"Аруу сезим"- Кубанычбек кызы Гүлүкандын биринчи жыйнагы. Бирок бул жыйнак окурманды кайдыгер калтырбайт.Анткени Гүлүмкан өмүрдүн күңгөй-тескейин өзүнүн гана үнү менен булбулдай сайрап, торгойдой таңшып ырдап келет.Акын кыздын сайрай турган убагы.
Өмүрдүн маңызын эрте түшүнгөн ушундай ыр шиңгилдеринин автору - Гүлүмкан Кубанычбек кызы Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Дөң Алыш айылындагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектептин 11 классында окуйт. Ага поэзиянын аруу дүйнөсүндө ак жолуң ачылып, айдыңың кеңейип Алыкулдун, ата -бабалардын рухтары колдосун!-деп бата берели.

Кайрымдуулук...
Өткөн айда "Ак Мечит" имамы Нурбек Матаев, түрк тили жана диний мугалим Мурат Алтунташ баштаган кызматкерлери Кочкор районунун Чолпон айылындагы балдар үйүнө баш багышты. Ал жерде таалим-тарбия алган 50 кыз-эркекке тамак-аш жана кийим тарабынан жардам беришип балдарды кубандырды. Мектеп интернаттын мүдүрү Жаныш Өмүрбеков мечит кызматкерлеринин бул кылган жакшылыгына ыраазычылыгын билдирди. Ак Мечит кызматкери Мурат Алтунташ жетимдердин кубанычы баардыгыбыздын кубанычыбыз болгондугун жана алардын жалгыз эместиктерин баса белгиледи. Келечекте жакшы кесиптин ээлери болоруна чын жүрөктөн тилектеш экенин белгиледи.