email • архив • редакция   




Билдирүү.
Президент К. Бакиевдин кландык, үй-бүлөөлүк кыянатчыл башкаруусунун натыйжасында өлкө тунгуюкка такалды, өтө оор саясий, экономикалык жана энергетикалык кризиске кирептер болду.
Ала-Тоо ыйык жерибиздин куту качып, элибиздин ырыскысы чачылды. Мамлекеттин тагдыры коркунучта, элдин келечеги күмөн. Жетер жерине жетип "тезекстан" өлкөсүнө айландык, мындан ары ыймансыз бийликке чыдоого болбойт.

Бириккен Элдик Кыймыл коюлган максаттарды ишке ашыруунун зарыл шарты Президент К.Бакиев Кыргыз Республикасынын Конституциясын одоно бузгандыгынын негизинде мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетишин эсептейт.
Мындай талапка Президент К. Бакиев тарабынан 2005-жылы элге берген убадалардын жана анттын аткарылбагандыгы, кландык, үй-бүлөөлүк бийликти түзүү менен мамлекеттик бийликти жеке ээлеп алгандыгы, жоопкерчиликсиз башкаруунун натыйжасында өлкө өтө оор кризиске батып, улуттук байлыктар жеке кызыкчылык үчүн сатыкка коюлуп, баалар өсүп, элдин кескин түрдө жакырданышы негиз болот.
Эгерде бийлик тараптан Кыймыл мүчөлөрүнө карата кысым көрсөтүлсө, жарандардын укуктары тебеленип тепселсе, элдин эсебинен каржыланган укук коргоо, күч, сот органдары аркылуу күч колдонулса баардык жоопкерчилик Бакиевке, анын үй-бүлөөсүнө, бийлик органдарынын жетекчилерине жана кызматкерлерине артылаарын эске салабыз!

Атамбаев А. - Социал-демократтар партиясынын лидери,
Бекназаров А. - Элдик Революциялык Кыймылынын лидери,
Булекбаев Э. - Кыргызстан жашылдар партиясынын лидери,
Жамалдинов С. - "Асаба" улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери,
Жекшенкулов А. - "Акыйкат үчүн" коомдук кыймылынын координатору,
Исаков И. - "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын лидери,
Каптагаев Э. - "Улуу Биримдик" улутчул-демократиялык партиясынын лидери,
Муралиев А. - "Бирдиктүү Кыргызстан" коомдук кыймылынын лидери,
Отунбаева Р. - коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин депутаты,
Сариев Т. - "Акшумкар" саясий партиясынын лидери,
Текебаев Ө. - "Ата Мекен" социалисттик партиясынын лидери.
Эркебаев А. - коомдук парламенттин спикери.




  Саясатта достук жок

Асты таш, үстү таш, ортосундачы?
Бириккен оппозициянын өкүлдөрүнөн турган делегация Кыргызстандын саясый өнүгүү концепциясын Американын эксперттик коомчулугунун алдында презентациялап (сын - сынактан өткөрүп) жүргөн кыска мөөнөттүн оро-парасында өлкөдө орчундуу окуялар болуп кетти. Алардын катарына оппозициянын айрым лидерлеринин үстүнөн кылмыш ишинин козголушу, активистерди куугунтукка алуу, тоталдык аңдуу иштеринин башталышы, "Ак үй" КТРдин гендиректору М.Эшимкановдун колу менен кор шилеп, "Азаттыкка" мамлекеттик цензура киргизүүнү талап кылып, док урунуп жатып, радионун мамлекеттик каналдардагы үнүн өчүрүлүшү менен башталган сөз эркиндигине чек коюу акциясы, күч органдарына үстүртөн байкоо жүргүздүк, ага атайы санкция талап этилбейт деген түккө турбаган күлкү келтирерлик кур шылтоо менен оппозициялык партиялардын кеңселеринин тинтилиши өңдөнгөн репрессиялык чаралар күчөтүлгөнүн киргизсе болот.
(Уландысы 3-бетте)




  Биз чыктык!

Кыргызстан жалгыз тумар мойнумда,Сенден башка Мекеним жок дүйнөдө.
... Акын Кыялбек Урманбетовдун ырындагы жогорку эки сапта Мекендин аруулугу ташка тамга баскандай айтылган. Ал саптар жалгыз бир акынга гана эмес, жалпы кыргыз элинин жан дүйнөсүнө жакын алып жүрчү гимниндей туюлат мага. Жаңы ачылып жаткан гезиттин баш редактору катары жазайын деген алгы сөзүмдун өзөгү да "Мекен" дегеним ушул. Анан калса биздин Мекен кандай кооз, кандай керемет. Ушул ыйык жер үчүн бабалардын канчалаган каны аккан. Не деген барчындай өмүрлөр сайылган. А биз, намысы жок, ары жок урпактары ошол ыйык жерди аздектеп, көздүн карегиндей сактай алдыкпы? Далайыбыз бүгүнкү "сат, сат, сат" саясатына чыланып, көбүбүз күнүмдүк оокаттан көтөрүлө албай, айрым элдик деген интеллигенциябыз төө куштай башыбызды кумга катып, өлкө үчүн маанилүү кезеңде бир тамчы болсо да акыйкат сөзүн айта албай келгени жалганбы? "Кыргыз-рух дөөлөтү, маданияты таза жан дүйнөсү менен айырмаланган, адамгерчиликти, акыйкаттыкты, адептүүлүктү, ар-намыстуулукту, ыйык туткан, жарандык коому, ачык демократиясы болгон, көчмөндөр цивилизациясын түзгөн, өнүктүргөн, гүлдөткөн эл эле!" дегенибиз менен, бүгүн кандай абалга кептелдик. Бүгүн бар, эртең жок бийлик үчүн, алакандай эл түндүк-түштүккө, уруу-урууга бөлүнүп (бөлүп!), барабыз... Дегеним, колуңуздагы сиз окуп жаткан ушул гезит өзүнүн кичинекей жамааты менен ошол улуулугубуздун андан ары да калыптанып кетишине тамчыдай болсо да эмгегибизди жумшасак дейбиз. Кыш өтөт, кар да кетет, жаз да келет бак эмес үмүттөр да бүчүр байлап деген сыңар, үмүтүбүз жакшылыктан үзүлбөсүн! Рухий байлыгыбыз жоголбосун! Анан калса кыргыздын бир артыкчылыгы жүрөгүндөгү улуу үмүтү эч качан өчпөгөн. Ошону менен баарын жеңген. Эми да жеңээр.
Бирге бололу! Жаңырган жыл жакшылыктын, токчулуктун жылы болсун!

Кенжебек Арыкбаев.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan