көйгөй

"Оңдолбогон кат" рубрикасы
Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы губернатордун-милдеттин аткаруучу
Муратбеков Канатбек Камбарбековичке,

Кочкор району. Кочкор айылынын Пионер көчөсүнүн № 9 үйдүн тургуну Жанузаков Сагынбектен
АРЫЗ
Менин Сизге ушул арыз менен кайрылуума төмөндөгүдөй себеп болду:
2010-жылдын август айларында табигый кырсык болуп тынымсыз жаан жаап, Кочкор районунун түштүк жак тарабындагы тоо чокуларында жайгашкан "Терс-Төр" жана майда көлдөрдүн көлөмү көтөрүлүп ташып суу каптапган. Тынымсыз жааган жаандын жыйынтыгында Аккыя айылдык округунун Жаңыжол айылында жайгашкан "Сай" участогундагы биздин үй- бүлөгө тийиштүү 3 гектар өлчөмдөгү жер участогубузду суу каптап, анын ичинен 2 гасы зыянга учураган. (Акты тиркелет). Бул боюнча мен өзүмдүн арызым менен Кыргыз Республикасынын Президенти Отунбаева Роза Исаковнага жана тийиштүү органдарга кайрылгам. Кыргыз Республикасынын Президенти Р. И. Отунбаева менин арызымды карап, кайра менин арызымда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечип берүү жагын Нарын облустук мамлекеттик администрациясына жөнөткөн. Ал эми, Нарын облустук мамлекеттик администрациясы болсо Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына менин жазган арызым боюнча териштирүү жүргүзүп жыйынтыгын билдирүүсүн маалымдаган. Ал эми Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы болсо Ак-Кыя айылдык округунан жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынан комиссия түзүп, жеринде барып суу каптап эрозияга учураган жерди көрүп калыбына келтирүүгө мүмкүндүк барбы тактап, кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн болбосо, жергиликтүү кеңештин сессиясында карап мыйзам чегинде чечип берүү жагы Ак-Кыя айылдык округунун башчысы А. Салбаровго тапшырылгандыгын билдирген. (24.09.2010-жыл № 1158 билдирүүнүн көчүрмөсү тиркелет). Ошондой эле, Кочкор районунун Жаңы-Жол айылындагы "Саз" участогундагы мага жана менин үй- бүлөмө караштуу жана суу каптап эрозияга учураган 2 га өлчөмдөгү жер участогубузду башка жер участогуна алмаштырып же болбосо эрозияга учураган жер аянтын калыбына келтирүү жагын Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан чечилип бере тургандыгын Кыргыз Республикасынын өзгөчө Кырдаалдар Министирлиги өзүнүн 28.08.2010-жылдагы № 20/2998 каты менен мага билдирген. (Каттын көчүрмөсү тиркелет). Бирок Ак-Кыя айылдык округунун башчысы А. Салбаров болсо билдирүү берилгенден баштап 4 (төрт) айдан ашык убакыттан бери аткарылган иш боюнча мага жыйынтыктын жообун бербегендиктен, мен Ак-Кыя айылдык округунун башчысы А. Салбаровдун атына 21.01.2011-жылы өзүмдүн арызым менен почта аркылуу кайрылдым.(Почтанын квитанциясынын көчүрмөсү тиркелет). Арызда Ак-Кыя айылдык округу Жаңы-Жол айылындагы "Саз" участогундагы жайгашкан 2 га өлчөмдөгү жер участогубузду калыбына келтирүү жана ошондой эле, эгерде жер участогубузду калыбына келтирүү мүмкүн болбосо, башка жер участогун берүү боюнча эмне иш алып барылгандыгын билдирип коюуну сурангам. Бирок тилекке каршы менин арызым кароосуз жана эч бир жыйынтыксыз калгандыктан, мен өзүмдүн тийиштүү арызым менен 28.02.2011-жылы Кочкор райондук прокуратурасына кайрылдым. Ак-Кыя айылдык округунун башчысы Адыл Салбаров менин Кочкор райондук прокуратурасына кайрылгандыгыма байланыштуу жана жоопкерчиликтен качуу максатында 1- март 2011-жылы үйүмө бир баладан кат берип жибериптир. Ал катты алып окусам, Ак-Кыя айылдык округунун башчысы А. Салбаровдун 23-февраль 2011-жылдагы № 7- билдирүүсү экен. А. Салбаровдун билдирүүсүндө мени эч кандай документти камсыз кылып бербегендигимди билдирген. Билдирүүсүн Жаны-Жол айыл башчысы Күмүшай Мүзүеванын 13-декабрь 2010-жылдагы билдирүүсүнө таянып жазыптыр. Жаңы-Жол айыл башчысы К. Мүзүева өзүнүн билдирүүсүн А. Салбаровго бериптир. Бирок ал билдирүүсүндө Жаңы-Жол айылы "Саз" участогундагы мага тийиштүү жер участогунун алгачкы документтери Жаңы-Жол айыл башчылыгында сакталбагандыгын гана көрсөтүп, Ак-Кыя айылдык Кеңешинин сессиясынан чечип берүүнү сураныптыр. Бул жерден А. Салбаров мени өзүмдүн жер участогуна болгон документтеримди көрсөтө алган жок деген көрсөтмөсү калп экендиги далилденип турат, анткени, Жаңы-Жол айыл башчысы Ж. Каратокоевдин 23.03.2011-жыл № 3 маалыматында мага жана менин апам Тойтоева Канышка Жаңы-Жол айылындагы "Саз" участогунан 2 га кайрак айдоо жери жана 26- март 1998-жылдагы № 776 жер күбөлүгү берилгендигин жана ошондой эле, 1 га өлчөмдөгү жер участогун өздөштүрүп алганы далилдеп жатат. Ошондой эле, Аккыя айылдык округунун башчысы А. Салбаров эч кандай маалыматты текшербей туруп, мени эч кандай айылдык Кеңештин сессиясына чакыртпастан, 15-декабрь №16/85 2010-жылкы Ак-Кыя айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясында депутаттарга талкууга сунуш кылсак жерди алгандыгыңыз жөнүндө эч кандай документ көрсөтө албагандыгыңыздын себебинен арыз канааттандырылбай калды деп мага билдирүү берген. (Ак-Кыя айылдык округунун башчысы А. Салбаровдун 23-февраль 2011-жылдагы № 7 билдирүүнүн көчүрмөсү тиркелет). Мен бул билдирүүнү алып окугандан соң Ак-Кыя айылдык Кеңешинин депутаттары жана жер жана турак жай боюнча комиссиясынын төрагасы Т. Ашымовго жана мүчөсү М. Жакыпбековго жана депутаттар Турдукожоев Абай жана Кожоналиев Нусуптарга 10- март 2011-жылы кайрылдым. Жыйынтыктыгында Ак-Кыя айылдык Кеңешинин депутаттары жер жана турак жай боюнча комиссиясынын төрагасы Т. Ашымов жана мүчөсү М. Жакыпбековдор жана Ак-Кыя айылдык Кеңешинин депутаттары Абай Турдукожоев жана Нусуп Кожоналиедер мага өздөрүнүн 11- март 2011-жылдагы билдирүүсүн беришти. Мага берилген билдирүүсүнө ылайык Аккыя айылдык Кеңешинин 15-декабрь 2010-жылкы IV-чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясында менин жана менин үй- бүлөмдүн Кочкор району Ак-Кыя айылдык округу Жаңы-Жол айылындагы "Саз" участогундагы жайгашкан 2 га өлчөмдөгү жер участогубузду 2010-жылдын август айларында болгон суу каптоо табигый кырсыктын жыйынтыгында жерибизди калыбына келтирүү жана эгерде жерибизди калыбына келтирүү мүмкүн болбосо башка жер участогуна алмаштырып берүү маселеси Ак-Кыя айылдык округунун башчысы А.Салбаров тарабынан коюлбагандыгы жана андай маселе Ак-Кыя айылдык Кеңешинин депутаттарынын жер жана турак жай боюнча комиссиясы тарабынан каралбагандыгы билдирилген. (Ак-Кыя айылдык Кеңешинин 11-март 2011-жылдагы, 2011-жылдын 22,23-мартагы билдирүүнүн көчүрмөсү тиркелет).
Демек, Аккыя айылдык округунун башчысы А. Салбаров Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Исаковна Отунбаеваны, Нарын областынын мамлекеттик администрациясын жана мени алдап, жалган маалымат берип жатат. Ал эми менин арызым боюнча маселени Ак-Кыя айылдык Кеңешинин депутаттарынын кароосуна А. Салбаров койгондугу жана деги эле Ак-Кыя айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын XVI-сессиясы болуп өткөндүгү күмөн болуп жатат, себеби Ак-Кыя айылдык Кеңешинин сессиясына мени дагы чакырышы керек болчу. Бирок мени чакырткан жок. Эгерде Ак-Кыя айылдык Кеңешинин 15-декабрь №16, 85 IV-чакырылышынын XVI-сессиясы болуп өтсө, ал жөнүндө жыйынтыкты Ак-Кыя айылдык округунун башчысы А. Салбаров Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына кат түрүндө билдириши керек эле, бирок андай билдирүүнү азыркы убакытка чейин Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына жөнөткөн эмес. (Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын укуктук колдоо иштери боюнча башкы адис Ж. Мамадиловдун 1.04.2011-жылы берген распискасынын көчүрмөсү тиркелет).
Өзүңүзгө жакшы маалым болгондой жаз келди. Эл оокат кылып жакырчылыктан чыксын деген максатта мамлекет элге 9% өлчөмдө насыя берип жатат. Мен дагы ал насыяны алып жер иштетип үй- бүлөмдү багайын деген ниетим ишке ашпай калуу коркунучта турат. Андан сырткары Ак-Кыя айылдык округунун башчысы А. Салбаровдун шалаакылык мамилесинен эмнеге мен жана менин үй- бүлөм азап тартышы керек?
Ак-Кыя айылдык округунун башчысы А. Салбаров менин Конституциялык жана жарандык укугумду тебелеп- тепсеп жана Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарын бузуп жатат. Тактап айтканда Ак-Кыя айылдык округунун башчысы А. Салбаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 33-беренесин жана Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майы N 67 "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамынын 4,8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү администрация жөнүндө" мыйзамын сактабай бузуп жана өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбай жатат. Андан сырткары мага жана башка органдарга жалган маалыматтарды берип жатат. Менин арызымды кароосуз калтырууга ар кандай аракеттерин жасап келүүдө.
Жогорудагыларды жазгандарды жыйынтыктап, Сизден Кочкор району Ак-Кыя айылдык округу Жаңы-Жол айылындагы "Саз" участогундагы жайгашкан 2 га өлчөмдөгү жер участогубузду калыбына келтирүү жана ошондой эле, эгерде жер участогубузду калыбына келтирүү мүмкүн болбосо, башка жер участогун берүү боюнча көйгөйүмдү чечип берүүңүздү суранам жана ошондой эле Ак-Кыя айылдык округунун башчысы А. Салбаров менин арызым боюнча эч бир жыйынтык чыгарбай, өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарбай, менин укугумду бузуп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык жоопкерчилике тартып берүүңүздү суранам.

Сизди урматтоо менен,




С. Жанузаков
Коомдук кабылдама
Мектептеги кылмыштуулук менен кантип күрөшсөк болот?
Нурбек, Кочкор району:
Биринчиден эркек бала өзүнө жана сөзүнө жооп бере билиши керек. Экинчиден тамеки менен ичкиликтен алыс болуп кичинесинен спорт менен машыкса ким тийишмек эле? Мектептерде салык салуу адаты 8-класстан катуу башталат. Менимче мектептерде өзгөчө статуска ээ болгон "Коопсуздук кызматкерлери" иштесе жакшы болот. Алар сырткы тартипти карамак. "Коопсуздук кызматкерлерине" райондук ички иштер бөлүмүнүн атайын күбөлүгү берилип аймактык тескөөчүнүн жардамчысы катары иш алып барышса таасирдүү болмок. Ал эми мектеп ичинде окуучулардын Парламенти жана Өкмөтү атайын түзүлгөн программа менен кылмыштуулукка каршы күрөш жүргүзсө тартип болот.

Бакыт, Жумгал району:
Бул көрүнүш бир гана балдар арасында эмес кыздарда дагы көп кездешет. Бул нерсенин тамыры ыймансыздык деп ойлойм. Ошондуктан уул балабы, кызбы динге жакын кылып тарбиялоо керек. Мектептеги кылмыштуулуктун өзөгү бул күнүмдүк "тамеки, арак, тууган күн" сыяктуу нерселерге коротуу үчүн жетиштүү акча жок болгондуктан башталат. Менимче мектептерде "дин таануу" сабактары киргизилсе кылмыштуулук азаят. Мисалы, Ислам дининде жана пайгамбарыбыздын хадистеринде "зөөкүрдүк, адам укугун тебелөө, денеге зыян келтирүү" сыяктуу терс көрүнүштөргө карата айтылган тарбиялык сабактар бар. Аларды эмне үчүн мектепте колдонбошубуз керек?

Айбек, Ат-Башы району:
Эң негизги күнөөкөрлөр катары ата-энелерди айтат элем. Анткени бул жерде өспүрүмдөргө үй-бүлөлүк тарбия жетишпейт. Көпчүлүк ата-энелер уул-кыздарынын билим алуусуна көңүл бөлүшпөйт. Өзгөчө аталардын таасири төмөндөп кеткен. Мектеп жетекчилиги ар бир окуучу менен жеке иш жүргүзүүнү унутуп коюшкан. Класс жетекчилер болсо айлык алганына ыраазы. Билим сапатынын төмөндүгү, педагогдордун көңүл коштугу, балдардын социалдык абалына карап мамиле жасалып жаткандыгы аларды кыжырдантып өзүнөн төмөн турган балдар-кыздарга бугун чыгарышып жаткандай сезилет. Жергиликтүү бийлик, мектеп администрациясы жана ата-энелер комитеттери биргеликте иш алып барса кылмыштуулук жоюлат.

Самат, Ак-Талаа району:
Менин оюмча сырткы фактор көбүрөөк таасирин берет. Мисалы, армиядан келишкен боз балдар боштуктан эмне кылышарын билишпей мектептин тегерегинен кетишпейт. Окуучулар алардын табылгыс казынасы десек дагы болот. Мектептин 11-класстарына салык салышат. Алар акчаны улам төмөнкү класстардан жыйнашат. Мектеп рэкетирлерин тарбиялап жатышкан дагы ошол жигиттер. Алар армиядан үйрөнүшкөн кыйноо жолдорун жаш балдарга үйрөтүшүп колдонушат. Канча бала травма алып жатышат? Канча бала сабактан калып жатат? Ар бир айылда участкалык тескөөчү жана мектеп инспектору иштесе кылмыштуулукка бөгөт коюлат болчу.

Алибек, Нарын шаары:
Мындай терс көрүнүштөр Нарын шаарынын мектептеринде өнөкөт ооруга айланып калган.Каны кызуу жаш балдар эч нерседен тайманбайт экен. Алардын жүрөгү курч да? Мыйзам деген бар. Ким болбосун темир тор артына баргандан чоочулайт, сестенет. Менимче мектептерде "адам укуктары жана мыйзамдуулук" сабагы терең окутулушу керек. Коомдо болсо "крыша" деген түшүнүк жоголушу керек. "Күн баарына тегиз тийет" деп коюшат го? Керек болсо, акимдин, прокурордун балдары рэкет болуп жүрүшөт. Бирок аларга эч ким унчуга албайт. Ошондуктан ар бир адам мыйзам алдында бирдей жооп берген эрежеге барышыбыз керек. Мына ошондо гана мектептерде тартип орнойт.