поэзия

Махабат
- экинчи атым...
ӨМҮР КЕМЕСИ:
Махабат Касеинова

1985-жылы 25-августта Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айылында төрөлгөн.

1992-2003-жж А.Осмоналиев атындагы Талды-Суу орто мектебинде билим алган,

2003-2008-жж Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүн бүтүргөн.

Учурда аталган окуу жайдын "Педагогика" бөлүмүндө магистратурада билим алып жатат.

Чыңгыз Айтматов атындагы фонд тарабынан уюштурулган "Дебют-2008" жайкы мектебинин катышуучусу,

"Много языков-один мир" адабий кароо-сынагында "Кыргыз поэзиясы" номинациясы боюнча биринчи орунду жеңип алган.

Жазуучулар союзунун мүчөсү

"Жолдо" ырлар жыйнагынын автору

Махабат, экинчи атым сүйүү менин,
Магдырап сүйөм, кээде сүйүлөмүн.
Адамда жек көрүүнүн катарында
Арзуунун болгонуна сүйүнөмүн.

Көтөргөн суугумду да, ысыгымды,
Көрүшкөн азабымды, кызыгымды.
Ата-энем бекеринен койбогондур,
Ак сүйүү-Махабат деп ысымымды.

Энчилеп бүт бардыгын өзүмө алып,
Ээлигип канча жанды сүйүп жүрдүм.
Адашып адам кейпин кийип алган,
А балким мен чын эле сүйүүдүрмүн.

Жаз
Арсызмын ээ, сени күттүм жазды эмес,
Андагыдай кайда сенсиз жылуулук.
Чыр-чыр эткен чымчыктардын үндөрү,
Туш тараптан турат мага угулуп.

Жаз келиптир күн күлүңдөйт чыгыштан,
Жан бүткөнгө тирүүлүктү сездирип.
Кышка таштап, жазга сапар алдым мен,
Калган бардык сүйүүлөрдү эскирип.

Дүйнөм жаңы, бүгүн мен да жаңымын,
Жүрөгүмө жакшы ойлорду уютуп.
Сезимдерим жаңылыптыр бул жолу,
Сенсиз деле жаз келерин унутуп.

Пендемин
Бактылууга келди бүгүн теңешким,
Бакты бирок "ме" деп колго берет ким.
Өзгө жандар карабаса кантейин,
Өзүмө окшош бактысызга керекмин.

Деп ыйладым, ал ыйымды ким угат,
Дым чыгарбайм көзүмдөн жаш куюлат.
Айды жерди курчап турган мен эмес,
Аалам өзү бактысыздай туюлат.

Башкалардай бакыт гүлүн тербедим,
Билгим келбейт чоң сыноого келгеним.
Периштедей асыл сапат менде жок,
Пендемин да пендемин эх, пендемин.


Жамгырда
Сарыгып келип жүзүмө аккан тамчыдан
Ансайын сулуу, жагымдуу болуп көрүнөм.
Бардыгын таштап батамын кыял-ойлорго
Жамгырга карап шатырап куйган, төгүлгөн.
Кубаныч-кайгым, азабым, сырым кошулуп,
Көрүнүп баары жамгырга менин өңүмдөн.

Шатырап төгүп ансайын жамгыр күчөнө,
Сырдашым өңдүү, эн жакын менин сырдашым
Ыйлабайм эми, ыйлабайм бүгүн сүйүнөм,
Мен үчүн мейли башкалар бүгүн ыйласын.
Денемден ылдый сарыгып аккан тамчылар
Жүрөктү эзген кайгымдын барын туйбасын.

Туйбасын менин кайгымды ошол тамчылар.
Мен үчүн бөөдө азапка алар батпасын.
А балким менин кайгыма болуп ортоктош
Жамгыр да мен деп мен үчүн ыйлап жатпасын.
Жагымдуу сөзүң каткырган күлкүң жаңырып,
Жапжалгыз турам ардагым алыс жактасын.

Сен деп...
Карап калдым каректерге арбалып
Сеникиндей жоодураган капкара
Билгизбедим бирок такыр ичимде
Жалын болуп жалбырттап от жатса да.

Сеникиндей көздөр мага тигилип
Коңур үнү сенин үнүң окшошот.
Учурашып мага сендей жылмайып
Коштошкондо сендей болуп коштошот.

Жер жүзүндө жети окшошуң бар дешет.
Же ошондой окшошуңдун бирөөбү.
Сезимдери бирок анын башка экен
Сеникиндей мен деп сокпой жүрөгү.

Жапыздыгың кечирдим
Катарына кошуп сени дөө-шаанын,
Кол жеткис бир асылзаттай сезипмин.
Кечиктимби же жаңылдым бактыман
Билбейм сага, билбейм неге кезиктим.

Адамдардан башкача деп таптакыр
Арзуу ырларын аттиң неге жараттым?
Сен деле бир көр турмушка байланган
Пенде экенсиң, кулу жаман адаттын.

Кечир мени жаңылыпмын бир ирет,
Кечир менин сүйүүм үчүн кечиргин
Адамдардын жапызы сен экенсиң
А мен сени ошол үчүн кечирдим.

Тоолордо катылган сыр
Бул күнү эмнегедир,
Тоолорго баргым келди.
Мөлтүрөп тазалыкты,
Мөңгүдөн алгым келди.

Кыр ашып, белес ашып,
Кышты да тоготпостон.
Узакка сапар алам,
Убакыт коротпостон.

Көөдөндү жарып чыккан,
Ырлардан окуйм анан.
Күүгүмдө жылдыз санайм,
Күмүш түс чокулардан.

Алыска сени дагы,
Ким бирөө чакыргандыр.
А балким биз билбес сыр,
Тоолордо катылгандыр.

Жолдо
Бугум чыкпай эмнегедир жүрөктөн.
Бүгүн ыйлайм карап сени сүрөттөн.
Жерге түшкөн изиңди бир көрүүгө
Жолго келдим далай жолу биз өткөн.

Жолдор жатат, жолдор кайда кетишмек?
Жоготту деп сени кайдан сезишмек.
Жетелешип кайра келет дешкендир
Жүргөнүмдү сезбей алар сени издеп.

Куштай болуп жаралуу да аялуу,
Кээде кыштай бороон-чапкын көңүлүм.
Ыраазымын өзүң менен жолуккан
Ошол жолдо бүтсө менин өмүрүм.

Бир акынга
Кечээ сени жанга жакын жолотпой
Кейийт элем бассаң бирге ичимден.
Карааныңды көргөн кезде селт этип,
Качаар элем калган өңдүү ишимден.

Кулагыма кирип-кирбей сөздөрүң
Куюлушуп көкүрөктө жаралган.
Сүйүнчү элең жаңы жазган ырыңа
Сүйүнбөстөн көйнөгүңө жаңы алган.
Сереп салып сенин тышкы дүйнөңө,
Сезбептирмин бирок ички дүйнөңдү.
Жүрсөң сени ойлоптурмун жакыр деп
Жайы-кышы чечпей жалгыз күрмөңдү.

Көрүп сенин көйнөгүңдү жуулбаган.
Көр турмуш ай көөдөнү да кир депмин.
Жер жүзүндө болгон бардык адамдан
Жан дүйнөңдүн тазалыгын билбепмин.

Көлдөн элес
Көлдөгү сүйкүм ошол көз караштар,
Көзүмө элестелип турат азыр.
Өңүмдө келбес эми андай учур,
Суранам түшүмө кир көлгө чакыр.

Сунушка түшкөн мындай жок дебестен,
Суугуна кайыл болуп жөнөр элем.
Көлдөгү бир көз ирмем жыргал үчүн,
Өткөргөн бүт өмүрдү көмөр элем.