Алымбек МАМЫРБАЕВ:
"Мансап үчүн эмес, Аллах ыраазычылыгы үчүн элиме ак кызматымды аткарам... "
Кыргызстандагы акимдердин 99 пайызы бир жылдан бери "милдетин аткаруучу" деген титул менен иштеп келе жатышат. Жакынкы аралыкта Жогорку Кеңеш акимдердин тагдырын чечкен мыйзамды кабыл алышат. Эң маанилүү нерсе башынан эки төңкөрүштү өткөргөн элеттик карапайым элдин башына жаңы мыйзамга ылайык кандай адамдар жетекчи болуп келишет деген суроо туулат? Баары райондук кеңештин депутаттарынын таразасынан өтө тургандыктан алардын эл арасындагы жоопкерчилиги дагы күчөдү...

Акыркы күндөрү эл арасында райондук Кеңештин депутаттары коалиция түзүшүп, "Ормонхан" шайлоо округунан депутат болуп келген Алымбек Мамырбаевди акимдин ордуна даярдап жатышыптыр деген сөздөр айтыла баштады. "Ата Мекен" социалисттик партиясынын Кочкор райондук уюмунун төрагасы болуп алгылыктуу иштеп келе жаткан А. Мамырбаевдин өз кезегинде Кыргызстандын туусун желбиреткен мыкты спортчу жана Россияда ишкердиктин чыйырын салган жеке ишкерлердин бири болгонун көп адамдар билишет. Тоң районунда 30 жаштагы Бакыт Рыспаев аттуу жигит аким болуп элдин сүймөнчүлүгүнө айланганын угуп жүрөбүз. Кочкор районуна дагы Алымбек Мамырбаев сыяктуу жаш жетекчи келсе районго чет элдик инвесторлорду тартып келип, социалдык маселелерди жеринде чечип, жумушсуз жүргөн жаштарды көтөрүп, район аймагын өзгөртөт беле деген үмүт пайда болот. Анткени азыркы учурда Кочкор районуна Алымбек Мамырбаевдей элди биримдикке чакырган калыс, чет элдик донорлор менен сүйлөшө алган чебер дипломат жана тартипти бекем кармаган чечкиндүү жана эрктүү жетекчи зарыл болуп турат...
- Алымбек Бирназарович, сиз аймакта жетектеген "Ата Мекен" партиясында кандай жаңылыктар бар?
- Биздин "Ата Мекен" партиясы келечеги кең, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон партия экенин билебиз. Жакында президенттик шайлоого аттанганы турабыз. Башка партиялардан кем калбастан "Ата Мекен" партиясынан дагы талапкер көрсөтүп жатабыз. Бирок азыркы учурда талапкердин ким экени белгисиз болуп турат. Кудай буюрса бул маселени партиянын атайын съездинде талкуулап чечебиз. Кочкор районунда партиянын 11 адамдан турган Көзөмөл Кеңеши түзүлгөн. Аталган кеңештин мүчөлөрү райондун аймагындагы партиянын мүчөлөрүнүн жана жактоочуларынын санын тактап, айылдык уюмдардын башчыларын дайындап, партиялык иштерди уюштуруп жатышат. Жакында эле борбор калаада партиянын жыйыны болуп өттү. Ал жерге Грузиядан келген коноктор бизге шайлоонун жүрүшү боюнча семинар өтүп беришти. Семинарга партиянын бардык облустагы координаторлору келип катышты.
- Семинарга Грузиядан келген күчтүү серепчилер келип сабак өтүшүптүр . Грузиянын мамлекеттик түзүлүшү тууралуу айтып бериштиби?Грузия менен Кыргызстандын бийлигинин ортосунда кандай айырмачылыктар бар экен?
- Грузия менен Кыргызстандын ортосунда айырмачылык аябай чоң экен. Анткени Грузияда "кызгалдак" революциясынан кийин 6 айдын ичинде өлкөдө коррупцияны жана криминалдык дүйнөнү түп тамырынан бери жоюшуптур. Грузияда "Коррупцияга каршы" жаңы мыйзам боюнча жең ичинен пара берген киши 3 жылга, алган киши болсо 7ден 15 жылга кесилет экен. Андан сырткары укук коргоо органдарында иштегендердин министрден катардагы кызматкерлерге чейин толук иштен бошотуп, кайра жаңы кадрларды 3 ай окутуп тандап алышыптыр. "Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок" деген принцип ошол өлкөдө толук орноптур. Эң кызыгы Грузияда полициянын ролу абдан маанилүү орунда турганы болду. Бизде бир кырсык болсо тез жардамды күтүп калабыз го, ал эми Грузияда полиция кызматкерлери ар дайым биринчи жардам көрсөтүшөт экен. Алар милициянын, МАИнин, куткаруучунун керек болсо "тез жардамдын" ролун аткарышат. Азыркы учурда Грузиянын эли биринчи бийликке, андан кийин полицияга ишеним артышат экен. Ал эми бизде болсо таптакыр тескеринче болуп жатпайбы? Милиция кызматкерлери тоок уурдаганды камап, жылкы уурдаганды бошотуп жатышат. Коррупция болсо учурда өнүккөндөн өнүгүп жетер чегинен ашып кетпедиби? Бийликтегилер коррупция менен күрөшөбүз дегени менен такыр жыйынтык чыгарышкан жок.
- Бүгүнкү күндө Кочкор районунда жергиликтүү бийликтин абалы кандай?
- Бүгүн жергиликтүү бийликтин абалы мышык ыйлаарлык десек болот. Апрель окуясынан кийин акимдин милдетин аткаруучу болуп келген Р.Сарыбаев иштесе ишке тойбой турган учуру да? Бирок ал киши кандайдыр бир себептер менен өзүнүн оюндагыдай гана иштеп жаткандыгын көрүп жатабыз. Эч ким менен кеңешпестен өз билгениндей иш жүргүзүп жаткансыйт. Акимдин отчетторунда да көрүп атабыз. Райондук Кеңеш районду көзөмөлдөп турган өкүлчүлүктүү орган болгондон кийин райкеңеш менен кеңешип иш алып барса болот эле да? Азыркы убакта аким райкеңеш менен кеңешмек түгүл көргүсү да келбейт. Керек болсо таратам дегенге чейин барууда. Акимдин жергиликтүү Кеңештерди таркатууга эч кандай укугу жок. Кадр саясатында болсо Акаев жана Бакиевдин учурундагы кадрлар дагы эле иштеп жатышат. Алардын асты пенсия курагынан дагы өтүп кетишти. Келечек жаштардыкы болгондуктан жаштарга дагы артыкчылыктар берилиши керек болчу. Азыркы учурда жаштарда тажрыйба жок деп жээрип жатышат. Анткени мурдагы бийликтен бери отургандар "опытный жегич" болуп калышкан. Бир мисал айтып кетсем, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө Темирболот Абыкеев деген жаш бала келген. Алгачкы күндөрү иштей албайт деп жатышты эле, азыр 11 айыл өкмөттүн ичинен мыкты иштеген айыл өкмөтү болуп изденүү менен жакшы иштерди жасап жатат. Мына Темирболот Абыкеевдин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалганын мыкты жыйынтык жана көрсөткүч десек болот. Демек, жаштар деле иштесе болот экен.
- Кийинки учурда райондук Кеңеште коалиция түзүлүп сизди акимдин кызмат ордуна көрсөтүп жатышыптыр деген аңыз кептин канчалык чын-төгүнү бар?
- Бул туура сөз. Кыргызда жакшы сөз бар эмеспи "Кулакты кайдан чыгарат казанчынын өз эрки" деген. Азыр мурун-кийин иштегени да, иштебегени дагы бийликке деп жутунуп жүрүшөт. Ал эми ар кимдин өзүнүн эрки, ага эч кимдин каршылыгы жок. Бирок бул жерде биз депутаттар менен кеңешип, өзгөчө жаштар колдоо көрсөтүп коалиция түзөлү жана бир гана талапкерди колдоп районду алдыга жылдыралы деп жатабыз. Жаштарды жумушка көбүрөөк тартып, райондук кеңештин статусун көтөрөлү деген демилге менен мени колдоого алышты. Эгерде райондун депутаттары колдоп беришсе өзүмдүн эли жериме колумдан келген ак кызматымды кылууга ар дайым даярмын. Мен кандайдыр бир жарыбаган мансап үчүн эмес, Аллах (жж) ыраазычылыгы үчүн элиме ак кызматымды аткарууга даярмын.
- Эгерде сиз райондогу 33 чү аким болуп калсаңыз кандай иштерди аткарат элеңиз?
- Мен аким болуп калсам, биринчиден тартиптен баштайт элем. Анткени бизде жумуш убагында алыстан келген тургундарыбызды кызматкерлерибиз канааттандырарлык тейлебейт. Жумуш убактысында керектүү кызматкерлерди таба алышпай убара болушат. Көп мекемелерде жана айыл өкмөттөрүндө күн тартибин так сакташпайт. Райондогу бардык кызматкерлерди карапайым адамдарга адамгерчиликтүү мамиле кылууга жана эртең менен кечикпей, кечинде эрте кетпей өз убагында так жана сапаттуу иштегенге көндүрөт болчумун. Үстүртөн команда бербей, эл менен кеңешип иш кылат элем. Биздин күчтүү жаштардан турган мыкты командабыз бар. Мен аким болсом, ошол жаштардын инновация жана экономика тобун түзүп Түркия, Араб эмирлиги, Кытай жана Улуу Британиядан инвестицияларды районубуздун аймагына алып келет болчумун. Ал эми райондун казынасын акча менен толтуруп алгандан кийин көп иштерди жасайт болчубуз. Биринчи ирет жаштар менен пенсиядагы ата-апаларыбызды колдоо, социалдык тармактарды көтөрүү маселеси ишке ашырылат болчу.
-Жалпы элге болгон тилегиңиз…
- Кочкор районунун тургундарына тынччылык, бакубат жашоо жана түгөнбөгөн ырыскы каалаймын. Келечекте өлкөбүз алдыңкы мамлекеттерден болуп, районубуз республика боюнча алдыңкы, үлгүлүү райондордон болуусуна тилектешмин. Бардык айымдарды 8-март майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Ар дайым апаларыбыз, эже-карындаштарыбыз аман болсун!

Аскар ЖАМГЫРЧИЕВ