күн деми

3 собол
МИЛИЦИОНЕРЛЕРГЕ ЖЕҢИЛДИК КАРАЛАБЫ?
Биздин бул рубрикада коомдогу эң таалуу маселелерди жаштардын үч суроого берилген жообу аркылуу көз карашын чагылдырат.
Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө укук сакчыларына Өкмөт тарабынан бир топ жеңилдиктер каралган. Тилекке каршы бүгүн Кыргызстандын милиционерлерин мурда алып жүргөн жеңилдиктеринен ажыратып коюшкан. Бүгүнкү мейманыбыз Балыкчы шаарынын жаш лидерлеринин бири Талгат Самудинов менен ой бөлүштүк.
- Талгат мырза, бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын укук сакчыларына кандай баа бересиз?
-Бул жерде эң негизги маселе укук сакчыларында эмес, алардын укуктук талаасында болуп жатат. Бийликтегилер өздөрүнө керек учурларда милиция кызматкерлерин элге каршы "калкан" катары пайдаланышып элге жаман көрсөтүп коюшкан. Алар форма кийип, жогорудан берилген буйрукту аткарганы менен биз сыяктуу эле адамдар да? Эмне үчүн биз милиционерлерди жаман көрүшүбүз керек? Бир эле күн милиция кызматкерлери жумушка чыкпай койсунчу көчөлөрдө кандай баш-аламандыктар башталып кетер экен? Азыр милиция кызматкерлерине коомчулук дагы жардам көрсөтүшү керек.
-Биз билгенден көп өлкөлөрдө укук сакчыларына атайын социалдык жеңилдиктер каралган. Биздин мамлекетте дагы камкордук көрүлүшү керекпи?
- Азыркы парламент депутаттары бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, Өкмөт болсо кошумча каражат таап укук сакчыларына мамлекеттен бир катар жеңилдиктерди камсыз кылып беришсе жакшы болот эле. Мисалы: электр энергиясына, газ, коммуналдык кызматтар төлөмдөрүнө, таш көмүргө 50 жеңилдиктер берилип, бала бакчаларда балдары акысыз тарбияланса милиционерлердин жашоо-турмушуна аз да болсо жакшы натыйжасын берет деп ойлойм.Аймактарда жашаган укук сакчыларын 100 отун-суу менен камсыз кылуу дагы мамлекеттин эсебинен жүргүзүлүшү керек. Укук сакчыларынын балдарына дагы жөлөкпул каралышы шарт. Транспорт төлөмдөрүндө (жеке такси, маршруттук каттам)дагы укук сакчыларына жеңилдиктер берилиши зарыл.
- Бүгүнкү күндө эл милицияга ишенеби? Ички иштер министрлигинде кандай реформалар жүргүзүлүшү керек?
- Ишенет. Сенин укугуңду бузган жагдайларга кезиксең биринчи ирет укук сакчылары эсиңе түшөт. Алардан жардам күтөсүң. Коомдо "Милиция менен доктурдан алыс кылсын" деген терс стеоротип орун алган. Бул туура эмес түшүнүк. Милиция кызматкерлери жаман эмес, мамлекеттик мыйзамдарды сактабаган жана жарандык укуктарыбызды билбеген өзүбүз күнөөлүбүз. Албетте, алардын арасында дагы форманы булгагандар кезигет. Мисалы, апрель жана июнь окуяларында бир аптага чейин формасын кийбей жүргөн милиционерлер болду. Эң биринчи укук сакчылары тартип сакташы керек болчу да? Эмне үчүн курч кырдаалдарда генералдар алдыңкы катарга турбайт? Баягы эле катардагы сержанттарды таш менен октун алдына коюшат. Реформалар тууралуу көп нерсе айтса болот. Эң биринчи укук сакчылары бардык кырдаалдарда даяр турушу керек жана кандай бийлик келбесин антын сактап, формасын ыргытып качкандан алыс болушу керек. Мен элет жериндеги бир маселени айткым келет. Учурда аймактарда аймактык тескөөчүлөр аз санда болуп жатат. Бир тескөөчүгө 5-6 калктуу пунк берилген. Бул албетте туура эмес көрүнүш. Ар бир айылда милиция формасындагы кызматкер орун алса жакшы жыйынтыктарды берет деп ишенем.


КОШ БОЛУҢУЗ, МУХТАР БАЙКЕ!
Сиздин кырсыктан көз жумга-ныңызды укканда редакциянын журналисттери абдан кайгыруу менен кабыл алдык. Жараткан жакшы адамдарды бул жалган дүйнөдөн эрте алып кетет экен... Кыргыздын таалайына жаралган шер уул, жарык жылдыз элеңиз. Жылдыз болуп учуп кеттиңиз... Сиз арабызда жок болсоңуз дагы, жаркын элесиңиз жүрөгүбүздүн тереңинде унутулбай жылдыз болуп жанып тура берет. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торколуу болсун... Сизге Фатихалар белек кылабыз... Кош болуңуз, Мухтар байке!
"Айбат plus"
газетасынын жааматы


  биримдик

"АТА МЕКЕНДИН" жаштары шаардыктарды таңкалтырды
Партиянын жаштар канатынын активисттери Бишкектин көчөлөрүндө жана эң ири соода борборунда "флеш моб" акциясын өткөрүшүп шаардыктардын катылып жаткан патриоттук сезимдерин ойготуп коюшту. Борборубуздун чоң көчөсүндө көчөдөн бейкапар өтүп бара жатышкан атуулдарды кучагына кысышып достук сезимдерин билдиришсе, эң ири соода борборунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин жандуу үн менен патриоттук духта ырдашып шаардыктарды таңкалтырды. Акциянын дагы бир өзгөчөлүгү катышуучулардын өлкөнүн туш тарабынан келип борбор калаада билим алып жатышкан ар кайсы аймактардын жана улуттардын өкүлдөрүнөн куралганында болду.
Бул акция мага абдан жакты. Чындыгында мекенди сүйүү сезимиң ойгонот да. Бизди көрүп турган элдер дагы жакшы кабыл деп ойлойм. Биз кечээ күнү дагы "Ата Мекен партиясынан ысык салам!" деген акция өткөргөнбүз. Ал акцияда адамдарды кучактап баарыбыз бир мамлекеттин жараны жана мекендеш экенибизди билдиргенбиз. Адамдар таңкалышса дагы жакшы кабыл алышты. Кудай буюрса ушул сыяктуу акцияларды кеңири масштабда өткөрөбүз деген оюбуз бар.
Перизат Акматбекова,
И.Раззаков атындагы КТУнун студенти
Кечээки "флеш мобдо" адамдарды ынтымакка жана достукка чакырып кучактап көрүшкөнбүз. Өткөн жылдагы түштүк жергесинде болгон кайгылуу окуялардын таасири дагы да болсо элдин эсинде. Биз Кыргызстандын бардык жарандарын биримдикке чакыралы деген асыл максат койгонбуз. Ал эми бүгүн мамлекеттик гимни аткарганыбыз элдин патриоттук сезимдерин ойготуу болду. Бизди сыймыктануу менен карап жатышкан адамдарды көрүп ушундай жакшынакай өлкөнүн жараны болгонума сыймыктанып толкундандым.

Фархад Жээнбаев, студент
окурман куржун
ГУБЕРНАТОРЛОРСУЗ
АЙМАКТАР ТҮЗҮЛСҮН
Алакандай мамлекетибиз ашык баш чиновниктердин катарынан арыла албай келет. Бири- бирин кайталаган түзүмдөр мамлекеттин жарыбаган казынасын жыл сайын оңбогондой капшырып турат. Жашылча-жемиш жөөктөрүндөгү чырмалышкан отоо чөптөрдөй болгон пайдасы жок мамлекеттик түзүмдөрдөн арылмайынча коррупция менен күрөшөбүз деген ураанды созбой, оозубузду бекем тигип алып шүк отурганыбыз туура. Азыркы жергиликтүү аймактык-администрациялык түзүлүш бюджетке дагы, баш мыйзамга дагы дал келбейт. Облустук Кеңеши жок облустук бийлик райондордун иштерин координация кылат. Айылдан районго, райондон облуска, облустан республикага каттар саякаттап, дал ошол жол менен кайра айылчылап келет. Советтик бийликтин саркындысы аймактарда дагы деле гүлдөп тургандай.
Бүгүн биз парламенттик башкаруу жолуна өттүк. Биздин облустарга аймактык-администрациялык өзгөрүү-лөр жасалышы керек. Биринчи ирет губернатордун кызматын жана облустук администрациянын аппараттарын жоюп, курамы 5-6 адамдан турган чакан аппараты бар Премьер-министрдин өкүлчүлүгү түзүлүшү зарыл. Райондор ирилештирип аймактарга бириккенге чейин, райондор республикалык бийлик менен түздөн-түз иш жүргүзүү укугуна ээ болушса эл менен бийликтин ортосундагы чекара ачылат болчу. Базардагы далдалчынын кебетесин кийген облустук аппараттан жана мекемелерден арылсак райондук аткаминерлердин жоопкерчилиги дагы күчөйт. Азыркы учурда райондук мамлекеттик администрациялардын аппаратынын курамы 20-25 адамга чейин жеткен. Бардык райондордо айрым бөлүмдөрдү жоюп жана кошуп аппарат курамын 10 адамга чейин кыскартуу ашыкча чыгымдардан алыстатат.
Ал эми Бакиев заманынан калган райондук Кеңештердин мандат мөөнөтү аяктап жаңы шайлоо жарыялаганга чейин "Шайлоо кодексинде" алардын курамынын санын өзгөрткөн норма киргизилиши керек. Жергиликтүү бийлик башчыларын 27-30 депутат сунуштаганы бул абсурд! Райондук кеңештердин депутаттарынын саны 50-70 адамдан түзүлүшү керек. Ал эми айылдык кеңештердин депутаттарынын курамы 40 адамга чейин пропорционалдык жана мажоритардык система менен шайланышы зарыл.

Жолчубек АКМАТОВ,
Ат-Башы айылынын тургун у.
Кара бурчтук
Бул рубрикада ар бир сан сайын борбордук жана аймактык бийликтегилердин кадамдарына баа берилип, элдин үнү катары cын-пикир айтылат. Бүгүн кыргыз саясатчыларынын "Ала койду бөлө кырккан" саясатынын курмандыгы болгон жөлөкпул маселесин козгодук.

Ар бир балага жөлөкпул
Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 27-июнь күнү кабыл алынган жаңы редакциясынын 16-беренесинин 5-пунктунда "Кыргыз Республикасында баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциби колдонулат" деп белгиленген.Бул беренеге ылайык мамлекетибиздеги ар бир баланын кызыкчылыгы мамлекет тарабынан корголуп жогорку камкордук көрүлүшү керек эле. Тилекке каршы бүгүн республикабыздагы балдардын теңинен көбү мамлекеттик жөлөкпул алуудан куржалак калышкан. Эмне үчүн бийлик өзүнүнүн кичинекей тургундарынан акчасын кызганат? 5 миллионго жетпеген калкы бар мамлекетибизде балдарга төлөнө турган каражаттарды болушунча кыскартып кысып жатышса, 200 миллиондон ашык калкы бар Россияда жана 19 миллион калкы бар коңшу Казакстанда ар бир төрөлгөн бала үчүн бийлик тарабынан жогорку камкордук көрүлүп келет. Казак туугандарда бала жаңы туулганда мамлекет тарабынан 38 190 теңге каражат төлөнөт. Кыргыз сомуна айландырсак 11457 сомду түзөт. Эгерде үй-бүлөдө эне жумушсуз болсо, биринчи төрөлгөн баласына 6365 теңге (1909 сом), экинчи төрөлгөн баласына 7002 теңге (2100 сом), үчүнчү төрөлгөн баласына 7638 теңге (2291 сом) жана төртүнчү төрөлгөнүнө 8275 теңге (2482 сом) ай сайын мамлекет тарабынан милдеттүү түрдө жөлөкпул алып турушат. Ал эми иштеген жумушу бар жана баатыр энелерге дагы өзгөчө жөлөкпулдар берилет.
Бүгүн кайсы жерде жашабасын, кимдин баласы болбосун атайын каттоосу жок болсо дагы мамлекет тарабынан ар бир бала үчүн кеминде 2000 сом төлөнүп берилиши керек. Ошондо гана балдардын кызыкчылыгын камсыз кылабыз.

Айтурган САМАТОВА