SMS - КЕРБЕНИ
0550 52-55-83
номерине SMS жөнөтүңүз.

Редакция билдирүүлөрдү оңдоп, кыргызчага которуп жана кыскартып берүү укугуна ээ. Билдирүүнүн маңызы үчүн автор өзү жоопкер болот. Маданиятсыз, сөгүнгөн, маанисиз сөздөр жана техникалык себептерден улам толук келбеген билдирүүлөр жарыяланбайт.

Урматтуу окурмандар! Сиздер Кочкор, Жумгал, Нарын шаары, Нарын райондорунун аймагында айта турган сөздөрүңөр, адамдарга же жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө сын пикирлериңер, каалоо -тилектер, куттуктоолор болсо же жөн гана сыр бөлүшкүңүз келсе 0550 525583 номерине смс жөнөтүңүз. Сиздин үнүңүз, биздин газетадагы "SMS - Кербени" рубрикасынан орун алат.

А-12-01 Кара-Тоо айылынын 1992 жылкыларына салам жолдойбуз. Артем, Айбек, Мирлан
А-12-02 Кочкор районунун И.Арабаев атындагы 10-б классынын окуучусу Мээрим мен сени сүйөм. Айбек
А-12-03 Көк Жар айылынын 94 жылкыларына салам. 05512223хх
А-12-04 94-95 жылкы кыздар менен таанышам. Номерим 0779401531
А-12-05 Сулуу кыздар менен таанышам. 0779304668
А-12-06 Ж.Тойгомбаев атындагы лицейде окуп жаткан досторума салам. 3-курсту жакшы бүткүлө, ийгилик каалайм, кыздарга 8-март майрамыңар менен куттуктайм. Жыргал
А-12-07 Эне ыйык жашообуздун жарчысы, Эне дайра биз булактын тамчысы. Бешиктеги балтыр бешик баланын, Эне өзү жүрөгүнүн жартысы! Апаларыбызды капа кылбай урматтайлы. Апа мен сизди жакшы көрөм. Кызыңыз Эдиназ
А-12-08 Кыргыздын кыздары ыймандуу, адептүү, сулуу келишет. Эдуля 93
А-12-09 С. Орозбаков атындагы орто мектептин мугалимдери менен сыймыктанабыз. Эди
А-12-10 Урматтуу жаштар ичкилик, тамеки насвай сыяктуу оокаттарды урунбагыла! Эдуля
А-12-11 Баардык жаштар Муаздай болуусун тилейм. Жаштар намаз окугулачы. Меймуна
А-12-12 Билим алуу ийне менен кудук казгандай. Бардык күчүбүздү илимге жумшайлы. 07797016хх
А-12-13 Мысыгым 90-жылкы Муазды 23-февралы менен куттуктайм. М.
А-12-14 Бишкекте иштеп жаткан байкем Кылжыров Уланга салам жолдойм. 07797016хх
А-12-15 №15 кесиптик лицейдин окуучуларына, бардык Кыргызстан эллине ысык салам жолдойм. Таалай, Актан, Максат
А-12-16 Көк Жар айылынын тургуну кызым Нурайды өтүп кеткен 24-февраль туулган күнү менен куттуктап чың ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Атаң Жумагул, апаң Нурбүбү
А-12-17 Арсы айылынын 1979 жылкы аяштарыма салам. 07790030хх
А-12-18 Арсылык биздин жигиттер Таки, Тику, Куба, Мику, Мики, Улан, Кафу, Заму сиздерди 23-февраль майрамыңар менен куттуктайм. Аяшкаңар Лена
А-12-19 Салам "Айбат Плюс" ишиңерге ийгилик, өркүндөй бергиле. Супер инфодон артта калбагыла. 07790030хх
А-12-20 Айбат Плюс кандайсыңар мен газетаңарга пайдалуу кеңештерди жазып турсам болобу? 05541031ХХ
А-12-21 Акмөөрүм Жикуля жаз майрамдарың куттуу болсун! Бактылуу бол! 8-март эл аралык аялдардын майрамың менен куттуктайм. Мирбек
А-12-22 Апам Мейизди, Салтанатты, карындаштарым Айзатты, Айдананы 8-март майрамы менен куттуктайм. Калыс
А-12-23 Калин көчөсүндө жашаган Айгерим мага чал. 0550003932
А-12-24 Скофильд Кымбаттын сүйгөн жигити бар. Досу
А-12-25 Нарын облусунун Жерге Тал айылынын аялзатын 8-март жана жаз майрамы менен куттуктайм. Артур
А-12-26 Жумгал районун Байзак айылынын кыздарына ысык салам. Кыздар ыймандуу болгулачы. 05548351хх
А-12-27 Ак Талаа районун тургундарына ысык салам жолдойм. Кубат
А-12-28 Жумгалдын Чаек айылынын тургундарына супер салам. Саяктар молодцы. Канат
А-12-29 Чаектеги Т.Турсунбаева орто мектебинин 9-а классынын кыздарын майрамы менен куттуктайм. 05501576хх
А-12-30 Кочкор айыл өкмөтү желегиңерди оңдоп илип койгулачы. 05437132хх
А-12-31 Кочкордун аппарат жетекчиси эмне үчүн Аблесов болгон жок? Аким Көк Жарлык болсо эле башкасы дагы Көк Жарлык болушу керекпи? Көк Жар кланы Кочкордун бийлигин ээлейби? Арзыгул
А-12-32 Нарын шаарынын К.Жакыпов орто мектебине салам. 07784593хх
А-12-33 Айбат Плюс гезитинин ээси Каныбек Сапаров жөнүндө жазгылачы. Ал ким? Сымбат
А-12-34 Бабанов менен Текебаев эмнеге эле ит-мышык болуп атат. Бабанов кыйратып ийиптирби? 07703485хх
А-12-35 Губернаторубуз Республикадан болду. Эми аким дагы ошондон болобу? Рыся
А-12-36 Ак Жар орто мектебинин окуучусу Жумагазиева Мээримге ысык салам жолдойм. Кара Суудан Шайлообек жана Элдияр
А-12-38 Кара Суу айылынын 1981 жылкы балдарынын аядарын 8 март майрамы менен куттуктайм. Бишкектен Дүпө, Урмат, Сьезд, Канат
А-12-39 Акимчиликте иштеген Нурлан мен сени сүйүп калдым. Кара Коодон Н.
А-12-40 Рай. Кеңештин секретаршасы мен сени сүйүп калдым окшойт. Көргөндө жүрөгүм жарылып кете жаздайт. Жигитиң барбы? Айбатка жазып койчу. 07732555хх
А-12-41 Эркектерге калпак жакшы жарашат экен. Калпак эле кийсеңер боло? Жазгүл
А-12-42 Мантыш айылынын жаштарына салам. Мурат
А-12-43 Ортоктуктар барсыңарбы? Мага гезит аркылуу салам жолдоп койгулачы. Красавчик Джо
А-12-44 Чолпондуктарга салам. Апаларды майрамы менен куттуктайм. 07784581хх
А-12-45 Шамшы айылынын тургуну Муса байкенин үй-бүлөсүнө салам. 05547866хх
А-12-46 Исакеевдик Жокишага жана 1989 жылкыларга салам. Братандар бар болгула. Бакыт




"АЙБАТТЫН" СЫР куржуну
Биздин "Айбаттын сыр куржуну" рубрикабыздын бул санындагы коноктору биз билип да, билбей да жүргөн жаныбарлар болмокчу. Алардын бизге белгисиз айрым сырларын ачуу менен бирге ушул убакка чейин аныгын биле албай айрым суроолорго жооп ала алабыз. Мисалы, чүп жечү жаныбарларды жырткыч жаныбарлардан айырмалаган эң жөнөкөй нерсе алардын көзү башынын эки капталында болгондугу болуп эсептелет. Себеби, жырткычтардын көздөрү маңдайында болгондугу, алдындагы "жемин" алыстан акмалап, жакшылап көрүүлөрү үчүн болсо, чөп жечү жаныбарлардын көздөрү капталында жайгашып, арт жагынан аңдып келген жыткычтарды да байкап турууга абдан сонун ыңгайлашкан. Мына ушундай жана башка кызыктуу маалыматтар сиздердин маалымат казынаңыздарды байытып, пайдалуу болот го деген ишеничтебиз.


o Чөлдөгү кумдуу бороондордон сактануусу үчүн Жараткан төөлөрдү үч катар кирпик менен "сыйлаган".
o Ошондой эле эки өркөчү болгонуна карабастан төөнүн омурткалары жылкылардыкындай элу түз болот.
o Кирпинин жүрөгү орточо эсеп менен мүнөтүнө 300 жолу согот.
o Эшектин көзү бир убакта төрт бутун тең көрө ала тургандай абалда жайгашкан.
o Дельфиндер уктаганда дайыма бир көзү ачык болот.
o Куштардын эргежээли болгон колибри баса албайт экен.
o Денесине салыштырмалуу эң чоң мээнин ээси болгон жандык -кумурска болуп эсептелет.
o Төрт тизелүү болгон жападан жалгыз жаныбар - пил.
o Жер жүзүндө жашаган жандуу жандыктардын 70 пайызы бактериялар болуп эсептелет.
o Ургаачы иттер эркектерине караганда "ажаан" келет да көбүрөөк тиштейт.
o Ар жылы аарынын чакканынан жыландын чакканына караганда көп адамдар өлөт.
o Акуланын рак оорусуна карата иммунитети бар.
o Кара жөргөмүштүн ургаачысы күнүнө 20га чейин өзүнүн туугандарын (башка жөргөмүштөрдү) жеп кое алат.
o Жеминин жетишсиздишигинен тасма курту өзүнүн денесинин 95 пайызын жеп кое алат….бирок, эч нерсе болбогондой жашай берет.
o Нил дарыясынын жээгинде жыл сайын 1000дей адам ар кандай кокустуктан улам крокодилдин жемине айланат.
o Төө куштун жумурткасын сууга бышыруу үчүн 4 саат убакыт кетет.
o Арстандардын үйүрүндө "тамак" табу милдети 9/10у ургаачыларынын мойнундагы милдет болуп эсептелет.
o Тооктун эң узак убакытка учканы болжол менен 13 секундага созулат.
o Суусуз көпкө жашай ала тургандыгы менен рекорд койгон жаныбар төө эмес келемиш чычкан экен.
o Крот бир түндүн ичинде узундугу 76 м. келген туннел казып коюга жөндөмдүү.
o Жаныбарлардын ичинен Шимпанзе гана өзүн-өзү күзгүдөн тааный алат.