Планетанын эң бай адамы,
миллиардер

Карлос Слим Элу

17 жаштагы
миллионер
Эки жылдан бери алдыңкы орунду бербей, жер шарындагы эң бай адам аталып келаткан Карлос Слим Элу 1940-жылы 28-январда жарык дүйнөгө келген. Карлос ливандык качкындын үй-бүлөсүндөгү бешинчи бала. Атасы Джулиан Слим Осман империясынын аскерине кыйноо менен кызмат кылуудан качып 1902-жылы Мексикага келген. Ал эми апасы соодагердин кызы болгон. Джулиан жаңы жерге келгенде соода менен алектенип, бара-бара бизнеске аралашып, 1920-жылы универсам ачкан. Ийгиликтүү соода бизнесин ачкан Джулиан алты баласын тең ошол жерге иштетип, алардан талантты, берилгендикти жана талыкпас эмгекти талап кылган. Алты баланын ичинен эсепке абдан так, эмгекчил Карлос бизнеске өтө кызыккан. Ал соода менен катар биржалык инвестиция менен алектенип, 17 жашында өзүнүн биринчи миллионун тапкан. Ишинин ийгилиги менен катар ал Мексикадагы Улуттук автономдук университеттин атуулдук курулушчу факультетинде билим алган. Ал тургай акыркы курстарда окуп жүргөндө өзү теңдүү студенттерге сабак берип, лекция окуй баштаган. Бирок 1961-жылы дипломун колго алган Карлос өз профессиясы менен иштеген эмес.

Бизнести өнүктүрүүдөгү ыкма жана"Carso Group"
Керектүү капитал топтогон соң Карлос коркунучсуз бизнеске инвестиция жасап, мейманканаларды,"Sanborns"тармактык дүкөндөрүн сатып ала баштаган. Ал ар тармактуу соодада массалык сурамжылоодогу товарларды мексикалык карапайым адамдар сатып ала алгыдай баада сатыкка койгон. Бул ыкма анын бизнес капиталынын өсүүсүнүн эң негизги жолу болгон. Мексикалык магнаттын стратегиясы кандай нерсе болбосун арзан сатып алып, аны оңдоп кайра кымбат баада сатуу же үй-бүлөлүк империянын катарына кошуу эле. Ал өз стратегиясын кандай жагдай болбосун колдонуп калууга аракет кылган. 1982-жылы Мексика сырткы карыздарын төлөй албай, өлкөдө чоң масштабдагы экономикалык крисизке кептелген. Инвесторлор өздөрүнүн салмактуу активдерин арзан баада сата башташкан. Карлос мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай атасынан калган акчасын пайдаланып аз эле акчага бир топ перспективдүү компанияларды сатып алган. Так ушул маалда белгилүү инвестициялык холдинг"Carso Group"негизделген. Холдингдин аталышы Карлос менен анын жубайы Соумаинин алдынкы тамгаларынан алынып коюлган. Аталган холдингдин ичиндеги Frisco корпорациясы көп жылдардан бери кен жана көмүр өндүрүү боюнча улуттук кен байлыктарды өндүрүү индустриясынын алдыңкы тизмесинде.

Ажонун достугу бизнести гүлдөткөндө...
Экономикалык активдерден сырткары саясатта да бир топ ийгиликтерди багындырган Карлос Слим 1988-1994-жылдары Мексиканын президенти Калос Салинас де Гортари менен достук мамилеси бекем болгон. Слимдин каршылаштары "анын президент менен болгон жеке достук мамилеси бизнесин гүлдөттү. Ошол кезде ички рынокто байланыш түйүндөрүнүн кызматы боюнча монополист катары бааланган"Telmex"мамлекеттик коммуникациялык компания менчиктештирүүгө коюлуп, ага тез эле Карлос Слим ээлик кылып калган"деп чыгышкан. 1990-жылы Гортари"Telmex" баш болгон бир катар чоң компанияларды сатуу боюнча тендер жарыяланган. Тендерди Карлос Слим башында турган инвесторлор тобу жеңип чыккан. Утуп алган акциянын пакетинин акысын Слим компаниянын кирешесинен бир канча жылда төлөп бүткөн. Саясатты инвестициялоо менен Карлос өзүнүн бизнесине Мексикалык бийликтин көп жылдык колдоосун алган. Мунун арты менен Карлоско тепки жасап, ар кандай фактылардын негизинде сот иштери козголгон. Бирок Слим андай жагымсыз нерселерге көңүл бурбастан өзүнүн каржы империясын кеңейтүү үчүн ишин уланта берген."Telmex"компаниясын бутуна тургузуп, алдыга чыгаруу үчүн Слим беш жыл короткон. Кудай жалгап жасаган аракети текке кетпей, беш жылда компания алдынкы орунга озуп чыгып, бир жылдык айлануусу (оборот) 10 млрд. долларды түзсө, нак кирешеси 1 млрд. болгон. 1996-жылы"Carso Group"өзүнөн"Carso Global Telecom"холдингин бөлүп чыгарган. Ага байланыш кызматы боюнча бир канча компанияларды кошуп иш алып барган. 1999-жылы холдингге АКШнын бир нече фирмасын өз карамагына алуу үчүн бир жарым миллиард доллар сарптап, бизнесин башка өлкөлөргө да жайылтууга кадам таштаган.

Компьютерден корккон Карлос
Карлос Слим дайыма компьютердик техникадан жана IT индустриясынан абдан коркчу. Бирок бир ирет Жаңы жылда балдары ага акыркы маркадагы ноутбук белек кылган соң Слимдин ою өзгөрүп, интернет компанияларды түзүүнү жана Латын Американын мобилдик телекоммуникациясына ээлик кылуу идеялары пайда болгон. Жасайм дегенинен артка кайтпаган Карлос акыры тилегине жетип"AT&T"баш болгон бир топ мобилдик операторлордун ээлеп, жыйынтыгында Латын Америкадагы телекоммуникациялык сферада болуп көрбөгөндөй бийиктиктерге жеткен. Бул анын бизнесинин бир гана бөлүгү. Жалпысынан алып караганда Слим ар тармактуу бизнесмен. Учурда анын компанияларында 200 миңден ашуун адам жумуш менен камсыздалган.

Кайрымдуулук жакырчылыктын ачкычы эмес
Бир кездерде "кайрымдуулук кыласызбы?"-деген суроого Карлос:"Мен Санта-Клаус эмесмин, ал эми кайрымдуулук жакырчылыктын ачкычы эмес"- деп жооп берген. Ал эми жубайы жүрөк оорусунан жабыркап көз жумгандан кийин "качандыр бир кезде мен өлөм, бирок байлыгымды көрүмө ала жатпайм да" деп кайрымдуулук иштерин жасоого бел байлаган. Ушул тапта Карлос түзгөн кайрымдуулук мекемелердин эсебинде 4 млрд. доллар бар. Ал Мексиканын социалдык жана билим сферасын көтөрүүгө дайыма жардам берүү менен бирге "Лэптоп для каждого ребенка" аттуу Николас Негропонт программасына демөөрчүлүк кылат. Андан сырткары Слим Билл Клинтондун Латын Америкасын жакырчылыктан арылтуу менен күрөшүп келаткан кайрымдуулук фондуна 100 млн. доллар которгон. Карлос жакырчылыктан арылууга жана балдарга гана жардам бербестен, Мексиканын тарыхый жайларын оңдоп-түзөөгө да зор салым кошкон.

Үй-бүлөсү
Карлос Слим Элу 1966-жылы Сомайя Домит Гермайель аттуу араб улутундагы кызга баш кошкон. Ал ливандын бир кездеги президенти Жмайелдин аталаш карындашы эле. Карлос менен Сомайя 32 жыл бирге бактылуу жашаган. Экөөнүн алты баласы бар, уулдары Карлос Слим Домит, Марко Антонио жана Патрик атасынын бизнесинде алектенишет. Слимдин үй-бүлөсү, бала-бакырасы, неберелери баары жылда чогулуп Мексиканын батыш тарабында эс алышат. Бул алардын бузулбай турган үй-бүлөлүк салты.

Байлык жана хобби
Карлос Слим бейсбол менен машыгат. Ал искусствого жана тарыхка абдан кызыккан Слим Родендин скульптураларын жана Пикассо менен Ван Гогдун картиналарын коллекция кылып чогултат. Акыркы эки жылдан бери "Форбс" журналынын сурамжылоосу менен дүйнөнүн эң бай адамы аталып, буга чейин биринчиликти бербей келаткан Билл Гейтстин байлыгын 500 миллион долларга басып өткөн. Карлос Слимдин капиталы 53,5 миллиард долларды түзөт.

Айжан ТИЛЕГЕНОВА