кеңештер

Айбаттан укуктук куржун
Кочкор районундагы "ЛАРК" юридикалык компаниясынын юристи
Базаров Акжолтой сиздердин сурооңуздарга жооп берет.
Жакында бир досум бир кызды жактырып калды, бирок ал кыз дагы эле мектепте окуйт экен. Эгерде досум ал кызды ала качып кетсе кийин жоопко тартылып калбайбы?
Султан.
Жоопко сөзсүз тартылат себеби Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 54-беренесинин 1 бөлүгүндө Он алты жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо, - жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат. Ал эми ушул 54-берененин 2 бөлүгүндө он алты жашка толбогон адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүү үчүн ала качуу, -үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат деп көрсөтүлгөн.

Акыркы убакта кээ бир иш берүүчүлөр боюнда бар аялдарды жумушка кабыл алуудан баш тартып жатышат жана мындай көрүнүштөр көбөйүдө. Негизи мыйзам боюнда бар аялдарды жумушка кабыл албоого жол береби?
Кымбат,
Көк-Жар айылы.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 305-беренесине ылайык аялдарды ишке алууда анын кош бойлуулугу же балдарынын бардыгы менен байланышкан жүйөлөр боюнча баш тартууга тыюу салынат. Ушул берененин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн жүйөлөр боюнча ишке алуудан иш берүүчүнүн баш тартуусу тиешелүү мамлекеттик эмгек инспекциясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

Айылдагы жайгашкан аянтчаларды жеке менчике чыгарып алса болобу?
Биринчиден аянттар кайсыл жерлердин категориясына кирет экендигин түшүндүрө кетсем. Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 85-беренесинин 1-пунктунда калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери жол катнашы катары пайдаланылуучу, же болбосо калктын маданий-турмуш-тиричилик керектөөлөрүн канааттандыруучу (жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар, автомобиль жолдорунун жээгинде жайгашкан жана аны бойлоп өтүүчү жол четиндеги жер тилкелери, бак-дарактар, газондор, арыктар жана башка сугат тармактары, өткөөлдөр, бульварлар, скверлер, көлмөлөр ж.б.) жерлерден турат деп көрсөтүлгөн. Ал эми аянтттарды жеке менчикке чыгарып алууга мыйзам жол бербейт себеби Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 85-беренесинин 2-пунктуна ылайык калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Өзгөчө учурларда алар ыйгарым укуктуу органдар тарабынан беш жылга чейин ижара шартында жеке жана юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн.

Кайрак жери болуп эсептелген, өзүбүздүн жер үлүштө-рүбүзгө үй куруп алсак болобу?
Кочкордон Асан.
Жок болбойт анткени Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 74-беренесинин 1-пунктуна ылайык сугат жана кайрак жерлер, кен чыккан жерлер, көп жылдык мөмө дарактар өскөн жерлер, маданий жайыттар, түп тамырынан жакшыртылган чөп чабыктар жана жайыттар өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине кирет. Ал эми Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 74-беренесинин 2-пунктунда болсо өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине гидротехникалык курулуштардан башка имараттар менен курулуштарды курууга жол берилбейт деп так белгиленип жазылган. Эгерде өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин жеке менчик ээси ал жерине гидротехникалык курулуштардан башка кандайдыр бир курулуш курса анда ыйгарым укуктуу орган эскертүү бергенден кийин сот аркылуу жер участокторун алып коюуга укуктуу болот.

Айылдаштарым болуп айылдын денгээлиндеги жамаат түзөлү деп жатабыз. Жамаатты түзгөндөн кийин юстиция Министирлигинен каттоодон өтүүңүр тийиш деп жатышат. Деги жамаатты каяктан каттоодон өткөрүш керек?
Бурул, Шамшы айылы.
Кыргыз Республикасынын "Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө" мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктунун негизинде жамаат өз мүчөлөрүнүн арыздарынын, жалпы чогулушунун протоколунун жана уставынын негизинде аны айылдык, шаарчалык, шаардык кеңеште каттаган учурдан тартып юридикалык жактын статусун алат. Демек Сиздин учурда жамаатты каттоодон айылдык кенештен өткөртөсүңөр.

Мен бирөөнө канча сомдон ашык акча карызга берсем расписка жаздырып алышым керек?
Улан.
Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин 177-беренесинин 1-пунктунун негизинде нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылуучу бүтүмдөрдөн башка, төмөндөгүлөр:
1) юридикалык жактардын жана граждандардын ортосундагы бүтүмдөр;
2) граждандардын ортосунда өз ара эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн кеминде он эсе ашкан суммада белгиленген, ал эми мыйзамда каралган учурларда бүтүмдүн суммасына карабастан түзүлгөн бүтүмдөр жөнөкөй кат жүзүндө түзүлүүгө тийиш.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 15-июну N 1115-III
"Эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык 2006-жылдын 1-январынан тартып эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмү айына 100 сом суммасында бекитилген.
Урматтуу
окурмандар!
Юристке болгон сурооңуздар
болсо 0550 525583
номерине СМС аркылуу кайрылыңыздар!




НАРЫН ОБЛУСТУК ЮСТИЦИЯ
БАШКАРМАЛЫГЫ ЖООП БЕРЕТ
Нотариалдык иш-аракеттер деген эмне жана нотариалдык иш-аракеттердин кандай турлору бар?
А. Калмурзаева,
Нарын шаары.
Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндөгү" мыйзамынын 3-беренесине ылайык нотариалдык аракеттер юридикалык мааниси бар талашсыз фактыларды, укуктук окуяларды ырастоону, документтерди күбөлөндүрүүнү, документтерге аткаруу күчүн жана юридикалык аныктык берүү боюнча нотариустун иш-аракетин жана граждандар менен юридикалык жактардын укуктарын, алардын ушул Мыйзамда каралган мыйзамдуу таламдарын коргоого багытталган башка аракеттерин билдирет.
Кыргыз Республикасында нотариалдык аракеттерди мамлекеттик жана жеке нотариустар аткарат.
Калктуу пунктта нотариус болбогон учурларда нотариалдык аракеттерди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучусу-тескөөчү органдарынын (айыл окмоттун) ушундай аракеттерди жасоого ыйгарым укугу бар кызмат адамдары (жооптуу катчылар) жүргүзөт.
Жеке нотариустар бутумдорду (келишимдерди, керээздерди, ишеним каттарды ж.б.) куболондурот, жубайлардын жалпы мулкундогу улушту менчиктоо укугу жонундо куболук берет, документтердин нускаларынын жана алардын кочурмолорунун тууралыгын, документтердеги колдордун аныктыгын, документтердин бир тилден экинчи тилге котормолорунун аныктыгын куболондурот, жарандын тируу экендигин, жарандын белгилуу бир жерде тургандыгын, жарандын суроттогу адам менен окшоштугун, документтерди корсоткон учурду ырастайт, жеке жана юридикалык жактардын арыздарын башка жеке жана юридикалык жактарга берет, акчаны жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алат, аткаруу талабын ишке ашырат, вексель протесттерин аткарат, чектерди толоого берет жана чектердин толонбогондугун ырастайт, документтерди сактоого кабыл алат, дениз нааразылыктарын (протесттерин) ишке ашырат, далилдерди камсыз кылат.
Жогоруда саналып откондордон сырткары, мамлекеттик нотариустар жаран каза болгондон кийин анын мураскерлерине мурастоо укугу жонундо куболук берет, мулкту ажыратууга тыюу салат жана аны алып коет, мураска калган мулкту коргоо жагынан чара корот.

Турак жайды-сатып алуу келишимин созсуз турдо Мамкатоо органына каттатуу керекпи?
Т. Акматов,
Учкун айылы.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 25-беренесинин негизинде турак жайды сатуу-сатып алуу келишимин сөзсүз түрдө Мамкатоо органына каттатуу керек. Себеби аталган келишимди Сиз Мамкаттоо органында каттаткан учурдан тартып турак жайга карата укугуңуз пайда болот.

Кыймылсыз мүлктү сатууда жубайым милдеттүү түрдө макулдук бериши керекпи?
Р. Асанов,
Эмгек-Талаа айылы.
Кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндөгү келишим экинчи жубайдын макулдугун талап кылбастан эле күбөлөндүрүлүшү мүмкүн, андай болуш үчүн укукту аныктаган документтен, Нике жөнүндөгү күбөлүктөн же башка документтерден мүлк жубайлардын биринин жеке менчиги экендиги байкалып турушу керек (жубайлар никеге турганга чейин сатылып алынган, мураска калган же тартуу келишими боюнча өткөн, же никенин учурунда сатып алынган мүлк мурда бөлүштүрүлгөн. Буга биргелешкен никенин убагында олуттуу кайра конструкциялоо, жанына куруу жана башкалар болгондугу документтерден көрүнүп турууга тийиш). Эгерде жубайлардын ортосунда нике келишими түзүлгөн болсо жана нике келишиминде ажыратылган мулкту бөлүп алуу каралса, жубайдын макулдугу талап кылынбайт. Ал эми кыймылсыз мүлк никенин учурунда сатылып алынган болсо, мындай мүлк жубайыңыздын жана Сиздин ортоңуздардагы менчик болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Үй-Бүлөө кодексинин 36-беренесине ылайык мындай мүлктү жубайлардын бири нотариалдык жактан ырастоону жана (же) мыйзамда белгиленген тартипте каттоону талап кылган кыймылсыз мүлктү тескөө боюнча бүтүм жасаш үчүн анын бүтүм жасоого жана каттоого катышуусун кошпогондо жубайынын нотариалдык жактан ырасталган макулдугун алышы керек.

Атамдан калган турак жайды кандай жол менен өзүмө каттатып алсам болот? Атамдын каза болгонуна 2 жыл болду.
А. Ибрагимова,
Нарын шаары.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1154-беренесине ылайык атаныздын менчигиндеги тамды жергиликтүү мамлекеттик нотариалдык кеңсе тарабынан берилген мурастоо укугу тууралуу күбөлүктү алуу аркылуу мыйзамдаштырсаңыз болот. Ал үчүн төмөндөгү документтерди нотариус талап кылат: атаңыздын жана апаңыздын өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрү, турак жайдын укук тастыктоочу документтери (буйрук, чечим, токтом), турак жайдын техникалык паспорту, Мамкаттоо органынан справка, өзүңүздүн туулгандык тууралуу күбөлүгүңүз, атаңыздын акыркы туруктуу жашаган жеринен справка №50-форма, өзүңүздүн паспортунуз. Аталган документтерди алгандан кийин сиз нотариуска мурасты кабыл алгандыгыныз тууралуу арыз жазасыз, андан кийин нотариус сизге жогоруда белгиленген мурастоо укугу жөнүндөгү күбөлүктү берет. Андан кийин Сиз ал күбөлүктү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 25-беренесине ылайык Мамкаттоо органына каттатырышыңыз зарыл.

Жоголгон документтин көчүрмөсүн кандай жол менен алса болот?
И. Асанов,
Дөбөлү айылы.
Нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн же берилген документтер жоголгон учурда алардын тапшыруусу боюнча же аларга карата нотариалдык аракеттер жасалып жаткан жарандардын жана юридикалык жактардын жазуу жүзүндөгү арыздары боюнча мындай документтердин дубликаттары архивдеринде документтердин нускалары сакталган мекемелер тарабынан берилет.
Ал эми нускалары нотариустун иштеринде сакталып турган документтер жоголгон учурда алардын атынан же тапшыруусу боюнча нотариалдык аракеттер жүргүзүлгөн граждандардын, юридикалык жактардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү арыздары боюнча, жоголуп кеткен документтердин дубликаттары берилет (Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндөгү" мыйзамынын 46-беренеси). Жасалган нотариалдык аракеттер жөнүндө справкалар жана документтер алардын тапшыруусу боюнча же өздөрүнө карата нотариалдык аракеттер жасалган жеке жана юридикалык жактарга гана берилет. Керээздин дубликаты керээз калтырган адамга, ал эми ал каза болгондо керээз калтыруучунун өлүмү жөнүндө күбөлүктү көрсөтүү менен керээзде көрсөтүлгөн мураскорлорго берилиши мүмкүн.

Менин апам сабатсыз болгондуктан кол кое албайт. Почта аркылуу өзүнүн пенсиясын алууда кол кое албастыгы кыйынчылык туудурат. Апамдын пенсиясын алып турууга ишеним кат алсам болобу?
Ж. Сатыбалдиев,
Нарын шаары.
Ишеним кат алсаңыз болот. Эгерде жаран саламаттыгы жагынан кемчилдигине байланыштуу же кандайдыр бир себептер менен өз алдынча кол кое албаса, апаныздын тапшыруусу боюнча апаңыздын катышуусу менен жана нотариустун катышуусунда ишеним катка нотариустан жана Сизден башка, жаран кол кое алат. Бул учурда нотариус ишеним катка Сиздин апаңыз эмне үчүн кол кое албагандыгынын себеби көрсөтүлөт.