жаңылыктар

3 собол
CОКУР САЯСАТЧЫЛАР СҮЙЛӨБӨСҮН
Канкор Бакиевдин кандуу бийлиги кулаганына бир жыл толду. Нарын эли түп көтөрүлгөн төңкөрүштө Кочкорлуктар дагы жөн турбастан Закиржандын режимине каршы аттанышкан. Кочкордогу нааразычылык акцияларынын активдүү катышуучусу, учурда Алматы шаарында иштеп жүргөн Нурбек Сыдыковдон 3 собол сурадык.
- Нурбек мырза, Кочкордо нааразычылык акциясына чыкканда Бакиевдин бийлиги кулайт деп ишендиңиз беле?
- Чынын айтсам коркунуч болгон. Биз райондун борборундагы азыркы аким Р.Сарыбаев баш болгон топко кошулганыбызда 50-60 гана адамдар бар болчу. Бирок Кочкордун четине чыгып бак кыйып жол тоскондо элдер көбөйө баштады. Жаштар абдан көп болду. Нарын шаарында бийлик алынып А.Бекназаровдор Бишкекке өтүшкөндө алардын артынан 8 машина менен Ала-Тоо аянтындагыларга дем бололу деп биз дагы борборго аттандык. Түнкү саат он экиге чейин аянтта болуп Бакиевдин бийлигин кулаттык.
- Ошол 7-апрель күнү Кочкордо болгон талап-тоноочулука кандай көз караштасыз?
- Абдан уялдым. Кайсы келесоо өз үйүнө кол салсын? Биз Ала-Тоо аянтында жүргөндө Кочкордон чалышып, райондук прокуратураны талкалашып, акимчиликти талап-тоноп айнектерин талкалап жатышканын айтышты. Мен ишенген эмесмин. Каны кызуу окуучу балдарды криминалдар тукуруп коюшканын кийин айтып жүрүштү. Өз колуң менен жер казсаң дагы адал тамак жесең кандай жакшы.
- Бир жыл мурда жасалган төңкөрүш элдин ишеничин актадыбы?
- Мен билгенден элдин ишеничи акталбай жатат.Парламентке кимдер келгенин элдин баары билишет.Алар кудайдын куттуу күнү маскарапоз болуп эки-экиден мушташып жатышат. Көчөдө болсо азык-түлүк кымбаттап, жумушсуздар көбөйүп жашоо оорлошуп баратат. Ө.Бабанов, К.Байболов сыяктуу кыйтыр адамдарды бийликке жолотпош керек болчу. Президент менен Премьер-министр жакшы эле аракет кылып элдин жүгүн көтөрүүдө. Ал эми Бакиевдин болгон жерин аймалап жүргөн Акылбек Жапаров, Камчыбек Ташиев, Феликс Кулов сыяктуу "сокур саясатчылар" сүйлөбөй эле коюшсунчу.

"ЭЛ БААТЫРЛАРЫ" УНУТТА КАЛДЫБЫ?
Апрель окуясынан кийин республикадан баштап чолок көчөлөргө чейин Координациялык Кеңештер түзүлүп элдин тынчтыгын сактоо, ынтымакка чакыруу жана Убактылуу Өкмөткө жардам көрсөтүү функцияларын аткарышкан. Кочкор районунун борборунда алгач 17 адамдан турган райондук Координациялык Кеңеш түзүлүп, бир ай ичинде мүчөлөрүнүн саны 23 адамга жеткен. 2010-жылдын 7-апрель түнү Координациялык Кеңештин чечими менен Рысбай Сарыбаев "элдик аким" болуп шайланган. Кочкордун Координациялык Кеңеши апрель-май айларында райондун аймагында коопсуздукту сактоо жана элдин тынчтыгын камсыз кылуу багытында зор иштерди аткарышты. Бирок, өлкөдөгү баш аламандыктан пайдалангысы келген Кеңештин айрым мүчөлөрү райондун аймагында "жалпы тазалоо" операциясын сунуш кылышып, ич ара мекемелерди бөлүп алышып райондун бир катар "майлуу орундарына" чабуул жасашат. Кочкор райондук суу чарба башкармалыгы, райондук спорт комитети, казына бөлүмү, салык башкармалыгы, финансы бөлүмү, почта, мамлекеттик каттоо бөлүмү, экология, социалдык фонд жана социалдык жактан коргоо башкармалыгы бутага алынат. Ал ортодо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, РЭСтин, автомобилдерди каттоо бөлүмүнүн начальниктери кызматтарынан жылмышат. Акырындык менен бийлик күчүнө кире баштаганда мыйзамдар үстөмдүк кылып жетекчилерди эч себепсиз жумуштан кетирүү демилгеси солгундап Координациялык Кеңештин мүчөлөрү өздөрүн таркатуу чечимин кабыл алышып иш функцияларын токтотушат. Тирүү пенде болгондон кийин бир топтун ичинен кумалактар дагы чыгат экен. Биз бүгүн бир жыл мурда Кочкор элинин тынчтыгын сактап калышкан Координациялык Кеңештин мүчөлөрүнүн эмгектерин баалап "7-апрель Элдик революциянын Баатыры" наамына көргөзүшүбүз керек.
Айтурган САМАТОВА

naryn.kg
Эгемен Кыргызстан апрелде курман болгон балдарга эстелик тургуза албай ишкерлерге түртө салып жатышат
Мындай пикирдеги кайрылууну "Коррупцияга карышы" кыймылынын мүчөлөрү жана 7-апрелде баласынан айрылган айрым ата-энелер "Теңир-Тоо Ынтымагы" коомунун төрагасы Муктарбек Өмүракуновго жөнөтүштү. Анда алар апрель окуясында мамлекеттин бүтүндүгү үчүн курман болгон баатырларга мамлекет эстелик тургузуш керек эле. Бирок ал ишти мамлекет ишкерлерге түртө салышууда. Маркумдардын алдында ант берген Президент Эне кайда деп билдиришкен. Мындан сырткары эл, жер үчүн жанын аябай акыйкаттык үчүн өмүрүн кыйган балдарга эстеликти таза ниет, элди күйгүзбөгөн өз эмгеги менен элге жардам көрсөткөн адамдар салышса деген пикирдебиз деп айтылат кайрылууда. Кайрылууга 8 адамдын колу коюлган.


7-апрелде курман болгон Нарындык балдардын айрымдарынын
ата-энелери Н.Түлеевдин эстелик орнотушуна каршы
Бул тууралуу "Коррупцияга карышы" кыймылынын мүчөлөрү жана 7-апрелде баласынан айрылган айрым ата-энелер "Теңир-Тоо Ынтымагы" коомунун төрагасы Муктарбек Өмүракуновго жазган кайрылуусунда айтылган. Нариман Түлеев мамлекеттик "Темир" ишканасын жетектеп турганда бир машина темирдин лицензиясынын баасын 150 дөн 975 долларга чейин көтөргөндүгүнөн көпчүлук Кытайга каттаган ишкерлер банкротко учурап балдарыбызды Кытайга күрөгө калтырып иштегенбиз. 7-апрелде Ак үй алдында курман болгон Эрлан Өмүралиев да 2-3 жыл Кытайда күрөөдө калган. Жаштайынан бийликтин жеп ичкиштигинин азабын таркан Э.Өмүралиев акыйкаттык үчүн апрелде окко учкан. Ошондуктан Н.Түлеев ошол мезгилде бийликте отуруп, балдардын өлүмүнө тиешеси бар деп эсептеп анын эстелик тургузушуна каршыбыз,-деп айтылган ал кайрылууда.


Кочкор районунда француз тили боюнча ресурстук борбор иштеп жатат
Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айлында ачылган бул борбордо учурда 52 окуучу окуп, француз тилинен сабак алышууда. Бул иш чара Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунда Борбордук Азия Университетинин "Француз тили мектептерде" программасынын алкагында ишке ашууда. Программа мугалимдердин кесиптик жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, француз тили курстарын өнүктүрүү, окуу куралдарын даярдоо жана француз тилин окугандар үчүн жайкы лагер уюштурууга багытталган. Мындан сырткары бул программа гиддерди да даярдоо менен туризимдин өнүгүшүнө салым кошмокчу. Ал эми өткөн жылы 31 окуучу жайкы лагерге катышып, француз элинин каада салты, маданияты менен таанышышкан жана үстүбүздөгү жылы январь айында райондук олимпиадада эки окуучу француз тилинен биринчи оорунга ээ болушкан,- дейт Борбордук Азия Университетинин кыска мөөнөтөгү окуу программаларынын координатору Азамат Усупбеков.


окурман куржун
Кочкордун аппарат жетекчиси болуп иштеп кеткен "ата мекенчи" Асейин Саралаев, партиянын Кочкор райондук уюмунун төрагасы кылып Алымбек Мамырбаевди дайындап, ал белеги үчүн шайлоо учурунда 100 000 сом акча алган деп партиялаштары айтып чыгышты. Бул сөздүн канчалык чындыгы бар?
Мирбек, Кочкор айылы

Асейин САРАЛАЕВ:
100 миң сомдун жугун берейин...
Урматтуу Мирбек! Оозу-ңузга май! Мага келсеңиз ошол 100 000 сомдун жугунан ырым кылып берейин. Бир миллион сом деп койсоңуз жакшы болот эле? Азайтып коюптурсуз го? Кыргызда жакшы сөз бар: "Сокур көргөнүн, дүлөй укканын" койбойт деген. Сиз сөз кылган 100 000 сом бул жөн гана көрө албастардын чыгарган ушагы. Шайлоо учурунда мен райондогу жогорку мамлекеттик кызматта иштеп жаткандыктан, убактылуу партиянын катарынан чыгып "Ата Мекен" социалисттик партиясынын координатору милдетин Уставга ылайык партиялаштарымдын тандоосуна койгом. Партиянын облустук уюмунун төрайымы Кенжекан Сатыбалдиева эже өзү келип шайлоо өткөрүп, 3 талапкердин ичинен Алымбек Мамырбаев райондук уюмдун төрагасы болуп дайындалган. Ал эми шайлоо учурунда канча каражат келип, кандай пайдаланганын билбейм.
Кочкор районундагы почта түйүндөрүндө пенсия жана жөлөкпул таркатуу учурунда почточулар базар баасынан эки эсе кымбат баада эски газеталарды жана Өкмөттүк басылмаларды берип жатышат. Алардын газеталарды таңуулап бергенге акысы барбы?
Жыпар, Теңдик айылы

Өзүбек СЕЙТЕКОВ:
Адамдардын
укугун бузууга жол бербейбиз...
Урматтуу Жыпар айым! Биз Кыргыз Республикасынын баш мыйзамы болгон Конституцияны, мыйзамдарды жана Өкмөттүн токтомдорун так аткарып мыйзам бузууга жол бербестен иштеген мекемебиз деп ишенимдүү айта алам. Биз пенсия жана жөлөкпул алган атуулдарга газета ал деп эч качан таңуулабайбыз, жөн гана сунуш кылабыз. Алардын арасынан жеринде газета алып окуйм деген адамдар болсо алышат. Каалабагандарга таңууланбайт. Эгерде биздин кызматкерлер тарабынан мажбурлап берүү фактылары болсо, мага келип кайрылсаңыздар болот. Биз, мамлекеттен пенсия жана жөлөкпул алып жаткан адамдардын укугун тебелегенге эч качан жол бербейбиз.


Кара бурчтук
Карааныңдан кагылайын, партиям!
2010-жылдын 10-октябрь күнү өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине болгон шайлоодо "аты-жыты" жок 29 партия жамгырдан кийинки үлүлдөрдөй жер жайнап чыгышып карапайым Нарын элинин баштарын айлантышканын унута элекпиз. Ошол учурда облустун бардык райондорунда, айылдарда партиялардын штабдары ачылып элдин маанайын көтөрүшкөн. Мамлекет парламенттик башкаруу системасына өткөндүктөн партиялык институт өнүгүп, жок дегенде райондун борборлорундагы партиянын өкүлчүлүктөрү иштерин улантып калабы деген аруу тилек бар болчу. Тилекке каршы 2010-жылдын 11-октябрь күнү эле штабдардын баары жабылып, айрылган жарнаамалар менен тытылган кагаздар көчөлөргө толуп калды...
Парламенттен орун алышкан 5 партиянын ичинен жалгыз Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын өкүлдөрү Нарын облусунун аймагында иш алып барышып, ар дайым эл кызматында жүрүшкөнүн далилдешти. Кызыл желегин желбиретишкен "Ата Мекен" партиясы нокаут артынан нокаут алышкандыктан азыр гана баш аягын жыйнап штабдарынын иштерин жандандыруу аракетин көрүп жатышат. Ал эми оппозициялык маанайдагы партиялардан "Ак шумкар" менен "Замандаш" партиялары, Арстанбек Абдылдаевдин "Эл үчүн" партиясы эл аралап колунан келген жардамдарын беришип, райондордо конференцияларын өткөрүшүп штабдарын бекемдеп жүрүшөт. Ал эми Нарынга кожоюн болгон Бабановдун "Республика" партиясы өз кеңселерин райондордун борборлоруна ачышып мүчөлөрүн тактоо жана чогултуу иштерин жаңыдан башташты. "Бар болойлук, бир болойлук" деп чалып суйлогон Жапаровдун "Ар намысы" кайсы жакта "Темир калкан" болуп жүргөнү белгисиз? Эртен эле президенттик, андан кийин жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүлөт. Балким айыл округ башчылары дагы шайланып калат. Кандай болсо дагы партиялар шайлоо учурунда гана пайда болушуп карапайым калктын башын айлантышпай жардам беришпесе дагы караандарын көргөзүп турушса эл унутпайт болчу.
(C.А)