Нурлан МОТУЕВ, Кыргызстан Элдик Патриоттук Кыймылынын төрагасы:
"Элге даба да, айла да жок"
- Мен Жекшенкуловду жана Кадыровду оппозиция деп эсептебейм. Алар кызматсыз калып, бийликке таарынып жүргөн пенделер. Болбосо, акыркы 1 жылдагы "Кум-Төр", камактагы 3 депутат боюнча бир ооз сүйлөп коюшкан жок да. Биз улам-улам митинг уюштуруп жатып, күчтөндүрүп койгон оппозицияга кашыктарын белендеп жетип келишти. Тигиндей балээге учурап калгандарына чала болот.
- Оппозицияны күчтөндүрүп койдук дейсиз, алдыда оппозициянын кадамдары кандай болот?
- Жакында альтернативдүү программа менен чыгабыз. 20 жылдан бери дегеле бийликте иштебеген таза адамдар биригип, өз пландарыбызды түзүп жатабыз. Азырынча кандай өңүттө чыгарыбыз жашыруун сыр болуп турсун. Иш пландарыбызды жакындаганда жар салабыз.
- Ошондо митинг уюштуруп, нааразычылык акциясы менен чыгасыздарбы?
- Буюрса. Азырынча иш пландарды ачыктоодон алыс боло туралы.
- Бийликте иштебеген таза адамдар кимдер, дегеле оппозициянын курамында кимдер бар?
- Эми "20 жылдан бери ким бийликте жүрдү жана ким жүргөн жок" деп эл таразалашы керек. А эгерде дагы эле ошол эски ашмалтайларды уга беребиз десе, анда элге даба да, айла да жок болот. Сормо сазда отура беришсин. Андан башка айтарыбыз жок.
- Учурда оппозициянын катарында Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков жана башка бир топ саясатчылардын ысымы аталууда. Бул адамдар мурда да бийликте иштеп келишкен да же сиздердин оппозиция бул адамдар менен бирге эмеспи?
- Садыр Жапаров боюнча эч нерсе айта албайм. Ал эми Ахматбек Келдибековун оппозицияда экени күмөндүү. Бирок, түндүк-түштүк деген факторду да унутпашыбыз абзел. Трайбализм жеңип кетет баары бир.
- Акыркы кездерде саясатка аралашып жүргөндөрдүн баары эле бир кезде бийликте иштегендер. Бийликте иштебеген таза адамдар деп кимди айтканыңызды билсек болобу?
- Бийликте таптакыр таза адамдар жок деп айтуудан алысмын. Алсак, аткаруу бийлигиндеги Мелис Турганбаев ж.б.у.с., орто звенодогу адамдардын таза иштеп, өз кызматын аткарып жатканын эл билет. Булар чындыгында эле Кыргызстандагы таза иштеген адамдардын катарында экенин белгилеп кетүү зарыл.
Бурул МУСАБЕКОВА





Тимур САРАЛАЕВ, жаш саясатчы:
"Оппозицияда реалдуу идея болсо мамлекет күрөшө алмак эмес"
- Тимур, өткөн жумада чыккан оппозиция бийликти кулатууга аракет кылды делген видео тасма тууралуу кандай пикирдесиң? бул саясатта курч мүнөздөрдү жаратпайбы?
- Кыргызстандын саясий мейкиндигинде болуп жаткан учурдагы саясий процесстер салыштырмалуу мыйзам ченемдүү деп айтса болот. Саясий эки тарап бийликке күрөшүү үчүн өз куралдарын колдонгонуна күбө болуп турабыз. Эки тараптын кимисиники туура, кимисиники туура эмес деген бааны берүү эрте, ага убакыт керек. Биз болгону бир гана нерсени так айтсак болот. Бийликке суусап тургандар жана аны көбүрөөк колдонолу дегендер болгон бардык шарттарды пайдаланып, бири-бирин көөлөп, өзгөчө маалыматтык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп коомдук пикир түзгөнгө аракет кылууда. Саясат ыпылас болгондуктан, ал жерде ыпылас технологиялар тилекке каршы боло берет. Болгону карапайым калк ага унчукпай күбө болуп тура берет. Чынын айтканда азыркы учурда мамлекет идея менен күрөшкөн жок. Ал белгилүү адамдар менен күрөшүп турат, ал эми оппозицияда реалдуу идея болсо мамлекет күрөшө алмак эмес.
- Оппозиция өкүлдөрү тасманы бийликтен аларга карата атайын даярдаган компроматы деп баалады. Ал эми айрым саясатчылар оппозицияга эмес, ажонун дарегине жасалган саясий оюн деген пикирлер айтылууда, ушундай болуусу мүмкүнбү?
- Ажого карата атайын жасалган компромат деген маселени таптакыр четке кагып салууга да болбойт. Бирок так маалымат болбогондон кийин бул маселенин тегерегинде көзү ачыктык кылуу кыйын. Божомолдоп ойлонуп көрсөк, атайын уюштурулган оюн десек туура болоор. Учурда кандай шахматтык - саясий оюн жүрүп жатканын оюнчулар өздөрү гана жалгыз билсе керек...
- Дегеле ушул окуялардын артында АКШ турат деген божомолдор да бар, буга кандай карайсыз?
- АКШ боюнча айтсак, ар түрдүү варианттарды алар толугу менен колдонуусу мүмкүн, алар Борборук Азияда куралдуу күчтөрүн кандай гана жол болбосун, сактап калууга кызыкдар, ага бир топ геосаясий себептер бар. Алардын негизгилери Борбордук Азияда кайсыл чоң держава башкы ролду ойнош керек деген маселе, Россиябы, Кытайбы же АКШ?! Албетте АКШ өзүлөрүнүн таасирин күчөтүүгө кызыкдар, алардын ыкмаларынын арасында жер шарындагы бир топ мамлекеттердин ички саясатына аралашуу жана анын курамын ар түрдүү төңкөрүштөр менен өзгөртүү тажырыйбасы эң чоң. Ал эми КРнын саясий элитасында айрымдары алардын материалдык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, аларга кызмат кылып берүүгө даяр болсо керек...
Бурул МУСАБЕКОВА





- Акыркы убактагы теледен оппозиция бийликти кулатууга аракет кылды делген видео матералдардын чыгуусун коомчулукта Акаев, Бакиевдердин убагындагы саясий оюндарга окшоштуруп жатат. Чынында эле ошол убакытка окшошуп турабы? Дегеле мындай көрүнүштөрдүн арты менен өлкөнүн саясаты кандай өңүттө болуусу мүмкүн?
Ыргал КАДЫРАЛИЕВА, КСДП фракциясынан ЖК депутаты:
- Элдин оппозицияга болгон ой-пикирин өзгөртүш үчүн Акаевдин жана Бакиевдин бийлиги өтө кир ыкмаларды колдонуп келишкен. Өзгөчө Бакиевдин бийлиги, тескерисинче оппозицияны элге жаман көрсөтүүгө аракет кылышкан. Эксперттер жана тиешелүү органдар тарабынан, бүгүнкү оппозициянын уюштурган "Жаштар курултайындагы" же "Курултайдагы" болгон иш пландарын, Эрлан Өмүралиев берген интервьюсунда моюнуна алгандыгына туура баа берилген болсо, анда азыркы оппозициянын кылайын деген иш пландары, койгон ар түрдүү иштеринен улам Бакиевдин бийлигинде болгон кир саясатты көрүп жатам. Нарын суусун булгоо, "Кум-Төрдү" жаман көрсөтүү, элди жаман жактарга буруу, мындайча айтканда, оппозициянын планы Бакиевдердин жаман саясатын кубалап бара жатканынын айкындайт. Өз учурунда, Бакиевдер чыгаан жаштарды өлтүрүп, элге кол салып, аларды сындырыш үчүн ар кандай ыкмаларга барышкан. Ал эми, азыркы оппозициянын кылган иштери Эрлан Өмүралиев тарабынан тактала турган болсо, анда Бакиевдин бийлиги кылып кеткен ишти, бүгүнкү оппозициянын ишинен көрүп жатам. Мени сүйүндүргөн нерсе, УКМК учурда мындай көрүнүштөрдүн үстүндө иштеп, ар кандай жаман иштерди болгонго чейин, аларды ачканга мүмкүнчүлүктөрдү таап, жакшы жыйынтыктарды берип жатышат. Мындай иштер менен биз устуканга жетпей калган адамдардын пландарына каршы туруштук берип жатабыз. Эгерде туруштук бере албай калсак, анда Кыргызстандын келечегин, дүйнөлүк аренадагы авторитетин жок кылып алышыбыз мүмкүн. Ар бир жаран мамлекетке өз салымын кошушу керек. Ушундай абалдардын алдын ала албасак, анда Кыргызстандын саясий абалы өтө оорлоп кетет.
Урмат АМАНБАЕВА, "Республика" фракциясынан ЖК депутаты:
- Артка кайрылып ошого салыштыруу бул алсыздыктын белгиси, андан көрө себеби эмнеде деген суроонун үстүндө иш алып баруу керек . Эмнеге оппозиция ушундай кадамга барууда алар кимдер? Эмне керек? Мына ушул суроонун жообун ким жооп берет? Жашоо региондордо ондолдубу? Жок, ошондуктан өткөн-кеткен бийликтин жетекчилеринен шекшибей, алгылыктуу кадамдарды жасоо зарыл.
Болот АБДЫЖАПАРОВ, жаш саясатчы:
- Өзүнө ишенбеген бийлик көлөкөсүнөн коркот. Анан бизде саясий серепчилер күзүндө бир саясий баталиялар башталат деген божомолдордон чочулап, ушул нерселерди көргөзүп жатышат. Бир нерсе болсо биз айтпадык беле дегенге оңой да. Эң таң калычтуу нерсе, журналист катары кээ бир кылмыш иштери тууралуу ИИМ ге же МУКК на кайрылсаң,тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу деп комментарий дагы беришпейт. А эмнеге бул ишти теле аркылуу коомчулука жайып жиберишти? Демек саясий оюн экени ачык эле көрүнүп калды.