Эң биринчи сүйгөнүм
Оорубай жашоого милдеттүүбүз
"Ден соолуктун миллионери"
Күч-кубатты кетирип, өңдү керсары тарттырып, майы түгөнгөн чырактай үлдүрөтүп койгон оору же дарт адам баласынын керемет касиетин, сапатын, түзүлүшүн шылдыңдап тургандай сезилет. Мен катуу ооруп айыккандан бери (Поль Брегг туулгандан баштап далай оорудан азап чегип келген) өзүмдүн ден соолугумду ар дайым чыңдап, бир калыпта кармоого аракет кылам. Жашоодогу туруктуулугум жана чыдамкайлыгымдан улам бардык убакта саламаттыгым эң сонун жана көңүлүм куунак жүргөнүмдүн өзү мага эң чоң киреше тартуулап тургансыйт. Ошондуктан өзүмдү-өзүм"ден соолуктун миллионеримин"деп коем. Ден соолуктун миллионери болуу үчүн. Ошондон зор ырахат алуу үчүн кары-жашыңа карабай талыкпаган эмгек керек.
Улгаюуну билбеген ден соолуктун бир сыры: ички органдардын тазаланышы жана анын табигый тамак-аш менен азыктанып туруусу, таза аба, ачка болуу, дене тарбия көнүгүүлөрү, туура эс ала билүү ж.б. болуп саналат. Сиз бүтүндөй тулку-боюңузду ачка болуунун эрежелери менен туура тазалап алсаңыз, андан соң табигый азык-затка өтсөңүз, өзүңүз эле көбүрөөк кыймылды эңсеп каласыз. Ошондо сөзсүз дене тарбия көнүгүүлөрүн баштаңыз, эч болбосо көбүрөөк басыңыз, жайбаракат эмес, ыкчам басыңыз. Ойлоп көрүңүзчү, бой келбетиңизди, мүчөңүздү каалагандай калыпка салып алсаңыз кандай сонун! Адам жаратылыштын бир керемети! Кимде-ким өзүнүн саламаттыгы үчүн убактысын да, күчүн да аябаса, ошол гана баарына жетишет.

Экинчи бап
Ачка болуунун пайдасы
Поль Бреггдин биринчи китебин окуп чыгып, өзүмө бир сыйра тажрыйба жасап, анча-мынча үзүрүн көргөндөн кийин жакындарым менен тааныштарымдын баарына айтып, жаным калбай жардам бергим келе берди. Бирок ой тобо-о, ачка болуу керек деген сөздү укканда эле көбү чалкасынан кетет. Ачка болууга болбой турган шылтоолору түмөн. Уккулары келбейт. Андан көрө"бир кымбат дары чыгыптыр, ошол сенин дартыңа даба"десем, канча болсо да, карыздаса да алгысы бар. Же болбосо "азыр ким жыргап, оозу толо тамак жеп жатыптыр, ансыз деле ачка жүрөбүз" дечүлөр да болду. Андай эмес, замандаштарым. Мен деле силердей бирөөмүн, болгону билгенимди бөлүшкүм келет, сиздин ден соолукка шыпаа болуп кетсе ажеп эмес.
Илимий негизде же туура ачка болуу менен адам көөнөрбөгөн жаштыкка кабылат. Билгичтик менен ачка болуу аркылуу сиз мезгилсиз баш баккан карылыкты өзүңүздөн алыс кубалайсыз. Эң негизгиси оору-сыркоого кор болбойсуз.

Ачка болуу адамдын өзүндөй байыркы!
Мисалы. Иисус Христос ачка болуу аркылуу аң-сезим менен дене-бойду (организмди) тазалоону сунуш кылган.
"...ошон үчүн сиздер ошол храмды (өз денеңерди) тазалооңор керек, жараткан кудай үчүн ал жерде (аң-сезим менен денеде) татыктуу орун болуш керек. Тамак-ашты тарта ичип, өзүңөрдү өзүңөр кайра жараткыла!" (Евангелия Мира Иисуса Христа от ученика Иоанна) Иисус Христостун ачка болуп тазалануу жана илдеттерден арылуу жөнүндө айткандары керемет. Кудайдын керемети. Айткандарын аткарып, жыргап жашай бер!"Эй, Адам, шамал, суу, жер, күн, климат, тоо-токой, бак-дарак - мына сенин дартыңа даба" дейт.
Байыркы Египеттин зор билерманы (знаток) Геродот айтат: "Египеттиктер эң бир дени сак адамдар болушкан. Анткени алар бир айда үч күн ачка болушуп, ичтерин тазалашкан. Оорунун баары тамак-аш менен кирерин эң сонун билишкен".
Медицинанын атасы болгон Гиппократ айтат: "Эгер дени-кардың тазаланбаган болсо жеген оокатыңдын баары ууга айланат".
Ал эми атактуу Авиценна илдетке чалдыккандардын бардыгына 3-5 жумага чейин ачка болууну сунуштаган.
Гректердин философу Платон менен Сократ да мезгил-мезгили менен он күндөн ачка болушуп, эл суктанаарлык бой келбетте жүрүшкөн.
"Пифагордун теоремасы" деп мектептен көп жолу баш ачытып окуган элек. Мына ошол Пифагор Александрийский университетинде экзамен тапшырарда "акыл-эсим даана болсун"деп 40 күн ачка болгон. Кийин өзүнүн окучуларынан да ошону талап кылган дейт.
XVII кылымдан тарта орус окумуштуулары да, Москва университетинин профессору П.Вениаминов, И.Г.Спасский, Юрьев университетинин профессору А.А.Струве, В.В.Пашутин, А.А.Суворин жана башкалар бул багытта бир катар илимий эмгектерди жасашып, тажрыйбаларды жүргүзүшкөн. Ал эми Ю.С.Николаев РДТ - разгрузочная диетатерапия, кыргызча айтканда, тамак-ашты азайтып, диетага олтургузуу боюнча адистерди даярдоо мектебин ачкан.
Биздин мусулманчылыкта деле орозонун түпкү максаты тазалануу эмеспи. Акыл-эсиңди, ашказаныңды, рухий жан дүйнөңдү 30 күн тазала. Жылдан-жылга орозо кармагандардын саны көбөйүүдө. Мунун себеби эмне? Бир даары мусулманчылык парзын аткаргысы келсе, бир даары ичкилик менен тамак-аштан дем алгысы келет экен. Бирок орозо кармап, кечке чейин ачка жүрүп, кечинде күчтүү тамакты жеп жатып алганыбыз кудай акы мага жакпайт. Илгери-илгери мындай болбосо керек. Өткөн замандарда ата-бабаларыбыз ноокастап калса көк суу ичип жатып сакайып кетишчү экен. Ушул жерге бир мисал ыктуу болуп турат. Баарыбызга белгилүү теледиктор Бактыбек Мамытовдун кайнатасы же каракөз сулуу Жамилаштын атасын 97ге чыккан кезде көрүп калдым. Баскан-турганы тың, көрүнүшү 70тегидей. Сүйлөшө келсек, ушунча жашка чыкканча бир да жолу ооруканага жатпаптыр. Тирүү жан болгондон кийин оорубай коймок беле, ооруйт экен, бирок ал акылдуу аксакал дарт баш бакканда эле ачка болуп, тазалана баштачу экен, керек болсо түкүрүгүн жутчу эмес дейт. Муздак сууну ууртап коюп жумалап жүрө берчү дешет. Көрдүңүзбү, бизде да ушундай даанышман карыялар жок эмес. Эми ошол Жамиланын атасы Поль Бреггди же башканы окуду дейсизби...

Жеңишкүл ӨЗБЕКОВА, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Акын, драматург




Сарымсак
Күнүмдүк жашообузда жашылча катары колдонулуп келген кадимки сарымсак (чеснок) адамдын организмине абдан пайдалуу жана дарычылык касиети күчтүү. Сарымсактын мекени - Орто Азия. Аны алгачкылардан болуп байыркы Египетте, Грецияда, Римде жана Индияда өстүрүшкөн. Сарымсактын эки түрү бар. Биринчиси өзөктүү, экинчиси өзөгү жок болуп бири-биринен айырмаланып турат. Сарымсактын бир башынын курамында төрт пайыз калория болгону менен май жана углевод таптакыр кездешпейт.

Окумуштуулардын
оозу ачылганда...
Кылымдардан бери адамдар сарымсакты ден соолукту чыңдоого пайдаланып келишкен. Ал тургай АКШ жана Швеция окумуштуулары жагымсыз жыты бар пияз тукумундагы бул өсүмдүк адамга канчалык деңгээлде пайдалуу экенин илимий жактан изилдешкен. Калифорния университетинин профессору Дэвид Джулиус сарымсак гипертония менен күрөшүүгө абдан мыкты азык экенин аныктаган. Ал үчүн атайын чычканга экспертиза жасап, жакшы жыйынтык тапкан. Ал эми 1972-жылы ЮНЕСКО тибеттердин чиркөөсүнөн байыркы кытайларга таандык, сыртында "Беш жыл мурунку" деген жазуусу бар гомеопатикалык ыкманы табышкан. Андагы маалыматка ылайык табылган дары организмди ашыкча салмактан арылтууга, кан айлантууну жакшыртууга, денедеги шишикти, баш ооруну жок кылууга, көздүн көрүүсүн жакшыртууга жардам берери белгилүү болгон. Ушунун негизинде бир топ окумуштуулар сарымсактын дарылык касиетин анализ кылышып, айрымдары анын рак оорусун жок кылууга пайдалуу экенине таң беришкен.

Сарымсак сасык
тумоодон арылтат
Сарымсактын курамында белок, натрий, калий, марганец, темир, фосфор, магний, йод, цинк, эфир майы, B, С, P, D витаминдери менен бирге суук тийүүдөн, сасык тумоодон (грипп) арылтуучу аллицин бар. Ушул себептен сарымсактын организмдеги бактерияларды жок кылууга пайдасы зор. Андыктан сасык тумоо болгон адам күнүнө бир баш сарымсакты чийки бойдон тамакка кошуп жеп турса дартынан тез айыгат.

Далай дартка даба
Сарымсак кандагы холестериндин көлөмүн азайтып, жүрөк, кан тамыр ооруларына даба болот. Түн уйкусу качкандар тамак-ашына ар убак сарымсак кошуп жесе уйкусу калыбына келет. Сарымсак тамак сиңирүүнү да жакшыртат. Ал тургай кан басымды төмөндөтүп, ашказан жана жоон ичегидеги рак оорусун алдын алууга көмөктөшөт. Сарымсак кандагы кантты азайтууга да жакшы жардам берет. Андыктан кант диабети жана ашказан оорусу менен жабыркагандар сарымсакты дайыма колдонуусу зарыл. Сарымсак көк жөтөлгө да миңдин бири. Көпчүлүк сарымсакты астма, ангина, ал тургай ревматизм, радикулит сыяктуу муун ооруларын жана тиш ооруну дарылоодо да колдонушат. Геморройду жана жыныстык органдардагы дарттарды да сарымсак менен дарылоого толук мүмкүн.

Рецепт:
Бир баш сарымсакты кабыгы менен жылуу сууга таза жууп, кабыгынан ажыратып майда туурайсыз. Ага орточо көлөмдөгү бир лимондун сыртын аарчып, майдаланган сарымсактын үстүнө ширесин калтырбай сыгып аласыз. Андан соң жарым литр кайнак сууну бир аз муздатып аласыз да, майдаланган сарымсак менен лимон ширесин сууга кошуп аралаштырасыз. Даяр болгон дарыны оозу бекем жабылуучу идишке куюп, 3-4 күн караңгы жерге коюп коесуз. Даяр болгон соң, дарыны күнүгө таң эрте ачкарын 50 граммдан ичип туруу абзел. Бул ыкма адамдын иммунитетин көтөрүп, ашыкча салмактан арылтып, бир топ дартка даба болуу менен бирге, суук тийүүдөн сактайт.

Муун ооруларын
айыктырууда...
Бир баш сарымсакты аарчып, таза жууп, майда туурайсыз да, ага 3 аш кашык бал салып аралаштырасыз. Даяр болгон дарыны бир сутка коюп коесуз. Андан кийин кайсы жериңиз ооруса ошол тушка сүйкөп, бир топ ушалап дарыны сиңирген соң, үстүн жылтырак менен жаап коесуз. 2 сааттан кийин жылтыракты алып, жылуу суу менен сүртүп коесуз. Мындай ыкманы бир апта жасасаңыз муун ооруларынан арыласыз.

Адамды жашартып,
чарчоону жазат
Сарымсак адамдын саламаттыгын гана чыңдап тим болбостон чарчоону жазып, ал тургай адамды жашартууга да көмөктөшөт. Иштен чарчап келген адам дароо бир тиш сарымсак жеп койсо чарчоосу кадимкидей жазылат. Ал эми күнүгө ачкарын бир тиш сарымсак жеп турган адам өзүн тез картаюудан сактайт. Сарымсактын жагымсыз жытынан качып көчүлүк аны чийки жемек тургай тамак-ашка кошуудан да баш тартышат. Бирок сарымсак жегенден кийин петрушканын бир сабагын таза жууп, аны жарым саатча сагыз сыяктуу чайнап анан жеп алуу керек. Бул ыкма сарымсактын сасык жытын таптакыр жок кылат.

Арууке АСЫЛЖАН