Аймактар

жумгал жумгалдагы турмуш сүртүмдөрү
Тилибиз
"сынбаса" экен.
Райондо мамлекеттик тилди жана Улуттук идеологияны өнүктүрүү борбору коомдук башталышта иштейт. Ага Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, коомдук ишмер Шарыпкул Эсенгулов жетекчилик кылат. Бул коомдук борбордун отуруп иштей турган кеңсеси, алган маянасы, автоунаасы деле жок. Бирок, Т.Арзыбеков, Ө.Жумалиев, К.Ниязбеков, А.Айдаралиев сыяктуу кызматкерлерден комиссия курамын түзүп алып, мекеме-ишканаларды, айыл округдарды, мектептерди кыдырышып, алардын көрнөк-жарнактарына, иш кагаздарына, сүйлөгөн сөздөрүнө, кийген кийимдерине чейин көз салышып, улуттук наркты өнүктүрүү багытына элди, өзгөчө жаштардын көңүлүн буруп жүрүшкөнүнө 3 (үч) жылдын жүзү болгону менен иштер алга тез жылып кеткени деле байкалбайт.
Ишкана-мекемелердин компьютерлерин кыргыз тамгасына которуу маселесине башка түгүл райкеңештин кызматкерлери, райондук сот көңүл бурушпаганына нааразы болгонун айтышып, көчөдөгү "автозапчасти", "фото салон", "халал" кафеси ж.б. көрнөктөрдү мамлекеттик тилде жаздыруу мүмкүн болбогондугуна кейишет.
Албетте, бул ишке ажобуз баш болуп, кандайдыр бир жагымдуу кептерди козгоп коюшканы менен, ал кеп андан ары уланбай, борбордон келген иш кагаздардын орус тилинде жазылышы, эл ичинде ар кандай диний агымдардын күч алышы тоскоолдук кылууда. Буга өзгөчө райондун жетекчилери көңүл бурушпагандыгы өкүнүчтүү.
Ага карабай айрым ишкана мекемелер, мамлекеттик тилди, улуттук идеологияны, кыргыздын наркын өзгөчө зарыл экендигине кошулушуп, өздөрүнүн жакшы иш-аракетин жасап жатканына ыраазылыгын билдиришет. "райондогу "Санэпид станция" мекемесинин жетекчиси Б.Орозбакова абдан мекенчил уюштургуч, жаңычыл экендигин көргөзүп, мекемесин "тазалык таалим ишканасы" деп атап иш орундарын жаркыратып, мекеменин айлана-тегерегин күзгүдөй мизилдетип, иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүлүүсүнө көңүл буруп, ал тургай кызматкерлерин улуттук үлгүдө кийиндирүүгө аракет жасап жаткандыгы сүйүндүрөт. Кыргыз элинин "Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал" деген макалы биздин дал ушундай адамдарга жарашчуудай" дейт коомдук борбордун жетекчиси Ш.Эсенгулов.
2011-жылы комиссиянын мүчөлүгүнө кирип калып бир канча мекемелердин кыргыз тилине көңүл бурушпагандыгына күбө болдум. Борбордук көчөдө илинип турган көрнөктөрбүз мамлекеттик тилди ойлоп коё турган түрү жоктой. Ал тургай Кай бири "бизди эле көрүп калдыңарбы. Мындан башка ишиңерди бүтүрүп алгылачы десе, кай бири депутаттарың кыргызча сүйлөгөндү дагы билишпейт" деген сөздөрдү айтышат. 70-80 жашты аркалап турган Т.Арзыбеков, Ш.Эсенгуловдой аталарыбызга мына ушундай сөздөрдү угуу оңойго деле турбаса керек, бирок, кыргыз элинин келечеги жана кыргыз тили үчүн иштеп (бир тыйын албастан) жаткандыгына жүрөгүң жылыйт экен.
Ар бирибиз өзүбүздү сын көз менен карап өзүбүз менен күрөшө билип, одоно каталарды кетирбегенге аракет жазасак, депутаттар элди көрүп оңолушабы деген ойду айла жоктон айткым келет.

Акимдер
"ансамбли".
Доор кулаганда, ошол жаңы доорго ылайык жетекчилер келди. Жумгал өрөөнүнүн биринчи акими Б.Самудинов жерди, малды, айыл-чарба техникаларын, айрым ишканаларды, сарайларды менчике чыгарып кетсе, анын ордун тартып алган Э.Аманалиев жаңы мекеме-ишканаларды ишке киргизип, "Эмел" минералдык суу чыгаруучу ишканасы, Жаман-Талаа тегирмени, андан башка ондогон кичи тегирмендер, колбаса чыгаруучу ишкана сыяктуу учур талабына ылайыкталган жаңы кызмат орундарын ачты. Учурда алардын бири да калган жок. Көрсө атка мингенде эле кыйшык отурса керек, Э.Аманалиевдин кайда жүргөнү билинбей кетти.
Жумгалдын үчүнчү акими Ө. Кожеков-мурда советтик түзүлүштө жетекчи жүргөн экен, аким болуп келээри менен Жумгал эллин тазаланып алууга үндөп, короо-сарайларын ирээтке келтирип там курду. Жер айдоо, сугат маселелерин колго алып, сергек жашоого багыттап, маданият маселесинин чоо жайын элге кенен түшүндүрүүгө өткөндө, булл жетекчи кимдир бирөөлөргө жакпаган көрүнөт, бат эле кызматтан алынып калган. бүгүнкү күнгө чейин эл оозунда "акимдердин жасаган иштеринен Кожековдун кызыл таштарынан башка эч нерсени көрбөй келебиз" деген сөздөр айтылып калат. Анын ордуна келген Э.Акиев өз кеңсесинен чыкпай жүрүп эле иштен кеткенин айрым адамдар кеп кылышат.
Коммунисттик үлгүнү унутпаган Т.Сыдыгалиевич келгенде, кайрадан айыл-чарбасына көңүл бурулуп, элдин келечекке болгон үмүтү жана баштаганын айтышат. бирок, аны Т.Усубалиев өзүнүн талапкерлигин кайрадан депутаттыка койгондо Кочкорго чакыртып кетип, ошол бойдон дайыны угулбай кетти.
Андан кийинки акимдер келди-кетти милдеттерин аткарып жүрүшкөндөй П.Керимов, Т.Касмамбетов, М.Бегалиев, А.Ногойбаев аттуу аким болуп эл башына келген жетекчилер жөнүндө азын-оолак кеп болбосо алгылыктуу иштерин көрө албагандыгын кеп кылышууда.
Райондун экономикасы, маданияты, билим берүүсү, саламаттыгы күндөн-күнгө начарлап, алардын жетекчилери да улам алмашып, карапайым кызматкерлер жакшылыктан үмүттөрү үзүлгөндөй шылкыны бош жүрүшөт.
Жакында 2010-жылдагы революцияга чейин иштеп турган аким Т.Касмамбетов кайра куттуу орунуна келип олтурду. Ал кандай жол менен, кантип, канчага чейин келгенин эч ким билбей, 2010-жылдын апрель айындагы революциядан кийин бир канча акимди алмаштырууга жетишкен Жумгал эли "дегеле эми ушунун боосу бек болсо экен" дешип кудайдан тилеп отурган учуру.
Анткени менен Т.Касмам-бетов мурунку орунуна кайра келери менен эгемен-дүүлүктүн жыйырма жылдыгына карата "кыргыз айылы" аттуу кароо-сынак өткөрүүнү күн тартибине койгону турат. Эгерде бул аракет ишке ашса Жумгал эли бир ирэт тазаланып алуусу ажеп эмес.

Жумгал
кайрыктары
СССР кулаар замат Жумгал жаңы-белгисиз доордун ыргагына ыкчам аралашып Республикада биринчилерден болуп "Өрнөк" колхозу заматта дыйкан чарбага айланып кетти. Ошого куйрук улаш бүтүндөй коомдук деп аталгандар менчикке тарап. Нарын облусунда экинин бири аталган эт комбинатынын дубалы да калган жок. Сүт заводу, нан заводу, турмуш-тиричилик комбинаты, мейманкана, пионер лагери, автобаза ж.б. элге дайыма кызмат кыла турган мекемелер ит бекер таратылып, караламан эл алакандарын чаап отуруп калышты.
Андан бери 21 жыл өттү. Бирок, Жумгал жеринин, карапайым элдин өнүгүп кеткени билинбейт. Мал менен жерди, техникаларды менчикке чыгарып алсак эле жыргайбыз дегендердин көпчүлүгү тас кейпинен өзгөргөн жок. Дагы деле мурда бийликте жүргөндөр кулк-мүнөздөрүн заматта өзгөртүшүп, кайра бийликке аралашып, ташы өйдөлөп, ошолордун үнү бийигирээк чыга баштады. Анткен менен үмүт деген бар экен "эртең жакшырып кетебиз" дешип борборду теше тиктеп күн кечирүүдөн жадашпай келет.
Жумгал жери республиканын "сокур ичегисине" окшоп, өзүнчө эле бөлүнүп турат экен. Кымбатчылык ушул аймактан башталат. Кара-Кече көмүр тилкеси Жумгалдыктарга кайгы гана алып келди: 30тонналык машиналар жолдун тарпын чыгарып, машине минбей жөө жүргөн тынчыраак сезилет. Жумгал эли, өзгөчө карыя-аксакалдарыбыз жогору жактан "чоңдор" келген сайын жол маселесин айта берүүдөн тажабай келет.
Ырас, ишкана-мекемелер-дин саны мурдагыдан арбып, бюджеттен маяна алгандардын катары көбөйүп, андагы жүргүзүлүп жаткан иштердин чеке жылытары жокко эсе. Сөзүбүз төгүн бобосун үчүн айрым мекемелерге башбагып көрөлү.

Мааниси жок
маданият
Ар бир мамлекет, ар бир эл, ал турсун ар бир аймак өзүнө тиешелүү маданияты, жүрүм-туруму, каада-салты, наркы менен өзгөчөлөнүп турат эмеспи. 1939-жылдары "колхоз-совхоз театры" деген ардактуу наамды биринчилерден болуп алган. Андан кийин "Элдик театр" уюштурулуп, анын алдында түзүлгөн "Бекбекей" ансамбли Советтер Союзунун атынан, батыш Берлинди жаңыртты. Бир кездеги драмалык кружоктон профессионал театрдын деңгээлине жетип, бир канча штаттар ачууга жетишкен. Бүгүн ошолордун бирөө жок, "Бекбекей" ансамбли эчак унутулган. Маданият бөлүмүндө кирип-чыгып жүргөн кызматкерлерди көрүп калганыбыз менен маанилүү иштерин байкабай келебиз. Мунун себеби эмнеде деген суроо туулбай койбойт. Көрсө, кадр барын чечет көрүнбөйбү…

САЯК
ак-талаа
Жаштар биздин келечек
Ар ким өз көмөчүнө күл тарткан заманда, жаштар маселеси көңүл кубантарлык эмес. Дипломду сандыкка катып канчалаган жаштарыбыз кезгин болуп, чет жерде иш издеп жүрөт. Бул турмуш чындыгы. Жакында Ак-Талаа районунда форум болуп өттү. Албетте анда көптөгөн маанилүү маселелер айтылганы менен аны аткаруу жагы кантип ишке ашат деген суроо ойлондурбай койбойт. Мына ушул форумду өткөрүүнүн максаты деги эле бүгүнкү күндө жаштарыбызга мамлекет тарабынан кандай камкордук көрүлүп жатат, келечекте алар кандай жардамга муктаж экендиктерин ошол форумдун катышуучусу жана жаштар канатынын лидери Каныбек Эсеналиевдин өзүнөн уксак.
- Бул "Ак-Талаа жаштар" демократиялык коомдук уюмунун түзүлүп жататкан себебине токтолсоңуз?
- Сөзүмдү улуу жазуучубуз Чынгыз атабыздын жакшы сөзү менен баштагым келип турат. " Адамга эң кыйын - күн сайын адам болуу" деген сөзүндө чоң маани жатат. Мамлекетибиздин келечеги жаштардын колунда болгондон кийин ар бирибиз баскан изибизди жана жасаган ишибизге баа берип өзүбүздү күн сайын адам болууга тарбиялашыбыз зарыл. Акыркы жыйырма жыл ичинде Кыргызстанда жаштарга талаптагыдай көңүл бурулбагандыгын да жашырганыбыз болбос. Натыйжада, жаштар бир катар ар кандай көйгөйлөргө жана кыйынчылыктарга дуушар болгон. Алардын ичинен төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот:
- Республиканын борборунда жашаган жаштар менен региондордо жашаган жаштардын ортосунда билим алуу жагында бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугу;
- Жумушсуздук, албетте бул жаштардын көпчүлүгүн республиканын ишке жарамдуу орчундуу бөлүгүнүн иш издеп чет өлкөлөргө кетүүсүнө мажбур кылган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын көп-чүлүк жарандары, айрыкча жаштар Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында, ошондой эле эл аралык укуктук актыларды аларга чегерилген укуктар, анын ичинде саясий укуктар жөнүндө жетиштүү биле беришпейт. Ошондон улам, биздин коомдо учурда, мамлекет үчүн, коомдун өзү үчүн да укуктук нигилизм жана укуктук маданияттын пастыгы сыяктуу алгылыксыз көрүнүштөр кеңири жайылып жаткандыгын моюнга алууга мажбур болуудабыз.
- Менин айтайын дегеним жаштар көп учурда алданып калууда?
- Туура, жаштар ар кандай себептерден кээде билиминин тайкылыгынан улам, курал болуп калууда. Анткени, өз укуктарын жакшы билбеген жаштарга кандай болбосун идеяны таңуулап, аларды коом үчүн дайыма эле алгылыктуу натыйжа бере бербеген айрым бир аракеттерге тукуруу оңой. Натыйжада, бүгүнкү күнгө чейин жаштар коомдун саясый системасында өз потенциалдуу мүмкүнчүлүгүнө жараша ээлөөгө тийиш болгон орунду эмес, башка абалды ээлеп келгендигин айтууга болот. Албетте, жаштар мамлекеттин келечеги экендиги абсолюттук чындык. Бүгүнкү күндө жаштар кандай тарбия алып, алар үчүн өлкөдө кандай шарттар түзүлүп, алар эмнеге шыктуу экендигин ийгиликтүү жана натыйжалуу тастыктай алышына жараша, биздин өлкөнүн жакынкы келечектеги бейнеси түптөлөт.

Биздин негизги максаттарыбыз:
Ак-Талаа жаштарынын өз укуктары жана аларды кандайча натыйжалуу жүзөгө ашыра ала тургандыгы тууралуу деңгээлин жогорулатуу, жаштардын укуктук жана жалпы маданиятын көтөрүү, билим берүү деңгээлин жогорулатуу жана алардын жеткиликтүүлүгүн арттыруу, ошондой эле жаштардын өз квалификациясын туруктуу жогорулатууга далалатын арттырып, бул үчүн зарыл шарттарды түзүү керек деген ойдобуз.
Ак-Талаа жаштарын ар кандай коомдук иштерге тартуу жана алардын укуктук, социалдык, саясий жана интелектуалдык маданиятын көтөрүү максатында " Ак-Талаа жаштар" демократиялык коомдук уюму түзүлүп жатат. Айылдагы жаштар же шаардагылар дебей баардык жаштарга бирдей мамиле болуусу керек.

Калбек Бейшен