Тогузунчу планетанын тоголок жаңылыктары.
Политолог Белковскийдин "Стратегия-2020" деген өзүнүн прогнозу бар: Россия ал мезгилге дейре ыдырап калышы мүмкүн.
Улуттук стратегия институтунун директору Станислав Белковскийдин пикирине караганда Россия күнү бүтөөр чекке жакындап калды."Дүйнөлүк кризистин шартында азыркы Россия Федерациясы менен эч байланышы жок нөлдөн башталган жаңы мамлекет түзүү зарылдыгы пайда болду" - дейт политолог.

***

Кедей өлкө кедей боюнча кала берет, себеби ачкачылык зордук зомбулукту жаратат. Ал эми, зомбулук болсо ачкачылыкка өбөлгө.
Жашоочулары традициялык зомбулукка ыктаган өлкөлөрдүн келечеги жок: ал мамлекет жакырчылык менен коррупциядан кутула албайт. Катаал жашоонун өзү кырдаалды курчутуп турган абал, Ал абалдан кутулуп кетүүгө да болбойт. Мына ушундай тыянакты өз изилдөөлөрүнүн негизинде АКШ нын экономистери Рэймонд Фисман менен Эдвард Мигел чыгарып жатышат.

***

ФСБ улутчулар менен экстремистерге каршы катаал чаралады көрүүнү чечти.
Улуттук антитеррористик комитеттин төрагасы, РФнын ФСБсынын башчысы Александр Бортниковдун айтымында"Кылмыштуулук менен улуттук кыртышта киши өлтүрүүлөрдүн өсүп кетиши атайы кызматты камтама кылууда. Аларга, айрыкча адат катары террористерге айланып кетүүчү жаш экстермистерге каршы катаал чаралар көрүлөт" - дейт Александр Бортников.

***

Азербайжанда президент эки ирет гана шайлана алат деген конституциялык чектөөнү алып таштоо боюнча референдум өткөрүлө турган болуп жатат.
Азербейжандын Конституциалык соту баш мыйзамга киригизиле турган оңдоолор, түзөтүүлөр боюнча долбоорду бекитти.Өзгөртүүлөрдүн эң манилүүсү"бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт" деген жобону алып таштоо сунуш болду. Эми долбоор референдумга коюлат. Конституциядагы чектөөнү алып таштоо демилгесин "Ени Азербайджан" (Новый Азербайджан) деген жетектөөчү партия көтөрүп чыккан. Октябрь айында Ильхом Алиев экинчи беш жылдык мөөнөткө президент болуп шайланганын эскерте кетели. Парламент 26-декабрда референдумду өткөрүү боюнча конкреттүү чечимге келиши керек.

***

Инопресса:Чечня аялдардын жазаланышын түшүнүү менен кабыл алды.
Чеченстандын президентинин журналисттерге айтканына караганда ноябрь айында өлтүрүлгөн бир нече аял сойкулук менен алпурушмак болуп чет өлкөгө сапар алышкан экен. "Биздин салт боюнча" - дейт Р.Кадыров эгер, аял бузукулук кылып өз күйөөсүнөн башка эркек менен байланыш жаса алардын экөө тең өлүм жазасына буйрулат"




Чубайс жайында социалдык кризис болорун болжолдойт.
Росстаттын маалыматы боюнча кризис экономиканын реалдуу секторуна жылып өттү.Мурдагы финансы министри жана Россия өкмөтүнүн биринчи вице-примьери, азыр"Роснано" мамлекттик корпорациянын башчысы The New Times гезитине берген интервьюсунда: "Кризистин масштабын өлчөп айтуу кыйын: аны 91-жылдагы ыдыроо же 98-жылдагы дефолт менен гана салыштырууга болот" - деп билдирди. Россиялык айрым эксперттердин айтымында өкмөт кашаңдык кылып жатат, азыркыдай олигархиялык бизнеске миллиарддаган акчаны корото берсе анда стадфонд жазга жакын таптакыр какшып калышы этимал. Чубайс болсо алардан башкача пикирде. Ал: "Россияда өнүгүү ресурстары жетиштүү деп эсептейт. Арийне Чубайс экономикалык кризис социалдык кризиске өткөнүн моюнуна алууда.

Лукашенко: Белоруссия үчүн россиялык газдын басы 2,5 - 3 эсеге төмөндөтүлөт.
Белоруссиянын президенти Түндүк Осетия жана Абхазиянын көз карандыксыздыгын тааныганы менен газдын баасынын байланышы бар экенин жашырган жок. Лукашенконун пикири боюнча келерки жылы газдын баасы төмөндөйт, Белоруссия үчүн алымсындыра турган чекке жетет деп билдирет "Хартия-97" басылмасы. Лукашенко бул билдирүүсүн президент Медведев менен жолугушкандан кийин жасады. Белоруссиянын вице-премьери Владимир Семашко 140 доллар турган миң куб. метр газ официалдуу Мински үчүн адекваттуу баа деп билдирген болчу. Асыресе, "Газпромдун" бюджеттик долбоорунда газдын миң куб. метри Белоруссияга 240 доллардан сатылышы керек..


Горбачев кризиске каршы күрөш баштамай болду. Приморьедеги ОМОНдун кылыгы боюнча бийликти айыптап чыкты.
"Кризистин терс натыйжаларына каршы коомдук демилге күрөш жарыялады. Бул максаттар үчүн жагдайды терен талдап чыгу ала турган профессионал экономистер менен коомдук күчтөрдүн башын кошуп, алардын бүт аракетин бир максат үчүн багытоо керек" - дейт Горбачев. Азырынча бийлик чечимди коомдук талкуу өткөрбөй өз билгениндей чыгарып жатканын басым койду ал. Горбачев ошону менен бирге Приморьедеги "автомоболисттердин" митингисин ОМОНдун кууп таратылышына нааразычылыгын да билдирди.


Тимошенко Юшенкону дефолтко баратканы менен айыптап чыкты.
Украинанын президенти үчүн дефолт керек. Ошондо ал өлкөгө чукул кырдаал киргизүүгө мүмкүнчүлүк алат, анын максаты да ошо дейт премьер. Тезинен Ющенкого импичмент жарыялабаса болбойт. Учурунда президент Ющенко Тимошенкону кырдаалды көзөмөлдөн чыгарып жибергени, министирлери ишке жөндөмсүз экендиги менен күнөөлөгөн болчу


Америкалык телекөрүүчүлөрдүн тележаңылыктар боюнча рейтинги аныкталды. Обама - бум уланууда.
Жакындагы америкалык телесурамжылоо боюнча президент Барак Обама дүйнөдөгү эң таасирдүү адам деп табылган эле. Ак үйдүн кожоюну кара терилүү Обамадан тышкары жылдын башкы "ньюсмейкерлери" болуп дагы эки саясатчысы табылды. Алар: Сара Пэлин менен Хиллари Клинтон. Жылдын орчундуу окуяларына экономикалык кризис, Пекинде өткөн олимпиада менен түндүкосетин конфликтиси киргизилди.
"Айгай - пресс"









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan