Ач баладан ток бала

"Азаттык" кантип адашты?
Аркы беркиси бир жылга жетип жетпеген кыска мөөнөттүн аралыгында К,Бакиевдин "келишпес" сынчысынан анын Республикадагы сөз эркиндигине кыргыйдай тийген жасоолуна, "Акүйдүн" медиакиллерине айланган КыТыРдын гендиректору М.Эшимканов "Азаттыкка" мамлекеттик цензура киргизүү керек деп, өлүмтүгүн артып жатып радионун берүүлөрүн өкмөттүн энчисиндеги элге жетимдүү, "угумдуу" FM толкунунан периферияга ( кыска толкунга) сүрүп чыгарганы коомчулукта үлкөн нааразычылыкты жаратты.

Айткандай бир кездеги "демократия аралчасындагы" информациялык мейкиндиктин кысым жасалып күндүн табында унутулуп калган шире теридей болуп чүрүшүнө алып келген инкивизациялык аракеттер эл ичинде кубаттону жарата албасы бышык. "Азаттык" официоз прессага альтрнативалык информациялык булак катары чыгып келгени, "кагаз" пресса жетсе жетип жетпесе жетпей, маалыматтан тунжурап турган элеттик калың эл катмарына кадимкидей эле тыгынчык болуп бергенин танууга болбостур. "Азаттык" радиосун бийликтин көз көрүнө кодулоосуна кабылганына нааразы болуп, зордук-зомбулкту айыптаган бир далай бейөкмөт уюмдар медиаструктуралар, саясый партиялардын, катардагы карапайым угармандардын кайрылуулары пайда болду. Алардын катары күндөн күнгө өсүп да барат. Мына ушу түп көтөрүлгөн жалпы шарга ЖКнын социдемократтар фракциясынын депутаты Роза Отунбаева да өз үнүн кошуп коюну чечкен бейм, өткөн аптанын аягындагы парламент жыйынында ( тактап айтканда 18-декабрда) алда немедей болгон "ажайып" билдирүү менен чыгып жиберди. "Азаттык" радиосунун берүүлөрүндөгү билдирүүгө таянсак ал мындай: "Мурдагы күнү Прагадан келген делегация биздин фракциянын депутаттары менен жолугушту. Эшимканов менен жолугушканда ал "Азаттык" президентти катуу сындайт, ошол сынын токтотсо гана обого чыгат, дептир. Нур уулу Досбол менен Ак үйдөгү Эсеналиев Досалы - медиа билерманы, "Бул өлкөдө сөз эркиндигине эч тыюу жок, жасаса, аны УТРК жасап жатат", деп Ак үйдүн көз карашын билдиришиптир. Аны угуп, Мелис Эшимканов бул - президент Бакиевдин тапшырмасы, деп жарылды. Бакиев өзү бийликке 2005-жылы "Азаттык" аркылуу келгенин унутса дагы, 2005-жылы 24-мартта революция болду деп айткандан уялган Ак үй унутпашы керек эле!". Р.Отунбаеванын билдирүүсүнүн маңызын дароо илип алуу кыйын. Ал көп диапозондогу демекчи, кыйла карама-каршылыктуу таасир калтырат. Р.Отунбаева бул билдирүүсү менен эмнени айтыкысы келет- К.Бакиев, "Ак үй" төтөнү менен ( Экөөнүн айырмасы деле жок эмеспи чынында. Советтер союзунун даңазалуу трибун акыны В.Маяковский айтмакчы) "К.Бакиев дегенде "Ак үйдү" түшүнөбүз, "Ак үй" дегенде К.Бакиевди билебиз") "Азаттыктын" аларды бийликке алып келип сиңирген эмгегин эскербей, тез эле унутуп калганына ичи толбой жатканыбы, эскергенди мындай кой, кайра бут тосуп жатканын кандай түшүнөбүз деп каңкуулаганыбы, же радионун өтөгөн кызматына колкоо кылып жатканыбы, радионун тузу урсун деп каргаганыбы ? деген ойлорго кептелбей койбойсуң. Эгер андай болсо, "Азаттыктын" К.Бакиевди бийликке алып келгени ырас болсо, анда күнөө "Азаттык" радиосунун өзүндө. Колуң менен жасаганды моюнуң менен тартышың керек да. Табалагандык эмес,андан Кудай сактасын. К.Бакиев баштаган "түстүү революционерлерди", "революциялык мандалак бийликти" жан талашып сүрөп, кулпунта мактап жатып акыры авторитардык режимдин ыдыгына дуушар, бир кездеги кылган ишинин тарткылыгы бар экен тартууга аргасыз. Ошондуктан айыпты башкалардан издебей биринчи кезекте "Азаттык" өзүнөн көргөнү туура болор. Арбитирдин ролун моюндаган Р.Отунбаевадай болуп күнөөнү башкаларга жаба салгандын өзү чекилик.
Алибетте, "жаңылбас жаак, мүдүрлбөс туяк болбойт" дечи. Кемчилик баарынан кетет. Кемчилик ар кимдин, ар радионун башында бар. Кемчиликсиз радио деле болбос. Асыресе, кемчиликти моюнга алган изги. Ошондо гана элдин ишенимине ээ болуп, кадыр баркына татый аласың. "Азаттык" радиосу сыяктуу өткөн кеткен чекиликтерин көрбөмүш, билбемиш болуп сыяпат күтүп бүтүн момпосуйдай болуп жүрө берүү жараксыз. Өлүмүш болуп акчыланган жүк менен алыска бара деле албайсың.
Азыркы тапта "Азаттык" радиосу санацияга (агаруу,тазалануу процедурасы) катуу муктаж. Санация болсо элдин (угармандардын) алдында кетирген күнөөсүн моюнга алганда гана ишке ашышы мүмкүн. Радио биринчи кезекте "түстүү революция" алдындагы жана "революциядан" кийинки мезгил тилкесиндеги жаңылыштыгын моюнга алып, редакциялык саясатын түп тамырынан бери кайрадан карап чыгып, бир жаңсыл жыйынтыкка келгенден соң, анысын элге жарыялашы керек.2005-жылдын 24-мартындагы окуяга карата так мамилесин билдирип: ал "элдик революция" болгонбу же бийликти күч менен басып алган мамлекеттик төңкөрүшкө киреби? деген суроого жооп бериши кажет. Угармандарынан кечирим сураганга миледетүү. Ошондо "Азаттыкта" позасы эле эмес, позициясы бар тубайбы деген түшүнүк пайда болот. Ал эми "Ак үй" менен анын камчы чабары М.Эшимкановко келсек, сын айтканга чычалап административдик күч колдонунушу алардын моралдык-сасый кризиске кабылганынан кабар берет.
Мындай реаблитациялык процедура бир кездерде "революциянын локомотиви" деген атка татыган Р.Отунбаева үчүн деле ашыктык болбос эле. Эл көрбөйт, билбейт деп, саясый коньюнуктурага ылайык, билгизбей позициямды ийкемдик менен өзгөртүп алдым, эч ким деле туйбай калды деген кыяпат жасап компоюп жүрө берүү чоң жаңылыштык.

Үсөн Касыбеков




  Өй

Арыстанбек Ногоев
Мамлекеттик чиновниктер каратып туруп калп айтканга жедеп көнүп бүтүшпөдүбү. Ал эч кимге жаңылык болбой калды. Ышкыртышат да турушат.Бир кызарып, бир бозоруп коюшса десең, тобоо. Чиновниктердин калпына бышы кулак деле болуп калбадыкпы. Мамлекеттин эң башкы чиновниги бизде коррупциянын кыскартуу темпи боюнча дүйңөдөгү өлкөлөрдүн ири алдында келетабыз, пара берип кызматка орношуу кан буугандай токтотулду деп турса калгандарында эмне шам,өй. Улуттук статкомдун калпы кадыресе көрүнүш, ага таңкалып деле кереги жоктур. Адат катары чиновниктер статистикалык маалыматтарга, цифларга келгенде эки эселентип (көтөрмөлөп же кемитип) айтмайлары бар. Эгер улуттук банктын башчысы же экономөнүгүү министири ВВП 6,8%, ал эми инфляция 18,2 % ке туура келди дешсе, анда ВВП 3,4% ке гана өсүптүр, инфляция болсо 36,4 % ке көтөрүлүптүр деп жыйынтык чыгара берсең болот.Рессеция бизде жок дешсе бар деп түшүнгүн. Андан эч жаңылбайсың. Бөркүңдөй эле көрө берсең болот. Кийинки кездери эки эмес андан да жогорулатып үч эселентип айта баштаган министирлер пайда болду. Мисалы айыл жана суу чарба, кайра иштетүү министири А.Ногоев өткөндө республикада койдун башы өсүп отуруп СССРдин учурундагы деңгээлге жетти, 2008-жылдын январь айына карата ири мүйүздүү малдын саны 1млн. 168 миң болсо, койдуку 4 млн. 250 миңди түзүп калды деп турбайбы(АКИpress). "Кыргыз республикасы" деген энциклопедиялык китепти көтөрүп барактап көрсөк союздун учурунда Кыргызстанда 1941-жылы койдун башы 2,2 млн, ал эми1976-жылы 9,8 млн. деп жазылып турганына жолугабыз. Коомдук ишмер М.Ниязовдун айтымына караганда өткөн кылымдын 80-жылдары малдын ар бир гектар жердеги тыгыздыгы боюнча Кыргызстан дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлеп турган. Ал кезде республикада 10 млн.кой, 430 миң ири мүйздүү мал, 300 миң чочко, 200 миңден ашык жылкы болгон. Бул цифраларды чагып салыштырып көрүп министир А.Ногоев чиновниктердин башынан бери келеткан традициясын бузуп, калпты эки эсе эмес, 2,5 эсеге чыгара көтөрүп айтып жатканына ишенбей койбостурсуң,өй.

РS
Бул маселеге карата совет доорундагы бир диалогду эске сала кетсек ашыктык болбос эле.
- Эй, Валико, было 10 баранов, а теперь 9. Куда еще одного барана дели?
- Так 10 это вместе с тобой было...
"Мимино" кинофильминен










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan