naryn.kg

Нарын районунда Аялдардын Эл аралык майрамы белгиленди
Бүгүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясы 8-Март Аялдардын Эл аралык күнүн белгиледи. Майрамдык салтанатка облус губернатору Канатбек Муратбеков катышып айымдарды майрамы менен куттуктап алдыда облус үчүн жазала турган иш пландарына токтолду. Нарын району боюнча 60 энеге "Баатыр эне" ордени, 23 энеге "Эне даңкы" медалы келген. Бирок баатыр энелердин орден, медалдары ар бир айыл округдун өздөрүндө тапшырылмакчы. Мындан сырткары райондогу бир катар кооперативдин жетекчилерине жана мекеме ишканаларда иштеген айымдарга өлкө башчысы Р.Отунбаеванын атынан куттук барагы, райакимчиликтин "Ардак громаталар" жана баалуу белектери тапшырылды.





Нарында Мамлекеттик Туу күнү белгиленди
Кыргызстандын желеги кабыл алынган күндү белгилөө иш чарасы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында өттү. Салтанатка облус башчысы Канатбек Муратбеков катышып жаштарды желек майрамы менен куттуктады жана жаштарга өзгөчө көңүл бураарын белгиледи. Ал эми Жаштар иштери боюнча министрликтин облустук башкармалыгынын сектор башчысынын милдетин аткаруучу Бакыт Эгембердиев - Кыргызстандын мамлекеттик символдорун башка өлкөлөр сыйлаш үчүн биз биринчи сыйлашыбыз керек. Эгемендүүлүк алган 20 жыл ичинде жаштарды патриоттулукка үндөгөн бир да иш чаралар өткөн эмес,-деп билдирди. Иш чарага катышкан Нарындын жаштары алгач "Кыргызстан менин өлкөм", "Биз Кыргызстанды сүйөбүз" жана "Кыргызстан" деп кыйкырып борбордук аянттан облустук театрга жөө жүрүш жазашты.


Ысык-Көлдө дзю-до боюнча өткөн мелдеште нарындык балбандар жеңиш менен кайтышты
Ысык-Көл облусунун Тамга айлында КРнын дзю-до күрөшү боюнча 1995-жылы төрөлгөн балдар жана кыздар арасында биринчилик өттү. Ага Нарындагы облустук балдар жана уландар мектебинин 5 окуучусу катышып келген. Жыйынтыгында 50 кг салмакка чейинки балдар арасындагы мелдеште Бакытбек уулу Алибек үчүнчү оорунду багындырса, 57 кг салмакка чейинки кыздар арасындагы мелдеште Акылбек кызы Мираида 2- оорунду жана 48 кг салмакта Абдыбек кызы Айдай 3-оорунду камсыз кылып келишкен. Бул тууралуу маалымтты Нарын облустук балдар жана уландар мектебинин ага машыктыруучусу Бакыт Чороев билдирди


Облус карышкырдан 4 млн. сомдон ашык чыгымга дуушар болгон
Бул тууралуу маалыматты Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Эсен Абышов "naryn.kg" мааалымат сайтына билдирди. Анда маалым болгондой үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 1- мартына чейин жалпы 59 карышкыр атылган. Эки айдын ичинде 30 топоз, 79 жылкы, 36 тай жана 187 кой-эчки каршкырга жем болуп, облус 4 млн. 692 миң 500 сом чыгымга учураган. Мындан сырткары 9 чөө, 1913 ит атылган.




Айдар менен Максимдин ордун баскан кишинин ысымы ачык аталдыбы?
"Ата Мекен" фракциясынын жыйынында өлкөнүн биринчи вице-премьери Өмүрбек Бабанов жана Экономикалык жөнгө салуу министри Учкун Ташбаевдин дарегине айтылган сындан улам парламенттин бул жумадагы сессиясындагы көрүнүш коомчулукта эки партиянын "акыйнеги" катарында кабылданды. Дегеле кеп эмнеден чыкты? Бул боюнча "Ата Мекен" партиясынан шайланып келген депутат Ташполот Балтабаевге кайрылып, ал кишинин дал ошол эле жыйында көтөргөн ири бизнесмендерди мамлекеттик башкарууга жолотпоо демилгесин да чечмелеп беришин өтүндүк.
- Бул жерде кеп коррупцияга каршы иш-чаралар жана механизмдер жөнүндө болууда. Бүгүн президент да, өкмөт да, парламент да өлкөдө кылмыштуулукту жана коррупцияны токтотууга, өздөрү да ачык иштөөгө убада берип атышат. Бүгүнкү көптөгөн митинг, нааразылыктар дал ушул нерсенин тегерегинде. Кыргызстан башынан кечирген эки революциядан сабак ала алабы? Кептин нугу ушунда. Өз алдынча иликтөө-сурамжылоолордон улам, ушундай демилгени көтөрдүм. Ага мисал катары жыйында биринчи вице-премьери Өмүрбек Бабанов жана Экономикалык жөнгө салуу министри Учкун Ташбаевдин ысымдары аталды. Бирок, алардан да башкасы жетишерлик. Эгер экөө гана болсо, анда Кыргызстан азыркы абалга кептелбейт эле. Коррупция менен күрөшүү бир мектептин директорун 1000 сом пара менен кармап алып, аны шардана кылуу эмес. Ири коррупция чоң мамлекеттик кызматта отурган адамдар арасында. Мектептеги паракорчулук 100 менен 1000 сомдун ортосунда болсо, министрликтерде миллиондун, ал эми мамлекеттик жогорку кызматтарда отурган адамдар ортосунда миллиарддар арасында. "Ата Мекен" фракциясынын жума ортосундагы жыйынында буга окшогон мисалдарга күбө болдук. Улуттук банктын төрайымы фактылардын негизинде бизге маалымат берди. Кезегинде Максим Бакиев миллиарддаган бюджеттик, камсыздоо системасынын акчаларын ЦАРИИнин карамагындагы "Азия универсал банкка" которуп, ушунчалык "акылдуу" коррупциялык схемаларды иштеп чыгып, мамлекетти сызга отургузуп кетти. Бүгүн Соцфонддун бир жарым миллиард сомунун дайыны жок.
- Кечээги бизнесмендерди мамлекеттик башкарууга аралаштырууга тыюу салууну эмнеге демилгелеп турасыз?
- Максим Бакиев ким эле?! Атасынын мактоосунда, ири бизнесмен болчу. Кийин иш жүзүндө өкмөттү башкартып койду. Натыйжада, кейиштүү абалга кептелдик. Бүгүн да өкмөттүн башында - кечээги ири бизнесмендер. Кулатылган эки режимде тең иш алпарган "ТЗК" ишканасы туурасында кеп кетти. Бажы, Салык кызматынан сураштырдык, жыйынтыгында бул ишкана мамлекетке эч кандай төлөм төлөбөстүгүн тактадык. 20 жылдан бери ошол эле Айдар, ошол эле Максим бизнесмен болгон, ал эми бүгүнкү биздин биринчи вице-премьерибиз Өмүрбек Бабанов кечээги ири бизнесмен экени эч кимге жашыруун эмес. Айдар менен да, Максим менен да дос болгону коомчулукта айтылып келет. Мындай демилгени көтөргөнүм, бүгүнкү жана келечектеги Кыргызстанды тобокелчиликке салбайлы десек, кечээги ири бизнесмендерди мамлекеттик башкарууга жолотпоого тийишпиз. Бул "президенттикке талапкер сөзсүз түрдө кыргыз тилин билиши керек" дегендей эле мыйзамга бекитилген шарт болуусу кажет. Болбосо, улам жаңы Максим, жаңы Айдарлар чыга берет. Себеп дегенде, акча бар жерде ыйман жок. "Ушул өзү ушунча капитал топтогон экен, ушул бала мамлекетке жардам бере алат" деген түшүнүк жаңылыштык. Мамлекеттик башкаруу тазалыкты, туура саясатты жана калыстыкты талап кылат. Биз муну жыйырма жылдык өтө ачуу тажрыйбабыздан улам сезе алдык. Мыйзам долбоору иштелип чыкканда парламенттин кароосуна коебуз, ким колдоп-ким колдобосун көрөбүз. Бирок, менимче, бул демилге элдин калың колдоосуна татыйт. Чындыктын күзгүсү - бул тажрыйба. Ири бизнес менен мамлекеттик башкарууну аралаштырбоо зарыл. Өнүккөн демократиялык мамлекеттерде мындай жобо эбак күчүндө. Маселен, америкалык миллиардер Рокфеллер президент болуу жөнүндө ойлонуп да койбогон. Себеби, анын ири бизнеси бар экенин, кызыкчылыктардын кагылышы башталаарын ар бир америкалык айтып чыкмак. Коомдук пикир андай кадамга жол бербейт.
- Бул туурасында парламенттик коалиция башчысы жана бир катар "республикачыл" депутаттар өз лидеринин жана өкмөттүн биринчи вице-премьери Өмүрбек Бабановдун дарегине айтылган сынга жооп кайтарышты. Буга не дейсиз?
- Мен муну корпоративдик кызыкчылыкты коргоо деп гана баалайт элем. Бул жерде эч кандай аргумент жок. Кыргыздын карапайым калкы коррупциялык аракеттердин жиги билинген иштин артынан түшүп, изилдеген адамдарды же саясый күчтүн кадамдарын токтоткондун ордуна кубаттаарынан шегим жок. Себеби, эл сүткө оозу күйүп, айранды үйлөп ичип турган маалы. Эгер изилдөө соңунда алар таптаза деп аныкталса, анда ошол эле Өмүрбек Текебаев жана "Ата Мекен" фракциясы алардан кечирим сурайбыз.
Эмне үчүн мурда Айдар менен Максимдин коррупциялык схемасы менен иштеген ишканалар бир жылга жакын убакыт өтсө да кайра эле дал ошол калыбында ишин улантып келет?! "Айдар жокто Максим бар, Максим жокто "баланча" бар" деген эле принцип жашап атат. Ошол "баланча" ким? Башкалар ачык айталбаса да, Өмүрбек Текебаев расмий органдардан алынган фактыларга таянып, анын ысымын ачык атап койду. Ошого бүгүн чаң тополоң түшүп атышат. Бабановдун "ТЗК" жабык акционердик коомунда жеке кызыкчылыгы болбосо, андагы коррупциялык схемаларга эмнеге бөгөт койгон жок?! Бийлик бүгүн анын колунда эмеспи.

Айнагүл Сапарбек





КОЧКОРДУН АК ҮЙҮНДө АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ АЛМАШТЫ
Бир жылдан бери Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп иштеп келе жаткан Асейин Саралаев борборду көздөй көтөрүлүп кетип жаткандыктан арызын жазып берип тымызын талашка түшүп келген майлуу кызматтын башын ачты. Администрациянын 2-март күнү өткөрүлгөн аппарат жыйынында акимдин милдетин аткаруучу Р. Сарыбаев аппарат жыйынын чакырып аппаратта өнөр жай, транспорт жана коммуникациялар боюнча башкы адис болуп иштеп келе жаткан Салтанат Чоргоеваны убактылуу аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу кылып дайындады.


КОЧКОРДО ЖАШТАР МИНИСТРЛИГИНИН өКҮЛЧҮЛҮГҮ АЧЫЛАТ

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи кабатында Кыргыз Республикасынын Жаштар министрлигинин өкүлчүлүгү ачылат. Аталган өкүлчүлүк 2011-жылдын 15-мартынан баштап жаштар менен иш алып барышат. Министрликтин Кочкор районундагы өкүлү катары Улан Кадыров дайындалды.


КОЧКОРДУН АЙЫМДАРЫН ЖАЗ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАШТЫ

5-март күнү Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кочкор районунун айымдарын майрамы менен куттуктаган иш чара болуп өттү. Майрамдык салтанатта бир катар энелер "Баатыр эне" наамын алышып кубанышса, ардагер апалар акчалай сыйлык жана бир катар айымдар грамоталар менен сыйланышты.


"АЙБАТ PLUS" газетасынын аймактык өкүлчүлүктөрү ачылды!
Урматтуу окурмандар!
Эгерде сиз жашаган аймактагы көйгөйлөрдү же жакшы саамалыктарды газета бетине жарыялаңыз келсе, жарыя же жакын туугандарыңызды куттуктоону кааласаңыз, ар түрдүү жарнаамаларды жана макалаларды чагылдырам десеңиз, жан дүйнөңүздөгү айта турган сөздөрдү коомчулукка билдирем деген ниетиңиз болсо, анда түз эле биздин аймактардагы өкүлдөрүбүзгө кайрылыңыздар! Биз гана сиздин үнүңүздү каалаган жериңизге жеткире алабыз!!! Жаратканым жар болсун!!!


Нарын шаары жана Нарын району боюнча өкүлүбүз - Эльмурас (0777) 535-755
Ат- Башы району боюнча өкүлүбүз
Мирбек (0770) 285-314
Ак- Талаа району боюнча өкүлүбүз
Каныбек (0778) 208-279
Жумгал району боюнча өкүлүбүз
Азамат (0777) 244-036