спорт

КЫРГЫЗДЫН МАНАС АТАБЫЗДАЙ БААТЫР ЖИГИТИ
Кыргыз элинде: "Баатыры жок эл жетим, булагы жок жер жетим" деген сөз бар. Улуу көчмөн элибиз кылымдардан-кылымга тукумун үзбөй жашап Ала-Тоону душманга карматпай эгемендүү өлкөнүн кызыл байрагын желбиретишти. Элибизди душмандардан көзүнүн карегиндей сактаган баатырларыбыздын эл биримдигине кошкон салымы чоң. Бүгүн дагы Манас атабыздай келбеттүү, сүрдүү жана чыныгы кыргыз жигитинин рухун берген азаматтарыбыз дагы жок эмес. Баатырчылык заман өтүп кетсе дагы, бүгүнкү спорт дүйнөсүндөгү жигиттерибиздин баатырларга тете салмагы бар. Биздин каарманыбыз Эмил Надырбаев улуу тоолордун кучагында жайгашкан Кара-Кулжа өрөөнүн уулу болсо дагы Кыргызстандын Бодибилдинг жана культуризм спорт тарыхында аты таанылган белгилүү спортчулардын бири. Бул оор жана талыкпаган мээнетти талап кылган спорт түрү менен Арнольд Щварцнеггер сыяктуу батыш спортчулары же башка улуттун өкүлдөрү гана эмес, жүрөгүндө МАНАС атабыздын жалы бар кыргыз жигиттери дагы ийгиликтерге жетишерин далилдеди.
- Эмил мырза, эмне үчүн спорттун ушул түрүнө кызыгып калдыңыз?
- Мен кичине кезимден бери ар кандай оордуктарды көтөргөндү жакшы көрчүмүн. Оор атлетикага абдан кызыкчумун. Мектепте окуп жүргөн кезимде волейбол ойноп, айылдаштарым менен улак тартчумун. Орто мектепти бүтүрүп Бишкек шаарына келгенден кийин өзгөчө спорт түрү болгон бодибилдинг жана культуризм дүйнөсү менен тааныштым. Анткени ордо калаада көп мүмкүнчүлүктөр бар болчу.
- Бардык нерсенин башталышы кызык жана кыйын болот эмеспи. Культуризм дүйнөсүнүн босогосун аттаганда бүгүнкүдөй ийгиликтерге жетишем деп ишендиңиз беле?
- Албетте ишенгем. Тоолук жигиттердин табияты дагы ошондой болот эмеспи. Алгачкы машыгууну жер төлөөдө жайгашкан чакан машыгуу залында баштаганбыз. Бир жылдан кийин зал жабылып калып "Дельта" деген залда машыгууну уланттым. Дээрлик беш жылдан бери аталган залда машыгып келе жатам. Бул спорттун көп эмгекти талап кылган түйшүктүү күндөрү ушул залда өттү. Кудайга шүгүр, өзүм максат кылган ийгиликтерди багынттым.
- Спортчунун ийгилигинин ачкычы машыктыруучунун колунда деп коюшат. Машыктыруучуларыңыз кимдер болду?
- Эң алгачкы машыктыруучум Нурлан Ажибаев болду. Андан кийин ал мени Шербек Токтомушевге дайындаган. Машыктыруучум бүгүнкү күнгө чейин культуризмдин миң түмөн сырларын үйрөнүүгө жакындан жардамын берип, ар түрдүү кеңештерин аябайт. Албетте, менин ийгилигиме эки машыктыруучумдун тең кошкон салымдары чоң десем жаңылышпайм.
- Бодибилдинг башка спорт түрлөрүнөн эмне менен айырмаланат?
- Бул спорт түрү калыпка салынган машыгууну катуу талап кылат. Ар дайым бир калыпта, бир режим менен жүрүү керек. Бодибилдингдеги ийгиликтин негизи туура тамактануу менен байланышып турат. Өзү каалагандай ар түркүн тамактанууга чек коюлат.
- Азыр көп жаштарыбыз бодибилдинг менен машыгып жүрүшөт. Алар дагы тамактануу жөнүн билишпесе керек. Спорттогу тамактануу тартиби тууралуу айтып берсеңиз?
- Мен өзүмдүн бир күндүк тамактануу тартибим тууралуу айтып берейин. Мен күнүнө эки ирет машыгам. Эртең менен жана кечинде машыгуу залында болом. Мен эртең менен турганда сүт же кефир ичем. Андан кийин машыгууга келип эки саат аралыгында машыгам. Машыгуу бүтөөрү менен он даана сууга бышырылган жумуртка жейм. Беш жумуртканы ичиндеги сарысы менен, калганы сарысы жок жеөө керек. Себеби боорго зыян келтирет. Андан кийин үйгө барам дагы сууга бышырылган күрүч жана тоок этин (ак этин) жейм. Ошентип бир күндө кеминде 4 ирет, айрым учурларда 5-6 ирет тамактанууга туура келет. Бир күн ичинде ар кандай мөмө жемиштерди (алма, банан жана апельсин) жеп жүрсө ден-соолукка оң таасирин тийгизет. Бул мөмө-жемиштер күнүмдүк порцияга кирбейт. Бирок кошумча энергия, күч берет. Адамда канчалык энергия көп болсо, спорттук жашоосунда дагы ийгиликтерге шарт түзүлөт. Ач карын жүргөн спортчуну элестете албайм. Негизи бул спортто режим абдан катуу сакталышы керек. Өз убагы менен уктап, өз маалында туруп, өз учурунда тамактануу керек. Түнкү эки-үчкө чейин көчө кезип жүрүүгө болбойт. Мен күн сайын эртең менен саат 7-8 де турам жана түнкү 12 де уктайм. Түштө дагы бир-эки саат уктап эс алам. Бир жолу эле режим бузулса машыгууга терс таасирин тийгизет. Менимче көп спортчуларда дагы ушундай болсо керек. Мисалы мен күнүмдүк режимди бузуп алсам машыгуу калыбына келе албай абдан кыйналам.
- Туура эмес тамактануу машыгууга терс таасирин тийгизеби?
- Бул спортто "масса" (көлөм-дүү, кең далылуу болуу) жана "рельеф" (салмакты калыбында сактоо) деген бар. Эгерде "масса" алам же болбосо чоң, кең далылуу болом деген жаштар болсо тамакты көбүрөөк колдонууга туура келет. Ал үчүн картошка, ботко түрлөрүн, камыр тамактарды, бал, жаңгак, эт, сүт жана быштактарды колдонуу талап кылынат. Ал эми ашыкча майынан, семиздиктен арылам деп бодибилдинг менен машыккандар болсо, алар майлуу тамактарды жана тузду азыраак колдонсо каалаган дене түзүлүшүнө жете алышат. Бул жерден тузу азыраак сууга бышырылган күрүч, жумуртка дагы жакшы натыйжа берет.
- Бодибилдинг менен машыгам деген жаштар бир аптада канча ирет машыгуу залына барышы керек?
- Эгер 17-18 жаш курагындагы балдар болсо бир аптада күн алыс келип машыкса туура болот. Бул машыгуу режими бир жылга чейин созулушу мүмкүн. Анан бир жылдан кийин адамдын организми акырындап калыпка келе келе баштаганда күн сайын келип машыкса ашыктык кылбайт. Негизи жаңыдан машыгып жаткандар машыгууну мүмкүн болушунча эртең менен же болбосо түшкү убакытта (13.00-14.00) өткөрүшсө жакшы болот. Ал эми кечинде жасаган машыгуу бираз кооптураак. Себеби, кечинде машыкканда кан айлануу тез болуп, катуу машыгып келип уктаганда жүрөк токтоп калышы мүмкүн. Ушундай учурлар дагы болгон. Ал эми организм көнүп калса, аны билбейм. Азыр көп адамдар күндүз убактысы жок, аргасыздан кечинде келип машыгып жатышат. Мындай кырдаалдарда мүмкүн болушунча машыгуу бүткөндөн кийин 1-2 саат ары-бери басып, кыймылда болуп анан уктаса туура болот.
- Азыркы учурда бодибилдингге кызыккан жаштар көп. Негизи бул спортто кайсы жаш курагы идеалдуу?
- Буюрса бул спортко кызыккан жаштар көбөйдү. Азыр16-18 жаш курагындагы уландар көбүрөөк машыгуу залдарына келип жатышат. Негизги кызыгуу дагы ушул курактагы жаштарда депойлойм. Мисалы, биздин учурда мындай көрүнүштөр аз болчу. Биз кыргыздардан 3-4 бала гана машыгып баштаганбыз. 30-35 жаш курагында деле залга келгендер бар. Бирок алар ден-соолугун сактап, булчуңдарын кыймылга келтирүү үчүн машыгышат. Адамдын булчуңдары ар дайым кыймылда болуп иштеп турса ден-соолугу чың болуп, өмүрү дагы узун болот. Ашыкча толуп, май басып кеткен адамдардын булчуңдары иштебей саламаттыгына, жүрөгүнө олуттуу зыян алып келерин баарыбыз билебиз.
- Кыргызстандын бодибилдинг дүйнөсүндө допинг сыяктуу кошумча күч берүүчү каражаттарды колдонушабы?
- Мүмкүн "кара базарлардан" сатып алышып допинг колдонгондор бар чыгаар. Жеке менин спорттук жашоомдо допинг сыяктуу каражаттарды колдонгон эмесмин жана келечекте колдонбойм дагы. Допингден тышкары табигый кошулмалардан турган "протеиндер" дагы бар. "Протеин" деген ар түрдүү даражадагы витаминдердин чогулмасы. Аларды ичсе адамдын организминде жетиштүү түрдө витамин чогулуп күчтүү болуп баштайт. Эми протеинди ичип койсо эле булчуңдар өзүнөн-өзү өсүп кетпейт. Витаминдер кошумча энергияны пайда кылып мурдагыдан өзгөчө машыгууну талап кылат. Булчуңдар болсо туура машыгуунун жыйынтыгы менен акырындап өсөт.
- Булчуңдарды тез өс-түрүүнүн өзгөчө жолдору барбы?
- Ар кандай жолдору жана багыттары бар. Эскерте кетсем, булчуңдар кыска мөөнөттө эле өсүп кетпейт. Убакыт ,мээнет жана эмгек талап кылынат. Мисалы мен 6-7 жылдан бери машыгып келе жатам. Эгерде витаминдүү калориялуу тамактарды жеп (эт, бал, сүт азыктары ж.б), режимди туура сактап, талаптагыдай жакшы машыксаң жыл өткөн сайын баскычтан-баскыч кошулуп тепкичке чыккан сыяктуу ар кандай протеинсиз эле булчуңдарың дагы жакшы өсөт.
- Бодибилдинг спорт дүйнө-сүнүн эшиктерин жаңыдан ачып кирген жаш спортчуларга кандай кеңештерди бересиз?
- Бул спорттун түрү башка спорт түрлөрүнө караганда кыйын. Мисалы кээ бир адамдар айтышат го, культуризм менен машыгып жүрүп тыштап салсаң денеңди май басып шалбырап калат деп. Туура, май басат. Бирок машыкпасаң деле денеңди май басып кетип жатат го? Ушул жагынан адамдардын аң-сезими өнүгө элекпи түшүнбөйсүң. Көп жаштар ошол нерседен коркушат экен. Эми, карылык келгенде бардык адамдардан күч кетип, дене көркүнөн кете баштайт го? Жөнөкөй эле алманы мисал катары карап көрөлүчү. Алма алгач түйүлгөндө көк болот, анан сары, кызыл болот. Убагынан өткөндө чүрүшүп-чирип жоголот. Адам дагы дал ушул алма сыяктуу. Спорт менен жүргөн адамдын өзүнө жакшы болот. Жаштар спортко көбүрөөк тартылса ар кандай жаман иштерден алыс болушат. Спорт менен жүргөн жаштар тамеки жана спирт ичимдиктеринен алыс болушуп, бири-бирин көрүп атаандашуу сезимдери күчөп жакшы машыгышат. Атаандашкан жаштардан чемпиондор чыгып калышы мүмкүн. Биринчи кеңешим жогоруда айтып кеткендей туура машыгуу жана талаптагыдай тамактануу керек. Кээ бир жаштарыбыз баштала элек жатып оор салмактарды көтөрүп чемпион болгулары келишет. Бул албетте туура эмес.Эч качан шашылбаш керек. Акырындык менен жеңил салмактардан баштап, туура машыгуу керек. Ченемсиз, күчүнөн ашык оор салмактарды көтөрүүгө белсенгендер травма алып калышы мүмкүн. Анын үстүнө жаш балдардын жүрөктөрү курч да. Бул жерден машыктыруучулар дагы көңүл кош карабашы керек. Эскерте кетүүчү нерсе профессионалдуу түрдө машыгам десеңиз акча көп талап кылынат.
- Жакында эле "Чемпион" деген аталыштагы жеке машыгуу залын ачтыңыз. Ушул машыгуу залы тууралуу айтып берсеңиз?
- Бул залды ачуу менин көп-төн бери максат кылган тилегим болчу. Алыскы Москва шаарында жашаган бир тууган агаларымдын колдоосу менен көптөн күткөн жеке машыгуу залын ишке киргиздим. Агаларым менен кеңешип жатып, шаардын борбордук бөлүгүндө турган бул залдан көптөгөн чемпиондор өсүп чыксын деп тумар кылып "Чемпион" деген атты ыйгардык. Биздин залда бир учурда 30 киши машыкса болот. Бардык шарттары бар. Жуунучу жайы, бассейн жана каалоочуларга болсо бууландыргыч (парилка) жайгашкан. Бардык каалоочуларга эишигибиз ачык.
- Дүйнөдөгү бодибилдинг менен машыккан профессионал спортчуларды киного тартылууга чакырышып "кино жылдыздарына" айлантышкан. Мисалы Арнольд Щварцнеггер, Боло Янг жана орустардын Владимир Турчинскийи бар. Сизди дагы киного тартылууга чакырыштыбы?
- Албетте. Бизди дагы акыркы убактарда режиссерлор киного тартылууга чакырышып көңүл буруп жатышат. Мен дагы киного тартылдым. Белгилүү режиссер Рустам Аташовдун "Эгиз тумар" деген киносунда кылмышкердин жансакчысынын ролун аткарып терс каармандын образын жараттым. Мындан сырткары ар түрдүү клиптерге жана жарнаамаларга тартылып жатабыз. Жакында эле "Назик" бийчилер тобунун клибине тартылдым. Мына аз күндө белгилүү газетанын дагы жарнаамалык ролигине тартылууга чакыруу алдым. Эң кубанычтуу нерсе мага Манас атабыздын келбетин чагылдырып фото сессияга түшүп бересиңби деген сунуш дагы түштү. Кыргыздын улуттук кийимин кийип, Манас атабыздын Аккуласындай атка минип чыныгы баатырдын келбетин чагылдыруу мен үчүн зор кубаныч деп ойлойм. Кудай буюрса фото сессия май айынын акыркы жумасына белгиленип жатат.
- Спортчунун ийгилигине машыктыруучусунан тышкары үй-бүлөсүнүн дагы салымы зор болорун билебиз. Сиздин бул өзгөчө спорт түрү менен жүргөнүңүзгө жакын адамдарыңыз кандай көз карашта?
- Мени ата-энем, бир туугандарым абдан колдошот. Менин демөөрчүлөрүм дагы ата-энем жана Москвадагы эки байкем. Айттым го, профессионал болом десеңиз акча көп талап кылынат деп. Москвада камсыздандыруу компаниясында иштеген агаларым ар дайым акча салып колдоо көргөзүп турушат. Керек болсо, спорт кийимдеринен бери салып жиберишет. Ал эми үйдөн болсо жеңем баш болуп тамагыма чейин көңүл бөлүп турушат. Менин ушундай колдоо көргөзгөн эң жакын адамдарым болгон үчүн эң оор деген спорттун сересин багындырып улам бир тепкичке көтөрүлүп келе жатам. Учурдан пайдаланып Чалма айылында жашап жатышкан атам Маматкасым Надырбаевге, апам Калбүбү Бусурмановага жана жакындарыма терең ыраазычылык билдирем. Мен ар дайым ата-энемди уятка калтырбастан үлгүлүү жүрүш-турушум жана спортто жараткан ийгиликтерим менен татыктуу уулу болуп берем деп ишенем.
- Жакындарыңыз сиз менен сыймыктанат деп ишенесизби?
- Албетте ишенем (күлүп)! Менимче, сыймыктанышат деп ойлойм. Анткени мен жашаган айылда, райондо, керек болсо облуста дагы бодибилдинг боюнча профессионал спортчулар чыккан эмес экен. Өзүңүз билгендей спорттун ушул түрү боюнча Кыргызстанда професионалдуу деңгелге жетишкен беш-алты гана кыргыз жигити бар. Кыргыздар бул спорт дүйнөсүндө өтө аз сандабыз. Мактанбайын, бирок сөз чынына келгенде менин эки машыктыруучум жана алардын катарында мен жакшы ийгиликтерге жетише алдык деп ишеничтүү айта алам. Окурмандар деле баа берет болушу керек. Көп учурда кыргыздардан мыкты бодибилдинг чеберлери чыкпайт деп айтышчу. Бишкекте деле мен-мен деген спортчулар жалаң орус улутундагылардан туруп, алар башкалардын алдыга оозуп чыгышына тымызын бут тосуп жаткандай сезилчү. Бирок биз ал стеортиптин баарын бузуп өтүп, байыртадан Манас атабыздай баатыр элдин урпактарынан экенибизди көрсөтүп, кыргыздардан дагы кең далылуу, чоюн билек балбандар, күчтүү культуристтер чыгарын далилдеп бердик.
- Бул спортко байланыштуу кандай кызыктар болду эле?
- Бул көзгө жакын спорт экен. Чынында абдан кызыктуу учурлар болот.Университетте окуп жүргөн кезимде корпустун алдында турсам ар ким таңкалып карап өтчү. Жаш балдардан баштап, чоң кишилерге чейин карашат. Абдан кызык болчумун. Азыр дагы көчөлөрдөн караган көздөрдөн кадимкидей жаман болом. Көлгө барып калсаң дагы кыздар сүрөткө түшүп алалычы деп суранып тийишкен күндөр болгон. Айта кетсем мен азыр көп футболкачан жүрбөйм. Ысып жатсам дагы спорт кийимимди үстүмдөн түшүрбөйм. Мен адамдарга мактанып денемди көргөзгүм келбейт. Анткени мен булчуңдарымды адамдарга мактанып көргөзөйүн деп спорттун бул түрүн тандаган эмесмин.
- Мына жакында культуризм боюнча Кыргызстандын чемпионаты өткөрүлгөнү жатат. Кандай даярдык көрүп жатасыз?
- Кудай буюрса май айынынын акырында кезектеги чемпионат өткөрүлөт. Андан кийин күч сынашуу боюнча дагы мелдеш болот. Бирок мен культуризм боюнча даярданып жатам. Мен бир жарым айдан бери атайын режимди катуу кармап жүргөн учурум. Күнүнө эки ирет машыгып жатам. Мен азыр такыр майлуу тамак жебейм. Айтып өткөндөй, сууга бышырылган күрүч, жумуртка, тооктун эти, эт жана сүт, кефир гана ичем. Баарынын тузу жана майы жок. Көбүнчө күрүч жана тооктун этин жеп жатам. Арасында банан, апельсин сыяктуу мөмө-жемиштерди дагы колдоном. Эми "Сулуулук курмандыкты талап кылат" деп айтып коюшат го? Өзүңдү кыйнап, мажбурлап режимге отурбасаң жыйынтык чыкпайт жана көздөгөн максатыңа жете албайт экенсиң. Кудай буюрса даярдыктар жакшы.
- Канча атаандашыңыз бар жана канчанчы орунду багындырам деп ойлоп жатасыз?
- Негизи 7-8 атаандашым бар. Ал эми кыргыз жигиттеринен экөө болушу мүмкүн. Көбүнчөсү орустар. Көп учурда калыстардын толук курамы жалаң орус улутунун өкүлдөрүнөн тургандыктан "Кол ийрисине тартып" кыргыздардан эч ким чемпион болгон эмес. Сылык түрдө жолуңду тороп коюшат. Алексей Горностаев деген бар. Мен университетке биринчи курс болуп келгенде, ал республиканын чемпиону болуп турган. Мен ал учурда Эл аралык университетте окучумун. Анын биздин университеттин имаратында залы бар болчу. Мен аны биринчи ирет көргөндө оозум ачылып "шок" болуп калгам (күлүп). Карасаң эле бир "гигант" адам турат да? Ал баралына келип чемпион болуп турса, менин эч кандай булчуңум жок айылдан келген жаш улан болчумун. Мен кантип эле ошол орустай боло албайм деп намыстанып кичинекей залда орустар менен аралашып машыга баштагам. Андан бери беш жыл өттү. Мен азыр ошол Алексей Горностаевдин жанында татыктуу атаандашы болуп тура алам. Алардын жашы улуу жана тажрыйбасы көп болсо дагы, алардын деңгээлине жетип калдым деп ишеничтүү айта алам. Алар 15-16 жыл машыгышса мен 6-7 жыл гана машыктым. Бирок, мен аракет кылып, бардык талаптарды сактап, намыстануу менен машыгып даярдык көрүп жатам. Кудай буюрса бир орунга илинем деген ишеничим бар.
- Кыргыз элине жана жаштарга кандай каалоо- тилектериңиз бар?
- Кыргыз элинде токчулук жана молчулук болсун. Кылымдардан бери бир туунун алдында, бир түндүктүн канатында жашап келе жаткан улуу элди "түндүк-түштүк" деп бөлгөндөрдүн ниетин таш капсын. Жаштарыбыз ыймандуу, карыларыбыз нарктуу, кыз-жигиттерибиз намыстуу болсун. Жаштар арасында спортчулар көбөйсүн.Жаштар эч коркпостон спортко катышкыла деп айтар элем. Көп жаштар "Бүгүн барам, эртең барам" деп убакытты чоюн кечиктирип жүрө беришет. Бул туура эмес. Бир күндө көп болсо бир жарым саат убакытты пайдалуу жакка жумшап спортзалга кирип алып машыгууну баштап коюшса, баары өзгөрүлүп өзүн башкача сезип калат. Ошондуктан спорттон качпагыла. Бардык мекендештерим жакшы турмушта жашасын!

(А. С.)

ӨМҮР КЕМЕСИ

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айылында туулган

Кыргызстан Эл аралык университетин бүтүргөн

Ички иштер кызматкери болуп иштеген

Кыргызстандын Культуризм боюнча республикалык чемпионаттарына катышкан

Оордуктарды көтөрүү жана армрестлинг боюнча өлкө чемпиону

Учурда "ЧЕМПИОН" спорт клубунун машыктыруучусу