аралаш

КЫЗЫКТАР КУРЖУНУ
"Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет" дегендей, ар бирибиз кызыктуу маалыматтарды алууга умтулуп келебиз. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, жан жыргаткан жакшы маалыматтар адам баласынын дүйнө таанымынын өсүшүнө жардам берет. Бул кызыктуу маалыматтар да сиздерди кайдыгер калтырбаса керек.
- Эң көп китеп жазган акын - Муса Жангазиев. Ал 81 жашында 73 китептин автору болуптур.
- Эң көп обон чыгарылган ыр - Эл акыны Сооронбай Жусуевдин "Унутпаймын" дегеныры. Ал ырга 5 автор - Р. Абдыкадыров, Б.Тургунбаев, Э.Мааданбеков, Б.Усубалиев, Ж.Жумагулов обон чыгарган.
- Эң көп псевдоними (жашырын аты) бар акын Рамис Рыскулов, өзүнүн айтуусу боюнча 500 дөн ашык псевдоними бар. 6 ат менен басма сөзгө чыккан.
- "Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн" деген сыйлыкты эң көп алган (6 жолу) бирден бир актёр-Сүймөнкул Чокморов.
- Көзү тирүүсүндө эң көп небере-чөбүрөлүү болгон Курманжан датка (1811-1.02.1907). Датканын көзү өткөн учурда (96 жашында) анын 183 тукумунун 98и (2 уулу, 2 кызы, 31 небереси, 57 чөбөрөсү, 6 чебиреси) жашап жаткан.
Чач канча жыл жашайт?
Ар бир адамдын башында 90 миңден 150 миңге чейин чач өсөт. Болжол менен күнүнө - 0,33 миллиметр, жылына - 12 сантиметр жана жашоонун аягына чейин 7,6 метр чач өсүп турат. 15-30 жаш куракта чачтын өсүү ылдамдыгы тез болот. Ал эми элүү жаштан өтүп калган да кичине жайыраак өсүп калат. Чач кыш мезгилине караганда жайында батыраак өсөт.
1. Чачты өзүнүн узундугунан жарым узундукка чейин тарта турган болсо, үзүлбөстөн кайра калыбына келет.
2. Кубаттуулук жагынан чач аллюминий элементи менен бирдей күчкө ээ.
3. Чач өзүнө сууну сиңирип алуу кубатына ээ. Башкача айтканда, өзүнө нымды сиңирип алат.
4. Чач ачуу кислоталардын күчүнө чыдай алат, бирок щелочтуу (жегич) кислоталарга туруштук бере албайт.
5. Чачтын өсүү жашоосу ар кандай: эркектерде 2 жыл, ал эми аялдарда 4-5 жылжашайт.
6. Сарылардын чачтары абдан ичке болот. Бирок алар абдан аз.
7. Алгач чач түйүлдүк кезинде эле эненин ичинен 4-5 айда өсө баштайт.
8. Кара адамдардын (негрлердин) чачтарынын талдары калың болот. Сары адамдардын 3 тал чачы алардын бир тал чачына барабар.
9. Блондиндердин чачтарынын талдары көп болот. Орточо 150 миң талды түзөт

АДАМГА БЕРИЛГЕН
ЭҢ ЖАКШЫ НЕРСЕ
Бир адам даанышмандан сураган экен:
- Адамга берилген эң жакшы нерсе эмне? -деп.
Аалым жооп берип жатат дейт:
- Ордунда болгон акыл-эс.
- Эгер акыл-эси ордунда болбогон болсочу?
- Анда жакшы тарбия жана жөнөкөйлүк.
- А эгер тарбиясы да жөнөкөйлүгү да жок болсочу?
- Анда кеңеш берип туура жолго салып тураар тууганы же досу.
- Эгер андай адам да жок болсочу?
- Анда унчукпасын.
- А ошол киши көп сүйлөгөндөрдөн болсочу?
- Мындай болсо, анда анын өлүп эле калганы артык...
ЭҢ ТӨМӨН АДАМ
Бир жигит бир үй-бүлөнүн кызына жуучу жиберсе, алар анын көңүлүн суутуп коюшуптур. Ал аябай капа болуп, акылыда чайкалып көрүнгөн жерде тигил үй-бүлөнү жамандап баштаптыр. Мындай иши чектен чыгып кетип барат канын көргөндөр бир адам айткан экен: "Досум, укчу. Токтотсоң чымындайыңды"Анда тиги: "Сендеген алардын кандай экенин мендей билбейсиң да. Алар деген шаардагы эң төмөн адамдар". Ошондо берки адам айтып атат дейт: "Бул шаардагылардын баардыгы сенин аларга жуучу түшүп барып куру кол кайтканыңды билишет. Эгер элалардын эң төмөн, уятсыз адамдардан экенин билип калышса, анда сен билип кой, сага алар эмес элдин эч кимиси кызын бербейт". Деген экен..

БАЙКАЛБАГАН ОН НЕРСЕ
Күндөрдүн биринде ислам аалымы Ибрахим ибн Исхак Басра шаарынын көчөлөрундө баратса, эл ага кайрылып сурашыптыр: "О, Абу Исхак! Биз Аллахтан көп нерсени сурайбыз. Бирок, неге Ал жооп бербейт?!" .Ошондо Исмаилабу Исхак айткан экен: "Силердин жүрөгүңөр төмөнкү он нерседен улам өлүк:
oСилер Аллахты билесиңер бар экенин, Бир экенин, бирок анын мыйзамдарына жараша жашабайсыңар;
oСилер "Аллахтын элчисин (Аллахтын ага саламы болсун) жакшы көрөбүз", - дейсиңер, бирок, анын сүннөтүн (жашоо образын) калтырдыңар;
oСилер Куран окуйсуңар, бирок, анда жазылгандарды жасабайсыңар;
oСилер Аллах берген нерселерди жейсиңер, бирок, шүгүрчүлүк келтирбейсиңер;
oСилер: "Шайтан биздин душманыбыз" , - дейсиңер да, анан анын артынан жүрөсүңөр;
oСилер бейиштин анык экенине ишенесиңер, бирок, ага түшүүгө аракет кылбайсыңар;
oСилер тозоктун анык экенине ишенесиңер, бирок, андан качпайсыңар;
oСилер өлүмдүн анык экенине ишенесиңер, бирок, ага даяр данбайсыңар;
oУйкудан тураар менен башка адамдардын кемчиликтерин талкуулап баштайсыңарда өз кемчиликтериңерди унутасыңар;
oСилер өлгөндөрдү көмөсүңөр, бирок, андан сабак албайсыңар...
Улукмандын насыяты
Уулум, ким кечирсе - ал кечиримге ээ болот.
Ким унчукпаса - ал утушта болот.
Ким жакшы нерсе айтса - ал мактоого арзыйт.
Ким жаман нерсе айтса - ага күнөөдөн башка эч нерсе артпайт.
Ким өз тилине ээ боло албаса - ал өкүнөт.
Ким өзү көтөрө ала тургандан чоң нерсени көтөрсө - алсыз болуп калат.
Өзүнө өзү ыраазы болуп жүргөн адам куруйт.
Башка адамдарга карата болгон текебердик - уят иш.
Кеңешпеген адам - жаңылат.
Аалымдар менен сүйлөшкөн адам көп нерсе билет.