Айбаттан укуктук куржун
Кочкор районундагы "ЛАРК" юридикалык компаниясынын юристи Базаров
Акжолтой сиздердин сурооңуздарга жооп берет.

- Өзүмдүн жер үлүшүмдү белек катары эжеме өткөрүп берсем болобу?
Роза.
- Өзүңүздүн жер үлүшү-ңүздү белек катары эжеңизге өткөрүп берсениз болот себеби Кыргыз Республикасынын "Айыл чарба багытындагы жер участкаларын башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 29-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын жаранынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жана участоктору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белекке берүүнүн объекти болуп саналат жана белекке берилиши мүмкүн.
Белекке берүүнүн обүекти болуп саналган жер үлүшүнүн жана/же айыл чарба багытындагы участоктун өлчөмү тиешелүү айыл башкармалыгындагы (айыл өкмөтүндөгү) жер-агрардык реформанын жүрүшүндө белгиленген жер үлүшүнүн орточо чарбалык өлчөмүнөн аз болушу мүмкүн эмес.

- ФПСтин жерлерин конкурска коет деп айыл өкмөтүнөн айтып жатышат. Шаардын тургундары ошол конкурска катышып ФПСтин жерин ижарага алса болобу?
Исакеев айылынын тургуну Муса.
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы.
N 1997-III токтому менен бекитилген "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу" типтүү жобонун талаптарына ылайык айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары ижарага алууга укуктары бар. Демек шаардын тургундары деле айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага алышса болот.

- Жайыттарды пайдаланууга айыл өкмөт башчысы береби же айылдык кеңештин депутаттары береби?
Калмурат.
- Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна ылайык жайыттарды пайдаланууга берүү жайыт комитети тарабынан жүргүзүлөт. Ал эми Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" мыйзамынын 2-беренесинде жайыт комитети - жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин аткаруу органы деп белгиленген.

- Эгерде сот ишиңди карап жатса бирок сен ал сотко ишенбесең башка соттун кароосуна жөнөтүүңү суранса болобу?
Кочкор айылынын
жашоочусу
Асанбек.
-Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин 17-беренесинин 1-пунктунун негизинде судья:
1) эгерде ал ишке катышкан жактардын же алардын өкүлдөрүнүн биринин тууганы болсо;
2) эгерде ал жеке өзү, түздөн-түз же кыйыр түрдө иштин натыйжасына таламдаш болсо же анын калыс экендигине күмөн туудурган башка жагдайлар болсо;
3) эгерде ал иштин мурдагы каралышында прокурор, эксперт, адис, тилмеч, өкүл, сот отурумунун катчысы катары катышса, ишти карай албайт жана андан баш тартылууга тийиш. Эгерде Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин 17-беренесинин 1-пунктунда каралган талаптар болсо анда Сиз судьяга ишенбестик көрсөтүп башка судьянын кароосуна жөнөтүүңү суранганга укугуңуз бар. Ал эми эгерде атап кеткен талаптар жок болсо анда судьядан баш тартууга негиз жок болот. Судья ишти карай берет.

- Жер участогун кандай учурларда алып коюуга жол берилет?
Чолпон айылынын
жашоочусу
Бекжан
- Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 65-беренесинде жер участогун алып коюу жер участогуна болгон укукту токтотуунун өзгөчө чарасы болуп эсептелет жана жер участогунун ээси же жерди пайдалануучу болгон тартип бузууну четтетүү жөнүндө кат жүзүндө эскертилгенден кийин, жеке же юридикалык жак администрациялык жоопкерчиликке тартылганда, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 66-статьясынын 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында жана 7-пунктчасында каралгандан башка учурларда сот тарабынан гана колдонулат.
Ыйгарым укуктуу органдын эскертүүсүндө:
1) жер участогунун ээси же жерди пайдалануучу тарабынан жол берилген тартип бузуу жана аны четтетүү үчүн зарыл болгон чаралар;
2) тартип бузуу четтетиле турган мөөнөт;
3) эскертүүнү аткарбоонун кесепеттери;
4) аталган эскертүүгө жер участогунун ээсинин же жерди пайдалануучунун даттануу ыкмасы аныкталууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 66-беренесинин 1-пунктуна ылайык төмөндөгү учурларда жер участогун алып коюга жол берилет:
1) жер участогунун максаттуу багытын бузуп пайдалануу;
2) мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу (сатып алуу);
3) айыл чарба өндүрүшү үчүн берилген жер участогун же жер участогунун бир бөлүгүн үч жылдын ичинде пайдаланбоо;
4) айыл чарбасынан башка өндүрүш үчүн берилген жер участогун белгиленген мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланбоо;
5) жер салыгын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө төкпөсө;
6) "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу акыларынын тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде камсыздандыруу акыларын төгүп бербөө.
7) "Жер казынасы жөнүн-дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардагы жер казынасын пайдалануу укуктарын жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган токтотсо (жокко чыгарса).

- Мен бирөөнө канча сомдон ашык акча карызга берсем расписка жаздырып алышым керек?
Жумгалдан Азамат
- Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин 177-беренесинин 1-пунктунун негизинде нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылуучу бүтүмдөрдөн башка, төмөндөгүлөр:
1) юридикалык жактардын жана жарандардын ортосундагы бүтүмдөр;
2) жарандардын ортосунда өз ара эсептик көрсөт-күчтүн өлчөмүнөн кеминде он эсе ашкан суммада белгиленген, ал эми мыйзамда каралган учурларда бүтүмдүн суммасына карабастан түзүлгөн бүтүмдөр жөнөкөй кат жүзүндө түзү-лүүгө тийиш.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 15-июну N 1115-III
"Эсептешүү көрсөткүчү-нүн өлчөмүн бекитүү жөнүн-дө" токтомуна ылайык 2006-жылдын 1-январынан тартып эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмү айына 100 сом суммасында бекитилген.




Талкаланган тагдыр
же арактын азабы

- Беккул байке үй-бүлөңүз кайда?
- Аа Нурмат үй-бүлөм бар айылда, бирок ал жөнүндө айтыш узун жомок. Бул жерден козгобой эле коелучу. Андан көрө алдыңдагы тамакты толук ичпей койдуң. Эгер шашпасаң эшикке чыкканда бир аз сүйлөшөлү. Беккул астейдил колун шилтеп шымын күбүгөн болду.
- Мейли анда Беккул байке мен эртең айылга кетем. Келген жумуштарым бүттү. Тиги камокто отурган чогуу окуган аяшым болот. Келген сайын жолугуп кетем. Бир, эки сааттык убактымды сиз үчүн бөлөйүн. Беккул таңгалып мени үлүрөйүп карап койду. Бул анын менин үй-бүлөмдүн буга кандай тиешеси бар деген кабатырлануусу эле. Мен эмнеден сөз баштаарымды билбей делдиреп турдум. Сөздү Беккул баштады.
- Иним мындан он эки жыл мурда сен райондо бир мекемеде иштечү элең. Ошол жылы биздин айылга сакмалга келгенсиң. Анда мен фермобой зоотехник болуп иштечүмүн.
- Ооба Беккул байке, дал үстүнөн чыктыңыз. Мен жолдо келатып сиз менен таанышып жакшы чабанга жеткирсеңиз, мен мал баккандын сырын жакшы билбейм, кичинемде шаарлык болуп өскөм деп сизден суранган элем. Макул деп жаркылдап күлүп мен үчүн чоң адамкерчилик кылгансыз. Барган жерим өзүм ойлогондой болуп эки жарым ай сакмалда жүргөн күнүм кантип өтүп кеткенин билбейм. Сиз күн алыс келип турчусуз.
- Ооба Нурмат, ошол кез ошол күн менен өткөн. Беккул көпкө унчукпай отурду. Сыягы өткөн күндөрүнүн элестери көз алдына тартыла берди окшойт. Анын бул дулдуюп отура беришин мен жактыра бербей анны сөзгө тартканга аракет кылдым.
- Беккул байке ошол кезде сиз өзүңүз жаңы үйлөнгөн кезиңиз болсо керек, себеби өз оозуңуздан уккам. Ал оор үшкүрүнүп алды.
- Туура Нурмат мен кеч үйлөндүм. Сага жоолукканда жаңы балалуу болгон кезим болчу.
- Анан үйлөнгөнүңүзгө он эки жыл болуптур, бирок үй-бүлөңүздү таштап бул жакта эмне кылып жүрөсүз?
- Кептин баары ошондо. Беккул башын бир булкуп алды.
- Мынчалык асылдың иним, сенин да ойлогонуң бардыр. Жакшылап кулак сал, менин көргөн күнүмдү эч кимге ыраа көргүм келбейт. Балким кимдир бирөөгө сабак болоор.

Беккул окуусун бүтүп келээр менен жумушка орношуп ар кайсы жерде топтошкон куут пунктарды кыдырып, куутка кирген койлордун эсебин алып бухгалтерияга жүктөлүү милдети жүктөлдү. Окуунун жөнү башка, ал эми чарбада иштеген өтө тактыкты талап кылаарын жаш жигит алгачкы күндөрдө эле сезди. Беккул бул иште бир айча эле иштеди. Ишке баш оту менен кирген жаш жигитти директор субай койго зоотехник кылып бекитти. Кол астында иштеген он беш чабаны бар алардын милдети Беккулдун моюнунда, ар бир чабандын мүнөзү ар башкача, алар менен бат эле тил табышып камыр -жумур болуп ишти алып кетти. Чарбанын жумушу деп жүрүп Беккул үй-бүлөсүнө да карай албай калды. Эртең менен нарядга кетсе кечинде каш карайганда же түн ортосунда келип чала-була тамагын ичип төшөгүнө кулайт. Кайрадан баягы көрүнүш. Үйдөгү оор түйшүк келинчеги Айнекке жүктөлгөн. 70тен ашып калган Садыр ата колунан келишинче сырттагы жумуштарга каралашып эптеп күн өткөрүшөт. Бир күнү таңкы наряддан келаткан Беккул атасы чөп көтөрүп келаткан алдынан чыкты.
- Ата бериңиз мен сала коеюн.
- Койчу балам кийимдериң булганат, ушул дагы жумушпу, даяр оокатты жасабай эмне болуптурмун балам, кыймылдап турганга не жетсин, азыр кары күчүм бар эле.