Кошой - Коргон

Кошой-Коргон тарыхый эстелиги Нарын облусунун Ат-Башы айылынан 12 км аралыкта жайгашкан. Чеп тик бурч формасында курулуп, аянты 245х250 метр (кээ бир маалыматтарда узундугу 1000 метрге жеткен коргон менен курчалган). VII-XII кылымдарда бул коргондун ичинде чоң шаар болуп, анда кадимкидей турмуш өкүм сүрүп, шаардагылардын көбү кол өнөрчүлүк менен алектенишкен экен. Азыр чептин ичинде шаар турмушун чагылдырган бир да имарат сакталып калбаганы менен жерди оё жасалган мештердин издери калган. Өз убагында чептин бийиктиги 10 метрге жетсе, биздин күндөргө ал ураган абалда жеткен.
Уламыштарда бул коргонду Манас эпосундагы Хан Кошой курдуруп, кыргыз элин кытай тараптан келген душмандардан 30 жыл сактап тургандыгы айтылып жүрөт. Ошол кездерде Коргондун төрт тарабында бийик мунаралары, туурасы эки араба батчудай бийик дубалы болгон экен. Ал жалаң чопо топурактан бекем курулгандыктан чепти эч бир душман бузуп кире албачу дешет. Ошондуктан бул коргонду жоо албас коргон деп аташчу экен. Дубалдын чопо топурактан курулушу да табышмактуу. Анткени, коргондун аймагынан дубалды тургузууда колдонулган курулуш материалдары жокко эсе. Жергиликтүү калк арасында жоо албас коргондун топурагы башка жактан алынып келингендиги жөнүндө кептер айтылып калган.
Тарыхта
1940-1950-жылдарда тарых изилдөөчү А.Н. Бернштам Ат-Башы аймагын изилдеп жүрүп, Кошой- Коргондун Чыңгызхандын убагында бузулбаган деген божомолду айткан. Анын изилдөөлөрүнө ылайык Кошой-Коргон XIV кылымда Маверенахрдын императору Темирдин убагында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Бирок, бул ойду 1980-1989-жылдары М.Н.Федоров, М.И.Москалевдун жетекчилиги астында жүргүзүлгөн археологиялык экспедиция жокко чыгарган. Бул экспедиция Шаар-Коргон VII кылымда курулуп XII кылымда кыйроого учурагандыгын далилдешкен. Алар чептин монголдор басып алгандан кийин акырындык менен кыйроого учурап отургандыгын дагы бир ирет тастыкташкан. Ал эми чептин аймагынан Маверенахр императорунун доорунан маалымат берчү бир да буюм табылбагандыгын айтышкан. Бирок, тарых барактарында Ат-Башы өрөөнүндөгү хан ордолор жөнүндө XVI кылымдын ортосуна чейин маалыматтар бар. Мисалы, XV-XVI кылымдарда жазылган Мырза Хайдар Курендуглаттын "Тарих- и-Рашиди" тарыхый дил баянында XIV-XV кылымдарда Ат-Башы Монголстандын ханзаадаларынын биринин хан ордосу болгондугу жөнүндө айтылат. Демек, бул аймакта хан ордолордун XV кылымга чейин бар болгондугу тарыхый факт. Бирок, окумуштуулар ал хан ордонун Кошой-Коргонго тиешеси бар же жок экенин так айта алышпайт.
Кээ бир тарыхчылар Кошой-Коргонду бүтүндөй Тянь-Шанды башкарган түрк кагандарынын ордосу болгон деп жүрүшөт. Улуу Жибек жолунда жайгашкан бул чепти уламыштарда жергиликтүү калктын согуш учурларында душмандан коргонуу үчүн атайын курулган чеби дешет. Окумуштуу Бернштам да бул ойду тастыктап, орто кылымда Ат-Башы өрөөнү кол өнөрчүлүктүн, сооданын жүргүзүүнүн борбору болуп (коргон Улуу Жибек жолунун Кашкар менен Фергана өрөөнүн байланыштырган аймагында жайгашкан), ушул аймакта көчмөн калктардын аскер башчыларынын ордосу болгондугун жана бул чеп согуш учурунда аялдар менен жаш балдардын жашынып жатчу коргону болгондугун айткан.Бир нече археологиялык экспедициялардын натыйжасында Кошой -Коргон бүтүндөй Түркстанды башкарган түрк кагандарынын ордосу болгондугу божомолдонуп, коргондун аскердик чеп катары, соода борбору катары мааниси зор болуп турган мезгили X-XII кылымдарга туура келгендиги тастыкталган.
Бул тарыхый эстелик азыркы күндө заманбап реставрацияланбаган жана ачык асман астында ар кандай жаратылыштык факторлордун таасиринен жок болуп кетүү коркунучунда кабылган эстеликтердин катарына кирет. Ошол себептен, 1980-жылдарда коргонду изилдөө иштери кызуу жүрүп, бирок союз тарагандан кийин токтоп калган. Ошол мезгилдерде тарыхый эстеликти мыйзамсыз казуулар болуп, табылган буюмдар чет өлкөлөргө да алынып чыгарылып кеткен. Учурда бул жагы колго алынып, коргондон алыс эмес аймакка 2007-жылы атайын музей уюштурулган. Анда Кошой-Коргондон табылган тарыхый мааниси бар буюмдар, ташка чегилген жазуулар сакталып турат. Шаар коргондон көбүнчө карапа, чопо идиштер табылган. Ушундан улам археологдор шаар элинин кол өнөрчүлүк, мал багуу менен алектенишкендигин божомолдошкон. Себеби, коргондун аймагында дыйканчылык кылууга мүмкүнчүлүктөр жок. Ошондуктан да кээ бир окумуштуулар Кошой-Коргонду көчмөн элдердин жер которуу процесстеринде убактылуу жашап турчу жайы болушу мүмкүн деп да божомолдошкон. Айтор, айтылуу Кошой-Коргон жөнүндө бири-бирин танган түрдүү уламыштар, тарыхый маалыматтар көп. Ошондуктан сырдуу коргон 1859-жылдан тарта бүтүндөй Европанын тарыхчыларын өзүнө тартып келет. Анткени, ал биздин күнгө чейин толук жетпей калган. Ошол себептен эски Шаар-Коргонго зыяратка баргандар анын тарыхын, уламыш кептерин өзү каалагандай кабыл алып, шаардын көп кылымдар мурдагы жашоосун өзү каалалгандай элестете алат. Европанын археологдору менен тарыхчылары бул эстеликтин эң чоң утушу дешет. Себеби, ал реставрациядан өткөрүлбөй башкача айтканда адамзат цивилизациясынын колу жетпеген бойдон ушул күнгө чейин сакталып калган. Дүйнөдө мындай эстеликтер манжалап саналат.

КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУ
19-кылымдын биринчи жарымында кыргыз элине бөтөнчө кеңири белгилүү болгон акын-Калыгул Бай уулу. Калыгул (оң бетинде калы болгондуктан ушундай ат коюшкан) 1785-жылы (эскиче жылан жылында) түндүк кыргызынын сарбагыш уруусундагы букаралашып кеткен манап насилинен туулган. Атасы Дөөлөт кедей болгон. Жалпы жонунан сарбагыш уруусундагы "Надырбек уулдары дешкен. Калыгул жети жашка келгенде бардык арка кыргызындай эле окуу билбестен, азык уруусундагы Сопу ата дегенден намаз окууну үйрөнгөн. Анын диний окуусу ушуну менен чектелген. Ушуга байланыштуу анын чыгармаларында диний көз караштар элементтер катарында гана кезигет. Диний кат сабаты болбогон. Себеби, ал туулган жана эр жеткен мезгилде кыргыз арасында диний көз караштар апчалык канат жая албаган, диний мектептер жок болгондугуна байланыштуу диний окуулар да сейрек боло тургандыгын тарыхый маалыматтар далилдейт. Калыгул өз турмушунда айлана-чөйрөгө адил даанышман, чечен катары таанымал болгондугун кыйла кыргыз өнөрпоздору айтышат. Мисалы, мындай маалыматтар бар: "Калыгул элди аралабаса дагы, бийликке келбесе дагы, анын адилдигине көзү жеткен соң, кээ чакта арка кыргызы чиеленишкен чоң доосу болсо, Калыгулга тапшырган. Калыгул акылынын жетишинче тууралык менен союш, парз албастан, дос-тамыр, өз-жатка карабастан адилеттүүлүк менен чечкен". Замандын шартына карай кээде адилеттик кылып байыртан келе жаткан кадимки адат заңын колдонуп "Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок" деген анын башкы принциптерин айрым учурда адилет кармагандыгы үчүн "калыс бий" аталып кеткен. "Кара кылды как жарган Калыгулдай калыс бол" деген лакап тараган. Калыгулдун акынчылык бөтөнчөлүгүнө байланыштуу мындай маалыматтар да кызык: "Калыгул ырчы эмес даанышман болгондуктан тойго ырдабаган. Сөзүн көп ачылып, айта бербеген. Көп убактарда унчукпай отура берген. Сөзүн макулдатып, акырын токтоолук менен акыл-насыят катарында сүйлөгөн. Айылдын дөңүндө, чогулушта, жаки үйгө киши көп келсе, уят кылып сөз айткан. Айтаар сөзүн айтып, айтып туруп, кээ убакта өзүнчө күңгүрөнүп туруп "ушундай эмеспи!" деп, оң жаккы, сол жаккы ийнин карап коюп сүйлөгөн. Калыгул өмүрүнүн басымдуу көпчүлүгүн көл жергесинде өткөргөн. Туруктуу жердеген жери Кара-Ой, Сары-Ой-Көл күңгөйүңдөгү жерлер болгон
Чынында эле, Калыгулдун кайсы ырларын алып карабайлы, алардын ар бир сабы дээрлик өзүнчө ой толгоонунун жемиши, алардын ар бирөөндө көп учурларда көркөмдөй айтылган залкар ойлор каймактап турат. Бирок ошону менен бирге алардын бардыгы биригип келип да(ал өзүнчө турганда афоризм болуу менен бирге) кандайдыр бир борбордук идея, ойго багындырылат. Башкы басым, негизги ой толгонуусу ошого баш ийет. Калгандары болсо, биригип келип ошонун тегерегине топтолуп, ошону туу катары көтөрүп, көрктөндүрүп тургандай.
Калыгул өз заманынын изденгич, таланттуу уулу. Анын граждандык мүнөзүндөгү ырлары жалаң гана ошо доор менен жок болуп кетпестен, белгилүү турдө азыркы учурда да мааниси жойула элек. Ошондуктан, аны ар кандай тыйууларга карабастан, элдин айрым катмары али күнгө чейин унутпай, ырларын айтып келе жатат. Тарыхый адилетүүлүк анын ырларындагы заманага жараша болгон чектелүүлөрдү жашырбай айтып, урунтуктууларын элге берүүнү талап кылат.
Азиздер айтып кетиптир Акыр заман болжолун. Ак Азирети пайгамбар, Адам ата баш болуп: Акыр заман кишиси, Кичине болоор мүчөсү. Илгери өткөн адамдан Башка болот деп айткан. Адеби жок сүйлөгөн, Кашка болот деп айткан. Конушу такыр, чөбү жок Ташка конот деп айткан. Элдин нурку азайып, Ачка болот деп айткан. Акыр заман адамы Бакыл болот деп айткан. Мал азайып арымдап, Жакыр болот деп айткан. Эгини өнүп, чөп чыкпай Такыр болот деп айткан. Андан кийин замана Акыр болот деп айткан. Акыр заман адамы Алым болот деп айткан. Аяттын сөзүн бек тутпай, Залым болот деп айткан. Аганын тилин ини албай, Чагым болот деп айткан. Биринин тилин бири албай, Жайыл болот деп айткан. Капыр менен аралаш, Ошондо айыл конот деп айткан.
Насыят, санат ырлары Шатыратып күн жааса, Жерге жагат дечү эле. Жакшы чыккан азамат Элин билет дечү эле. Ошол адам ойлосоң, Кимден чыгат деп айткан. Ушул турган калайык, Элден чыгат деп айткан. Алтын-күмүш асылдар Жерден чыгат деп айткан. Текши жерге тегирмен, Жүрүп турат деп айткан. Тегеренип баарысын, Билип турат деп айткан

Калыгулдун санаттарынан:
Кызыл, кызыл кыялар, Кыргый талга уялаар. Такыясын колго алып, Кыз-жигитти кубалаар. Жашыл ала кыялар, Жагалмай талга уялаар. Жакшы заман келгенде, Жаштар бизди кубалаар
Кара жердин бетине Аштык чыкпай, жер калбайт. Атасынын сөзүнө Бала кулак көп
Кайгысыз киши карыбайт, Калп айткан киши жарыбайт.
Беш тогоол өтпөй, жай болбойт, Пейли тар киши бай болбойт. Көп болуп жылдыз ай болбойт, Көөнү тар адам бай болбойт.
Жаман ишке киришпе Акылы бар боз бала. Алал ишти козголо Акылдууга дос бала. Акылсызга жолобо, Жолугасың тайгакка. Тайгаланып жыгылба, Кудайга үнүң угузба.
Жаман иштен качып өт - Жакшылыкка жетесиң. Кокусунан жаманга, Жолукпагын нааданга, Арманда болуп кетесиң, Аманат жандан кечесиң. Жакшы кепке шашпагын, Сабырлык менен барасың. Акыры түбү ошондон, Жакшылыкты табасың.
Этеги жок, жеңи жок кийим чыгаар, Эң кийинки баласы кыйын чыгаар. Акча кагаз бул болуп тыйын чыгаар, Атасынан баласы кыйын чыгаар. Күндө кеңеш бир жакшы жыйын чыгаар, Андай өңдүү бир заман кийин чыгаар. Этек-жеңи чолоюп чапан чыгаар, Эң кийинки баласы тапан чыгаар. Эки башын кайкайтып кайык чыгаар, "Эримди өзүм бийлейм" деп зайып чыгаар.
Кызаргандын баарысы Манат болот турбайбы. Кылган иштин баарысы Адат болот турбайбы. Ырдагандын баарысыСанат болот турбайбы
Кара килең болбой, кар кетпейт, Капсалаң болбой, жут болбойт. Кара өзгөй болбой, доо болбойт. Шагылы болбой, зоо болбойт. Шайыры болбой эл болбойт, Пейили жакшы кем болбойт
Чаң созулат тамандан, Жакшылык келбейт жамандан. Булбулдун мукам үнү бар. Тайлактын таза жүнү бар
Коргондуу жердин ору бар, Улуктун ката зору бар. Экинин бири болбогон Кембагал эрдин шору бар
Аскар, аскар, аскар тоо Аягы барып чап болот. Атадан алтоо болсоң да, Сыйлашпасаң, жат болот
Теректин түбү тыт болот, Жаман адам кырт болот. Каарына алганда, Ак жайдын күнү жут болот
Ак бөкөн келип жыгылат Алдын казып ордосо, Ак шумкар келип илинет, Саятчы алдын тордосо
Ийри жыгач түз болот, Тезге салып оңдосо. Душманына кор болот, Өз тууганын кордосо
Бу дүйнөдө не карып? Сатылбаган бөз карып. Айтылбаган сөз карып, Замандашы болбосо, Карыя болоор тез карып
Кадырын жеңе билбесе, Бойго жеткен кыз карып. Эл жакалай конбосо, Бетегелүү бел карып. Каз-өрдөгү болбосо, Айдың чалкар көл карып. Улук адыл болбосо, Убара болот эл карып
Жалтаңдын башы зоо болот. Жаман менен дос болсоң, Акыры бир күн доо болот. Жакшы менен дос болсоң, Өлгүчөктү коштошот. Жаман менен дос болсоң, "Баягымды бергин" деп, Эки айдан кийин мушташат
Кетсе дөөлөт колуңан, Келмеги кыйын мал кайтып. Келе деп келсе бересең, Кейитет жанды саргайтып
Чырпыгың сынса талыңдан, Чынар болбойт ал кайтып. Чындап ажал келген соң, Чыккан жан келбейт ал кайтып. Өткөн өмүр - качкан куш, Колуңа келбейт ал кайтып
Катынды мээнет чырмаса, Каяша айтат эрине. Жардыны мээнет чырмаса, Аштыгы чыкпайт жерине. Жакшыны мээнет чырмаса, Жакыны менен касс болот. Баланы мээнет чырмаса, Сары карт чыгып, таз болот. Келинди мээнет чырмаса, Кайненеси касс болот. Кызды мээнет чырмаса, Атасынын төрүндө Көп олтуруп кор болот
Тузду мээнет чырмаса Даты чыгып шор болот. Манапты мээнет чырмаса, Түбү менен кор болот. Атты мээнет чырмаса, Аягынан басынат. Төөнү мээнет чырмаса, Котур болуп кашынат. Байды мээнет чырмаса, Ашканага жашынат
Кырчын айтат талмын деп, Кемер айтат жармын деп. Чымчык айтат кушмун деп, Чырпык айтат салмын деп