жумгал

Жумгалдын бал татым
кондитердик азыктары!
"Билгенден биле элегиң көп, көргөндөн көрө элегиң көп" демекчи, бул жолку сапарымда Жумгал районунун Чаек айылынан орун алган бир канча мектеп, бала бакчаларды таттуу токоч, булочка менен камсыз кылып тыгыз кызматташып иштеп келе жаткан "Каниет 1" чакан кондитердик ишканасынын кондитердик азыктарына күбө болдум. Бул ишкананы жетектеген Абакирова Алма, Айдыралиева Сагынбүбү жана Кушубакова Айнура эжелерибиз өз колдору менен жасалган таттуу токоч, булочка, торт, вафли, кекс, пирожный, боорсок жана башка көптөгөн даамдуу азыктарды жасап келишет.
Ишкананын кызматкерлери семинар, тренингдерге катышуу менен Чаек айылындагы бир канча мектеп, бала-бакчалар менен ачык тендер аркылуу келишимдин негизинде тыгыз кызматташып келет.
Мына ушул Жумгалдан чыккан даамдуу азыктарды жасап келе жаткан "Каниет 1" чакан ишканасынын жетекчиси "Тренер WESA и Ремесленной палаты Рейнхессен" Германия, Кытай сертификаттарынын ээси Алма Абакированы сөзгө тарттык:
- Алма эже, айтыңызчы сиз бул чакан ишкананы кимдер аркылуу жана кимдердин колдоосу менен ачып иштеп келесиз?
- Мен, кичи жана чакан бизнести колдоо көрсөтүү борбору болгон ООП BPN, BPN CA, BPN CA Юг (Business Professionals Network) компаниясы аркылуу ачкам. Кондитер азыктарын жасоого жеңилдетилген бизнес үчүн кредит тармагынын колдоосу менен жабдыктарды алып иштетип келем.
- Бул кызматта канча жылдардан бери иштеп келесиз?
- 1978-жылдан баштап иштеп келе жатам. СССР тарагандан кийин 1994-жылдан бери таттууларды жасап элге тартуулап келе жатам.
- Сиздердин кондитер азыктарына кимдер жана кандай кардарлар кайрылышат жана кайсыл түрүнө көп заказ беришет?
- Бизге аш тойлордун убагында аш той өткөзө турган кардарлар көп кайрылышат. Ал эми заказды көп берген кондитер азыктары булочка жана торт болуп эсептелет.
- Эгер мага эртеңкиге торт керек болуп калды дейли. Заказды качан берсек болот же заказ канча күн мурун алынат жана кайсы убакта даяр болот?
- Биз заказды бир күн мурун алабыз. Эгер эртеңкиге керек болуп калса анда бүгүн кечке калбай заказ берип койсоң болот. Ал эми көпчүлүк кардарлар заказды бир күн мурун беришет. Эртеси түшкө чейин алып кетишет.
- Ишканада канча кызматкер иштейсиздер?
- Азырынча үч кызматкер иштеп келебиз.
- Жашыруун болбосо бир тортту канча баада жасайсыздар?
- Бизде ар кандай. Кардарлар келип ар кыл көлөмдө жасоону заказ беришет. Негизи 350 сомдон 600 сомго чейин.
- Алма эже маегиңизге рахмат, азыктарыңыздар арбый берсин ар дайым кардарларыңыздар көбөйүп ишиңиздер илгерилей берсин.
- Рахмат.


  СӨЗ ЧЫНЫНАН БУЗУЛБАЙТ

Бери болуп төрдө жок, ары болуп көрдө жок көйгөйлөр парады
же Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айыл өкмөтүндөгү көрүнүштөр
Ушул жылдын башында Чоң-Дөбө айылында 7 баллдан өйдө жер силкинүү катталган эле. Бул айттырбай келген зилзаланын очогу аталган айылдын алын алты оодуруп, тоо этектен орун алган турак жай, мамлекеттик мекеме-ишканалар, мектеп, китепкана, бала-бакча, ФАП, клубдардын үстү түшүп, азыркы учурга чейин эч кандай оңдоп түзөө иштери жүргүзүлбөй келет. Чоң-Дөбө айылы борборубуз Чаек айылынан 45 км алыстыкта 8 км буру жерде жайгашкан. Ал айылда 265 түтүндөн турган 1284 калк жашап келет.
Кыскача айтканда ушу кезге чейин тапканыбыздан жоготконубуз көп болуп калды. Ар кандай гранттарга, фонддорго ошондой эле долбоор деген балээге айыл округ башчысы бери чуркап айыл тургундарынан, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге чакан жыйын өткөрүп: "Ой проект кетип жатат, мен сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатам. Келгиле сураганын суутпай, берчүсүн берип эптеп ушул көйгөйлөрүбүздөн арылып алалы",- деген темада маек куруп, көнүмүш сөз болуп келаткан "каропка" деген шумдукту даярдап кеткен боюнча кийин "кимди ким көрдү, кулдук бийди там басты" дегенсип ошо кезде алган, чогулткан каропкалардын отчетторунун жыйынтыгын "Эмдигиче" айыл тургундарына кабар бере элек же казы карта, чучуктарын жээп алган жогору жактагы төбөлдөрүбүздүн ичтери өтпөй аман- эсен жашап келишкендерине таңкаласың.
Чоң-Дөбө айылында азыркы учурда ФАП (Үй- бүлөлүк дарыгерлер тобу) имараты 1955- жылы курулган. Азыр ичине киши кире алмак турсун, жанына баргандан коркосуң. Айла жоктон согуш убагындай көчүп отуруп, айылдагы боз үйлөргө көчүүнүн үстүндө... Ушуну менен үч-төрт ирет көчүп, улам оңдоо иштерин жүргүзүп алсак эле, үйдүн ээси келип "Мен кайра жашамай болдум. Үйдү бошоткула!" деген ырбаак сөз менен сүйлөшсө, жер которуп жер издеп, үй которуп үй издеген шорпосу шордой кайнаган медицина кызматкерлеринин айлалары алты ооду. Оңдоо иштери жүргүзүлбөгөн эски тамдарды аралап жүрүп, эптеп жайгашкан күндө деле үстүнөн суу агып, терезеси бүтөлбөй, эшигин бир тепкенде ачылып кетчүдөй абалда турат.
Андан тышкары айыл тургундарынын үйлөрү, спорт аянтчасы, суусу жок иштебей турган мончо, айыл өкмөтүнүн имараты ошондой эле катар жайгашкан көгүчкөн менен чабалекейдин жер семирте турган ачыткыларынын мекени болуп отурат. Айыл өкмөтү менен клуб имараты мындан жарым кылым мурда, тактап айтканда 1950-1953 жылдары курулган.
Негизинен айыл өкмөтүбүз чалкалаган неме болсо анда иштин бүткөнү экен да. Бул көйгөйлөр мамлекеттин деңгээлинде чечиле турчу иш. Ал эми өкмөт берген Нивага чалкалап курсак сыйпалачу иш эмес... Айылдын жашоосун, элдин ой- максат, көйгөйүн чече албаган айыл өкмөттүн кереги бар беле же, айылда тың чыкмалай жокпу Кудай тобоо…
Анан айылды айланып тамтыгы кеткен имараттарды көрүп көзүм уялганынан айылда бир китепкана бар ошол жакты көрүп келиңиз деп калышты. Китепкана мурда айыл өкмөттүн жана мектептин бир кычыктарынан орун алса, азыр ал жер турууга мүмкүн болбой калгандыктан, китепканачы эженин жаңы көчүп келген турак жайына бардым. "Ушуну менен 7-8 жолу көчүшүм. Улам бир жерге көчүп отуруп азыр мына бул сарайга келип такалдым. Бул сарайга көз багыш кылсам ичиндеги чабалекейдин уяларын тазалап, уулу заттарын чыгарып аткан кези экен...",- дер жаны кейиген китепкананын жетекчиси эки сөз сүйлөп колумду жакама карматты. "Мага жыгач таштарын алып беришсе эле жолдошум экөөбүз тургузуп алат элек",- дейт Кожобергенова Бактыгүл эже.
Анан дагы күйдүргү дарт болуп келе жаткан электр жарыгы бул аймактын кээ бир үйлөрүндө жана ээн калган конуштарда 2002-жылдан бери жок. Себеп дегенде 30 метр алыстыкта жайгашкан столбанын башын көргөзүшүп, ушул тартыла турчу зым линиясы жок дейт айыл тургундары. Зилзаладан жабыр тарткан үйлөргө ушул кезге чейин МЧС тарабынан колдоо иштери, кайра оңдоп түзөөгө жардам көрсөтүлбөй келет. Бул жылы МЧС ке кетирсек, эмдиги жылы алсак алдык, албасак бир жыл аңырайган ачык, тешиги көрүнүп турган үйдө бир жыл жашоо кечирмей… Кыскасы эмне болсоң ошо бол деген темада жашоо кечирмей…

Бетти даярдаган
Мирбек АСАНАЛИЕВ