Турсунбек АКУН, КРнын акыйкатчысынын милдетин аткаруучу:
"Азыркы парламент президенттик
админстрациянын чөнтөгүнө айланды"
- Турсунбек мырза, Кыргызстандын парламентин таратуу, төрага Асылбек Жээнбековдун кызматтан кетүү талабы боюнча нааразычылык акциясын өткөрүп жатасыз. Төраганын жана парламенттин кандай күнөөсү бар?
- Бул нааразычылык акцияга бир гана мен эле эмес, менин артымдагы мени колдогон адамдар, карапайым калк чыгып жатат. Алгач төраганын кетишин талап кылып жатканбыз. Бүгүнкү күндөн баштап азыркы парламенттин тарашын талап кылып баштадык. Себеби, парламент элдин ишениминен чыкты. Бир эле мисал Акыйкатчы институтун алсак, парламент мени 5 жылга шайлаган. Мына 5 ай өтө элек жатып Батукаевге шылтоолоп, Батукаевге тийиштүү чиновниктерди албай, аларды кетирбей жаткан өкмөттү күнөөлөбөй, мени кызматтан алышты. Азыркы парламент президенттик админстрациянын чөнтөгүнө айланды. Акыйкатчы парламент кандай болсо, ошондой чоң кызматтагы адам. Аны ооруп реанимацияда жаткан жеринен кызматтан кетирип, кээ бир депутаттар кайрадан кызматка койгула деп талап кылса кызматка койбой, соттук териштирүү бүткөнчө шайлоону токтото туралы десе шайлоону токтотпой, 50дөн ашык талапкерлерди салбаалатып чогултуп алып баарын акыйкатчыны жамандаттырып, теле-радиолорго чыгартып, атайын каралоо компаниясын уюштуруп жатышат. Карапайым калк дагы депутаттардын деңгээли абдан төмөн экенин эми түшүнүп калышты. Мен төрөга Асилбек Жээнбековго 3 жолу "Кабыл алып коюңуз" деп кайрылдым. Ал бир дагы жолу кабыл алган жок. Мен берген суроолорго жооп бербейт. Кыргызстанда акыйкатчынын укугун ушундай тебелеп жатса, мындай парламент карапайым калктын укугун оңой эле тебелеп коет. Бул парламенттин мамлекетке кереги жок.
- Коомчулукта "Турсунбек Акун акыйкатчылык кызмат ордун бергиси келбей, ар кандай нааразычылык акцияларды уюштуруп жатат" деген сөздөр айтылууда. Ушул чынбы?
- Кеп кызмат орунда эмес. Мен кызмат ордум үчүн эмес, акыйкатчы катары аракеттерди көрүп жатам. Акыйкатчы эл тарабынан шайлангандан кийин элинин укугун коргош керек. Мен бир гана акыйкатчынын кызыкчылыгын ойлобостон карапайым калктын, жалпы эле Кыргызстандын келечеги үчүн аракеттерди көрүүдөмүн.
- Парламентте акыйкатчылыкка талапкерлердин арасында татыктуулары жок деп жатышат. Негизи татыктуу акыйкатчы кандай болуш керек?
- Татыктуусу болсо талапкерликке койбойт болчу. Себеби, акыйкатчынын орду бош болуп чатак чыгып сотошуп жатса, кантип талапкерлигибизди коебуз деп уялышмак. Талапкерлигин коюп жаткандардын уят-сыйыты жок адамдар. Акыйкатчы менен парламенттин ортосунда сот иши жүрүп жатат. Эгер соттон парламент утулуп калса, өзүнүн аброюн аябай түшүрүп алат. Ошондуктан парламенттин кээ бир мүчөлөрү сот кызматкерлерине кысым көрсөтүп, соттон уттурбаганга аракет көрүүдө. Негизи татыктуу акыйкатчы элге жакын, өкмөттүк эмес уюмдар, эл аралык уюмдар менен чогуу иштешип, Кыргызстанга белгилүү, бир да партияга мүчө болбогон, эч кимден коркпогон, чындыкты бетке айткан акыйкатчы болуусу зарыл. Азыр "Ата-Мекен", "Ар-Намыс" ж.б партиялардан талапкерликке коюп жатышат. Алар ошол партиянын гана камчысын чабышат.
- Акыйкатчылыкка талапкерлигин коюп жаткандардын кимиси татыктуу деп ойлойсуз?
- Азыр талапкерлигин коюп жаткандардын бири дагы татыктуу эмес. Бир гана Бактыгүл Кубанычбек кызы деген кичинекей кыздын сүйлөгөнү жакты. Бирок, анын тажрыйбасы азырынча аз. Ал дагы өсүп, элге көп аралашып, тажрыйба алгандан кийин мына ушул кыздай адамдар татыктуу боло алат.
Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА





Бир карын майды бир кумалак чиритет
Коомчулукка өзүн "Алиби - саясий укуктук гезит" деп жарыялап келген гезит, чындыгында укуктук эмей эле, укукту тебелеп, жеке адамдардын ысымына шек келтирерин айгинеледи. Дегеним, төрт ай мурун, тагыраак айтканда 2013-жылы 31-майда аталган гезиттин №56 (408) санында менин атымды сатып, Маматов Максат деген ат менен "Камчы байкебиз Рысбектин тобунда жүргөндө эле билген экен" аттуу макала жарыялаган. Бул материалды журналист деген атка татыксыз, бул тармакта билим албаган, менин атыма жамынып алып, эрдик кылып жаткан немедей жагынчусуна жагынып, крим чөйрөдөгү белгилүү фигуралардын ишин ачыктап, бул дүйнөдө жогуң тирилип келмек беле деген таризде жамандап жазган. Муну менен гезит өзүнүн кесипкөйсүздүгүн, коен жүрөктүгүн, жүзү каралыгын, бетпактыгын аныктады деп эсептейм. Аталган макала тууралуу интернет сайттан окуган соң, алдында автор катары өзүмдүн ысымым турганын көрүп, көргөн көзүмө ишене албай, окуяны тактоо максатында "Алиби" гезитинин кеңсесине бардым. "Балык башынан сасыйт" демекчи, гезиттин башкы редактору Адилет Айтикеев жана жооптуу редактору бул уятсыздыкка жол берип коюп, "ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" болуп улам бир шылтоону айтып, акыры "биз эч нерсе билбейбиз, сенин атыңды интернет сайт жазып койсо керек",- деп редакторунун буйругу менен гезиттин кызматкери кеңседен түртүп чыгарып койгон. Ушундан улам иликтеп, акыры макала "Алиби" гезитине" чыкканын, анын алдына менин атым жазылганын далилдеп кайра барсам жоопкерчиликтен качып жаткан редактор сөрөй "ооба, макаланы мен жазгам. Материал жазганда оозума келген уйкаш ысымды жазып кое берем. Сенин атың менен фамилияң уйкаш турбайбы. Жөн эле оюмдан чыгарып жазып койгом. А эмне черныйлар тараптан сага кысым болуп жатабы, эмнеге мынча чычалап жатасың. Мен гезитке түзөтүү бере албайм" деп ийин куушурду. Бул боюнча сотко арыз менен кайрыларымды билдирип, тиешелүү жерлерге барарымды айтсам "Ал сенин ишиң, өз билгениңди жаса" деп кайра бет тырмарлык кылды. Көрсө бул гезиттин редактору ар кимди каралаган материалдары өзү жазып туруп, уйкаш болсо эле болду деп оозуна келген ысымды жазып кое берет экен да.
Өзүм буга чейин гезиттерде иштеп, социалдык маселелерге арналган макалаларды гана жазып келгем. Журналисттик ишмердүүлүгүмдө крим чөйрөсүнүн "лөктөрү" Акматбаев, Көлбаевдин сырын ачмак турсун, жөнөкөй криминалдарды да жазып көргөн эмес элем. Анан "Алиби" гезитинде иштебесем кайдан менин атымдан материал даярдалып калат? Мен бул гезитте иштеп, макала жазмак турсун гезит менен эч кандай байланышым да жок. Керек болсо окубайм дагы.
Өзүмдүн эле кесиптештерим менин автордук укугумду тебелегени - бул жеткен акмакчылык. "Бир кумалак бир карын майды чиритет" болуп, Адилет Айтикеевдин мындай кадамы бүтүндөй журналист журтчулугунун абийирин төгүп жатат. Журналист биринчи кезекте өз кесибин баалап-барктоосу зарыл. Ал эми "Алиби" гезитинин редактору баш болгон анын кызматкерлери журналисттик кесипти тебелеп, коомчулук алдында шерменде кылууда.
Өзүм үч жылдан бери кант диабетинин II түрү менен ооруйм. Бул гезиттин кылыгы менин оорумду ого бетер күчөттү. Азыркы тапта сахарым көтөрүлүп, текшерүүгө барсам 20 пайыздан ашык көрсөткүчтү көрсөттү. Козгогон оорумдун айынан иш ордумду өткөрүп берүүмө туура келди. Мен моралдык жактан жапа чегип жатам.
"Алиби" гезити андай эле укуктук гезит экенсиңер өзүңөрдүн атыңардан жазбайсыңарбы? Силерге ишенген кайран гана окурмандар!!!
Максат МАМАТОВ, журналист