БИЛИМ ОЧОГУ
КОЧКОР АЙЫЛЫНЫН
КЕЗЕКТЕГИ "7 КЕРЕМЕТИ"
Дүйнөнү таңкалтырган 7 керемет тууралуу баарыбыздын кабарыбыз болсо керек. Адамзаттын колу менен курулган керемет курулуштар өз кезегинде көргөн адамдын көөнүн тойгузуп суктандырчу дешет. Биздин Кочкор айылы дагы кереметтерге бай айылдардын бири. Көпчүлүктүн назарында турган Кочкор айылынын кезектеги "7 кереметин" сиздердин назарыңыздарга сунуштайбыз. Көздөрүңүздүн кычуусу канганча көрүп жыргай бериңиз.
1. Көпчүлүктү тамшандырган "Улуу Касен дубалдары"
Акаев менен Бакиев доорунда Кочкордун "Ак үйүндө" үлкөн жумуштарда иштеп акимдин биринчи орун басары кызматына чейин жетип, бирок бейиши болгур Чекиевдин курмандыгы болуп кызматынан жылмышкан атактуу Касен Азизов кагаз ишине тың болгону менен мыйзамсыз жер басып алып короосун каалагандай чоюп, "мына сага" деп Кочкордун чок ортосундагы парктын аймагында "улуу дубалдарды" тургузганына тамшанасың. Кезегинде бул дубалдарга каршы болгон тургундар сотко чейин арызданып жүргөнүн билебиз. Бирок бүгүнкү күндө дубалдар эч нерсе болбогондой ичине миң түрдүү сырларды катып мисирейип турат. Кочкордо акимдин биринчи орун басары болуп иштеген ар бир чиновник парктарды басып ала берсе келечекте мындан дагы тамшандырган кереметтер пайда болот деп үмүт кылабыз.

2.Карганын уясы кейиптенип шаңырайган "Шамбелги (Светофор)"
Кочкор айылынын көркүнө көрк кошуп жаны жок жезкемпирдей шаңырайып турган шамбелги бир кылымдан бери түстүү жарык чачканды унутса дагы цивилизациянын бир белгиси катары сыймыктуу борбордук көчөдө илинип турат. Бул шамбелгинин качан "кызыл, сары, жашыл" жарыктарын жаркыратып жол тартибин көзөмөлгө салып турганын эч ким билбейт. Анткени, шамбелги жөнүн билген адамдын эң жашы 98 куракка келип аркы дүйнөгө томолонгону турат. Өмүрү шамбелги көрбөгөн жаш балдар "кара карганын" уясына салыштырса аргасыз күлөсүң? Кочкорго канча жетекчи келсе дагы бул шамбелги шаңырайып "мага демек бириң өлүп, бириң кал" дегенсип аркы-терки өткөн автоунааларды жансыз тиктеп турат. Качан жан киргизишери али белгисиз?

3. Теңдик айылындагы атактуу "Филармония"
Бул филармония Кочкор айыл өкмөтүнүн жана Теңдик айылынын сыймыгы десек болот. Бишкектин филармониясында айына бир ирет концерт коюлса, бул филармонияда кудайдын куттуу күнү түркүн оюн-зооктор өткөрүлөт. Керемет филармонияны жаңыдан курулуп жатканда азыркы оор экономикалык кырдаалды эске алышкан даанышман архитекторлор көп тармактуу кылып салышыптыр. Филармонияда оюн-зоок залынан тышкары күйөөсүнүн же келинчегинин көзүнө чөп салышкан эргул "фокусниктердин" сүйүктүү мейманканасы, кумарлана клей жана "сасык чөп" жыттаган "маңкурттардын" корпоративдик кече өткөрө турган базасы, Кочкор менен Нарында жашаган түркүн-түркүн канаттуулар менен жөргөмүш, музоо баш, чычкан, келемиш сыяктуу "кызыл китепке" кирген жан-жаныбарлардын зоопаркы жана шашылышта кире калчу "ажаатканалар" орун алган. Бир гана өкүнүчтүүсү сутканын кайсы убактысы карабагын филармониянын айланасында шынарлашкан "тоок сүйүүлөргө" дагы атайын жылуу-жумшак бөлмө бөлүп коюшса жакшы болот эле. Эптеп үйүнөн качып чыкканы аз келгенсип Кочкордун ызгаар суугу жана ыркыраган шамалы өпкө-боорлорунан эч нерсе койбой немистердин автоматындай "тытыратып" атып жатканына кайыл болуп "тоок сүйүүнүн" аруу сезимдерине арбалышып шүмүрөйүп турган "баатыр" кыз-жигиттерге боорун ачыйт. Ай, архитекторлор ааааай! Баарына орун берип, жаштарды карабай койгонун карасаң? "Миң айткандан бир көргөн" дегендей Кочкор айыл өкмөтүнүн бир керемети болгон филармонияга сөзсүз келип кызыкка батып, тиштериңизди ырсайтып сүрөткө түшүп кетиңиз.

4. Көрүмчүлөр жашаган "Сыйкырчылар мектеби"
Эсил кайран СССР доорунда жашаган аксакал менен көксакалдар "Менин дарегим- Советтер Союзу" деген ырды жакшы билишсе керек? Биздин бул керемет "мектеп" дагы абдан табышмактуу жерде жайгашкан. Айылдын борбордук бөлүгүндө турса дагы сокур эмес көздүү пенде араң издеп таба турган бул сыйкырчылардын окуу жайынан бир кезде атактуу Кары Боктөр (Гарри Поттер) окуп кеткенин сыймыктануу менен айтышат. Бул мектеп сыйкырчылардын билим очогу болгондуктан кожоюну, мугалимдери жада калса окуучулары дагы тирүү пенденин көзүнө көрүнүшпөйт. Сыйкыр даарыган мектепти көрөм десеңиз 100 кадам алыс туруп карашыңыз керек. Болбосо жүрөгүңүз түшүп Чым-Коргон санаториясынын кардары болуп калышыңыз мүмкүн.

5.Борбордук аянттагы "Колтийгис күркө"
Кайра куруунун келиши менен "Таанышың болсо танкасың, таанышы жок маңкасын" деген учкай макал пайда болгон. Айтылган макал дал ушул "Колтийгис күркөгө" арналгандай. Бир кезде бул павильонго кошуна болуп көп соода күркөлөрү жанаша жайгашкан болчу. Жергиликтүү бийлик карышкырга кой тийгендей бардык түйүндөрдү туш келди чачыратып, көчүрүп, тазалап келип бул күркөнү жайына коюшкан. Анткени бул күркөнүн Жогорку Кеңештин депутаттарындай, соттордукундай жана президенттикиндей "кол тийгис" укугу бар. Эр болсоңуз ордунан жылдырып көрүнүз!

6.Кочкордогу багы ачылбаган "13 жылдыздуу мейманкана"
Өз кезегинде райондун аймагына аң уулап келишкен коноктордун ажатын ачкан өкмөттүк мейманкана колдон-колго өтүп, менчиктештирилип кеткен болчу. Кочкордун азыркы төбөлдөрү тыштан келген коногун кайда жаткырарын билишпей бүгүнкү күнгө чейин беймаза болуп келишет. Акыркы жылдары Закирбектин бийлигине жагалданган "Кара жол" партиясынын райондук кеңсеси болуп туруп, 7-апрелден кийин талашка түшкөн 13 жылдыздуу бул мейманкана учурда кыздардын диний мектебине айланган. Эми кудай жолундагы кыздарды чыркыратып качан кубалап чыгышат али белгисиз? Кандай болсо дагы арам акчага алданышпай кыздардын диний окуу жайы кылып башын ачып беришсе жакшы болот эле...

7. Эшектер менен жолбун иттердин бейиши болгон "Колизей"
Бул стадион аты бар чептен Кочкордун мен-мен деген "аңги" эшектери менен үйүгүшкөн жолбун иттеринен башка мыдыр эткен жанды көрбөйсүң. Качан барбагын байыркы гладиаторлордой болуп ач айкырык салып айкырган эшектер менен тиштешип кабышкан иттердин түркүн породаларын көрөсүз. Мингич эшек менен ажаан ит издеп жүрсөңүз, эч ойлонбостон Колизейге келип чекесинен тандап туруп алып кетсеңиз болот.
Бетти даярдаган:
Медербек ЖУМАБЕКОВ