БИЛИМ ОЧОГУ

№15- КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ ОБЛУСТУК ФЕСТИВАЛДАН БИРИНЧИ БОЛДУ
Асель Мадиева
Тарбиялык жана социалдык маселелер боюнча
директордун орун басары.
Жакында Нарын облустук проф.тех. лицейлер арасында өткөн "проф.техтин таланттары" аттуу фестивалга катышып келдик. Фестивалга көркөм өнөр жетекчиси Айдар Эсенканов экөөбүз жети баланы өзүбүздүн демилге менен даярдап биринчи орунду алып келдик. Улуттук каада-салтыбызды өнүктүрүү максатында уюштурулган фестиваль жогорку деңгээлде өттү.Биздин окуу жайдан барган 3 курстун окуучусу Аскарбек уулу Актан "Манас менен Коңурбайдын салгылашуусун" 40 мүнөт айтуу менен көпчүлүктү таң калдырды. Биздин окуучуларыбыз жалаң улуттук аспаптарда ойношту. Мисалы ооз комуз, добулбас, комуз, асаба таяк өңдүү аспаптарда жогорку деңгээлде аткарышты. Нарын шаарынын мэриясы калыстар тобун музыкалык драм театрдын профессионалдуу кызматкерлеринен коюшкан экен. Калыстар тобу улуттук аспапты баалагандыгынан бизге биринчи орунду беришти. Андан сырткары Өмүрбек уулу Ноорузбек аттуу окуучубуз уникалдуу бийи менен көрүүчүлөрдү таң калдырды. Электрик группасында окуган Азамат деген окуучубуз комузда Атайдын эң эле оор делинген күүсү "Ак тамак-көк тамагын" комузда аткарып берди. Биздин лицей республикалык фестивалга жолдомо алып баалуу сыйлык, грамоталар менен сыйландык.
Ибраимов
Жаныбек
№15- кесиптик лицейинин профсоюз уюмунун төрагасы.
Мен №15- кесиптик лицейинин профсоюз уюмунун төрагасы болуп 2 жылдан бери иштейм. Ошол күндөн бери кесиптик лицейде алдыга жакшы жылыштар болуп жатат. Кабинеттер жасалып, профсоюз тарабынан мугалимдерге, студенттерге сыйлык берилип келет. Астыңкы группаларга газеталарды уюштуруп берүүдөбүз. Арткы мугалимдерге, студенттерге эскертүү берип турабыз. Азыр жаңы окуу жылына карата окуучуларды топтогонго проференсаз иштерин жүргүзүүдөбүз. Биздин окуу жайыбызда чечилбей келген проблемалар да болуп жатат. Лицейдин карамагында 100 баштай майда жандык, 17дей уй-торпогубуз жана 5 жылкыбыз бар эле. Мурунку директорубуз Качкынбай Абдыгазиевич, Жунушбекова Нуржамал деген Чекилдек айылынын тургунуна багып берүүгө берген. Биздин ага бербе дегенибизге болбой берип койгон. Директорубуз сарайы, чөп-чары бар экен , бакканга жеңил деп өткөрүп берип койгон эле. Ошол малдарды колдонуп биздин окуу базабызды чыңдайлы деген жакшы ойлорубуз бар эле. Ал эми чабаныбыз болсо билбейм, бербейм деп бербей койду. Прокуратурага, фин. полицияга кайрылганбыз. Алар азыркы учурда иштеп жатышат бирок анчалык чечкиндүүлүк жок. Биз базар баасында төлөп бер десек, ал балансовый баада берем деп жатат. Анда болор болбос акча болуп калат экен. Жазында жайлоого кетирип жатканда лицейден комиссия түзүп малдарга эн салып кетиргенбиз. Күзүндө келгенде эле чабан танып койду. Мунун баары мурунку директорубуздун иштей албагандыгынан болуп жатат. Окуу системасына көп көңүл бурбагандыктан, бухгалтерлерибиз отчет бере албагандыгынан болуп жатат. Биринчи планыбыз мал өндүрүлсө кабинеттерди, окуу куралдарын жакшыртсак деген ой болуп жатат.
Сыдыкеева Гүлсайра
Китепканачы
Биздин окуу жайда керек-түү материалдар менен окуучулар, мугалимдер дээрлик 70 пайызга камсыз болгон. Ошондой эле аз да болсо көркөм адабий китеп журналдар бар. Хельветас долбоору менен кесиптик китептер менен жетишээрлик деңгээлде камсыз болгонбуз. Быйыл Куманжан датканын 200 жылдыгына карата бурч уюштурулуп, конференциялар өткөрүлүп турат. Республикалык гезиттерге жазылып алып турабыз. Жакында Ч.Айтматовдун акыркы 8 томун алдык. Окуучулар абдан кызыгуу менен окуп жатышат.

Сайталиева
Калиман
Лицейде окуу методикалык иштер боюнча директордун орун басары.
Негизги кызматыбыз окуу жайга керектүү кесиптерди ачканда тиешелүү окуу программаларын иштеп чыгабыз. Иштелип чыккан окуу программаларын кесиптик билим берүү агенттигине сунуштап ал жерден бекиттирип алабыз. Ошонун негизинде окуучуларга кесипке үйрөтүп теориялык сабактарды жүргүзөбүз. Учурда окутуунун сапатын жакшыртуу негизинде иштеп жатабыз. Ал үчүн ачык сабактарды өтүп турабыз. Себеби дегенде тажрыйба алмашылып, методиканы жайылтышыбыз керек. Арабызда жаш мугалимдер бар. Аларга жаңы методикаларды үйрөтүшүбүз зарыл. Биздеги эң чоң проблема бул окуучулардын окуу куралдарынын жетишсиздиги. Анткени окуучулар сабакка келе жатканда дептер, калем сыяктуу куралдары жок келип карап отурушат. Балдар сабакка кетип жатканда эмне алып баратасың, калемиң, дептериң барбы деп конролдоп коюшса жакшы болоор эле. Балдар биздин келечегибиз болгондуктан ар бир нерсеге ата-энелерибиз кайдыгер карабастан жоопкерчиликтүү мамиле кылышса. Ата-эне менен мугалимдердин ортосунда тыгыз мамиле болуп бирге тарбия берсек жакшы болор эле. Мугалимдер өз балабыздай көрүп жакшы тарбия берели деп жатабыз, бирок балдардын ата-энесинен кемчиликтер кетип жатат. Ата-энелер бизге сын-пикирлерин айтып турушса натыйжалуу иш жүргүзөт элек.

Ормукова Эльвира
Тигүүчү кесиптик мугалими
"Азия өнүктүрүү банкы" тарабынан уюшулган семинарларга эки жолу жана жакында билим жогорулатуу курсуна барып келдим. Ал жерден бизге жаңылануу методикаларын үйрөтүштү. Азыркы учурда практикалык иштерге көбүрөөк басым жасалууда. Мурун болсо теориялык жактан көбүрөөк окутчубуз. Биздин кесип улуттук кийим,буюм тигүүчү жана жасоочу болгондуктан ошого көбүрөөк басым жасайбыз. Мисалы кыргыз көйнөк, чепкен, белдемчи, сайма сайганды, ар кандай оюларды түшүргөндү, сувенирлерди жасаганды үйрөтөбүз. Учурда төрт тигүүчү машина, оверлок, үтүктөөчү жабдуубуз бар.