спорт

Сапарбек уулу Тилек:
Чоң спортко кайрадан кайрылып келбейм...
Касиеттүү Кочкор жергесин "Тери мээлейчендердин мекени" деп сыймыктануу менен айтып жүрөбүз. Биздин бүгүнкү каарманыбыз Сапарбек уулу Тилек өз кезегинде Кыргызстандын сыймыгы болуп жаңыдан жылдызы жанып келе жаткан келечектүү спортчу болчу. Бирок акыркы жылдары Тилек спорт дүйнөсүнөн алыстап "чоң рингде" кеткенине жыл айланып калды. Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш чебердин спорт дүйнөсүнөн кеткенине көп адамдар өкүнүп жүрүшөт. Тилектин дагы бир касиети анын турган турпатында. Ал канчалык бийиктиктерге жетсе дагы бир калыпта жүзүнөн жылдызы жанган жөнөкөйлүгү, адамкерчилиги жана чыныгы кыргыз жигитине таандык калыстыгы кимди болбосун жүрөгүн жылытат. Тилектин бейкапар отуруп маек курууга убактысы чектелүү болсо дагы окурмандарды сыйлап, атайын келип кызыктуу маек куруп берди.
- Тилек, канча жа-шыңдан баштап спорт дүйнөсүнө аралаштың?
- Кичине кезимде телевизордон спорттук берүүлөрдү көрүп кызыкчумун. Атам 12 жашымда райондогу бокс секциясына алып келип киргизген болчу. Ошол күндөн баштап спорт дүйнөсүнө сүңгүп кирип кеттим. Эң алгачкы тренерим ыраматылык Тынчтык Байботов деген агай болчу. Ошол киши эң биринчи катарга тизип, алгачкы сокку бергенди үйрөткөн болчу. Тынчтык агай совет учурунда эле спорт чеберин жогорку деңгээлде толтуруп, республикадагы таанымал спортчу-тренерлердин катарында турчу. Кийин каза болуп калды.
- Эң алгачкы медаль тагынган күн эсиңдеби?
- Албетте эсимде. Эң биринчи медалым "күмүш медаль" болгон. Токмок шаарында Авшаров деген тренердин жаркын элесине арналган мелдешке катышып финалда казак спортсмени менен беттешкем. Ал мелдеште экинчи орунду камсыз кылып өмүрүмдө биринчи ирет мойнума күмүш медаль тагынып толкундангам. Бирок, медалга чейин эң алгачкы грамотаны Бишкек шаарында Аткин деген тренердин элесине арналган мелдеште жеңип алгам.
- Спортчулардын чыныгы ийгилиги өлкөдөн тышкары чыкканда башталат эмеспи. Эң биринчи кайсы чет мамлекетке барып келдиң?
- Мен 10-класста окуп жүргөндө алгачкы ирет чет өлкөгө чыгып, Румыниянын борбор шаары Бухарестте өткөрүлгөн кадеттер арасындагы дүйнөлүк чемпионатка катыштым. Биринчи ирет чоочун мамлекетти, элдерди, шаарларды жана чоң рингди көрүп сүрдөп башкача сезимдердин кучагында жүрдүм. Тажрыйбам дагы жетишсиз болчу. Ал жерден чоң ийгиликтерди жаратпасам дагы, кийинки чет мамлекеттерде өткөрүлгөн чемпионаттарда өзүңө ишеничтүү мамиле жасаганга чоң түрткү берди.
- Сенин эки ирет Азия оюндарына катыш-каныңды угуп сыймыктанганбыз. Пакистандагы дүйнө чемпионатына коло медалды багындырдың. Мамлекет тарабынан кандай жардамдар берилди?
- Пакистанга 2005-жылы жайында бардык. Пакистан абдан ысык экен. Дал ошол учурда салмак кууп жүргөндүктөн ысыктан көп кыйналган жокмун. Ал жерге Кыргызстандын атынан 3 спортчу барып, баарыбыз тең жакшы ийгиликтер менен келгенбиз. Ошол кездерде мамлекет тарабынан деле чоң жардамдар берилген эмес. Белгилүү өлчөмдөгү сыйлык алганыбыз эсимде. Ал учурда спорттогу деңгээлге жараша атайын стипендия алчумун. Стипендиямды бираз жогорулатып беришкен.
-Азыр Кочкордогу жердештериң сенин чоң спортту тыштап кетип калганыңа капа болуп жүрүшөт. Сени келечекте олимпиада чемпиону болот деген үмүтүбүз бар болчу дешет. Эмне себептен күйөрмандарыңды өкүндүрүп спорттон кетип калдың? Болбосо сага карата бут тосуулар болдубу?
- Негизи ар бир адамдын жашоосунун ачкычы өз колунда да. Эми спортто деле бут тосуулар боло берет. Бирөөнүн баласы, бирөөнүн тууганы же окуучусу дегендей...Бирок мен бут тоскондору үчүн кетип калган жокмун. Жашоодо бир учурлар келет экен. Акырындап чогулуп келген бук бир күнү чыгып, башка багытка сапар тартууга жол көрсөтөт турбайбы. Анын үстүнө жогорку билимге ээ болгондон кийин башкача ойлонуп,башкача бир нерсе издеп, кызыкчылык дагы өзгөрөт экен. Акыркы ирет 2010-жылы рингге чыккам. Ошондон бери спорттон алыстадым.
- Кандай болсо дагы бала кезиңден бери колуңа тери мээлей кийип рингде жүрдүң. Спорттогу күндөрүңдү сагынасыңбы? Сени кайрадан чоң рингден көрө алабызбы?
- Жок. Баары бүттү го дейм? Мисалы кээ бир спортчулар жар салып шоу кылып алышып кайра эле спорттун эшигин каккылап кирип келишет. Мен андай жоруктан алысмын. Эми өз ден соолугум үчүн көнүгүүлөрдү жасашым мүмкүн. Бирок чоң рингге экинчи чыкпайм. Менден башка дагы күчтүү спортчулар бар. Ошол жигиттер ийгилик жаратат деп ишенем.
- Кочкордон өсүп келе жаткан жаш спортчулардан арасынан кимдерди мыкты спортчу болот деп ишенесиң?
- Чынын айтсам, кийинки жаштарды көп тааныбайт экенмин. Бирок, Иса деген жигит жакшы чыгып келе жатат. Ушул жигитке ишенем. Бул жерден айта кетүүчү нерсе, менин машыктыруучуларым Имангазиев Жаныбек жана Махамаджан Ахмедов агайларыма терең ыраазычылык айткым келет. Өзгөчө Махамаджан агайым мени өстүрүүгө абдан чоң салымдарын кошуп, мен калып кала турган жерлерден өйдө жакка чейин чыгып жатып, чуркап жүрүп Азия оюндарына катышууга чейин шарт түзүп берген. Эки машыктыруучума тең таазим кылам.
-Азыркы жаштарга көз карашың кандай? Замандаштарың болгон жаштарды кандай болууга чакырат элең?
- Көп жаштардын алдыга койгон так максаты жок. Ар бир адамдын ар кандай жөндөмү бар да? Ар бир замандашыма ошол жөндөмдөрүнө жараша аракеттенсе деген тилегим бар. Адам өзүнүн деңгээлине жана дараметине жараша аракеттениши керек.Азыркы жаштардын бир кемчилиги, бардык нерсеге жулуна беребиз. Ал нерсе колубуздан келеби, күчүбүз жетеби көңүлдөн тышкары калтырабыз. Кайда болбосун адамдын ички сапаттары дагы чоң роль ойнойт. Мисалы калп айтпаганы, айткан сөзүн аткарганы жана баштаган иштерин аягына чыгаруу... Санай берсек кете берет эмеспи. Мен бардык жаштарды ички жана тышкы дүйнөсүндө таза, чынчыл жана калыс болууга, өз дараметине жараша турмуштук жолун тандоого чакырам.
ӨМҮР КЕМЕСИ

1986-жылы 29- августта Кочкор айылында жарык дүйнөгө келген

1993-2004-жылдары Кочкор айылындагы Нинакан Жүндүбаева атындагы Кара-Коо мектеп-гимназиясын бүтүргөн.

Атасы Алканов Сапарбек педагог, апасы Исаева Гүлнара соода тармагында иштейт, 4 бир тууган (Саламат, Тилек, Нуркыз жана Акбар)

2004-2009-жылдары Жусуп Баласагын атындагы КУУнун тарых факультетинде билим алган.

Бокс боюнча спорт чебери, 54-57 кг салмакта мелдештерге чыккан

Румыния, Кытай, Пакистан, Катар, АКШ жана КМШ өлкөлөрүнө барып Кыргызстандын намысын коргогон.

2 жолу Азиялык оюндарга катышып Пакистандан коло медалды жеңип алган

Кыргызстандын бир нече жолку республикалык чемпионаттарында алтын медаль тагынган

Учурда эл аралык гуманитардык уюмда менеджер болуп иштейт.




КҮЧ АТАСЫН ТААНЫБАЙТ
Урматтуу "Айбат plus" газетасынын редакциясы! Биз, бодибилдинг спортун абдан жакшы көрөбүз жана шаардагы залга барып машыгабыз. Биз, борбордон алыс жашагандыктан Бишкек шаарында бодибилдинг боюнча профессионалдардын деңгээлине жетип калышкан Нурлан Ажиев, Эмил Надырбаев жана Нарын шаарынын кулуну Шербек Токтомушев байкелерден сиздердин газета аркылуу жакындан маалымат алгыбыз келет. Кыргызстандагы бир дагы газета спорттун бул түрү жөнүндө кеңири маалымат беришпейт. Ал эми бодибилдингге кызыккан жаштар абдан көп. Газетанын спорт бөлүмүнө атайын рубрика ачып биздин кумирлерибиз болгон байкелер тууралуу жазып, алардын машыгуу сырларын, ийгиликтерин, кеңештерин чагылдырып турсаңыздар деп суранабыз.
Нарын шаарынын спорт
мектебинин окуучуларынын атынан Айбек, Улук.

Урматтуу Айбек жана Улук!
Биз, сиздердин өтүнүчтү орундатып бодибилдинг боюнча Кыргызстандын профессионал жана чебер спортчуларынын бири болгон Эмил Надырбаев менен жолугушуп, сиздердин өтүнүчүңүздөр боюнча оор атлетика жана бодибилдинг боюнча кызыктуу маалыматтарды даярдап жатабыз. Эмил мырза, келерки саныбыздан баштап атайын машыгуунун сырларын үйрөтүп кеңеш берип турмакчы.