кайталанчу мүмкүнчүлүк болуп эсептелет. Ушул шансты пайдаланып калуу Сиз үчүн терең мааниге ээ.
Балык (20.02-20.03)

Балык жылдызында төрөлгөндөр үчүн ийгиликтердин негизги бөлүгү жакындарыңыздын сизге болгон мамилесине жараша уланат. Алардын айрымдары жагымсыз көрүнүштөрдү тартууласа, айрымдары ийгилигиңизге өбөлгө, тирек болот. Жылдын жарымынан кийин Уй жылы Сиздин ар бир ишке терең жоопкерчилик менен мамиле кылууңузду талап кылат. Айрыкча октябрь, ноябрь, декабрь айларында финансылык маселеде өтө сак болууңузду эскертет.

Даярдаган Эльнура Дүйшеева .










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan